ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Күн чайыттай ачык экен” деп ойлонуп алган Аскар асманды карап алып, жеңил чуркоого өттү. Бул анын көп жылдан берки адаты. Спортчулардыкындай дене түзүлүшү аны өз жашынан өтө жаш көрсөтчү. Чуркап келди да сүлгү менен терин аарчып алып, үйүнө кирди. Чөнтөк телефонун тиктеп, уулу Аскатка чалып коюуну эстеди да, кайра кофе ичип алып чалмай болду. “Да, “атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген экен. Ал жигит телефон чалам деп коюп эле “унутуп калдым, папа” деп калат. Азыр уктап жатса керек, ананыраак чалайын” деп ойлогон ал ошол боюнча баш-оту менен ишке киришип кетти. Саат 11 болгондо күткөн уулу эмес, анын досу телефон чалды.
– Алло, ким бул?
– Мен, Аскар байке, Нурбекмин...
Жигиттин үнү буулугуп чыккандай сезилди.
– Аа, Нурбек, жакшы эс алып жатасыңарбы?
– Биз... Аскаттан ажырап калдык, байке...
– Эмне дейт?!
Уккан кулагына ишенбей, ордунан ыргып турду.
– Түндө бычактап кетишиптир...
Оор денесин креслого таштап жиберген Аскар бир топто барып өзүнө келди. Бир аздан соң ордунан оор копшолуп, телефонун издеп тапты. Жардамчысынын телефонун араң терди.
– Самат, Аскат кырсыктап калыптыр. Балдарды тез чогулт. 10 минутада чыгам. Көлгө барабыз.
– Макул.
“Кырсыктап калыптыр...” деп тургусу келди. Уулунун каза болуп калганына таптакыр ишенгиси келбеди.
10 минутага жетип-жетпей Аскардын заңкайган үйүнүн жанына үч Жип келип токтоду. Эки жигиттин коштоосунда чыккан Аскар ортоңку машинага отурары менен машиналар ордунан жылды.

ххх

Эшиктен кирип келген начальникти көргөн майор ордунан тура калды.
– Жолдош подполковник...
Сүйлөйүн деп келе жаткан майорду колун шилтеп токтотту да, түз эле ишке киришти. Толук неме ысык күндөн кыйналып кеткендей жүз аарчысы менен терин сүртүп алды.
– Кана, майор, кандай версиялар бар?
– Негизи, үч версия боюнча иш алып барып жатабыз. Биринчиден, өлгөн жигит ошол түнү сүйлөшкөн кызынын туулган күнүндө бир досу менен урушуп кетиптир. Күбөлөрдүн айтымында, ал “өлтүрөм” дегенге чейин барыптыр.
Экинчи версия, Аскар Токтосуновичтин ким экенин эске алганда, анын кас адамдары болушу мүмкүн.
Үчүнчүдөн, талап-тоноо. Мындай версияга такалганыбыздын себеби, досторунун айтымында, өлгөн жигиттин кымбат баалуу чөнтөк телефону жок экенин айтышты.
– Дагы кандай жаңылыктар бар?
– Өлүктү экспертизага жөнөттүк. Аскар Токтосунович бул жакка бет алыптыр.
Тиги семиз манжалары менен столду тырсылдатып ойлонуп калды.
– Сен эми башка бардык иштериңди жыйыштыр. Жанагы урушуп кеткен баланы жакшылап көзөмөлдө...
– Макул.
Уюлгуган чаң алыстан көрүнүп, пансионатка машиналар жакындап келе жатты. Аскардын колдору калтырап, тамекини биринен сала бирин чегүүдө. Пансионатка келери менен топтошуп турган уулунун досторун байкады.
– Аскат кайда?
– Моргдо.
Уулунун жансыз денесин көргөндө гана ишенди Аскар. Башын мыкчый чөгөлөп отура калды. Чындыгында, Аскардын таянар тоосу болчу, бул жарык дүйнөдө жашап жүргөнү, чогулткан дүнүйө-мүлкү жалгыз уулу үчүн эле. Мындан бир нече жыл мурун ак жеринен камалып кеткенде анын азабынан үй-бүлөсүнөн ажырап, жалгыз гана колунда калган медер туткан адамы Аскат болчу. Кийин түрмөдөн бошонуп чыгып, бутуна туруп, Кыргызстандагы алдыңкы байлардан болду. Анын кримчөйрөдө да, саясатта да орчундуу орду бар эле. Ошол кудуреттүү Аскар азыр мөгдөп отурду.
– Аско-о! Кандайча болуп кетти, балам?- деди калтыраган үн менен.
– ...
– Менин жалгыз экенимди билип туруп... Ия? Кантип таштадың, сен?!
Көпкө отурду. Сыртка чыкканда бир нече жашка карый түшкөндөй сезилди. Теңселип кеткенде жакын турган эки жигит кармай калышты.
– Кеттик,- деди бир ооз гана.

ххх

Аскаттын азасына көп адам келди. Жамгыр төгүп турган. Аскардын жанында кара кийимчен, кара көз айнек тагынган аял турду. Бул – Аскардын көрөр көзү Аида эле. Күйөөсүнөн 25 жашка кичүү болчу. Учурунда ырчы болчу дешет. “Аскардын байлыгы үчүн кана турмушка чыкты” деген кептер көп айтылчу. Бирок Аскар Токтосуновичтин уулунан кийинки экинчи жакын адамы Аида болчу.
Аида менен Аскаттын мамилеси салкын болчу. Бир үйдө тамак ичип, бир үйдө жашаганы менен, бир да жолу сүйлөшүп, сырдашып көрүшкөн эмес. Өзүнөн бир аз эле улуу кыз атасынын аялы болгонуна көнө албай, кээде өгөй апасын атынан айтып алчу. Мындай учурда атасынан уялып кетер эле. Чындыгында, Аида сулуу аял болчу. Бирок кареги тоңуп калгандай, адамга муздак карачу.
Табытты алып чыгып көтөрүп жөнөштү. Ушул учурда чучукка жеткендей чыңырган үн угулуп, элди эрксизден селт эттирди. Бул Бегимай эле.
– Аскат! Мен сенсиз жашай албайм,- деп жатты ал зар какшай.
Аскар артына кылчайып, артында турган Бегимайды тиктеп калды. Уулун өзүнөн башка да жоктогон адам бар экен го. Ошол эле катарда өңүнөн кетип бозоруп турган Нурбекти көрдү. Алмаз, Азаматтар да турушат. Бегимай буркурап ыйлап жатты. Эч кимге бой бербей, табыттын аркасынан жүгүрүп жаткан кызды Аида жактырбай тиктеди. “Ох, ушул жаш кыздар. Өздөрүн кармаганды таптакыр билишпейт” деп ойлоп турду.

ххх

Аскар өз бөлмөсүндө көпкө ойлонуп отурду. “Ким болушу мүмкүн? Мындай кадамга өзүнө ишенимдүү кана адам барды. Мынчалык кыйын ким? Мага даай ала турган...
Бөлмөсүнө кирип келген Аиданы да байкабаган экен. Ал мышыктай жыла басып келди да, Аскардын мойнунан кучактай берди.
– Кечке эле камалып отура бересиңби? Зеригип жатам,- деди жаш аял ныксырай.
Аскар жаш аялынын колдорун силкип таштады. Эч качан мындай мамиле кылбаган күйөөсүнө ал таң кала тигилип калды.
– Сага эмне болгон?
– Сен алигиче эмне болгонун сезе элексиңби? Жер астын-үстүн болду.
– Аскар?!
Каары жүзүнөн төгүлүп турган күйөөсүн Аида селдейе тиктеп калды.
– Аида, Аскаттын өлүмүнө ким күнөөлүү болсо да түбүнө жетем. Мени эч нерсе токтото албайт!
– Түшүнөм сени, бирок жашоо Аскаттын өлүмү менен эле токтоп калган жок да.
– Мен үчүн токтоп калды, Аида! Мен үчүн азыр жашап жатканым менен жашабаганым бирдей.
– Мен сен үчүн жөн гана бир көлөкө экенмин да, ээ?
– Мен сага айткам. “Жок дегенде бир бала төрөп берчи” дечүмүн. А сен...
Аида кайдигер эки ийинин куушуруп койду. “Башталды, эми менин төрөбөс аял экенимди, жакшы кожойке эмес экенимди айтып, мораль окуп баштайт. Уф, тажап кеттим” деп жатты ойлору. Аскар аялынын эмнени ойлоп турганын так билбесе да, болжолдоп турду. Ого бетер ичи муздай, колунун сырты менен ары түртүп койду.
– Жата бер. Менин дагы көп ишим бар.

ххх

Азамат бул күндөрү тергөөчүнүн алдында отурган.
– Кана, жигит, кайрадан баштайлы. Та-ак, ошол күнү...
– Кечиресиз, бирок ошол күнкү окуяны мен кеминде он жолу кайталап айтып бердим.
– Бул дагы аз. Ишенесиңби, жүз жолу кайталап калышың мүмкүн.
– Түшүнүп турам.
– Түшүнсөң, баштадык. Аскат менен качантан таанышсың?
– Бала бакчадан бери.
– Ал эми анын сүйлөшкөн кызы Бегимай менен кандай таанышып калгансың?
– Беманын ата-энеси менен менин ата-энем жакшы мамиледе. Бир күнү конокко барып, таанышып калгам.
– Чыныңды айтчы, аны сүйчү белең?
Азаматтын жүрөгү зырп дей түштү. Бирок баары бир жалган айта албайт эле.
– Ооба,- деди ал шылкыя.
– Бирок ал сенин сүйүүңө жооп берген эмес да, ээ?
– Ал Аскатты жакшы көрчү.
– Албетте, сенде кызгануу пайда болгон да.
– Ооба, мен Беманы Аскаттан кызганчумун. Мен канчалык аракет кылганым менен, ал Аскатты сүйөрүн да билчүмүн. Экөөнүн үйлөнөрүн укканда жаным кашайып кетип, чыр чыгарганым чын. Бирок...
Тергөөчүнүн көздөрү кыбыңдай түштү. Азамат башын чулгуп алып, тергөөчүнү тиктеп алды.
– Ойлобоңуз, Аскатты мени өлтүрдү деп. Мен аны канча жек көргөнүм менен, эч качан андай кадамга барбайт болчумун. Анда баары бар болчу. Ал кандай кызга болсо да жага алчу. А мен бир гана адамды жакшы көрдүм. Тилекке каршы, ал адам да Аскаттыкы болду.
Азамат онтоп алды. Көз алдына Аскат тартылды. Эгерде ортолорунда Бегимай турбаганда аны эч качан жек көрмөк эмес. Анткени Аскаттай туруктуу достор жашоодо аз эле саналат.
– Беманы аны менен тең эмес деп айтканым да чын. Бирок аны мен өлтүргөн жокмун.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Эмо
2011-07-18 16:13:43
Уффф,даагы бир неделя кутобузбу?!кооооптон эле жазгылачы..
0
Aleesia
2011-07-18 16:39:39
Maga da ayabai jakty bul chygarma.
0
Jaigz
2011-07-18 17:23:33
Мен оюмча Аскатты Аида олтуртсо керек
0
Evelet
2011-07-18 20:13:15
juroktu ezip jiberet go
0
Kubatbek
2011-07-18 22:56:26
УФФФ Бутуп калдыго кобуроок жазса болбойт бекен эми даагы бир жума кутуш керек
0
Juliana
2011-07-19 03:23:35
A janagy Aday degen seria emne boldu? Emnege chykpay kaldy? Ayagyna chykpayt belek?
0
alis
2011-07-19 09:55:33
Аябай кызык экен.
0
zarinaturat
2011-07-19 14:01:36
Бейшембиге чейин журок ооруйт турбайбы?
0
jazim
2011-07-19 22:25:16
Айла жок кутобуз да эми
0
vikuska
2011-07-20 00:51:02
Aida olturdu bolsh kerek,bailygyn ozuno alyp kalysh u4un...
0
OMG
2011-07-20 04:19:12
aaaa men birinchi sanyn okubai kalyptyrmyn...mliin bashy emneden bashtalat?
0
info
2011-07-20 09:24:56
OMG, ,башталышын бул жерден окусаңыз болот http://www.super.kg/article/?article=6971
0
zzz---zzz
2011-07-20 21:36:56
Муну экинчи аялы олтургон эмеспи мага ошондой сезилип жатат.
0
aikoledi
2011-07-20 23:09:37
атасынын аялы же 1чи сериясындагы алтын атуу кыз олтургон окшойт
0
OMG
2011-07-21 22:38:29
Rahmat sizderge "Super Info" postoyanno SUPERSINER =)))
0
Ismailova
2011-07-23 22:39:12
Гезиттин Жаны саны кайсы кундору чыгат аябай кызык экен или китеби барбы окуганы . Кайсы жерден окуса болот?
0
№ 454, 15-21-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан