Akbuura gazeta

Малика:«МЕНИ ЭЧ КИМ ТААНЫБАСА ДЕЧҮМҮН...»

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж


Өзү айткандай, апасынын курсагында жаткан кезинен эле сахнада жүргөн Малика азыр чоңоюп, студент болгон. Окуудан тышкары эмне менен алектенип, кандай жүргөнүн билүү үчүн кеңсебизге конокко чакырдык.

– Салам. Алгач эле эл кызыгып жаткан суроого жооп алгым келип турат. Москвага эмнеге кеттиң?
– Москвадан ар кандай сунуштар түштү. Бирок азыр аларды кабыл алсамбы же албасамбы деп ойлонуп жатам. Ойлонууга 20 күнүм бар. Кыйратам, тоону томкоруп жиберем деп айтып коюп, калпычы болуп калбайын деп коркуп жатам. Азырынча сөз бербей турайынчы.

– Сени кайдан табышыптыр?
– Орусияда "АВА" деген моделдик агенттик бар. Алар интернеттен менин “Бишкек периси” сынагында түшкөн сүрөттөрүмдү көрүп жактырышып, чакыртышты. Сүйлөшүү үчүн Москвага бардым. Иштеп калсам, азыркыдай болуп каалаган учурда Кыргызстанга да келе албай калам. Анткени иш графигин көрүп, өзүм да чочуп кеттим.

– "Орусиянын шоу-бизнесинен орун алсамбы" деген сөзүңө да токтоло кетсең...
– Кыңылдап ырдап отурганымды байкап калган адамдар болду. Ырларымды угуп көрүп, алар да келишим сунушташты. Азыр эки тармактын бирин тандашым керек болуп жатат. Баары өзүмө байланыштуу. Жетишсем, моделдик менен ырчылыктын экөөнү тең алып кетсем болот. Ал жакта жылдыз болуу Кыргызстанда жылдыз болууга караганда аябай эле оор. Бизде ыр жаздырып, жакшынакай кийинип сахнага чыгып, акча сарптасаң жылдыз боло аласың. Орусияда болсо талант менен эмгек керек.

– Макул болууга эмне тоскоол болуп жатат?
– "Ушул нерселерге чыдаймынбы, ырдай аламбы, чын эле ырдагым келип жатабы?" деп өзүмө көп суроо берип, чече албай жатам. Балким, оюмду топтоп туруп ал сунушту кабыл алам. Билбейм. Бирок канчалык баргым келбесин, кыргыздар чет жерге кеткен кыздарды бузулган кыз деп ойлошот эмеспи, ошол ой кармап турат. Бирок мен апамдан алысмын, эркинмин деп каалаганымды кылып басып кетпейм. Кайда барсам да байкап турчу адамдар бар.

– "Сахнаны таштайм" деп айтып калчу эмес белең...
– Ооба, ойлогом, кичинекей болгонум үчүн ырга кызыгып жатам, чоңойгондо бул каалоом өтүп кетет деп. Бирок сахнада төрөлүп, сахнада чоңойгондуктанбы же чындап эле чыгармачыл адаммынбы, айтор, андан алыстай албай жатам. Сахна – менин экинчи үйүм.

– Москвада эмне кызыктарга туш болдуң?
– Бир ирет курбу кызым менен тамактанып алалы деп чайханага кирип калдык. Официант кыз кыргыз экен, “улутуңуз ким?” деп сурады. “Кыргыз” десем эле артка бурулуп басып кетти. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Бизди бир толугураак бала тейлеп калды. Кыздын артынан барсам, ыйлап отуруптур. Колуна апамдын жана менин сүрөттөрүмө толгон альбом кармап алган. Көрсө, анын сиңдиси бизди аябай жакшы көрчү экен. Бирок ал кыз ооруп каза болуп калыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен да ыйладым.

– Тиги толук бала эмне болду?
– Ха-ха... Ал бала башында оройлонуп жиниме тийген. Кийин ошол чайханага көп ирет барып калдым. Толук бала башында орой көрүнгөнү менен, аябай жакшы бала экен.

– Орусиянын жылдыздарын көрө алдыңбы?
– Ооба, чогуу отуруп калдык. Аларды көрүп, чыныгы жылдыздар өзүн кантип алып жүрүшөрүн байкадым. Алардын жанында өзүмдү “колхоз” сезип кеттим. Мен, көрсө, аябай жөнөкөй экенмин.

– Модель кыздар менен таанышууга да жетишкен чыгарсың?
– Ушунчалык сулуу кытай, корей кыздары бар экен. Апам экөөбүз тең сулуулукту баалаган адамдарданбыз. Эркекпи, кызбы, сулуу жүздөрдөн рахат алам.

– Сулуулар сынагына катышкан жайың да бар. Сулуулукту кандай түшүнөсүң?
– Ооба, 2011-жылы "Бишкек периси" сынагына катышып, жеңип алганда кыздар арасында көрө албастыктын күчтүү экенине таң калдым. "Апаң Динара Акулова да, баары бир сен жеңесиң" дегендер болгон. Бардык жерден сулуулукту тапса болот. Ал адамга байланыштуу.

– Эркектердин сулуулугуна маани бересиңби?
– Узун бой менен кең далы гана эркектин сулуулугу болуп эсептелбейт. Кээ бир кыздардын “эркектердин жан дүйнөсүн гана баалайм” дегендерине жиним келет. Баарыбыз эле эң башында сырткы келбетке карайбыз да. Сүйлөшкөндөн кийин гана ички дүйнөсүнө аралаша аласың. Мага ыймандуу, кичи пейил жана "пухленький" балдар жагат.

– Болочоктогу жолдошуңду кандай элестетесиң?
– Өзүмө окшош шайыр-шатман, жөнөкөй адамды элестетем. Жолдошумдун костюм-шым кийген "солидный" адам болгонун таптакыр элестете албайм.

– Айылга ала качып кетсе кантесиң?
– Жашоодо ар кандай нерселер болот. Айылга уурдап кетсе, жоолукту бастырып алып жүрө бересиң да. Тагдырдан кача албайсың, көнөсүң. Бирок азыр мага эрте. Эрте тийип, эрте бала кучактап отургум келбейт. Апамдын кичүү кызы болгондуктан, анын үмүт-тилектери мени менен көбүрөөк байланышкан.

– Биринчи жолу сахнага чыккан күн эсиңдеби?
– Ал учурду унута албайм да. Анда уялбай, каалаганымды айткан 5 жаштагы кыз болчумун. Биринчи жолу сахнага чыгарда “коркпойсуңбу?” деп сурашса, “корккондой тозокко кетип бараткан жокмун да” деп жооп бергем. Мен апамдын курсагында кезимден эле сахнадамын. Апам менен атам ырдап жатканда памперс кийип, сүт куюлган бөтөлкө менен сахнадан чуркап өтүп кеткен кездеримди эстеп күлкүм келет.

– Эми студенттик жашоо тууралуу сүйлөшсөк. Кандай башталды?
– Ушул жылы 11-классты аяктап, Юридикалык академиянын студенти болдум. Студент болуп чоңоюп калдым деген сезим жок.

– Группалаштар менен таанышып үлгүрдүңбү?
– Ооба. Биринчи сабакта менин ким экенимди эч ким байкаган эмес. Экинчи сабакта гана мугалим "Акулова Малика-Дина сенсиңби?" десе, аудиториядагы баштардын баары мен жакка бурулуп калды. Анан суроолор жаай баштады. Дайыма мени эч ким тааныбаганын каалачумун...

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Малика: "Томпошка балдар жагат..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(220)
Super TV
14.10.2012. 11:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
07-06-2012
Соӊку аракети:
24-06-2015 13:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу жагат мага мультфилмдеги бакыракай кыздарга окшош. Кулгону болсо смайлики... Ийгилик сага Малика!
14.10.2012. 19:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
07-02-2014 11:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
малика сага ийгилик бирок аябай мактанчаак экенсин оз тилинди сыйлабай орусча тантырайсын же жакшы суйлосонго бирда создорунун мааниси жок.сендей адам менимче орусча жакшы билсе да оз тилинде суйлосо барктуу болот сага айткан сын пикирлерге сен туура коз караш менен кара.душмандарын суйдуруп суйлойт.жакындарын куйдуруп суйлойт.
14.10.2012. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
04-01-2018 20:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КАРАКОЛ
+1
аябай боёнуп алыпсын.бетинди самындап жуугум келди. анан дагы кобуроок китеп окусан "как бы" деген создон да башка жана андан да сонун создорду уйроносун..ийгилик сага..
15.10.2012. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
28-01-2017 23:54
Жынысы:
Белгисиз
0
же кыргысча же орусча суйлобойбу журналити уят кылбай жаман жака чонойуптр!!!
Super TV
15.10.2012. 22:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
22-08-2010
Соӊку аракети:
19-08-2013 12:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара эжекебиз жылдап, кашыктап чогулткан афторитетин челектеп эле чачып салыптыр го. Денгээли 6-7 класс, бойонгону 26-27 жаштагы эжеке. Кадр сыртындагы видеону кошконунар абдан кызыктуу болуптур. Апасынын этегинде жургонун унутуп койгонго.
Super TV
16.10.2012. 03:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
11-03-2011
Соӊку аракети:
02-08-2013 02:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча суйло бербейсинби . Орусчаны жакшы суйло албайт экенсин.уят! Москвада торолсон ну и что?
Выглядишь и правда лет на 30!!!
P.S.УСПЕХОВ В МОДЕЛЬНОЙ КАРЬЕРЕ :)))))
Super TV
16.10.2012. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-10-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
yssyk kol
+1
koro albagandar suyloy berishsyn, emne elderdyn baarynyn telegeyi tegizby?? baktyluu bol Malika!!!
Super TV
16.10.2012. 23:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
13-08-2012
Соӊку аракети:
27-12-2012 09:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Малика жарайсын!дуйного данкын чыккан кыргыздын атактуу ырчысы болушунду каалайбыз! Ал эми сени коро албагандарга конул бурба.
Super TV
17.10.2012. 17:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
06-06-2012
Соӊку аракети:
14-10-2016 20:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика мен томпошкамын
Super TV
17.10.2012. 21:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
23-05-2013 01:12
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызча суйлоп уйронбойт бекен яяяя
Super TV
17.10.2012. 22:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-06-2011
Соӊку аракети:
22-08-2013 13:07
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да томпошка кыздар жагат
Super TV
21.10.2012. 01:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-11-2011
Соӊку аракети:
26-05-2018 02:04
Жынысы:
Белгисиз
0
ой какой ужасный макияж... она же типа в шоу бизнесе, неужели не видела себя в зеркале??? интересно, кто сделал этот макияж???
Super TV
21.10.2012. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
07-05-2018 15:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Малика бар бол!
P.S. Ты очень красивая девушка!Желаю успехов! будь на высоте!
Super TV
22.10.2012. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Орус тилин жакшылап уйронуп алып анан интервью берсен боло.
Super TV
22.10.2012. 22:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
25-05-2013 05:18
Жынысы:
Белгисиз
0
ахахахах
Super TV
23.10.2012. 20:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
09-12-2012 04:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Malika Dina dep Dinara ejebizdin kyzy apasinin ele ozu 18 chikkanda chalgilaaa dep zankildait go oruscha dele grammatno bilbeit eken anan kyrgyzcha ukmush ilgerki sozdor menen suiloit eken munu kandai tushunso bolot?? eldin arasinda jurgondon kyin oruschada,kyrgyzchada tak suilogongo araket kilish kerek da,apendidei bolboi kyrgyzdin jarimi ele orus mektepti butkonbuz men munu obujoktuk dep tushunom!!
01.11.2012. 12:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-11-2012
Соӊку аракети:
06-02-2013 14:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Орусча суйлосом гламурная болуп коруом деген го, бечара. Орусчаны жакшы билсе олтурмок го таза эле
21.11.2012. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
26-06-2013 12:33
Жынысы:
Белгисиз
0
орусчаны акцент менен суйлойт экен
Super TV
21.11.2012. 20:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
14-08-2013 04:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика откондо Россияга келип кайра кетип бара жатканда аэропорттон жугу коп болуп откозбой коюушуптур. Анан ал жерде иштеген кыргыз байке жугуе алып калып аркасынан салып жибериптир. Тосуп алган Малика апасы экоо рахмат деген создун ордуна сумкамды эч ким ачпадыбы, эч нерсе жоголбодубу деп ызы чуу салышыптыр.
30.11.2012. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
851
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
0
англияга окууа тапшармакчы элего!
10.12.2012. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
04-06-2012
Соӊку аракети:
06-06-2017 09:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Малика алга сенин талантын бар экен коро албагандар артан суйлой берет алар ошого жетпей жатпайбы.Сага ийгилик онорун оркундой берсин
Super TV
12.12.2012. 12:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
ulushka,
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Super TV
14.12.2012. 00:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
04-11-2011
Соӊку аракети:
07-11-2014 03:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
кичинекей кезинде жакшынакай эле мага суйлогону,бойонгону жаккан жок
Super TV
07.02.2013. 01:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
13-09-2014 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Малышка Би
0
Ухоженная симпотичная девушка, удачи во всем!
Super TV
28.02.2013. 02:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
25-10-2011
Соӊку аракети:
28-02-2013 19:34
Жынысы:
Белгисиз
0
даа байкуш аман эле болсун.
07.04.2013. 03:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-11-2010
Соӊку аракети:
07-08-2018 22:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз копсо орусча тантырайт нак эле сен болупсун! Сен буга таарынбай эле кой ,чынын айтсам зорго коруп бутурдум сенин маегинди , просто аллергия, эч кандай мааниси жок эле создорду суйлой бергенсин,
14.06.2013. 17:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
18-04-2013
Соӊку аракети:
10-04-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
0
не критиковать, она молодая совсем, у вас тоже будут дочери)))
28.09.2013. 03:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
18-09-2013
Соӊку аракети:
11-12-2013 21:38
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлосо сулоптурда
15.11.2013. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-06-2013
Соӊку аракети:
04-06-2017 22:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
0
да да да))))))
Super TV
14.12.2013. 02:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
12-10-2013
Соӊку аракети:
13-06-2015 04:43
Жынысы:
Белгисиз
0
"мага томпошкалар жагат" дегенден мурун, мендей чала кыргызды ким чактырат экен деп озуно суроо бер! Бут Кыргызстанга мактанганынбы бул мен чонойдум деп, кыргызда кыз бала эзели жигитти жактырам деп айткандан уялган,же бул сенин рекламанбы! жылдыз оорусу менен ооруйм деп адамдык баркыны мынтип тушурбо..томпошка болбосо дагы чыныгы мусулман кыргыз жигитке турмушка чык, сага кыргызчаны анан да кыз озун кандай алып журушу керектигин уйрото турган!!!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 344 колдонуучу (Катталган: 3, коноктор: 341) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Arinsa, Kaary, anesta

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: