«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бакыт Осмонканов: «ҮЙЛӨНГӨНДӨН КИЙИН ӨЗҮМЧҮЛДҮГҮМ ЖОГОЛДУ»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж


Тамашоучу, шоумен, акыркы жылдары сценарист, актёр болуп кеткен Бакыт Осмонкановдун келечектеги кыялдарынын бири – өзүнүн киносун тартуу. Учурда кино чөйрөсүнүн оош-кыйыштарын өздөштүрүп жаткан тамашоучунун чыгармачылык жашоодон башка да кызыктары көп. Ал тууралуу өзү айтып берсин.

– Салам, Бакыт! «Тамашоудо» эгиз козудай ээрчишкен түгөйлөр бар, алардын бири «Ак-Өргө city» командасындагы Самат менен Эмил болсо, экинчиси Жеӊиш экөөӊөр...
– Саламатсыздарбы? Негизи мындай тандемдердин болуп турганы жакшы. «Тамашоудо» бизден башка деле тандем түзгөн балдар бар. Мен муну балдардын ынтымагы катары түшүндүрөт элем. Жеӊиш экөөбүз 8-9 жылдан бери таанышпыз, студент кезде Кыргызстан КВНинде чогуу ойноп жүргөнбүз. Жеӊиштин образын «Моника Беллуччи» командасында жүргөндө балдар менен чогулуп жаратканбыз. Жеӊиш экөөбүз быйыл «Эки адам» күлкү долбоорунун үстүндө иштеп, учурда уландысын тарталы деп жатабыз. Мындан сырткары «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Бир тууганчик» тасмаларына сценарий жаздык.
– Өтүп кеткен жылы перзенттүү болуп ата статусуна ээ болгон элеӊ. Уулуӊ торолуп, кылык-жоруктары чыгып калса керек?
– Мен үчүн 2014-жылдын эӊ чоӊ белеги уулум болду. Өзүм кичинекей балдарга жакын эмес элем, азыр деле ошондоймун. Бирок өзүӊдүн балаӊа болгон сезимдер башкача турбайбы. Баламдын кылык-жоруктарын көрүп эле тоюп калам. Үйдөгүлөр баарыбыз аны тегеренип, көзүнө карап айланчыктап жүрөбүз. Уулум Нурсултан мени аябай жакшы көрөт, бир жакка чыгып баратканда кадимкидей ээрчип ыйлайт.
– Үйлөнгөндөн кийин мүнөзүӊдөгү өзгөрүүлөр өзүӊө сезилдиби?
– Мен мурун абдан өзүмчүл болчумун. Окууда да, жумушта да, бардык жакта өзүмдүн кызыкчылыгымды башкалардыкынан бийик коёр элем. Үйлөнгөндөн бери бул сапатым калып баратат. Ал эми үйдө жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиӊ. Бойдок кездегидей көчөдө шапар тээп кафе-клубдарда жүрмөй жок. «Үйлөндүм, болду, ашыкча баспашым керек» деп өзүмдү мажбурлаган жокмун, жөн эле ал нерселерден кызыгуу тарады. Үйдө жубайым менен сүйлөшүп, баламды эркелетип, аны менен ойноп үйдүн жылуулугунан чыккым келбей калды.
– Жубайыӊ менен 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп үйлөнгөнүӊдү билебиз. Бойдок жигиттерге кеӊеш бере кетсеӊ, канча убакыт сүйлөшүп анан үйлөнсө болот?
– Кеп убакытта эмес. Кеп түгөйлөрдүн бири-бирин жакшы түшүнүшүндө. Бири-биринин мүнөзүн, кыял-жоругун билүү деле жок дегенде жарым жыл убакытты талап кылат. 2 жума же 2 ай сүйлөшүп үйлөнүп алгандарга аябай таӊ калам. Мисалы, мен 3 жылда жубайымды изилдеп-иликтеп «ушул кызга үйлөнөм» деп жыйынтык чыгаргам.
– Үйдө казан-аяк кагышы көбүнчө кимдин айынан болуп турат?
– Көбүнчө жөнөкөй эле турмуштук көйгөйлөрдөн чыгат. Негизи казан-аягы кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Жашоо ошонусу менен кызык да. Мен кол көтөргөн эркектерден эмесмин. Өзүм парламенттик дебат боюнча «Манас» кубогунун 2010-жылкы чемпионумун. Бир нерсе түшүндүргүм келсе сөз менен эле аялымдын мээсин жеп салам. Жубайым тажаганда «уф, ушундай ажыкызсыӊ да, «занудасыӊ» деп чыдабай кетет.
Мен жаманмын, айтышканда тигил-бул жактан далилдерди, аргументтерди келтирип ынандырып салам. Айтышкан жактан жубайым менден жеӊилип калат. Анын бир техникасы бар, чарчаганда «э, барчы» деп башка бөлмөгө кетип калат. А мен артынан ээрчип айтылбай калган сөздөрүмдү айтып кирем, такыр эле көӊүл бөлбөй койгондо конструктивдүү пикирим жинге айланып кетет.
– Азыркы чыгып жаткан кинолорду тамашоучуларсыз элестетүү кыйын болуп калды. Кино жаатында мындай активдүү болгонуӊардын себеби эмнеде?
– Биринчиден, бул тамашоучулардын популярдуулугунан кабар берет. Экинчиден, чынында, тамашоучулардын ой жүгүртүүсү, фантазиясы башкачараак. Эгер жакшы бир КВНчи менен мыкты бир тамашоучу кошулуп кино тартса ойдогудай тасма жаралчудай. Үчүнчүдөн, кино – бул биздин чыгармачылыктагы жаӊы тепкичибиз. Биз «Тамашоудо», эл аралык аренада оюн көрсөтүп бүттүк, андан ары каякка бармак элек? Кайра эле чыгармачылыктын айланасында жүргөнгө туура келет. Колдон келгени тамада, алпаруучу, долбоорлорду иштеп чыгуучу, актёр, сценарист. Бул жаман эмес, эӊ жакшы көрүнүш. Мисалы, рейтинги жогору берүүлөрдү деле алып карасак, ошол эле «Comedy Club», «Наша Раша», «Прожекторперисхилтон» берүүлөрүнүн алпаруучулары КВНчилер. Орусияда КВНчилерге талап кандай жогору болсо, Кыргызстанда тамашоучуларга талап ошондой эле.
– Сенин башка кесиптин ээси экениӊди билебиз. Кесибиӊ боюнча иштеп көрдүӊ беле?
– Менин үч жогорку билимим бар. Экөөнү кызыл диплом, бирөөнү көк диплом менен бүтүрдүм. Бирок үч билимимдин теӊ чыгармачылыкка тиешеси жок. Кесибим боюнча юрист, экономист жана дипломатмын. Кичинемде юрист, экономист же журналист болом дечүмүн. Негедир журналистикадан билим ала албай калдым. Өзүм 1 жыл экономист болуп иштеп көрдүм. Маянасы деле жакшы болчу, бирок кечке бир жерде отуруп иштөө мен үчүн эмес экен. Билим алып койсоӊ, кайсы тармакта иштебе, сөзсүз пайдасы тиет.
– Чет өлкөлүк жигиттерге турмушка чыккан кыздарга көз карашыӊ кандай? Билишимче, көпчүлүк биздин мырзалар муну улуттун талуу маселеси катары карашат.
– Жеке мага бул маселеде кыздын кандай максатта чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгып жатканы маанилүү. Акча үчүнбү, чет өлкөнү көрүш үчүнбү же жөн эле Кыргызстанда жашагысы келбегини үчүнбү, балким, сүйүү үчүндүр. Эгер сүйүү үчүн чыгып жатса суроом жок, анткени сүйүүдө улут болбойт.
Сүйүүдө адамдын жаш курагы, расасы маанилүү эмес. Анан да эки улуттан жаралган балдар акылдуу болушат деп коюшат. Кыргыздар жадакалса жердигине да маани беришет, нарындыктар Нарынга, оштуктар Ошко күйөөгө тийсе дейт. Ушундай стереотиптер менен жашаган адамдарды караӊгы адамдар деп эсептейм. Мисалы, мен Ысык-Көлдөнмүн, жубайым Оштон. Ортобузда эч кандай тоскоолдук жок, тескерисинче, муну менен Кыргызстандагы бөлүнүүчүлүк маселесин жоюп жатабыз деп ойлойм.
– Миллион долларыӊ болсо биринчи эмнеге сарптамаксыӊ, мисалы, «Тамашоуну» сатып алат белеӊ?
– Жок, мага бирөөнүн оокатынын кереги жок. Даяр нерсеге тап болгонду жаман көрөм. Биринчиден, мен ал миллионду өзүм иштеп тапмакмын, ага жетүүгө, буюрса, аз эле калды. Азыр силерге «кайрымдуулукка, жетим калган кароосуз балдарга бермекмин» деп жооп берип, сулуулар сынагына катышкан кыздарга окшоп каламбы деп жатам (күлүп).

"ӨЗҮМДҮН КИНОМДУ ТАРТУУНУ КЫЯЛДАНАМ"
– Жубайыӊ кызганчаакпы же сенби?
– Мен кызганбайм, анткени жубайыма ишенем. Жубайым кызганганда «красавчик деле эмесмин го, мени ким карамак эле?» деп коём.
– Майрамдарда жубайыӊа гүл бересиӊби же гүлдүн акчасынбы?
– Хе-хе, гүлдүн акчасын берем.
– Жакынкы аралыктагы пландарыӊ?
– Өзүм режиссёрлук кылып, кино тартууну кыялданам.
– Көбүнчө күтүп каласыӊбы же күттүрүппү?
– Пунктуалдуу болгонгобу, көбүнчө күтүп калам.
– Сөгүнөсүӊбү?
– Сөгүнгөндү жаман көрөм. Бирок эмоцияны чыгаруу үчүн сөгүнүп да коюу керек.

"Өтүп кеткен жылдын эӊ чоӊ белеги уулум Нурсултан болду".

"Жеӊиштин өзү жеӊил болгону менен, мүнөзү оор".

"Моника Беллуччи" командасындагы балдар менен азыркыга чейин жакшы катыштабыз".

Лунара Бекиева
star@super.kg



“Лидер болсун деп уулумдун атын Нурсултан койдук” дейт Бакыт Осмонканов

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(20)
Super TV
23.01.2015. 23:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
17-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2015 13:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы максатынар орундалып уулунар призидент болсун
Super TV
23.01.2015. 23:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
25-02-2014
Соӊку аракети:
31-05-2015 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омуру менен болсун, кыргыздын керегине жараган мыкты жигиттердин катарын толуктасын.
Super TV
24.01.2015. 00:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
15-11-2014
Соӊку аракети:
19-05-2015 09:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Сонун бала экен го
Super TV
24.01.2015. 00:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
12-08-2011
Соӊку аракети:
31-05-2019 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Башкача суйлойт го создорду обонго салып.....
Super TV
24.01.2015. 16:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
26-01-2014
Соӊку аракети:
30-12-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол идеага чакырганы жакшы азыркы заманда чакырган жака барбасан ачка каласын айла жок макул болосун да.
Super TV
25.01.2015. 00:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
28-06-2015 13:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Ochen'interesnaya beseda, a naschet fil'mov I v pravdu otlichaetsya ot drugih, vse tol'ko smeh i pozitiv, po wkale dala by 10ku!
Super TV
25.01.2015. 02:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-01-2015
Соӊку аракети:
20-03-2017 15:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
+1
тамашоу силер кеткенден кийин аксап калгандай корунот мага ,бул менин жеке оюм балким жаштар да силердей кызыктуу тамашоучулар болот,Бакыт сага ишине ийгилик эми комедия кино жагын да тамшоудой кылып которосунор деп ишенем Жениш экоонор
Super TV
25.01.2015. 04:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
Осмонкан койбоптур да
Super TV
25.01.2015. 04:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
14-09-2014
Соӊку аракети:
29-09-2017 02:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо сонун маек болуптуп ийгилик сизге уй-булоонуз менен бактылуу болунуз,ишинизге ийгилик!!!
Super TV
25.01.2015. 13:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
11-09-2016 11:32
Жынысы:
Белгисиз
0
озунчо эле кыйынго
Модератор admin_superstan түзөттү 25.01.2015 15:12
26.01.2015. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
16-09-2011
Соӊку аракети:
28-04-2018 09:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
азамат экен, орду менен суйлойт, тын, окууга да квнге да жетишкен кыйын бала экен, 3 окууну да бутуруптур, ишине ийгилик!
26.01.2015. 13:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
15-10-2014
Соӊку аракети:
27-03-2015 10:15
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик.уй булолук бакыт каалайм..
26.01.2015. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-08-2014
Соӊку аракети:
03-03-2019 03:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai gana molodessss myrsa!!!
26.01.2015. 20:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-01-2015
Соӊку аракети:
13-06-2015 23:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Ишинизге ийгилик, уй-булонузго тынчтык каалайм!
26.01.2015. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
04-06-2012
Соӊку аракети:
04-01-2018 09:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин азамат ар дайым ишине ийгилик уй-булоон менен тынчтыктта бейкутчулукта жаша
27.01.2015. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
29-10-2019 00:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
0
Ийгилик
27.01.2015. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
19-05-2007
Соӊку аракети:
17-11-2019 20:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+1
Аялынын аркасынан кууп айтканы жакшы эмес экен аялы азамат экен унчукпай кетип барчы деп кетип калса. Озу тескерисинче болчу эледа аялы айта берет эркеги койчу деп кетип калып...
27.01.2015. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
01-11-2017 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Абдан кооз шаарда жашамйм!
0
ваууууууу суппер маэк болуптур
сени жаааакшы коробуз уй-булон менен бактылуу бол бакыт чыгармачылыгына чооооооооон ийгиликтерди кааалайбыз тамашоунун жигиттери алга! силерди уй-булобуз менен жакшы коробуз суйобуз!
Super TV
28.01.2015. 16:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
26-12-2013
Соӊку аракети:
23-10-2015 11:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Бакыт байке.... менин сизге болгон бир сунушум бар эле... Менин бул жашоодо откоргон жолумдан кино тарта аласызбы...Каласаныз рольго озум деле ойноп берейин каршы болбосонуз.... Менин оюмду окуп калсаны мага кабарлашып коюнузчу суранам сизден.... Алдын ала чон рахмат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 303 колдонуучу (Катталган: 2, коноктор: 301) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Nurgazy80, mamamia

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: