Жамбыл облустук филармониясында 21-ноябрь күнү казакстандык ырчылар Кайсар Кукишов менен Алишер Балтаев концерт беришти. “Күтөм сени” аттуу концертте ондон ашуун казак ырчылары жагымдуу чыгармаларын аткарышты.
Алардын катарында кыргызстандык ырчы Данияр Эрматов да репертуарындагы ырларын аткарып, чыгармачылыгын тартуулады. Өткөн жылы 17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата уюштурулган Данияр Эрматовдун концертинде казак ырчысы Кайсар Кукишов келип, эки ырчы “Токто, жаным” аттуу ырды кыргыз-казак тилинде дуэт ырдашкан.