Akbuura gazeta

АЛМАЗ ШААДАЕВ: “КӨТӨРҮЛГӨН САЙЫН ЖАМАН КӨРСӨТКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР КӨБӨЙӨТ ЭКЕН”

№825 24-30-август, 2018-ж


– Алмаз, кандайсың? Көлдөн келгениңе аз эле болуптур. Эс алдыңбы же гастролдодуңбу?

– Жакшы, өзүңөр жакшысыңарбы? Быйылкы жай гастроль менен өттү. Бир жарым ай Ысык-Көл облусунун айылдарында гастролдоп Бишкектин ысыгын билбей деле калдым. Сууга түшүп эс алып, аны менен кошо ырларымды элге сунуп кайттым.

– “Эми мага баары бир” аттуу ырыңдын клиби интернетте эң көп каралууда. Клип тартып жатканда ушундай болот деп ойлодуң беле?

– Бул ыр “Фаридамдан” кийинки ийгиликтүү ырлардын бири болду. Сөзү, обонун жазган Гүлжигит Сатыбеков байке аккордеон менен ырдап жүргөнүнөн аранжировкачы Эдил Маматов экөөбүзгө “ушул ырды аранжировка менен ырдаса кандай болор экен?” деген ой келип, Гүлжигит байкеге телефон чалып сурасам уруксат берди. Эң башкысы ушундай ырды жаратып койгонуна Гүлжигит байкеге рахмат. Андан кийин Эрнист Сыдыков досум, менеджерим Индира эже болуп биргеликте клиптин идеясын ойлоп таап тарттык. Эрнист ошондо “бул клип аябай көп көрүүчү топтошу мүмкүн же такыр топтобойт” деген. Ал айткандай эле болду. Кыргыз шоу-бизнесинде интернетте эң көп көрүлгөн клип болуп рекорд койду. Клиптин чыкканына 5 ай болду, бул аралыкта аталган клип 8 миллион жолу көрүлдү. Элге жакты, себеби бул клипте карапайым элдин көйгөйү бар. Жараткан бул жашоодо ар бир адамга ар кандай сыноолорду берет, ошол сыноого кабылган адамдар клипти көрсө керек деп ойлойм.

– Клип тартуу учурунда кырсыкка кабылып калганыңды айттың эле.

– Негизи эле ар бир ырдагы, клиптеги окуялар жашооңдо да кайталанып калат деген сөздөрдү укчумун. Аталган клипти трагедия кылып тартканбыз. Сюжет боюнча машинаны жол кырсыгына кабылтып, “Тез жардам” унаасын, МАИ кызматкерлерин чакыртып тарткан элек. Клиптин акыркы эпизодун тартып, Эрнистти үйүнө жеткирип баратканда биз да жол кырсыгына кабылдык. Тагыраагы, менин унаамдын артынан башка унаа келип сүзүп, клиптегидей МАИ, “Тез жардам” кызматкерлери келип, чыныгы жашоомдо да ошондой кырдаал жаралды. Андан тышкары клипке тартылган кичинекей бала да клиптен кийин бутун сындырып кырсыктап калыптыр.

– Бул ыр боюнча “Гүлжигиттин ырын бузуп салды” дегендер да бар...

– Андай сын-пикирлер айтылып турушу керек. Интернетте клиптин алдына 4 миң комментарий жазылып, жакты белгисин баскандардын саны 30 миңден ашуун. Мен баарын окуган жокмун, бирок комментарийлердин 500ү жаман десе, калган 3500ү жакшы деп мактап жазса ошолорду угам. Хейтерлер жашоодо жашай берет. Жактыргандар угуп жатат, жактырбагандарга, балким, бузуп салгандырмын. Бирок 8 миллион каралуу менен ыр көпчүлүккө жакканы далилденип турат.

– Хейтерлердин оюна караганда мактагандардын пикири маанилүү деп калбадыңбы. Мактоодон эргүү аласыңбы? Балким, сын-пикирлердин деле туура айтылгандарын кабыл алат чыгарсың.

– Негизи сын-пикирлерге сынбайм, хейтерлердин айтканын укпайм деле. Мени мактап, жакшы пикирлерин айткандардын оюн угуп ырахат алып, дагы иштегим келет. Сындап жазгандар мага менин айланамдагы эле көрө албаган адамдар жазып жаткандай сезиле берет.

– Чубак ажыны туураганыңар интернетте кызуу талкууланды. Ал киши же анын тарапташтары телефон чалган жокпу?

– Жок, эч ким деле чалган жок. Бирок комментарийге бизге ачууланып жазып жатышты. Аны туура кабыл алдым. Чынында бул күтүлбөгөн нерсе болуп кетти. Аалым тууралуу жаман айтып жатышса менин деле ачуум келмек. Аны биз жамандаган жокпуз, пародия катары эле тартып койгон элек. Чубак ажы тууралуу менин да оюм жакшы, сыйлайм. Сыналгыдан анын кеңештерин угам. Инстаграмда Чубак ажынын атын жамынган фейк аккаунт бизди жамандап чыгарды, бирок ага көп киши нааразычылык билдирип, баракчасы жабылып калды окшойт.

– Алпаруучу Айгүл Курманова “Алмаз мага карыз” деп чыкты эле. Карызыңдан кутулдуңбу?

– Ал эжени, чынын айтсам, тааныбайм. Аны менен “концертимди алып барыңыз” деп сүйлөшкөн эмесмин, менеджерим Индира эже сүйлөшкөн. Алгачкы концертим эле. Эже келип орусча алып барганда “кыргызча алып барса болмок” деп бир өкүнгөм. Бирок концерт соңунда ыраазычылык катары 100 доллар бергем. 10 миң сомго сүйлөшүлгөнүн деле билген эмесмин, кутулдум деп ойлоп жүргөм. Былтыр концертимдин алдында “3 миң сом карыз” деп жазып чыкты. Элге жарыя кылбай, өзүмө бир ооз чалып сураса болмок. Эгер мен ошондо бербейм десем жазса туура болот эле. 2 жыл өтүп кеткенден кийин элге жаман көрсөтүү максатында жазып чыкканын туура эмес ойлодум.

– Айланаңдагы эле адамдар көрө албаган учурлар сага байкалабы?

– Албетте, бул нерсе акыркы учурда аябай көбөйдү. Канчалык көтөрүлгөн сайын артыңдан жаман көрсөткүсү келгендер, сени психикалык жактан сындыргысы келгендер аябай көбөйөт экен. Андай нерсе жакында эле болуп өттү. Бир журналист кыз эфирине бара албай калсам мени жамандап, бир тараптуу материал даярдап чыкты, бирок максаты ишке ашкан жок. Мен мындан ары иштей берем. Көрө албагандар болуп турат. Мурда да Москва шаарындагы тойлордун биринен туңгуч президентибиз Аскар Акаев менен жолукканымды көрө алышпай, мени жамандагандар, талкуулагандар көп болгон. Бирөөгө ор казсаң, ошого өзүң түшүп калууну да ойлоно жүрүш керек.

– “Алмаз жылдыз болуп кетти” дегендер барбы?

– Албетте, андайлар болот. Эгер сен ырдабай жүрсөң, бирөө сага телефон чалса албай койсоң, эч ким эч нерсе дебейт. Анан сен ырдап, атың чыгып калгандан кийин сага бир таанышың чалса албай койсоң, “жылдыз болуп кетиптир” дейт. Бирок мен жылдыз болуп кеткен жокмун. Башында кандай болсом, ошондой эле бир калыпта жүрөм. “Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы” деп коёт. Жөнөкөй эле баламын.

– Көп адамдар менен өз таламыңды талашып, уруша кеткениңди байкайм. Мүнөзүң чорт, ачууң чукул окшойт.

– Негизи менин мүнөзүм бир аз чорт. Ачуум бат келет, бетке айтам. Бирөө мен жөнүндө жаман айтып жатса ошол жерден дароо жарылам. “Кой, мен ырчымын, жаман көрүнүп калбайын” деген ой болбойт. Эгер бирөө намысыма шек келтирип жатса “мен ырчымын, жакшы сүйлөп коёюн” деген позиция менен жашабайм, керек болсо "ырдабай эле койдум, ошонун түбүнө жетип коёюн" дейм.

– Ырчылар көбүнчө “элдин көзүнчө уят” деп өзүнө чектөө коюшат. Сенчи?

– Мени жакшы билген досторум “Алмаз комплекси жок, орустардай” деп калышат. Ырдайм, ошол эле учурда бардык жерде эркин жүрөм. Жасалма болуп жүрө албайм. Сахнада да, жашоодо да окшошмун.

– “Шоу-бизнесте достук жок, болгону кызыкчылыктар бар” дешет...

– Шоу-бизнесте, балким, бир адам менен сырдашып, дос болушуң мүмкүн. Данияр Эрматов менен чыгармачылык тууралуу көп сырдашам. Калган шоу-бизнестеги достор бири-бирине жөлөк-таяк болушу мүмкүн. Чыгармачылыктагы шеринелеш досторумдун ар бири менен жакшымын, чыгарган ырларын, клиптерин сыйлайм, урматтайм. Алар клип тарттырып, ырдаса, “мен да иштешим керек” деп жакшы жагынан атаандашам. Шоу-бизнесте достук бар.

– Бири-бириңерден идея кызганасыңарбы?

– Андай деле болбойт. Баарыбызда идея ашып-ташып турат, чынында. Эгерде бири-бириңе жаман көз караш менен карасаң өспөйсүң. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнүп турсаң, сага да ийгилик жылмаят.

– Сахналаш досторуң четинен бойдокчулук менен коштошо баштады. Сен качан коштошосуң?

– Кээде эртерээк үйлөнүп алсамбы деп ойлойм. Кээде дагы 1-2 жыл чыгармачылык менен иштеп, анан үйлөнөйүн деген ой келет. Жакшы кыз алдымдан чыкса үйлөнө бермекмин, бирок чыкпай жатат.

– Маегиңе рахмат. Тилегиңе жет!

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Алмаз Шаадаев: “Бирөө менин намысыма шек келтирсе ырдабай деле коём!”

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Мухамадзиямидин Турдубек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
28.08.2018. 10:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-08-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми мага баарибир ырынан да клипи жакшы чыккан да,ого-го да алынып кетти окшойт...
28.08.2018. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1206
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул баладан интервью алган сайын асманга уча берет турбайбы.
28.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик, клибино коп жолу кайталап кордум. Ырды мыкты аткарыптыр.
28.08.2018. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 03:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+10
Анан уйлонгондо оооо балачактан тааныш элек деп баштаса керек
28.08.2018. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алмаз ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-28 13:50:18
28.08.2018. 13:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-2
Muslim_KGstana., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Эскертүү!
28.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+15
Которулгон сайын деп озун ото белгилуу жылдыз кылып коюптурго))))силерден дагы белгилуу Бек,Сыймыктар дагы мынтип суйлобой озун жонокой кармашат 4 созду 20 жолу кайталап ырдап чыгып эле озун сезип алышканы тойгозду ушулардын. Бир башка мамлекеттеги сынактарга катышып аты чыкса олоюн анда озун Киркоровдой эле сезип алмак экенда
28.08.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул ырчы каяка которулуптур? Эки ыр ырдап коюп эле которулуп алган го? Озунду чын эле кузгудон кара.
30.08.2018. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Fortuna1987,асманга которулуптур жылдыздарга жетейин деп калыптыр
28.08.2018. 12:36 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-07-2018
Соӊку аракети:
03-09-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+12
Быйыл соссуз уйлоном деген кинодо катышыптыр го коруп алып нерв болгом
28.08.2018. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
29-12-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+6
ооол кебетен менен сенин
28.08.2018. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
29-12-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
нурмат алмаз даниярлар бир группа болуп еле чыгышса болмок ХХХ жаман мактаныптырго
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-28 13:48:00
28.08.2018. 13:49 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-1
Sezimka27, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз! Билдирүү түзөтүлдү.
28.08.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:34
Жынысы:
Белгисиз
+6
Койчу каягына которулдун,болгону бир клипин эле бар го коп просмотр чогулткан.Бир аз жерге тушчу айланайын!Ото эле озумчул анан мактанчаак экенсин
karakoz2017 түзөттү 2018-08-28 15:44:55
28.08.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шибер
-7
Соонун эле ырдайт! Уну жакшы, мага жагат. Сыноолорго сынба жигит, ийгилик!
28.08.2018. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:23
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул кыргыздар бир аз осуп келаткан адамды да терс комментарий жазып маанайын чоктурот .Коро албастык кылбай жакшы каалоо айтып кое бергиле ,эч жеринер кемип кетпейт
28.08.2018. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:23
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бош убактым болсо эле [moderated]дан "Алмаз Шаадаев "Эми мага баары бир" "-деп жазып издеп калдым .Эн сонун клип ,ырын да жакшы аткарган.Ийгилик каалайм ,иним!!!
28.08.2018. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми ушуга Ким ичи тарып ,Ким коро албайт??? Тушунбойм
28.08.2018. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+7
З мин сом карызын бериптирби??
28.08.2018. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен ырчымын деп озун Ким сезип алган ошондо??кудай сезип алгандан сообу??? Ой тобооо,
28.08.2018. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сүлүктү
+4
Ырчы айымдардан Анжелика, Самара, Айчүрөк тажатты. Мырзалардан Алмаз, Нурлан, Байыш ... тажатты
28.08.2018. 23:12 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-08-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
-3
Брат эркексин сынба чыныгы талант бар сенде сындагандар сендей болуп алсын жок дегенде мага эле таанылсынчы
29.08.2018. 02:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+6
Гулжигиттин, ,Баары бир"деген ыры хит ырлардан.Ушул ырды кандай аткарды деп да кобу корсо керек.Алмаз ырчы болом десен озун обон чыгарып ырдасан
.
29.08.2018. 02:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул баланын бираз "тузу кем" экен. Капа болбосун го, бирок Анжелика менен Самараны туурап, интернетте паланча жолу коруптур палан-тукун дейт. Гулжигиттин мыкты ырларынын бири болгону учун да кирип корушту да, кандай ырдаптыр деп...

Ыр ачыгы жакшы ырдалбаптыр, Гулжигиттин озунун аткаруусунда эн мыкты чыккан... Мени коро алышпайт, бут тосушат деп асмандан суйлойсун, сен озу кимсин, эмнени кыйратып койдун ушул кунго келип?!!
29.08.2018. 02:34 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озун ыр жазып, обон жарата албасан, ререртуарында кыйратып ыр болбосо, качан болсо бироолордун ырларын сурап ырдап чыгасын, анан ошону да эптей албасан...

Супердин форумунда 5-10 жыл илгерки суротторун журот. Ошондо эле кыздан бетер суротко тушо берчу экенсин, озунду элге тааныта албай. Эми 1-2 ыр ырдап мурдун асманга жетип турганын тушунсо болот. Эгер ким бироо келип сени "Анжелика менен Самаранын" ургаачысы, ой эркеги десе, таарынба, бул мазактоо эмес, чындык....
29.08.2018. 02:39 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен тушунбоймун, ушуга окшогондор суперге акча толойбу эмне, менден интервью ал деп... Окурмандар Бек, Сыймык, Кумондор байкелер ж.б. толтура элдин сыймыгына татыган адамдардан интервью кутот, силер болсо каяктагы мактачаактардан интервью аласынар...

Админдер эртен кемсинтти палан-тукун деп банга айдап журбосун, заранее айтып коеюн. Акты ак, караны кара, мактанчаак болсо мактанчаак деп айткан дурус чындыкты. Бул мазактоо эмес, чындык ошол болсо, любойунан сурап коргуло.
29.08.2018. 02:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баса, сен иничек Аскар Акаев менен учураштым дейсин, эч болбосо Акаев Кыргызстандан уурдаган байлыктарын качан кайтарат экен, ошону сурап билсен пайдалуу иш кылган болоор элен. Акаевди бугунку Атамбаев, Жээнбеков сыяктуу коррупциянын атасы десек далилинер жок деп журчу, Акаев качкандан кийин Акаевге тиешелуу 70тен ашуун ири ишканалар, миллиарддаган муммалардын аты аталды го чиркин...
29.08.2018. 07:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
02-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен бул жигиттин ырларын билбейт экенмин кечке эле интервью ала бересинерби акча толойт окшойт озу
29.08.2018. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфого интервью бериш учун акча беришет. Озуно жараша ставкалары бар.
30.08.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне мынча ичибиз тар Кыргыздар, "Эми мага барибир" клибиндеги жакшы коменттерди жалан эле башка улуттар жазыптыр, эркектерибизден бери ушул жерде жамандап отурса ушакчыга аялдарга окшоп.
31.08.2018. 03:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул Чубак ажыны туурап суйлогон балабы?
31.08.2018. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
19-11-2015
Соӊку аракети:
05-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
-1
Албина деген таластык суйлошкон кызын бар экенин неге жашырасын. Анын инстаграмм баракчасында сен экоондун бактылуу суротторун жайнап журот го
Super TV
08.09.2018. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
28-06-2017
Соӊку аракети:
08-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Уххххххх койчу айланайын ииий болдучу отто эле асмандап алыпсын го а так анча деле эмессин ушул акыркы чыккан ырчы сымал эркектер озунчо эле жылдыз болуп алашты го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1188 колдонуучу (Катталган: 6, коноктор: 1182) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

NeRiNa, Aiymbyby, Salman1993a, aibars, ebolot94, Elimka

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: