«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


ДЕПУТАТ РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИН ТОЮ ЭКИ ЖЭЭКТЕГИ ЧИНОВНИКТЕРДИ БИР ЗАЛГА ЧОГУЛТТУ

№884 10-16-октябрь, 2019-ж.


6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамдарынын бири Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп чоң той берди. Той Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, ага 700дөй конок чакырылды.

Көпчүлүктү тойдун өзүнөн мурун, келген коноктор кызыктырды. Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, мурдагы чиновниктер, көз карашы таптакыр келишпеген саясатчылар бир залга топтолуп, бир столду тегеректеп отурганы талкууга түштү. Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Исхак Масалиев бир столдо, жанындагы столдо Адахан Мадумаров баштаган белгилүүлөр, алардын капталында коомчулук көп талкууга алган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка столдо Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев отурушту. Бул көрүнүшкө “Кыргыз саясатчыларында принцип жок, эл көзүнө бири-бирин сындашып, тойдо кучакташып эле жүрүшөт” деген пикирлер көп жазылды. Саясат өз жолунда, той – кыргыздын салты, ага чакырылган соң барып конок болуу нормалдуу эле көрүнүш дегенди коомчулук туура көрбөй турганы байкалды.

Айрыкча, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин бул тойдо Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда туруп сүрөткө түшкөнү узун сөз болду. Бул тойдон кийин Кадыр Атамбаев аспирантурага тапшыруу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болду. Кайсы өлкөгө кеткени айтылган жок.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg



Саясатчылардын ыры, Текебаев, Бабанов, Кадыр Атамбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү талкууда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1729 колдонуучу (Катталган: 14, коноктор: 1715) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

baybolot, kgul, aizulya, Saliman, newman, Zoyia-asad2015, Jasi.jasi, Farm94, asel-89a, cholpon.kushakova, Hatali, Ashka., Nurmatova., Asama183171326

Макалалардын саны:
23199;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: