Кытай Кыргызстандын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөттү

Кытай жакында КРнын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам иретинде тапшырган атайын формалар Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, көмөк тууралуу макулдашуу ноябрдын башында министр Мелис Турганбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйдун жолугушуусунда болгон. Анда эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу жана коомдук тартипти сактоодогу бир катар суроолор каралган. Кытай тарап 3 миллион юань суммасында материалдык-техникалык жардам берерин элчи бул жолугушуунун жүрүшүндө билдирген. Мындан тышкары Кытай тарап КРнын ИИМи үчүн дагы 50 миллион юанга жакын суммадагы жардам көрсөтөрү белгиленет маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан