Akbuura gazeta

Анжелика Бекболиева: «АЙЧҮРӨК ЭЖЕНИН ЖАНЫНДА ӨЗҮМДҮ ЫРЧЫ ЭМЕС, БУЮМ КАТАРЫ СЕЗИП КЕТЧҮМҮН»

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.


"Айчүрөк эже мени наным деп айтат. Ошондуктан жолдошума нанымды тартып алдың деп доомат кылган. Мени товар катары көрөт, менден чоң пайда түшүүсүн каалайт. Оюндагысы болбой калды, бирок жардам берип жаттык. Ал деле эже үчүн аздык кылып жатат",- деп SUPER.KG порталына келип, түз эфирден көрөрмандардын суроолоруна жооп берген ырчы Анжелика Бекболиеванын маегин баяндайбыз. Белгилей кетсек, бул түз эфирге Анжеликанын устаты Айчүрөк Иманалиева да чакырылган. Бирок кандайдыр бир себептерден улам келген жок.

– Саламатсызбы, Анжелика? "Махабат көлүн" Айчүрөк эженин аткарганын жакшы билесиз. Болгону бир кездеги устатыңызды кантип бурчка такаштын жолун билип туруп ырдап чыктыңыз. Болбосо миң эмес, миллиондогон ырлар бар. Айчүрөк эженин эмес, башка ырчылардын ырларын аткарып чыксаңыз деле болмок да?..
– Сурооңузга чоң рахмат! Бул ырды Элиза Ажибаеванын аткаруусунда угуп жүрчүбүз. Жолдошума жаккан ырлардын бири болгондуктан, кээде кыңылдап ырдап койчу. Анан жолдошума күтүүсүз белек кылайын дегем. "Махабат көлү" ырынын автору Марат Алыбаевдин иниси Болот байке "Бул Марат агамдын ыры, дагы көптөгөн жакшы ырлары ырдалбай калган" деди. "Сен эми автордук укукту ала албайсың. Каза болгон кишиде кала берет. Бул ырдын 7-8 аткаруучусу бар, арасында Айчүрөк эжең да бар. Ал 1989-жылдары ырдап чыккан" деди. "Айчүрөк" эстрада тобуна келгенде эженин "Махабат көлүн" аткарганын уккан эмесмин. Мен билбей калыптырмын, бул үчүн кечирим сурайм. Бир чети ырдын автору Айчүрөк эже болбогондуктан уруксат сурагым келген жок. Эгерде сөзү, обону эжеге таандык болсо, анда уруксат сурамакмын. Бүгүнкү күнгө чейин эженин бир дагы ырын уруксатсыз аткарган эмесмин.
Өзүмдүн жеке концертимде "Ак гүлдөр", "Эжекемдей боломун", "Жөжөлөрүм" деген ырларымды кыздарым аткарып чыгышты. Ошол концертиме эжени ардактуу конок кылып, тизе бүгүп ийилип ыраазычылыгымды билдирейин деп чакырсам келбей койгон. "Алгачкы сүйүү", "Назданып", "Сырдуу жигит" деген ырларды мен жаздырып бергем, акча коротком" деп ырдаганга укук бербей койгондо, эжеге "Бул ырларды элдер менин аткаруумда билишет, репертуарыма кошоюн" десем, "мага кеткен чыгымдарды төлөп, ырдай бер" деди. Отуруп алып ар бир ырга кеткен акчаны эсептегенбиз. 10 жылдын ичинде Айчүрөк эже мага 10 чакты ыр жаздырып бериптир. Ар бир ырдын орточо суммасы 20 миңден деп эсептеп, 200 миң сом берип, ырларымды сатып алгам.

– Сиздин атыңызды чыгарган, өзүңүздүн энеңиздей эжеге кол көтөргөнүңүз, "балдарыңды өлтүртөм" деп коркутканыңыз айтылган эле. Эгер чын болсо, Айчүрөк эженин жакшылыгын унутуп, жакшылыкка жамандык менен жооп бергениңиз туура эмес го...
– Ал ишти кылгандар кармалган. Ошол иштен кийин эже менен чогуу Ошко гастролго барганбыз. Концерттен чыгып "Эже, сиз бардыгын менден көрдүңүз эле. Керек болсо баарына "Анжелика сабаткан" деп айткансыз. Чындык бир күнү ачыкка чыгат экен" десем, "Ооба, мен да сенден көрүптүрмүн. Карачы, элдер бизге эмне гана кылышпайт? Экөөбүздү элдер уруштурду" деп эне-баладай ыйлаганбыз. "Кармалгандарды чыгарбаңыз, элге ачыгын айтып чыгалы" дегем. Тергөөчүлөр да жакшы иштешкен. Чындыгында, "ушундай кол салуу болуптур" дегенде ишенген эмесмин. Анткени 2-3 күндөн кийин Айчүрөк эженин тойлордо ырдап жүргөнүн көргөм. Чындыгында, коркутуу болуптур. Мага деле кол салуу болуп, муунтушуп, подъездде жатып калганымда "өлүп калды" деп телефон аркылуу орус тилинде сүйлөшкөн. Бирок мага болгон кол салуу, коркутууларды ким жасатып жатканын билсем дагы айтпай келем. Бирөөнү "ушул кылды" деп күнөөлөгүм келбейт. Себеби ар бир кылган ишиңе жооп бересиң.

– Мухтар Өмүракунов менен болгон мамилеңизди бир гана Айчүрөк эже эмес, шоу-бизнестегилер деле айтып жүрүшчү. Бүгүн ошол кептерди чын же калп деп чекит коёсузбу?
– Шоу-бизнесте ким айтып жүргөнү тууралуу далил керек. Анткени буга чейин ким айтып жүргөн болсо, ошол инсан айтып жатат. Мен жөнүндө ушактарды таратып, жамандаган бир эле адам бар. Каза болгон, чет өлкөгө качып кеткен кишилерди да байланыштырыптыр. "7-8-классында каза болгон киши менен сүйлөшкөн" деп жазыптыр. Бирок ошол кезде мени тааныштырган ким эле? Жашы 18ге чыга элек кызды кандай максатта улуу кишилер менен тааныштырып, ошондой кишилер менен унаанын ичине калтырып коюп, көп тузактарды уюштурганга аракет кылган. Ыраматылык Мухтар байке "карындашым, чыгармачылыгыңа жардам берем" деген ыйманы күчтүү киши эле. Албетте, жардамды Айчүрөк эжеге берген. Анткени байкени эженин жакшы санаалаштары катары билчүмүн. Дайыма бири-биринин үйүнө барып, чай ичишип жүрүшчү. Айчүрөк эженин үй-бүлөсү бар, бирок эмнеге ушундай сөздөрдү сүйлөдү билбейм. Назми эжени да кошуп кетиптир. Ал эжеге "Мухтар байке менен сүйүү жөнүндө сүйлөшүптүрмүн. Ушундай болду беле?" десем, "Билбейм, Айчүрөк эже телефонун сага сунуп, "сүйлөшүп койсоң" деген. Анан менин бутума тээп "карасаң, тигинин чоң болуп сүйлөшүп жатканын" деди. "Ким менен?" деп сураганда "Мухтар байкеси менен" деп айткан" деди. Москвадагы гастролубузга Мухтар байке демөөрчү болуп, Назми, Сапар Сопубеков болуп барганбыз. Бирок Мухтар байкенин мага болгон сүйүү мамилесин байкаган эмесмин.

– Анжелика, мен сиздин чыгармачылыгыңызды, өзүңүздү сыйлайм. Мен билгенден сиз 5-6 иш менен алектенесиз. Күн сайын ошол иштерди көзөмөлдөп туруш керек. Кантип жетишесиз, энергияны кайдан аласыз?
– Үй-бүлөгө, чыгармачылыкка, окууга, ишке жетишкенге мени бышырган Айчүрөк эже. Ырдаганды үйрөтпөсө дагы активдүү болуп, жашоого бышык болгонго үйрөттү. Терең ыраазычылык. "Көптөгөн ушактар болот, алдыда сени бир сөз менен сындырып, өлтүргүсү келгендер болот. Эч нерсеге карабастан алдыдагы максатыңа карай түз кетишиң керек" деп бизге сабак берген. Айчүрөк эже "менин кызым" деп тааныштырчу, анан кээде мени сахнага чакырганда Иманалиева деп кошуп коюшчу. "Атасы жок" деп, байкуш кылып көрсөтүп, "чыгармачылыгына жардам кылып койгула" деп акча алган күндөрү болгон. Бул сөздөрдү укканда ата-энем жаман акыбалда болушту. Айчүрөк эже мени курал катары колдонду. Анын жанында жүргөндө өзүмдү ырчы эмес, буюм катары сезип кетчүмүн. Турмушка чыкканда жолдошума "Сен менин нанымды тартып алдың, мени өмүр бою бак" деп доомат кылган.

– Айчүрөк эже мыйзам алдында жооп бериши керек дедиңиз. Ошондо аны сотко бересизби?
– Муну убакыт көрсөтөт. Адамды аша чаап каралаганда, аброюна шек келтиргенде ар бир сөзүнө жооп бериш керек. Бул Айчүрөк эжеге эмес, ар бир инсанга тиешелүү.

Анжелика Бекболиеванын апасы Гулина айым: «АНЖЕЛИКАНЫН ЖАШТЫГЫН ПАЙДАЛАНЫП АКЧА ТАПКЫСЫ КЕЛГЕН»

– Анжелика "Айчүрөк" эстрада тобуна кантип келип калганы тууралуу баяндап берейин. Анжелика Бишкектеги М.Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектептен 1-классты бүтүп, жайкы эс алууга келген болчу. 5-6-августта азыркы "Кырк-Чоро" кинотеатрына Айчүрөк Иманалиева концерт коюп сынак өткөргөн, анда Анжелика да катышкан. Эртеси "кызыңыз сынактан өттү" деп куттук айтып келишти. Ошентип 8 жашынан тартып 17 жашка чейин май айында мектептен алып кетип, сентябрдын аягында кайра мектепке жөнөтчү. Көргөндөр айтып эле жүрдү "кызыңыз каралган жок, эл тебелеген жерде уктап калат" деп. Баланын эмгеги деген нерсе бар, бирок мен муну талап кылган эмесмин.
Бир жолу ангинасы кармап, дене табы көтөрүлүп жаткан. "Тамагы ооруп жатат, кантип ырдайт?" десем, "Ой, фонограмма менен ырдайт. Эл билип коюптурбу?" деп алып кетип калган. Фонограмма менен ырдатып, элди алдаган ким? Үнү жок болсо кызымды эмнеге алып жүрдү? 1-2 жылдан кийин "үнү ачылбай койду" деп кетирип койбойт беле? "Жакшы ырдайт, сонун ырдайт" деп элди алдап жүрдү да?
Маркум Мухтар Өмүракунов тууралуу айтып жатат. Мен бул маркумдун атын атагым келген эмес. Айчүрөк сөөгүн козгогондон кийин баарынан кечирим сурап, айла жок айтууга туура келип жатат. 7-8-класстагы кызды чоң киши менен сүйлөштүргөн ким? Өзүнүн номери менен ар кимге чалып "сен сүйлөшүп койчу" деген ким? "Экинчи энесимин" дейт, анда чоң кишилер менен сүйлөштүрбөй тыйып койбойт беле? Москвага барганда Анжеликаны Мухтардын бөлмөсүнө киргизип, өзү башка бөлмөгө жайгашыптыр. Ошол кишинин ыйманын айт, жанына жаш кызды таштап кетсе да тийбегенине. Кандай максатта чоңдорго салып берип жатканы бештен белгилүү. Анжеликанын жаштыгын пайдаланып акча табайын деген.
Анжелика жол кырсыгына кабылганда Айчүрөк телефон чалып "Ассоль эжең келди, шашып жатыптыр. Эшикке өзүң эле чыксаң" дегенинен кызым "чыгып келейинчи" деп кеткен. Ошондо Урмат биздикине конокко келген. Бир убакта мага бейтааныш номерден бирөө чалып "Ушу кантип болсун?! Айчүрөк эже кара унаа менен келип, сыртта турат. Анжелика унаанын ичинде бир киши менен отурат" деди. Урмат эшикке чыгып өңү кубарып келди. Айчүрөккө чалсам албайт. Айлам кетип күйөөсү Таалайга чалдым, албай койду. Ошол күндөн баштап кызымды Айчүрөккө жолотпойм деп сөз бергем. Айчүрөктүн ой-максаты кир экенин билгенде кызыбыздан айрылып калабызбы деп корктум. Ошон үчүн кызымды 18ге чыга элегинде турмушка узаттым.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


Ырчы Анжелика: “Айчүрөк эжеден ырларымды 200 миң сомго сатып алгам”

Автор: Таттыбүбү Садырбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(142)
30.05.2017. 08:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
04-05-2017
Соӊку аракети:
30-11-2017 20:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Силер жашаган эле калаа
+1
Ээ койчу ушуларынды зээриккенде эле гезиттин бетине толо чыгып алышат,
30.05.2017. 08:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
16-03-2015
Соӊку аракети:
11-04-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айчурок эле Айчурок деп жалаанын баарын ага жаба берген туура эмес го. От чакмак менен данди сурткондо келип чыгат. эмне учун Айчурок эжени ошол учурда ушинтти деп айтпайт дагы ортодо канча жылдар откондон кийин каралап жамандайт? Менимче Анжеликада дагы жээ Апасында дагы бир мандем бар.
30.05.2017. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
03-08-2018 01:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах баарын коруп билип турат, балким кийинчерээк экоо элдешет, балким жок. Аман болушсун, бирок эл козундо жургон инсандарга мындай кайым айтышуу жарашпайт экен
30.05.2017. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1165
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Урушсанар озунорчо урушпайсынарбы бутун элге жарыя кылбай. Тем более орозодо.
30.05.2017. 09:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
04-09-2018 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+1
эми Анжеликаны ажырпштырып жиберишпесе. мен Айчурок эжени сыйлайм.бирок, Анжелика уй булолуу аял куйоосу менен тынч жашаганы дурус.
30.05.2017. 09:59 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5906
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
ksb, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. Бир эле эмес, бир нече жолу эреже бузгандыгы үчүн 3 күнгө БАН!
30.05.2017. 10:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5906
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Aidani, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
30.05.2017. 10:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика жаш кыз,ал коп создордун маанисин чече билбейт,баардык жакшы касиетти уйдо эне деген бар кызым сен эми эл алдына чыгып келе жатасын кечиримдуу,сабырдуу бол деп ырын сурабай ырдаса баары эле жини келмек,авторбу автор эмеспи "махабат колу"ырын мен да жакшы кором бардык жерде жашыма карабай ырдайм,айчуроктун мезгилинде биз угуп чонойдук, Кечирип коюн деген соз эн туура соз,ал создон эч ким эч нерсеси коробойт.Жакшы соз баарын жубатат.Кечиримдуу болгула.Орозо мезгил.
30.05.2017. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
13-09-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз ара чечишип алыш керек эле элге алып чыкпай бул ишти кийин созго каласынар озунор эле уйат болуп
30.05.2017. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
29-05-2017
Соӊку аракети:
26-12-2017 04:46
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эээй кимисине ишеништи деле билбейсин
30.05.2017. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-02-2015
Соӊку аракети:
11-03-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+8
негизи кептин баары Анжеликада.убагында популярдуу болгусу келип уну жок болсо да жабышчу да Айчурок Иманалиевага.эми элге корунуп алып мени колдончу тигиндей мындай десе ишенет да эл деген. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-30 17:20:26
30.05.2017. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+8

Анжеликаны бир тойдо коргом ХХХ экен баарын кутсо болот мындан
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-30 17:21:08
30.05.2017. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
31-10-2012
Соӊку аракети:
19-08-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азыр 7-8окуган кыздар чон корунуп шустрый болушат, Анжеликаны 7-8класын элестетип жатам, ошол кыздын оюнда ошол Атасындай болгон кишиге кандай сезим болмок эле,Анын комнатасына киргизип койгонунун А.И балким озунун иши бардыр эле озунун болмосундо, аны кыз корбой эле койсун дегендир...
30.05.2017. 19:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
30-11-2016
Соӊку аракети:
01-07-2017 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-6
Анжеликага ишенем Айчурок кыз кылып чонойткондон кийин уялса болмок туура эмес болсо ондоп эне катары озунун кенешин айтып
30.05.2017. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
26-06-2018 01:27
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эки тарапта тен куноо бар менин оюмча. Бирок Айчурок короалбастык,ичи таардык кылып жаткандай го. Анжелика коптогон ийгиликтерге жетип, ал эми Айчурок сахнага чыкпай деле калды го
30.05.2017. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы эми ушул кантип болсун экоо тен бала чакалуу жолдошунар бар ошолорду ойлоп койсонор ушакташа бербей.
31.05.2017. 06:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
16-11-2016
Соӊку аракети:
23-02-2018 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жолугун чечип алгыла окоон билесинер кайжерде ким кандай болгонунарды куйөөнөр неге ушунтип журдунор убагында деген суроо берсе керек же азыркы эркектер антпей эле намысы жок болуп калганбы унчукпай ээрчип журот эркектин эркектей болуп намыстуу болгону жакшы канчалаган создор айтылып жатат эл алдында кантип журот. Намыс деген нерсе боллуш керек эркекте
31.05.2017. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+11
azamat1978,Анжеликаны апасы кимге беришти билген(урмат)Кийин ушундай былыктарына чыдап жашаарына козу жеткен го?Негизи эле эне-бала аябай окшош экен.Баштары иштейт экен)Урмат суйлой албайт...
05.06.2017. 02:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 03:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+1
barakcha,бул созунор менен силер Урматтын намысына
тийип,кайрап атасынар,бир жакшына уй-булоо ушул
создор учун ажырап кетсе жакшыбы эми
31.05.2017. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
03-12-2008
Соӊку аракети:
09-08-2018 10:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Анжеликага башка ыр жокбу?Ошол акчага жаны ыр жаздырбайсынбы жаныланып.Айтпай жургон да Айчурок ушунча жыл Анжелика жаранын оозун тырмаса керек да.Баардык куноо апасында кийин кызы элге чыгып калганда суйлоп калганы да.Болбосо озу эле бакпайт беле кызын .Эгер ошончолук Айчурок жаман болсо.
31.05.2017. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
27-09-2017 09:15
Жынысы:
Белгисиз
+9
Махабат колу ырын Айчурок эженин ырдаганын билбептирмин деп калп эле билмексен болбочу!Убагында ал хит ыр болсо керек, гастрольдо журуп ошону уккан жоксунбу,кайда учуп журдун эле,ал убакта.ал ырды укканда Иманалиева эске келет экен корсо сен экенсин чымчып жатасынбы го
31.05.2017. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
03-07-2013
Соӊку аракети:
23-04-2018 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+6
Автордун ырын популардуу кылган ыр аткаруучунуку болуп калат да Айчурок эже жазуучудан сурап ырдаган да. Ырды хит кылуу ырчыга байланыштуу Анжелика сулуулугу учун эле журот ырдап аткарган эч бир ыры хит болбой эле унутулат го . Айчурок эже туура айтат эртен фонограмманы жоюп салса саналуу эле ырчылар ырдап калмак Гулжигит Калыков , Айбек Бакытбеков, Адилет Азимовдой .
01.06.2017. 03:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжеликанын апасы абирин ачып койюптурго кызынын дагы чукуса дагы айтат
01.06.2017. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2017 06:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоба эми ырчылар эле калды эле айтышпаган биринен бири отуп
02.06.2017. 02:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 17:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Уруштары чересчур майдаланып кетти го,Айчурок эже менен айтышканы Аэнджинин аброюна только минус алып келди
ladynur түзөттү 2017-06-02 02:31:07
02.06.2017. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 17:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
жаны ырлар менен элге жаны вдохновение алып келбей Анжелика,именно Айчурок Эже ырдаган ырды ырдаптыр да
ladynur түзөттү 2017-06-02 02:34:29
02.06.2017. 02:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
24-01-2018 17:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
ушунчалык ХХХ чачыраган Анжеликаны башкарып жургон жолдошуна Рахмат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 09:46:22
02.06.2017. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Азыр жасалма ырчыларда мода болуп кетти го эски ырларды ырдашып.Тим эле укмуш ырдачуудай.Башка айтса жарашат Анжелика сен ал ырды билбейм дегенин чындыкка жатпайт.
02.06.2017. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
11-05-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 09:34
Жынысы:
Белгисиз
-2
мага чын жүрөктөн баары бир ! башкысы жагымдуу музыка болсо уга берем!
02.06.2017. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1300
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
09-09-2018 10:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
-1
Токтогулга барып суусун ичип кел унун жок болсо фонограмма менен ырдабай каласын
03.06.2017. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
29-05-2017
Соӊку аракети:
26-12-2017 04:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызымдын жаштыгынан пайдаланып акча тапкысы келген дейсиз анда неге Айчурок эжеге берес адамдарды дагы тушунуп болбойт
04.06.2017. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
12-04-2017
Соӊку аракети:
18-06-2018 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжеликанын уну жок экенда.
Жок дегенде устатын сыйлап койсо жакшы болмок.Элибизде бир тамга уйротконду омур бою сыйлашкан
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2397 колдонуучу (Катталган: 20, коноктор: 2377) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

asem2112, Sveta23, RuslanaG1, aminausman, aidaraidai11, Elnura08, Altynbek.dr, Tima99, Mutpilim71, Aimira93, Arlenchik, faraon312, .turgun, Nabat, deya-deya, Mazi1280, anash, Taku.14.02, nigina93, bibi87

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: