«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Akbuura gazeta

PITBULL

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл


Аты – Армандо Кристиан Перес
Лакап аты – Питбуль.Америкалык рэпер, ырчы жана продюсер
Туулган жылы – 1981-жыл, 15-январь
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

ТЕНТЕК АРМАНДО
Музыканын хип-хоп, рэп, реггетон, кранк, латын рэп жанрларында ырдап, Питбуль деген лакап ат менен белгилүү болгон Армандону ким билбейт?! Ал 1981-жылдын 15-январында Американын Флорида штатындагы Майами шаарында Кубадан келген иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган. Кичинесинде ата-энеси ажырашып кетип, Армандо апасы менен калган. Өспүрүм кезинде бейбаш балдардын катарын толуктап, апасын укпай, 16 жашынан эле баңгизатын сатып акча тапчу. Бир күнү апасы жини келип аны үйдөн кууп чыгат. Андан кийин Армандо бакма бала болуп Жоржия штатындагы Розуэлл шаарында жашап калат. 18ге чыкканда өз атасына жолугат. Ата-бала тил табышып, атасы каза болгонго чейин жакшы мамиледе болушат.
Армандонун теги кубалык болгондуктан, апасы Кубанын маданиятын унуттурбай, ошол маданият менен жашоого үйрөткөн. Кубалык жазуучу, акын Хосе Мартиндин чыгармачылыгын окуп-үйрөнүп, ошол жазуучунун таасири менен Питбуль кичинесинен эле сөздүн канчалык таасирдүү жана күчтүү экенин түшүнгөн.

"ПИТБУЛЬ – КҮЧТҮҮ ЖАНА ЧЫДАМДУУ ИТ"
Мектепте окуган чакта эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да жакшы рэп окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны “Набат” (“Lollipop”) тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Бул тууралуу: “Питбуль – көп штаттарда тыюу салынган, ар кандай мушташтарга катышуучу иттердин породасы. Ал күчтүү жана чыдамдуу ит. Алар акырына чейин күрөшөт. Менин жашоом да дайыма күрөш менен коштолуп келет”,- дейт рэпер.
Лютер Кэмпбелл менен иштешип жатканда аны музыканын кранк жанрынын падышасы аталган Лил Жон байкап калат. Ал экөө “Форсаж” фильмине саундтректерди жаздырышкан. Бул фильмде Питбулдун 4 ыры саундтрек катары колдонулган. Азыр бул рэпер атактын туу чокусунда. Көп жылдыздар аны менен дуэт ырдаганды каалашат. Ал ырдап чыккан ырлардын баары хитке айланат. Марк Энтони менен чогуу ырдаган “Жамгыр менин үстүмө жаасын” (“Rain оver мe”) ырынын азыркы убакта атагы артууда.
Питбуль орто мектепти гана аяктагандыктан, билимдин маанилүүлүгүнө көңүл бурат. “Кыялдануу фонду” (“Imaginate foundation”) деген кайрымдуулук уюмун түзгөн. Бул уюм Латын Америкасынан келген балдардын АКШда билим алуусуна жардам берет.
Лил Жон, Дон Омар, Эйкон, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.
Жеке жашоосуна келгенде рэпердин кыз жандуу экенин клиптеринен гана эмес, жеке жашоосунан да байкаса болот. Ар кандай кечелерге ар кайсы сулуу кыздар менен ээрчишип келет. Бирок рэпер жеке жашоосун коомго жарыялаганды жактырбайт.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



Жылдыздар жөнүндө - Пидбуль

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
Super TV
12.06.2011. 23:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
05-07-2010
Соӊку аракети:
30-04-2012 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул такыр баштын ити чоп жей баштады
Super TV
16.06.2011. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
01-05-2018 14:59
Жынысы:
Белгисиз
0
супер ырчы
Super TV
04.07.2011. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
14-12-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
коз айнегин качан чечет
21.11.2011. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
19-11-2011
Соӊку аракети:
12-07-2017 01:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
krasav4ek tak derjat tas bash))))
24.11.2011. 17:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-11-2011
Соӊку аракети:
28-12-2011 12:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважаю этого певца Молодецццццццццццццц
26.11.2011. 12:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-09-2011
Соӊку аракети:
15-01-2014 13:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
красавчик! у него реально классные песни!!
28.11.2011. 08:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-09-2011
Соӊку аракети:
19-12-2013 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Kyskasyn aitkanda, "KAM" bolbo...:))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1413 колдонуучу (Катталган: 12, коноктор: 1401) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Almaz140190, Albert.9000, Almazjan, Zire, Mukan89, Burulai91, maya93, myrzayym, Mamytovv_n, AZATI, Janum84, Nazgul.80

Макалалардын саны:
21592;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: