реклама
Akbuura gazeta

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "14 ЖАШАР КЫЗДЫ ЧОҢ КИШИГЕ САЛЫП БЕРГИДЕЙ БАШЫМ ЭКӨӨ ЭМЕС"

№761 2-8-июнь, 2017-ж.


31-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева SUPER.KG порталынын түз эфиринде конок болуп, окурмандардан келген суроолорго жооп берди. Буга чейин шакирти Анжелика түз эфирге келип, экөөнүн ортосундагы чырдын себебин, дагы бир канча сырларды ачыкка чыгарган эле. Ал эфирге, албетте, Айчүрөк эже да чакырылган. Бирок ырчы келе албастыгын айткан. "Менин да өз чындыгым бар" деген ырчы агынан жарылды.

Алгач эле WhatsApp`тан "Сиздин буга чейинки айткандарыңызды Анжелика жокко чыгарды. Кайра-кайра айта бербей, факты менен далилдеп берсеңиз. Далилиңиз барбы?" деген суроо келди.
– Биздин кайым айтышуубуз ырбап кетти. Анжелика "мен мыйзам аркылуу сүйлөшөм" деди. Ал интервью бергенден кийин жооп берген жокмун. Фейсбуктагы баракчасына улам жаңы постторду киргизип жатат. Анысы аз келгенсип, Сапар Сопубековду да кылтакка илип кетиптир. Кудайдын ыйык күнүндө куттуу жерге келип чындыкты айтып, элге жеткирүүгө аракет кылайын дедим.
Бул жерде "Махабат көлү" үчүн мынчалык жаңжал чыккан жок. Буга чейин Анжелика экөөбүз тойдон жолугуп калдык. Мен 1 саат күттүм. Бир маалда Анжелика келди да, ырдап кетип баратат. Анан ызаланып, токтотуп "Колумдан тузумду таткансың. Ыйык сахнага мен сени тааныттым эле. Мен 1 сааттан бери күтүп жатам, сен мага 3 мүнөтүңдү ыраа көрбөй калдыңбы?" десем, "ал алпаруучунун чечими" деп басып баратат. Кайра токтотуп, "Болуптур, алпаруучу чечсе деле, сен "мени сахнага чыгарган эжекем турат" деп айтканга жарабадыңбы?" дегенде басып кетип жатпайбы. "Жар-жар" ырын бир ооз сурап койбойт белең" дегенимде "Сенин ырыңбы? Автору сенсиңби? Элдин баары эле ырдап жатпайбы, эмнеге мен ырдасам болбойт?" деп беттен алганда чекесинен өөп "мейли, барагой" деп койдум. Ошол кездеги ызамдын баарын жуттум. Кичүүлүк кылып, ызаат кылып "эжеке, сиз аткардыңыз эле" деп койгонго жарабай койду.

Ушул суроого жооп берип жатып, ортодогу чырды ал баштабаганын, чабуул шакирти тараптан болгонун айтып Анжелика менен апасы Гулина айымдын алгачкы жазгандарын далил катары окуп берди:
"Ыр талашуу боюнча рекорд койдуңуз го. Качан ырдадыңыз эле, видеоңуз, аудиоңуз барбы? Мен сиздин репертуарыңызды жатка билем го. Мейли эми, сиз жапжашсыз, сулуусуз, примадоннасыз, сизге эч ким теңеле албайт. Өзүңүз жөнүндө жазып элди жинди кылам деген позицияңызга алкыш! Менден сизге 10 миң "подписчик" (жазылуучу)". Мени устаты катары сыйлабаганы аз келгенсип, өзүнүн "подписчиктерин" мал катары санап, белек кылганы мени таң калтырды. Ал адамдар мени жактырбаса белек кылган күндө деле менин баракчамдан чыгып кетет. Бул адамдын кесирлиги.

– Айчүрөк эже, ыр талашып элге жарыя кылбай, Анжелика менен өз ара чечишип алсаңыздар болмок...
– Албетте, болмок. Мен "Анжелика, бир ооз айтып койсоң мен жок демек эмесмин" деп айттым. Ошодон кийин апасы экөө жогоруда окуп бергенимди жазып жатпайбы. Эл түшүнбөй калышы мүмкүн "Айчүрөк бир ыр үчүн ушунча чыр чыгарды" деп. Жок, бул ыр 10 жылдан бери сыздатып келген бугумду, коркунучумду чыгарууга түрткү гана болду. Бул тууралуу биздин тар чөйрө эле билчү. 10 жыл мурун жолдошум Таалай экөөбүзгө чоң кол салуу болгон. Бирок окуя көптөн кийин гезит бетине чыкканы менен, имиш-имиш болуп эле калып калган. Ошондо 6 ай эшикке чыга албай калдык. Алпаруучу Эльмара Турсуналиеванын тааныштары аркылуу жан сакчы таап, ошо менен басып калганбыз. Элдин кишисине кол көтөргөнгө ким кантип барат? Бийлик колдоо көрсөтүп турганда гана ушундай жолго барышат экен.
Кол салууну тажрыйбалуу адамдар жасаган. Концертке даярданып жатканда сырттагы унаабызды талкалап кетишти. Бир жумадан кийин телефон чалуу болуп "Сен түшүндүңбү эмне үчүн?" деди, "Эмнени?" десем, "Анда жакында түшүнөсүң" деп койду. Экинчи жолу да кол салуу болгондо "Анжеликага экинчи бир нерсе десең, үчүнчүсү башка болот" деди. Мен ал балдарды табылбай калат го деп ойлогом. Кийин табылды, бирок мен ал кармалгандардын атын атабайм деген сүйлөшүүлөр болгон.
Анжелика "Ошко гастролго барганыбызда Айчүрөк эже экөөбүз эне-кыздай кучакташып алып ыйладык" дептир. Концерт учурунда укук коргоо органдары тарабынан чалып "кол көтөргөндөр табылды" дешти. Алар "Алдагы кызыңыз кантип ушундайга барды болду экен?" деп таң калышты. Концерттен чыгып алып Сапардын үйүнө келсек, Анжеликанын күйөөсү чалып "эже, чыгып коюңузчу, Анжелика эшикте күтүп жатат" деди. Анжелика "мен эмесмин" деп жатты ошондо. "Мага азыр эле чалышты, сен экенсиң. Кантип колуң барды?" деп ыйладым. Азыркы учурда бул ишти калп деп жатышпайбы. Жок, бул иш ачылган, сотко Анжелика да келген. Кримтөбөл Чыңгыз үй-бүлөлүк досубуз Расулдун (ред.: Маматкулов) аялына "сүйлөштүрүп бериңиз" деген экен. Мага Катя чалып "Чыңгыз баягы иш боюнча жолугуп, сүйлөшөлү деп жатат" деди. Макул болуп, 3 күндүк сүйлөшүүдө Чыңгыз "Болору болду, эми сиздин унааңызды, ооруканага короткон чыгымыңызды төлөп берели. Бир ачууңузду мага бериңиз" деди.

– Анжелика "Мухтар Өмүракунов менен Айчүрөк эже өзү сүйлөштүрчү. Менин ал кезде телефонум жок болчу" деп айтты. Сиздин жообуңуз?
– Анжелика телефонду менден биринчи көтөрдү болуш керек.
Биздин коллективге ыраматылык Мухтар өзү бир телефон алып берген. Анан концерттин директору болгондон кийин мен менен сүйлөшөт. "Тигиге берип койчу" десе берем да. Бул жерде телефондун бар-жогу роль ойнобойт. Концерт, гастроль болгондо жардам сурап кайрылабыз. Бирок бул деген телефон номурун алып калып, андан ары мамиле куруш керек дегендик эмес да. Мухтар менен болгон мамилесин поездде баратканда билгем. Бул нерселерди айтпай деле коюшса болмок. Эгер айтпаганда мен мунун баарын өзүм менен кошо тиги дүйнөгө алып кетмекмин. Бирок ден соолугума байланыштуу сахнадан бир аз четтеп калсам эле, эл арасында айтылган сөздөрдү буга оодарып салабыз дештиби, түшүнгөн жокмун.

– Москвага гастролго барганда Анжеликаны Мухтар мырзанын бөлмөсүнө киргизип, өзүңүз башка бөлмөгө жайгашыпсыз. Эмнеге секелек кызды чоң кишиге салып бердиңиз?
– Мухтардын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм сөзгө аралаштырып жатканым үчүн. Менин башым экөө эмес 14 жашар кызды чоң кишиге салып бергидей. Менин студиямда 100гө жакын кыздар окуп, иштеп кетишти. Эмне үчүн бир гана Анжелика менен апасы мени каралап жатат? Анткени өздөрүнүн дарегине карата жагымсыз сөздөр айтылса, "Айчүрөк жаздырып жатат" деп ойлойт окшойт.

"Айчүрөк кызымдын жаштыгын пайдаланды"
дейт апасы. Кечирип коюңуздар, менин үйүмдү, акчамды, даражамды, популярдуулугумду, тескерисинче, Анжелика пайдаланбадыбы?! Мен акчалуулар менен ойноп-күлгөн болсом азыр кесиптештерим келип айтмак да.
"Чет өлкөгө ырчылар барышат, кадимки эле нерсе" дейт. Бирок Швейцарияга гастролго "Камбаркан" ансамбли, филармониянын артисттери барышкан. Анжелика филармонияда иштечү беле? "Камбаркандын" мүчөсү эмес да? Ал жакка барып келгенден кийин Адыл Бакиевдин жубайы Курманжан эжеге жолугуп, "байкеге айтыңызчы, биз өз оокатыбызды өзүбүз кылабыз. Гастролго деле өзүбүз чыгабыз. Анжеликаны жайына койсун" дедим. Мен Анжеликанын Адыл Салиевич менен болгон мамилесин айткандан кийин бизге кол салуу болуп, коркутуп, ооз ачыргыс кылып кетишти.

– Анжелика менен соттошууга даярсызбы?
– Албетте, даярмын. "Чёрныйлар" аркылуу эмес, мыйзам алдында соттошконубуз туптуура болот.

– Анжеликанын "Кытайдагы кылыгы" деп эмнени айттыңыз эле?
"Айбек байке күйөөмө "Анжеликаны Айчүрөк эжеге жолотпо" деп айтыптыр" деп айтып жатат. Кечирип койгула, Анжелика Кытайга гастролго барганда Айбек менен 9 күн бир бөлмөдө жашашты. Мүмкүн, эч нерсе болбогондур. Бул абалды көргөндө чырылдап, үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн аракет кылгам. Алар мамилесин токтотпой коюшканда Айбекке Үмүт Кушубекова аттуу эже аркылуу жеткирейин деп "Айбекке айтыңыз, мунун үй-бүлөсү бар" деп чырылдагам. Бирок, тескерисинче, "Айчүрөк эже бизди ажыраштыргысы келет" деп айтып жатышат. Эми кандай айтпасын, эмне кылбасын, өзү билсин. Анжеликанын "чёрныйларынан" да, "белыйларынан" да корко турган жерим жок. Мен андай учурдан өткөм.

– Анжеликанын цирктеги жеңиши акча менен чечилгени чынбы?
– Чын. Анткени Адыл Салиевич тараптан министрликке чейин айтылган.

Ырчы айым эфирде көзүнүн жашын араң тыйып отурду.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg



Айчүрөк Иманалиева өзүнүн чындыгын айтты

Автор: Таттыбүбү Садырбекова, Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(134)
05.06.2017. 23:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
29-05-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 22:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир соз айтам тарынбаныз Айчурок эже Анжелика экобунуздордун уруш талашыныздап ХИТ болду ушу кетиш болсо бир кун бироонуздор Ит болосуздар абийринздер кетип.
06.06.2017. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика кыныр иш кырк жылда билинет деген ушул да....
06.06.2017. 00:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-05-2017
Соӊку аракети:
18-06-2017 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжеликадан иренжип калдым. Кыздарын карабай эле темселеп туситетип журот. Тарбия бербейби. Анан эле сонун апамвн антем минтем деп чыга калат мактанып. А урмат ХХХ ХХХ , бала багуучусу , таиак жасагычы уйун жыйнагычы ошол экен да. Озу болсо ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-06-06 08:57:38
06.06.2017. 10:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-4
romantic.girl, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
08.06.2017. 00:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 05:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
-5
romantic.girl,сен коруп билип чогу жашагандай суйлопсун да
06.06.2017. 00:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-05-2017
Соӊку аракети:
18-06-2017 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урмат окуп калсан айтор озундун досторун жокпу. Анжелтканын достору менен журосун. Арсен омар Куба сенин досторун болобу? Атасындай болуп алып ошолор менен жыргап коюп журо бересин! Ххх
Модератор admin_media түзөттү 2017-06-06 08:56:44
06.06.2017. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-08-2016
Соӊку аракети:
10-05-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айчурокко эч ишенбедим жасалма экен билинип турат жасалма кулкусу бесит
06.06.2017. 03:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
02-01-2017
Соӊку аракети:
16-06-2017 22:33
Жынысы:
Белгисиз
-2
Турк сериалын көргондой болдум......продолжениесин күтолубү или перерыв болуп 3-сезонго отобу
06.06.2017. 08:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-03-2011
Соӊку аракети:
03-11-2018 19:08
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчурок эже уй булонуз мн бактылуу болунуз!Ар бир кунунузду конулунуз тынч балдарыныздын жакшылыктарын коруп журунуз!Анжелика бир кун сиздин эмгегинизди тушунор.Сиз ага эне устат болдунуз эл тараза эл сынчы дейт.Мин жаман болсонузда энесиндей адамга кылган кылыктары акылга батпайт экен.Айчурок эже биздин саналуу гана таланттуу ырчыбыз!
06.06.2017. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-08-2010
Соӊку аракети:
01-11-2018 01:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+2
Калп айтсан -бузукусун
Чын айтсан-ушакчысын.
Бироо сага жамандык кылганын,сен бироого кылган жакшылыгынды жашыр дейт.
ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-06 11:45:52
06.06.2017. 11:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
ziya, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
06.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
19-05-2017
Соӊку аракети:
08-08-2018 01:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика мин жаман болгон кундо да ушу создорду айтуу А.И нин денгээли беле?Тескерисинче окуянын баары Анжелика А.Инин карамагында жургондо болуп аткан сон жашы жете элек кызды оз кызыкчылыгы учун колдонгону учун жооп берсин!Анжеликанын азыр ити чоп жеп атат.Бул чыр А.Инин аброюн эле тушурду (ыйман адеп маданиЯт жылына топ келди)
06.06.2017. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
15-11-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
A
0
Ырчылар оздору ыр жазбайле талаша беришет го, Кыргыздын канчалаган ырлары бар, талашпайле ошолорго обон жаздырып клип тарттырып ырдай бербейби... же менин ырым деп сразу "кыргызпатенттен" документтин жасатып койсо болмок.
06.06.2017. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-06-2017
Соӊку аракети:
17-12-2017 23:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орозонун кунундо урушпай,уйунордо эле каймак жеп жаткылада.
06.06.2017. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 19:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+1
Бириң кайың, бириң тал. Бириң өлүп, бириң кал.! Дегенден башка сөз жок. Экөөнүн ортосундагы сөздү өздөрү чечишип алса болмок, элдин башын айлантпай.
08.06.2017. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 05:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
muhsina,туптура айтасын,
06.06.2017. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
05-02-2018 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок эже мен чонойткомун дейт. Уядан эмнени корсо учканда ошону кылат. Демек экондо тен иш бар.
Медиа-портал
06.06.2017. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
01-01-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-8
Эмнеге Динара Акулова Гулмира менен урушпайт.Эмнеге Клара Алибекова менен урушпайт устаттары.А эмнеге ушул эле Айчурок Анжелика менен уруша берет.
Медиа-портал
07.06.2017. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
797
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 20:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aikala,анткени гульмира кларалар устаттарын сабаткан эмес да.
Медиа-портал
08.06.2017. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 05:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
-4
barakcha,Айчурок ошончолук жеткирди болуш керек
Медиа-портал
30.06.2017. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
10-11-2018 23:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikala,Гулшайыр Садыбакасова канчалаган кыздарды сахнага чыгарып жатат. Анда анын да уруша турган шакирттери коп экен э. Бул жерде Айчуроктун завистти кучтуулук кылып жатат.
Медиа-портал
17.07.2017. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
10-11-2018 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikala,анткени Динара Акулова акылдуу айым. Озунун ордун билет. Гульмира, Клара дагы Анжеликадай устатынан озо кетишкен жок
07.06.2017. 02:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
02-06-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 12:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди билбейм бирок эки ырчыдан ирээнжип калдым. Ушу экоону даже интернеттен эле эмес телевизордон коргум келген жок
07.06.2017. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 20:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ноокат
-2
Айчурок эжени мурда сыйлайт элем,азыр жаман коруп калдым тооба!
07.06.2017. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
06-06-2018 02:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
9кун бир болмодо жашашкан дейтго. Албетте Анжелика эжебизди жамандагым келбейт, бирок жолдошу-балдары бар аял башка эркек менен 9кун жашаганы албетте жаман нерсе.
07.06.2017. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
16-03-2018 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Красноярск
-1
Эки адамдын урушу, элге не кызыгы бар тушунбойм. Тарынычтары болсо, сотошуп чечишип алышсын. Бирин бири чукулашпай
07.06.2017. 23:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 01:02
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Айчуроко 100 процент ишенем.Ар бир адам озунун акыл ой жугуртуусуно жараша кабыл алат бирок баканы бассада бак деген ун чыгат да .
08.06.2017. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 05:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
-2
Айчуроктун бир тарыхта калган ыры деле жок . Айчуроктун да Анжеликнын да ырларын укпайм, бирок Анжеликаны колдойм ал азамат, Айчуроктун коро албастыгы корунуп калды
08.06.2017. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
-4
Анжеликанын куйоосу молодец экен ал да Айчуроктун созуно маани бербесе керек себеби Анжеликаны жаш алган ал жонундо баарын билет да Айчуроктун создору коро албастык экенине толук ишенет Анжеликаны озу эле колдоп алаканга салып алат молодец.
08.06.2017. 10:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
laboom, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз.
09.06.2017. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
31-10-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айчурок уят го эми майга жетпей сасык дегендей болуптурсун ! Кошонов Анарбек кимин болот
09.06.2017. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
13-04-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 01:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчуроктун кайсы ыры ьар дегендер анжеликанын армиясы го дейм. Жалан мектеп жашындагы оспурум кыздарды армиям деп журот го
09.06.2017. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
03-10-2017 01:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын чырына чейин анча мынча ушактар чыгып жургон далили жок болсо да чындыка жакын,эл ким тарапта белгилүү болуп калды окшойт
11.06.2017. 04:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-10-2013
Соӊку аракети:
04-08-2018 16:48
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимиси чын суйлогонун жалгыз Кудай билет, бирок Анжеликаны жаман журот же жаман жургон деп айтууга акыбыз жок анткени далилибиз жок... Жон эле бироонун куноосун которо бербегиле...
12.06.2017. 13:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8172
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 00:29
Жынысы:
Белгисиз
0
raia, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынган.
19.06.2017. 09:37 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-11-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
laboom, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегр жазылып жөнөтүлүшү керек.
Super TV
20.06.2017. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
06-03-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми чындыкты билдик. Айчурок эже туура кылдыныз чындыкты айтып. Коркпонуз. Ак ийилет сынбайт. Озунузду колго алыныз
30.06.2017. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
10-11-2018 23:41
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чымчыктын дагы уясын коруп бузгун келбейт го. Ошончонун баарын аты белгилуу адам Айчуроктун айтканы уят эле. Озунун деле Таалайы экинчи куйоосу. Жашы улуу, устат катары Анжеликанын жаштыгын айтуунун эмне кереги бар. ХХХ Айчурок. Баарын унутуп сый коруп журо берсен жакшы болмок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-30 12:39:07
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 615 колдонуучу (Катталган: 4, коноктор: 611) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

asal, ilgis1991, Isakov82, VIK

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: