Akbuura gazeta

ТАЛАНТ КАДЫРОВ, ЫРЧЫ: «АЙЯ ЭКӨӨБҮЗ 2-ДУЭТТИ ЖАЗДЫРАРДА КЕЛИНЧЕГИМ КАРШЫ ЧЫКТЫ»

№822 3 - 9-август, 2018-ж.


Ырчылар Талант Кадыров менен Айя Садырова азырынча 2 дуэт жаздырышты. Борбор калаадагы коомдук унааларга түшкөндө барчу жериңизге жеткиче бул 2 ырчынын дуэтин сөзсүз угасыз. Теле, радиолордо деле ушундай көрүнүш. “Сен менин түшүмсүң”, “Келчи, гүлүм” деген ырларды мыкты аткарган чыгармачылык тандем кандайча түзүлдү? Эки ырчыны эмне бириктирип турат? Бул экөө бизде конокто.

– Кандайсыңар, Айя, Талант? Алгачкы суроом дуэт тууралуу болсун. Кандайча, кимдин идеясы менен чогуу ырдап калдыңар?

Талант: – Жакшы, рахмат. Бул суроого мен жооп берейин. Оюмда жакшы дуэт жаздыргым келип жүргөн. Ким менен ырдасам деп отуруп, бир нече ырчы кыздын ичинен Айгүл Чаловага токтолдум. Аны менен жакшы баарлашчу элем. Бирок ал кезде Айгүл кош бойлуу болчу. Анан бир концертте Айяга жолугуп калып, сунушумду айттым. Айя макул болду.

– Силер аткарган 2 ыр тең элге алынып кетти. Ырлар кимдин демилгеси менен тандалган?

Айя: – Биринчи дуэтибизди Талант сунуштаган. Андан кийин дагы чогуу ырдасакпы, ырдабасакпы деп көпкө ойлондум. Анткени экөөбүз тууралуу ушактар байма-бай айтыла баштады. “Үй-бүлөлүү адамдын турмушун бузуп жатат” деп мага асылгандар да болду. Ошентип биринчи дуэттен кийин өз-өзүнчө эле ырдамай болдук. Мен “Келчи, гүлүм” деген ырды тандап алып, аранжировка жасата баштадым. Апам ырды угуп көрүп, “Бул ыр дуэт болсо сонун жарашмак, Талант экөөңөрдүн үнүңөргө төп келчү ыр экен. Бир дуэт менен токтоп калган туура эмес. Силер дагы ырдашыңар керек” деп калды. Ал учурда Талант да мени менен ырдагысы келбей, элдин ушагынан тайсалдап жаткан. Анан “апа, бул ырды Талант экөөбүздү ырдасын десеңиз, сиз дагы айтып көрүңүзчү” дедим. Апам айтканда Талант да көңүлдөндү. Ошентип 2-дуэтибиз жаралды. Ыр экөөбүзгө тең жакты, азыр ал ырлардын күйөрмандары көп.

Т.: – Мен да кошумчалай кетейин. Айя жалгыз ырдайм деп жүргөндө “Келчи, гүлүм”, “Табигат жана музыка” деген 2 ырды мен сунуштагам. Аранжировка жасалып жатканда чогуу ырдоо сунушу түштү.

– Талант, сенин апаң да чыгармачыл адам, ал ырларыңарга кандай сын-пикирин айтты?

Т.: – Менин үй-бүлөм, анын ичинде апам мага ишенет. Менин ар бир аракетимди баалайт. Келинчегим менен сүйлөшүп жүргөндө да колдочу. Ырдабай калганымда “сен атанын баласысың, ырдашың керек. Чыгармачылык менен иште” деп ыйлаган да күндөрү болгон (ред.: Талант белгилүү обончу, аткаруучу Алтымыш Кадыровдун уулу). Клиптерди элден биринчи апама көрсөттүм. Көрүп жатып өксүп ыйлап жиберди. Айя экөөбүздүн тандемди да жакшы кабыл алды.

– Айя, дуэттер чыккыча чыгармачылыктан алыстап, турмушуңдагы бурулуштан чыга албай жүргөндөй сезилдиң.

А.: – Чынында депрессиядан эчак эле чыккам. Бирок чыгармачылыкка баш отум менен киришип кеткен жокмун. Жөн гана эне катары баламды тарбиялап үйдө отурдум. Өзүмдү сахнадан көрөм деп жулунбайм. Бирок ырдаганды жактырам. Мен ырчы эмес, сүйүктүү жар, мыкты кожойке, бактылуу эне болгум келет.

– Талант, “биз элдин сынына даяр болчубуз” дедиң. Ошондой сындарды келинчегиң кандай кабыл алды?

Т.: – Биринчи дуэтти укканда ал да жактырды, клипке да тартылды. Экинчи дуэтке каршы болду, бирок акырында чечиштик. Элдин сөзүнөн, бир туугандарынан, курбуларынан уялып намыстанды окшойт. Бирок мага ал жөнүндө айткан жок. Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндө, “мага карата ар кандай сөз айтылышы мүмкүн. Ошонун баарына чыдасаң анан үй-бүлө болобуз” дегем. Индия жылдызы болсом да эмне болуптур. Мисалы, Шахрух Ханды алсак, ал ар бир киносунда укмуш сүйүү баянын ойнойт. Аялынын ага чыдаганын карабайсызбы. Менин аялым деле аныкынан кем калышпайт деп мактай кетейинчи.

– “Сен менин түшүмсүң” деген ырдын клибине карата күйөрмандардан “тарбиялык мааниси бар сюжет тартышпайбы” деген сындар айтылды. Сюжети турмуштан алынганбы?

А.: – Сюжеттин авторлору Талант менен клипмейкер Нурсултан Кубатов.

Т.: – Текстке байкоо салсак, түш, анан сүйүү жөнүндө баяндалат. Бул жерде үй-бүлө да бар. Биз бирөөнүн үй-бүлөсүн бузалы деген жокпуз. Болгону сүйүүсүнө жетпей калгандар, түшүндө жолукканын бердик. Бул бир гана адамдын эмес, бир нече адамдын башынан өтүшү мүмкүн. Сюжеттен эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун.

– Чогуу иштешип, бири-бириңердин мүнөзүңөрдү билип калдыңар да. Айя жалгыз иштөөдө жалкоомун дейт. Чын эле жалкоо бекен?

Т.: – Мен Айяны жалкоо деп айтпайм. Балким, бир аз эрке, чыдамы жок. 1-клипти тартуу учурунда эртең менен эрте туруп, тоого чыгып кеттик. Жөө тоого чыгып бара жатсак, Айя үшүгөнүнөн “ушул жерден эле тарта береличи” дей баштады. Тарталы десек, дрондун кубаты түгөнүп калыптыр, аны күттүк. Бирок Айя ишти орто жолдон таштап салган жок, аягына чейин турду. Эң мыкты сапаты – өтө так жана жоопкерчиликтүү.

А.: – Талант өжөр, эмне пландаса ошонун аягына чыгат экен. Тоодон клип тарткан күнү балдарыбыздын үшүгөнүнө карабай “Ала-Тоо” аянтынан түнкү саат үчтө да съёмка кылдык. Анан да өтө эмгекчил, аракетчил адам. Алдыда көп ийгиликтерге жетет деп ишенем.

– Жакшы. Айя, уулуң тууралуу айтып берсең, кийин ырчы болом десе сен тараптан колдоо болобу?

А.: – Уулум сентябрда 3-класстын босогосун аттайт. Ал менин коргоочум, баатырым, жашоомдун маңызы. Уулумдун барына сүйүнөм. Азыр чоң кишидей болуп, мага кеңешин берип калды. Кайсы көйнөк мага жарашат же жарашпайт, кайсы жигит менен сүйлөшөм, ким менен сүйлөшпөйм, кадимкидей оюн айтат. Уулумдун ырчы болушуна таптакыр каршымын. Эгер ырдайм деп көгөрүп туруп алса анда айла жок. Эгер клипмейкер, режиссёр болом десе каршы эмесмин. Бирок мен анын олуттуу кесипти тандаарына ишенем.

– Атасы менен катташып турабы?

А.: – Атасы менен сүйлөшүп турат, бирок аз көрүшөт. Анткени ал киши чет өлкөдө. Мен ата-баланын сүйлөшүүсүнө эч качан жолтоо болбойм. Ар бир балага ата керек.

– Жаңы турмуш курууга даярсыңбы?

А.: – Албетте, даярмын. Артта калган күндөрүмдү карап жөн гана жылмайып коём.

– Алдыда кандай пландарыңар бар?

Т.: – Күзүндө тушоо кесүү концертимди берүүгө акырындык менен даярдана баштадым. Андан сырткары “дагы дуэт аткаргыла” деген сунуштар болуп жатат, ойлонуп жатабыз. Сонун идеялар бар, азырынча жарыялабай туралы.

– Рахмат маегиңерге. Чыгармачылык ийгилик каалайм.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Талант Кадыров: "Айя экөөбүз аткарган дуэттен кийин "экөө соо эмес" деп сындагандар болду"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
07.08.2018. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:46
Жынысы:
Белгисиз
-10
Келчи гулумду уну бийик кыз менен ырдаса сонун болмок.Начар чыккан.
07.08.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+27
Биринчи ырдап чыкканда эле жаккан мага бул дует. Ундору топ келишкен. Эми абайлагыла "элдин оозунда элек жок".
07.08.2018. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
-12
Аянын уну жаккан жок. Уну тунук анан бийик кыз менен ырдаса болмок. Ая кыргызча ырдап жатканда создорун тушунбогон мен элеби же башкалар да барбы? Чын тушунбойм, акцент менен ырдаганы аз келгенсип, ото ичке ун.
07.08.2018. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
465
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-2
Fortuna1987, Мурду менен ырдагансый берет
07.08.2018. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fortuna1987,ооба,кыргызчаны акцент менен ырдаганы жакпайт,уну да тунук эмес,бирок "сен менин тушумсун" жакшы чыккан,угуп турам.
08.08.2018. 02:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
30-07-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
Fortuna1987,сизди күтүп жатсак бул жакта жүрөсүз го кызык жерине келип токтоп калды улантсаныз жакшы болмок
07.08.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:45
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айа кыргызча сүйлөй албайт ырларды жаттап ырдайт маектеринин баарында орусча жооп берет ко
07.08.2018. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
18-07-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келчи гулум деген ыры абдан жагат
07.08.2018. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+17
Талант Кадыровдун чындап эле таланты бийик жогору, клиптерин ото кылдаттык менен карашабы билбейм баары сапаттуу мазмунду кыскасы озгочо бардык клиптери, Айя уну назик болгону менен бул дуетте бири бирине ундору жарашыптыр жакты мага
07.08.2018. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+17
Эки ыр тен сонун чыккан. Сапатсыз ыр эч качан эл оозуна алынбайт. Алтындан кийим кийип, Голливудда миллион долларга клип тарттырса да. Ал эми начар дегендер оздору ошондой, жана музыканы тушунбогондор.
07.08.2018. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:11
Жынысы:
Белгисиз
+14
Дует жакшы чыккан! Чыгармачыл адамга тийип жатканда ойлонуш керек кыздарыбыз. Бек байке Асел менен Сыймык Нуриза менен канча дуеттерди элге тартуулашты. П.с жургон эркек дуети жок эле кетет башкага ою бузулса
08.08.2018. 00:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-09-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аракет Кыла бер атанын уулу, талбай эмгектен... Бектин ырларын мыкты денгээлде ырдап жатат бул ырчы. Азамат, ийгилик!!!
08.08.2018. 01:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-03-2018
Соӊку аракети:
03-09-2018 19:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсынар. экоо тен мыкты ырчылар.
08.08.2018. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
05-12-2017
Соӊку аракети:
08-08-2018 16:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ырдашкан силерге ийгилик мага жакты
08.08.2018. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун
08.08.2018. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
08-05-2016
Соӊку аракети:
30-08-2018 22:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыккан эки ыр тен!
08.08.2018. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Келичи гулум деген ыры негизи Асель Турдалиева мн Алихан жакшы аткарган..Булардыкы жаккан жок...
08.08.2018. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
20-04-2013
Соӊку аракети:
08-08-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айа эже сонун ырдагансынар. Мен сизди сыйлайм. Коро албагандар суйлой берет конул бурбай эле коюнуз.Ырлардын коркун сиз ачкансыз.
08.08.2018. 17:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
23-10-2017
Соӊку аракети:
05-09-2018 06:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ПИШПЕК
+1
Дует ырдасале кызганса талантту жолдошунун жолун тозгонго барабарго.
Далай жаш кыздар мн ырдаган Бек Борбиевтин жубайына ДАНК медалын тагыш керекко.
09.08.2018. 07:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
0
DAKS,эң туура
08.08.2018. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
01-11-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуэтинер жакшы чыгып жатат. Так держать!
09.08.2018. 03:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
Сонун чыгыптыр эко тен азамат алга
09.08.2018. 03:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
Бек дин келичеги азамат кызганганда жок чыгармачылгына бут тоскон жок , Талантын келинчеги колдосо айабай чыгармачылыгы осо турган бала экен, Айанын ырларын укчу эмесин дуэтен кийин сыйламак тургай ырларын издеп угуп калдым.азаматсынар онорунор осо берсин
Super TV
09.08.2018. 07:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар дагы ийгиликтерди багындыра бергиле.
10.08.2018. 02:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келчи гулумун уктум бугун,жаккан жок,Ая озу татынакай,жакшы ырчы,бирок орусча ырларын эле ырдап жургону жакшы го дейм,кыргызчага уну да келбейт экен,акценти да бар,а Талант Кадыровдо соз жок,абдан таланттуу,Талант башка эле ырчы менен дуэт ырдаганы жакшы го,Тушумсун деген ыры жакшы чыккан(Аянын акцентин эске албаганда) Келчи гулуму такыр жаккан жок,Бек Борбиевдин аткаруусунда эсинердеби ошол ыр,журогу менен берилип ырдаганыАсель Турдалиеваныкы(эски варианты)да сонун болчу,булардыкы монотонно..
11.08.2018. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
259
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 07:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
+2
Ошо Айгуль Чалова менен эле ырдачы
11.08.2018. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Айя, бактылуу бол, эми жакшы тушунуктуу мырзага турмушка чыгып, бактылуу жаша,торо балдарды кобойт, экооно тен ийгилик!!!!!
17.08.2018. 21:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолуу адамдардан алыс эле бол. Кызганыч уруш талаш чыгат.
Super TV
07.09.2018. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
28-06-2017
Соӊку аракети:
08-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянын уну бузуп койгон калчылдап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1075 колдонуучу (Катталган: 8, коноктор: 1067) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Edelveis929317, dinar-87, Aijamal0405, sapar40, Lui, AshatMJ89, Tentek1

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: