Жылнаама, 22-декабрь: Мындан 56 жыл мурун саясий ишмер Өмүрбек Текебаев төрөлгөн

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы карапайым мугалимден ЖКнын төрагалык кызматына чейин жеткен саясатчы, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин физика мугалими болуудан баштаган. Кыргыз ССРинин XII чакырылышынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын I жана II чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары болуп иш алып барган. 2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болуп дайындалат. 2005-жылдын март айында №26-Акман шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган, андан кийин төрагалык кызматты аркалаган. Ошол эле жылы Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп дайындалат. 1995-жылы, 2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин койгон. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
 
* Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы агартуучу, коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова Түп районунун Тасма айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин (КМУ) артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Адистиги — тарых жана коомдук түзүлүш боюнча окутуучу. Эмгек жолун КМУда окутуучу болуу менен баштаган. Кийин Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Партиянын тарых институтунда окумуштуу-катчы, Кыз-келиндер педагогикалык, Орус тил жана адабият, кийин Гуманитардык илимдер институтунда доцент, Бишкек гуманитардык университетинде профессор, илимий иштер боюнча проректор, 1994-жылдан тартып ректор болуп иштеген. Тарых илимдеринин доктору, 120дан ашык илимий, окуу-методикалык эмгектердин автору. Кыргыз ССР тарыхынын академиялык фундаменталдуу төрт томдугунун, республиканын жогорку окуу жайлары үчүн жазылган өлкөнүн тарыхы боюнча окуу китебинин эки томдугунун, "Манасты алып баруунун кыскача тарыхынын" авторлорунун бири. "Биримдик" партиясынын саясий кеңешинин, "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун президиумунун, "Кут-Билим" гезитинин жана "Мээрим" журналынын редакцияларынын мүчөсү. Борборубуздун мэриясынын, ЮНЕСКОнун иштери боюнча өкмөттүн улуттук комиссиясынын "Аялзат", жаштарды өстүрүү улуттук программаларынын коллегияларынын катарына кирет. Дүйнөдө тынчтыкты сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк профессорлор ассоциациясынын Кыргызстандагы филиалынын президенти, КРнын Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын элчилигинин "Алтын көпүрө" сыйлыгынын ээси.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн. 
22-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_portal
2014-12-22 09:49:55
burger, Саламатсызбы!
Катачылык кеткен, түзөтүлдү.
0
burger
2014-12-22 10:09:16
admin_portal, Бул жолу кечирем, кайталанбасын башка мындай:)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан