Akbuura gazeta

Самара Каримова: «ЖОЛДОШУМДУН ӨЗҮ ЭМЕС, ЖАН ДҮЙНӨСҮ МИЛЛИОНЕР»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж


«Эркек баш болсо, аял моюн» дешет. Ар бир үй-бүлөдө бирөө моюндун, экинчиси баштын кызматын аткарат. Ал эми ырчы Самара Каримованын бүлөсүндө жубайлар бири-биринин жумушуна кийлигишпейт, бирок колдоо көрсөткөнгө даяр. Кичинекей мамлекетиндеги жагдайлары менен жан шериктер ырчы Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров өздөрү айтып берсин.

– Самара, Асан байке, редакциябызга куш келипсиздер.
Асан Мансуров: – Рахмат, Самаранын талантынын артынан минтип өлкөбүздөгү абройлуу гезитке маек берип отурабыз. Биз үчүн бул чоң сыймык.

– Асан мырза, Самара менен алгач таанышканда «жубайым болуп калат» деп ойлодуңуз беле?
А.: – Ошол кезде эле Ош драма театрынын жетекчиси болуп иштеп турган кезим. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Бишкекке фестивалга келгенбиз. Ошол фестивалды көргөнү Самара да келип калыптыр. Самара жаныма келип «Асан аке сиз болосузбу, мен Самарамын. Аяш атаңыздын кызымын» деп өзүн тааныштырган. Алгач таанышканда, албетте, жубайым болуп каларын билген эмесмин. Баары буйруктан экен, минтип чыгармачылыктын артынан экөөбүз түтүн булатып калдык.
Самара: – Ооба, бизди театр табыштырды. Кесибимдин артынан өзүмдү түшүнгөн мырзаны таап, эки балалуу болдум. Эгер актриса болбосом, балким, мага мындай бакытты буюрмак эместир, ким билет.

– Бизге экөөңүздөрдүн мамилеңиздер кантип сүйүүгө, андан соң үй-бүлө курууга жеткендиги кызык болуп жатат?
А.:
– Мамиленин баары ага-карындаштык сый мамиледен башталды десем болот. Ал өсүп отуруп сүйүүгө, андан соң бизди үй-бүлө босогосуна жетелеп барды.
С.: – Бишкекте окуп жүрсөм Асаке «Ошко кел, туулган күнүңдү өткөрүп берем» деп чакырып калды. Бардым, туулган күнүм да өттү, Бишкекке кайтайын десем үйлөнүү тууралуу сөздүн башын чыгарып, мени көндүргөн. Ошондон ары эле үйүнө алып кетти.

– Асан мырза, Самара макул болобу, жокпу деген кооптонуулар болбой койбосо керек?
А.:
– Жок, өзүмө ишенимдүү эле сурагам, анткени кыздарга жагуу жактан тажрыйбам мол эле (күлүп). Эми күмөн ойлор да болгон, бирок мен Самараны түшүнөт деп ойлогом. Өзүнө «биринчи никем менен ажырашкам, 4 жылдан бери бойдокмун, түшүнсөң мага турмушка чык» деп эле айткам. Мына азыр 2 баланын ата-энесибиз, балдарыбыздын кыткылыктаган үнүнүн алдында дарегибизге айтылган сындар суу кечпей калат. Эң башкысы, биз бактылуу үй-бүлөбүз.

– Ошол сындар тууралуу сурагым келип турат...
А.:
– Көбү Самараны "өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкты" деп сындашат. Тагдыр экен, мурунку жубайым менен ажыраштым, ал азыр турмушка чыгып, өзүнчө бүлөлүү болуп калган. «Самаранын күйөөсү миллионер, ошон үчүн чыкты да» деп мени эчак миллионер кылып койгондор бар. Минтип айткандардын оозуна май, айткандай эле миллионер болуп калайын (күлүп).
С.: – Менин жолдошумдун өзү эмес, жан дүйнөсү миллионер (күлүп). «Байлыгына кызыгып тийген» деген кептерди угуп алып кээде аргасыз күлөм. Мен Асакеге турмушка чыкканда кызыл Тикосу, 3 бөлмөлүү батири эле бар болчу. Учурда Асакенин мурунку никесиндеги балдары менен да жакшы мамиледемин, үйгө келсе наным, чайым, тузум менен тосуп алам.

– Келиндик, күйөө балалык кызматты кимиңиздер жакшы өтөйсүздөр?
А.: – Самара менин туугандарымдын баарын өзүнө имерип алган. Мен жумуштар менен бошобогонгобу, туугандарым Самарага чалып аны менен чечишет, сырдашышат. Тагыраагы, мен бош эмес кезде бийлик Самарада.
С.: – Мен үй-бүлөдө жети кыздын кичүүсүмүн. Негизи кичүү күйөө бала кызмат кылыш керек да, меники уялбай эле төрдү эч кимге бербей отуруп алат (күлүп). Менин туугандарым менен да жакшы сиңишип кеткен.

– Сиздердин үй-бүлөдө ким көбүрөөк кызганат?
А.:
– Самара кызганчаак. Бирөөнү көбүрөөк карап койсоң акырын чымчып алмайы бар.

– Коюңузчу, мен сизди көбүрөөк кызганат деп ойлогом?
С.:
– Ой, өзү деле кызганат, билдирбейт да бирок.

– Бири-бириңиздерге берген кандай белек өзгөчө болгон?
А.:
– Самаранын бир белеги тууралуу айтып берейинби? Биз жаңы үйлөнгөндө пахта кездемеден деп жайында кийчү чолок шым алып келиптир. Карасам 120 пайыз синтетика, ошондон кийин «аа, кийимди Самарага тандатыш керек экен» деп калгам (күлүп).
С.: – Коюңузчу эми (күлүп).
А.: – Чын да, ошондой белек бербегем дечи. Ал эми Самара өзү чөнтөк телефон менен ооруйт, анын жаңы модели чыккан сайын алып берем.

– Кимиңиздер баласааксыздар?
С.:
– Асаке балдарына аябай жакын, баласаак. Кызыбыз Даткайымды өзгөчө жакшы көрөт.
А.: – Кыз киши өзү күйүмдүү болот. Мына мен деле жүрөм го Самаранын артынан (күлүп). Апама бир күндө бир чалып абалын сураганга жетишсем, кээде унутуп калам. Буюрса, Самара мага 2 уул, 8 кыз төрөп берсе, Баатыр ата-эне болобуз.

– Самара таарынчаакпы?
А.:
– Кээде туура эмес сын же ага жакпаган оюмду айтып алып «таарынып калды бекен» деп турсам такыр билдирбей коёт. Мага ушул сапаты аябай жагат, ой жүгүртүүсү, турмушка болгон көз карашы өтө олуттуу. Мен кол алдымда иштегендерди «үйгө кирип, жеңеңердин чайын ичип кеткиле» деп ээрчитип келе берем. Анан Самара «Мени менен да жалгыз отуруп чай ичкен күнүңүз болобу?» деп таарынып калат.

– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуп жүрө бериңиздер.

ЖУБАЙЛАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • 2011-жылы апрель айында баш кошушкан.
  • Барсбек аттуу уулу, Даткайым аттуу кызы бар.
  • Асан Мансуров Ош драма театрынын жетекчиси, Самара Каримова жолдошунун кол алдында актриса болуп иштейт.
  • Самара жолдошунан 23 жаш кичүү.
  • Асан Мансуров кесиби боюнча музыкант. Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинин аккордеон бөлүмүн аяктаган. Ал эми Самара актриса, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актрисалык бөлүмүн бүтүргөн.
«Кечинде жумуштан барганыбызда балдарыбызды көрүп чарчообуз жазылат».

Лунара Бекиева
star@super.kg



"Жолдошумдун өзү эмес, жан дүйнөсү миллионер" дейт Самара Каримова

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(94)
07.10.2014. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
07-10-2013
Соӊку аракети:
22-02-2017 20:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
тез макул болгон кыздардан тез еле коонул калчу еле ха ха.. Кунажын коз кысыптыр хи хи..
07.10.2014. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Байлыгына кызыгып эле тийдиии)))) болбосо тийбейт беле эбаак эле жаштарга)))
10.10.2014. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
04-11-2018 13:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mononoke, Жаштарга тийип опкосу узулгондор жок дейсинби? А корокчо балдары менен бактылуу болушсун!
07.10.2014. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бирок эми Турсунбай Бакир уулуна караганда тузук эле,алардыкы 37 жаш аралык эмеспи,,Бактылуу болушса болду да))
07.10.2014. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
03-11-2018 11:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Ушул киши кызматта эмес жонокой эле чабан киши болсо тийет белен Самара
Super TV
07.10.2014. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара эже сулуу айым бирок жолдошу улуу экен.эмне дейвиз бактылуу болушсун
08.10.2014. 03:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
07-10-2014
Соӊку аракети:
14-10-2016 01:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандын алдында ар бирибиз жалган,ушак айтылган создорго жооп беребиз.Самара Каримованын IQ-жогору экени корунуп турат.Бактылуу болунуздар
08.10.2014. 03:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
07-10-2014
Соӊку аракети:
14-10-2016 01:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандын алдында ар бирибиз жалган,ушак айтылган создорго жооп беребиз.Самара Каримованын IQ-жогору экени корунуп турат.Бактылуу болунуздар
08.10.2014. 03:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 19:22
Жынысы:
Белгисиз
0
1 ele Samaraga jabyshyp kaldynar.yrchy kyzdardyn arasynda kop ele ozunon uluuraak kishige turmushka chykkandar munun sebebi suluuluk
Super TV
08.10.2014. 05:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
01-05-2018 05:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулар деле бактылуу болгусу келет деген китеп бар го! Ошо сулууну багындырган киши аззамат экен))) бактылуу болгула, сулууга ынсап берсин!!!
Super TV
08.10.2014. 05:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-08-2014
Соӊку аракети:
16-12-2014 11:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai uluu korunot eken
08.10.2014. 08:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
28-07-2010
Соӊку аракети:
07-04-2017 21:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+1
туура озунон кыйла чон болсо чыр чатак аз болотко деп ойлойм, себеби биздин айырмабыз экиле жаш ойношуп атып ойюндан от чыгып кетет.
08.10.2014. 11:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
20-07-2014
Соӊку аракети:
29-04-2016 22:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
PARIJ
+3
Атасындай немеге тийип алыптырго.ито уй булосу бар экен эле мурун.
08.10.2014. 12:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
22-06-2012
Соӊку аракети:
29-08-2015 20:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
бактылуу болсун
08.10.2014. 14:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-04-2014
Соӊку аракети:
31-01-2015 20:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарадан башка жокпу башкалардан итервью алгылачы пожалуйста ХХХ ХХХ ХХХ окшойт тахап деле буттук
Модератор admin_superstan түзөттү 08.10.2014 17:50
08.10.2014. 17:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5996
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
matteraza, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
08.10.2014. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
454
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
20-11-2018 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кыз азыр кээ бир адамдарды тенине албайт. Канчалык денгээли бар экенин озу билбесе элдин баары эле билет. Икрамда жумунан кетер бир куну. Ошондо коробуз асан экоонду
08.10.2014. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
11-11-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
Атасындай болсо да бактылуу экен го!Көрүнгөнгө катын болуп кор болгуча,улуу болсо да туура кылган!Бактыңр түгөл болсун!
09.10.2014. 02:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
01-05-2017 13:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
u4urda Rossi9 Tomsk shaarynda.Oshtun kulunu
+1
Асакенин мурунку никесиндеги балдары менен да жакшы мамиледемин, үйгө келсе наным, чайым, тузум менен тосуп алам.!)уважуха...
09.10.2014. 11:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
15-05-2014
Соӊку аракети:
23-04-2015 22:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамандашка койсо силерди азамат ак никеси менен жашап балдарды тороп жатат. Зато Кыргыз куйоосу Кыргыздын саны коюойуп жатат. Канча Кыргыздын кыздары корунгон улуттун ( астында) кор болуп денесин сатып, Кыргыз деген атка кир келтирим ошондой кыздардыолтуруп салгым келет
09.10.2014. 11:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
15-05-2014
Соӊку аракети:
23-04-2015 22:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичи куйгондор суйлой берет ит уро берет кербен журо берет бактылуу жашай бер карындашым ыймандуу кыз экенин жузундон билинет . Суранам чачынды кыркпа чачын менен да абдан сулуусун
15.10.2014. 23:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
16-03-2014
Соӊку аракети:
01-04-2015 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы бактылуу болгула!
16.10.2014. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
13-10-2014
Соӊку аракети:
28-12-2017 19:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Albette ui buloluk bakyt kaalaim. Birok uwul Samaranyn joldowumdu suyup jurup turmuwka chyktym dedenine ech iwene albaim da...
19.10.2014. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
02-10-2012
Соӊку аракети:
22-05-2018 10:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушса болду да
Super TV
20.10.2014. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
09-09-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
самара озу сулуу кыз экен мындан да сулуу мындан да жаш жигитке турмушка чыкмак просто куйоосу ото бай да
Super TV
24.10.2014. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+1
Бактылуу болушсун бир жакшына еле уй було екен.Жаштарга тийгендер деле ажырашып жатпайбы деген созго толугу мн кошулам. Ен негизгиси бактылуу болсо болду да бироонун жарыгы бироого тийбейт.
28.10.2014. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
07-02-2017 15:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы чындыгында аябай татынакай экен!
Super TV
03.11.2014. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
26-01-2014
Соӊку аракети:
30-12-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча жакшынакай Тиштери тимеле тизилет го
Super TV
17.11.2014. 13:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
13-12-2012
Соӊку аракети:
09-12-2015 10:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулууго Роза Амановага окшошуп кетет экен
12.03.2015. 12:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-11-2014
Соӊку аракети:
02-03-2016 11:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялды аялдай кылып алып журуу эркектен дейт беле....
Медиа-портал
09.04.2015. 14:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
03-12-2014
Соӊку аракети:
07-07-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
0
чон корунот экен.
Медиа-портал
13.04.2015. 14:26 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Kiyal4499,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2728 колдонуучу (Катталган: 16, коноктор: 2712) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Hanzada.sabih, Samat777, aidaraidai11, FK2, Chikaa, Kemel29101981, k.anara, Aza17, Akniet_kg96, Haanykeeim, asem2112, Rysbek91, chynara-84, kleine, vikarus, Eliznuku

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: