Akbuura gazeta

№815 15-июнь -21-июнь, 2018-ж.


Гүлзат Мамытбек, блогер: “ЧОҢ ҮЙДҮ ЖОЛДОШУМА, БАЛДАРЫМА ТАШТАП, ӨЗҮМ КЕҢСЕДЕ ЖАШАП ЖАТАМ”

“Турагой, кыргызым, тур” деген урааны менен "Мен кыргыздын демимин" деген Гүлзат Мамытбек учурда кеңседе жашайт. Башкача айтканда, кеңсе+үй. Ал жолдошу экөө маңдай тери менен салган кабаттуу чоң үйүн балдарына, жолдошуна таштаганын айтып, маек куруп берди.


– Негизи мен ишкер адаммын, кеңседе жашап көнгөм. Турмушка чыга электе, 2000-жылдын ортосунда тил үйрөтүүчү курстарды биздин өлкөдөн сырткары Казактандын, Орусиянын бир нече шаарларында ачкам. Ишим илгерилеп, ата-энемди айылдан шаарга көчүрүп келип, машина, үйлөрдү алып, жакшы эле бутума тургам. Чет жакка чыкканда өзүмдүн кеңселеримде эле жашачумун. “Үйдөн чыгып жумушка барам” деп ойлонбойсуң, бардык шарты бар дегендей.

Курстарды ачып, итим чөп жеп жаткан учурда ата-энем “сен турмушка чыгышың керек, бизди неберелүү кылышың керек” деп мажбурлаган. Тууган-урук чогулуп алып “сен кыйын кыз экенсиң, кана эми бирөөнүн этегин кармап турмушка чык” дешти. Чынында артымдан чуркаган жигиттер толтура болчу. Бирок мен сүйүшүм керек дедим. Отуруп алып "кимди сүйдүм эле?" деп ойлондум. Биринчи махабатым айылда болгон. Анын да “турмушу болбой жатыптыр” деп угуп, телефон чалдым. Бүттү ошондон мамиле уланды. Анын ойлору, максаттары меникиндей эмес экенин көрүп, “жашай алабызбы-албайбызбы?” деп апам менен кеңештим. Апама айтсам, “турмушка чыгасың, Гүлзат” деп ой-боюма койгон жок. Ошентип үйлөндүк. Боюмда барына карабай Казакстан, Орусияда чуркап жүрүп, борборго кабаттуу чоң үй курдук. Күйөөм үйдү балдарына арнап, “балдарым жашасын” деп жакшы көрүп салды. Мени “үйдө отур, бала тарбияла” дей бергендиктен ачкан кеңселеримдин баарын жаптым. Жолдошум өтө жакшы адам, сыйлайм. Бирок максаттарыбыз, оюбуз эки башка экен. Ошентип 2016-жылы ажырашып кеттик. Балдарыма арналып салынган үйдү жолдошумдан талашкым келген жок. 2 балам атасы менен калды, мен 6 айлык кызымды көтөрүп алып тааныш эжемдикине бардым. Ата-энем мени жолотпосун, ажырашканыма каршы болушарын билем. Ойлонсом өзүмдүн кеңсем бар экен. Ошол жерде жашап, 6 айлык баламды чакага киринтип, башымды раковинага жууп алчумун. Өзүмдү ошондо эркин куш сездим. “Максаттарыма жетем, мени азыр ата-энем да, жолдошум да токтотпойт, эч ким урушпайт” деп ойлондум. “Ушуну бекер кылдың, туура эмес кылыпсың” деп айта турган тууган-урук менен катташпай койдум. Мени түшүнгөн, “давай, максаттарыңа жет” деген адамдар менен гана катыштым. Кариб деңизинде кемеде лидерлик жана компетенттүүлүк жөнүндө бекер окуу чыгып калды. Карыздап жол кире таптым да, кетип калдым. Мен ошол окуудан кийин канатымды кең жайып, бийикке сапар алдым. Азыр 3 балам атасы менен. Мен кеңседе жашайм. Мага ыңгайлуу, ушул жерде иштейм, уктайм. Балдарым ишемби, жекшемби күндөрү келип турушат.
Айрым аялзаты “күйөөм менен ажырашсам каякка барам, кайда жашайм, кантип күн көрөм?” деп уруп, токмоктоп жатса деле чыдап жашай берет. Менин оюмча, сенин баркыңа, кадырыңа жетпеген, баалабаган, ур-токмокко алган адам менен жашоо туура эмес. Кайда барба күн өтө берет, алдыга бийик максаттарды коюп, кыялданып жашоо керек.

КИРЕ БЕРИШ
“АЗЫР ТАМАК ЖАСАГАНГА УБАКЫТ ЖОК”

– Мурда тамактын түрүн жасачумун. Чынын айтайын, азыр тамак жасаганга убактым жок. Жардамчыларым жасаган тамакты жегенге араң убакыт табам.

“КҮНҮНӨ 4-5 СААТ ГАНА УКТАЙМ”

– Бул бөлмө күндүзү иш, түнкүсүн уктоочу бөлмө. Иштин көптүгүнөн ашып кетсе 4-5 саат уктайм. Диванга кадимкидей төшөк салып туруп жатып алам. Кийимдерим ушул бөлмөдөгү шкафта. Иш столума отуруп иштейм, боёном, кыскасы, көп жумуш бүтүрөм. Бир жакка барарда кыздар ушинтип чачымды жасап беришет, мен иштегенимди токтотпойм.

“КОНФЕРЕНЦИЯ УШУЛ ЖЕРДЕ ӨТӨТ”

– Мен азыр бир нече долбоор менен иштеп жатам. Долбоорлордун үстүнөн иштөөдө, конференцияга мына ушул бөлмөгө чогулабыз.

“КОНФЕРЕНЦИЯ УШУЛ ЖЕРДЕ ӨТӨТ”

– Алдыда чоң долбоор баштаганы турам. Азыр ошонун алкагында эки күндүн биринде чет өлкөгө учуп жатам. 5 мүнөттүк чогулуштар, чоң чогулуштар ушул жерде өтүп, доскага жазуу аркылуу түшүндүрүүлөр жүргүзүлөт.


Cүйүн Кулматова
star@super.kg


Өзүн “кыргыздын деми” деп атаган Гүлзат Мамытбек кандай үйдө жашайт?

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(72)
Super TV
19.06.2018. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
08-07-2014
Соӊку аракети:
24-10-2018 09:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир гана соз АЗАМАТСЫЗ!
Super TV
19.06.2018. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
09-10-2018 02:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Ииий мынча сонун шайыр шатман кыз. Инстадан коруп жаман корчумун, мынча жалжандайт деп. Башкаларга да мотивация бере турган кыз экен. Дуйно жузуно таанылта турган проектине ийгилик. Максатына жет!
19.06.2018. 19:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-06-2018
Соӊку аракети:
29-08-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бүгүн сайрай берет эртең жашы өтсө каерге барып сайрашын ойлобойбу ийнеликтей болбой азыртан ойлонсо жакшы болмок.
19.06.2018. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул кызга болгон оюм өзгөрдү,балдарын эле таштап койгону болбосо жакшы адам экен.Билимдүү,энергичная,позитивная шуулдаган сонун кыз экен мага ушунун энергиясынан 10%болсо эле болду эле.
19.06.2018. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту
+10
Мен Тан калганым, куйоо уч балалуу болгон сон уйду калтырып кетсе болмок. Бирге салган болсо, кыз жардам бериптир. Кыргыздардын эркектери ушунчалык пас Адам болотта. Болобуз легенде жок дедим деди. Март кыз экенсиз. Негизи туура эле балдарын кватираларга ташып кыйналбасын деп ойлогон. Кыргыз эркектери ушундай, каласа бир трусы менен дагы чыгарып коеберет. Алиментен качышат. Кече эле уктум, бир кыздын уч баласы менен кайынжурту кууп чалыптыр. Аз келгенсип, чачын жулуп, уруптур.
19.06.2018. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
10-11-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ichiner kuibosun ancha myncha erkekterge karafanda 2 emes 15 ese kyiyn. ERKEK EKEN. Baaryn kaira noldon bashtap butuna turup ketti ui talashkan jok baldardy kantip baksan shontip bak degen jok apasynyn pendiasyna tiishken jok uuruluk kylgan jok tonogon jok erkekterden da kyiyn eken da.
19.06.2018. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
05-11-2018 12:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Абдан аракетчил, билимдуу аял заты экен, демек бир убакта озу негиздеген хай тайм тил уйротуу курсун синдисине откоруп берип ал тил академиясы деп озгортуп алыптыр да, азамат экен, ушундай ийгиликтерди жараткан, сындап аткандар колунардан эч нерсе келбейт отуруп алып сындаганга эле кыйынсынар.
20.06.2018. 01:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
28-11-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарды кантип таштады кызыктай эле аял экен ..жашы канчада?
20.06.2018. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 09:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul English bilse ele bilimduu bolup kalaby??ene mn balany ajyratkandan kudai saktasyn,bul ayalga jin kirip ketken okshoit,instagram ga arnagan meerimindi baldaryna arnachy,
Super TV
20.06.2018. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-09-2013
Соӊку аракети:
15-06-2017 01:19
Жынысы:
Белгисиз
-1
президенттике талапкер кыз тилди билет
20.06.2018. 12:38 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7573
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+1
azatbek19995, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
20.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акчаны табат экен садиктер бар, нянька алсын, уйуно жардамчы алсын, уйдо иштесин жолдору коп. Балдарын таштап кеттим деп мактанганычы дагы. Кукушка
23.06.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Same,ошол акчаны жакшы коргон учун иштеген жеринде жашап жататда.
20.06.2018. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ыржаландаганын корсом тепкилеп жибергим келет ушу катынды.Слишком коп суйлойт бул термезек!
20.06.2018. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
04-06-2016
Соӊку аракети:
08-09-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектер комент жазбайле койгулачы эркек болсонор бул аял башы менен ушунча ийгилике жетишти Азамат экен ичинер куйсо туз жалагыла
20.06.2018. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
молодец ошентип эрден жок балдарынды бир эки жолу коруп журообер сен ушинтипатсан келечектегилер кандай болот аял куйоосуно баш ийуусу милдеттту. бирок баардык тапкан тутканын адал болуп сообу болсун да сен акыреттти ойлошун керек
20.06.2018. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту
+1
Fanatic,балдарын алып квартиралап журсо жакшы экен да аа?
20.06.2018. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
19-11-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдарынын тарбиясын ойлобой эле озунун эркиндигин ойлоп ХХХХ ХХХХ Окуу борборлорун иштетип,булоосу менен бирге жашап,балдарын тарбияласа болмок экен,эркин кушмун деп корунгон жерде темселебей.
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-20 17:37:41
20.06.2018. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
13-10-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бир кылган кылык жоругун коруп бул аялдын акыл ээси ордунда экенине чоон кумонум бар
21.06.2018. 06:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:31
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулзат айым, аялзатынын эн биринчи милдети эне болуу, үй бүлөнүн куту болуу,балдарга татыктуу тарбия берүү. Алгач, өз балдарына дем бер, тарбия бер.Жашоо жакындарын сүйүү, аларды кубанычтуу, бактылуу кылуу.Кечинде балдарынды өөп уктатуу, аларды карап ырахат алуу, эрте менен жылмайып мандайынан сылап ойготуп, өмүрлүк жолдошун менен максаттарындын бир болушу, чогуу бир дасторкондо чай ичүү "үй бүлөлүк чон долбоорду" талкуулоо- бакыт эмеспи. Сиз бирок бул бакытты түшүнө албайсыз го
Super TV
21.06.2018. 07:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-03-2017
Соӊку аракети:
11-11-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсо болбосо он беш экенда)) тамашасы жок айтканда сонун кыз, Соетология сектасынын мучосу экенин эске албаганда.
21.06.2018. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
+1
Бала деп жашайбыз баарыбыз Мен бул кызга каршымын үч балаң бар экен ошолорго жакшы тарбия берип эле жүрө бербейсиңби Балага зар болгондор бар
21.06.2018. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
0
Балага эненин мээрими сөзсүз керек Баланы энелери карабай ошол үчүн балдар да таш боор болуп баратат
22.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
09-08-2018 15:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орто Азиядагы Байыркы шаар
0
Балдарымсыз мен жашай албасам керек. Балдарым мен учун бардыгы. Жарашып калышса жакшы болмок.
22.06.2018. 23:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+3
Тур турагой Гулзат, энелик мээрим болсо балдарынды алагой,колоком менин берекем деп эркелетегой.
23.06.2018. 03:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
455
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой видеосун коро баштаганда эле тантып дооруп баштады эле кайра окуп чыктым окуп чыксанар админ скромный кыска нуска кылып жазып коюптур. Бул го илимдуу неме бирок уйбулодон бакыт башка не бар. Аюдай бсо да эрим бар,Ункурдой бсо да уйум бар деп ошо 3 бала мн жашай бербептир
23.06.2018. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+2
Озунду энемин деп элестетпе, сен эч кимсин балдарын учун. Аларга сенин мээримин керек, сен акча тапканча балдарын сени куса болуп турган мезгили болот. Мээримин жок экен балдарына, мээримин болгондо балдарын жанынан тепседа кетпейт элен. Мен жумуштан келгенче кызымды сагынып кетем.
24.06.2018. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 11:59
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоон менен эле тынч жашай беибецсинби ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-25 09:27:55
25.06.2018. 03:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
25-06-2018 04:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Мышык майга жетпей сасык дептир", Мен Гулзат Мамытбектин билимин бааладым, улгу алсак болчудай.Сеантолог деп айтышат, "мудурулбос туяк болбойт", Аллах нысап берсин!
Токтобонуз, Кыргыздын деми!
25.06.2018. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
02-12-2011
Соӊку аракети:
19-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынчалык ичинер тар Гулзат силерге не уйку бербей жатабы анда туз жалагыла
26.06.2018. 08:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
27-06-2018 09:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
Super TV
26.06.2018. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
09-10-2018 15:02
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарга болгон максаттары чон экен, ИЙГИЛИК каалайм,видеосун корунуздор,ошондо ойгоносуздар:-)
Super TV
28.07.2018. 14:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Чындап дем которот го...
Бул кыздын деми кучтуу экен...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 938 колдонуучу (Катталган: 1, коноктор: 937) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: