«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Akbuura gazeta

НАОМИ КЭМПБЕЛЛ

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.


1990-жылдары мода дүйнөсүнө өзгөчө түс берип, анын эшигин ачып кирип келген кара терилүү айым бул – Наоми Кэмпбелл. “Кара кабылан”, “Подиумдун ак куусу”, “Эң чырдуу модель” деген сүрөттөөлөр дал ушул айымга гана тиешелүү. Келгиле, топ-моделдин өмүр таржымалына көз чаптырып көрөлү.

Толук аты-жөнү – Наоми Кэмпбелл
Туулган жылы –
1970-жыл, 22-май
Туулган жери –
Англия, Лондон
Лакап аты –
“Кара кабылан”
Кесиби –
Модель
Бою –
177 см
Салмагы –
51 кг
Параметри – 86-60-86

АТАСЫЗ ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Наоми Кэмпбелл бактылуу балалык доорун сүргөн эмес. Анткени апасы бийчи Валери Кэмпбелл боюнда бар кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кетип, кызын жалгыз тарбиялап өстүрөт. Наоми 10 жашка чыкканда үй-бүлөдө “жаңы ата” пайда болот. Кыз анын келишин такыр жактырбайт. Экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр ар дайым чыр-чатак менен аяктачу. Апасы алардын мамилесин жөнгө салууга канча аракет кылса да, эч бир майнап чыкпаган. Мындай оор тагдыр Наоминин шагын сындырбастан, тескерисинче, кайраттуу, өткүр, өз алдынча болууга үйрөтөт. Ошентип Наоми "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген сөздү бек тутуп, айтканынан кайтпаган өжөр кыз болуп чоңоёт.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН “КАРА КАБЫЛАН”
14 жашында мектепти таштаган Наоми Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Үйүндөгү чыр-чатактардан тажаган кыз сабактан чыккан соң сейил бактарды аралап жүргөндү адатка айлантат. Сейил бакта жүргөндө анын келбетине “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдттун көзү түшүп, кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. Эң негизгиси, Наоми үчүн ата-энесинен бөлүнүп жашоого шарт түзүлөт.
Ошентип, Наоми сулуулугу, келишкен келбети, подиумда кабыландай жыла басканы менен дүйнө элин таң калтырып, 1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп табат.

КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ
Наоми мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 31 тасмага тартылууга жетише алды.
Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган “La, La, La, Love Song” сингли япониялык чартта 1-орунду ээлеген. Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.
1995-жылдан тарта телевидение тармагында Антонио Бандерас, Сара Жессика Паркер, Жон Малкович менен иштешкен. Ошондой эле "моделдик бул – утурумдук жумуш. Кийин мени атырларым багат" деп өз атынан атырларды чыгарып келет.

ТЕЛЕФОН МЕНЕН БАШКА ЧАПМАЙ АДАТЫБЫ?
Наоми Кэмпбелл “Дүйнөнүн эң чырдуу модели” деп саналат. Ал ушул мүнөзүнөн улам бир нече жолу сот жообуна тартылып, жаза алган. Мисалы:

  • 2000-жылы ассистенти Жоржина Галанисти уюлдук телефон менен чаап, ага моралдык зыян келтиргендиги үчүн айып төлөгөн. Ошондо топ-моделге психотерапиялык дарылоо курсунан өтүүнү сунушташкан.
  • Үй кызматчылары Миллисента Бёртонду жана Анну Сколавинону уюлдук телефон менен башка чапкандыгы үчүн жоопко тартылып, таштанды ташуучу унаалар токтогон жайдын полун 5 күн жууган.
  • 2008-жылы аэропорт кызматкерине жана айдоочусуна кол көтөргөндүгү үчүн айыпталган.
  • Топ-модель чырдуулугу гана эмес, жасаган кайрымдуулук иштери менен да оозго алынып келет. Мисалы, ал "Кызыл Крест" коому менен тыгыз иштешип, “Ак куу” романынан түшкөн кирешенин баарын Сомали өлкөсүнө которгон. Мындан сырткары көптөгөн жарды өлкөлөргө бала бакчаларды куруу иштерине салым кошуп келет.

СҮЙҮҮ РОМАНДАРЫ
Сулуу айымдарга кимдер гана кызыкпайт, кимдер гана тор жайбайт? Наоми да бир топ мырзалар: мушкер Майк Тайсон, актёр Роберт Де Ниро жана бийчи Хоакин Кортес, "Формула-1” командасынын лидери Флавио Бриаторе, рэпер Ашер менен мамиле түзүүгө жетишкен. Ал эми азыркы жигити Владислав Доронин менен 2008-жылы Канн фестивалында таанышышкан.

Дамира Арстанова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
20.11.2010. 23:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
14-11-2010
Соӊку аракети:
16-09-2016 23:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
naominin barvihadagi villasin kurup jatabiz?
20.11.2010. 23:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
14-11-2010
Соӊку аракети:
16-09-2016 23:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
adamdar akchasin emnege sarptashin bilbey ushunday villalardi kurup atishat 160mil.dollarga butot eken capitall hill villa ati.
22.11.2010. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
14-08-2010
Соӊку аракети:
12-11-2017 11:31
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун братаны террорист имиш дебеди беле???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3963 колдонуучу (Катталган: 26, коноктор: 3937) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

nurda00, ruslan868600, aiposharysbekova, Batken.m, Dina.96, kulpunai08, nur85, Aigesha1511, http, Nurgul1978, Jyldyz16, sasik, Miraida2012, Waltai, erjann, Begim94, Sicilya, Akylai_aktan, asiana, Samat777, Eliznuku, FK2, Elina2801, Baiana2017, Kulatov, Nurbekkarataev

Макалалардын саны:
21565;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: