(Башы өткөн сандарыбызда)
Сурак берип жатып Азамат да жадады. Эгерде колунда жогураак адамдын уулу болсо, Азамат менен минтип мышык чычкан ойноп отурбайт беле, ким билсин. Бирок анын атасы да белдүү адам болгондуктан, соттор эсептешпегенге аргасы жок эле. Уйкуда жаткан Азамат камеранын оор эшиги ачылганда ойгонуп кетти.
– Эй, сага жолукканга адам келди. Тезирээк тур,- деген конвойдун сөзүнөн улам ордунан тез турду. Алгач атасы же туугандары деп ойлогон эле. Жолугушчу бөлмөгө кирип, күтүүсүздүктөн көздөрүн ушалап туруп калды. Алдында Бегимай турган эле. Ошол замат өзүнүн жүдөө кебетесинен уялып кетти.
– Кандайсың, Бема?
– Жакшы.
Кыздын каректери суз, купкуу болуп, арыктап да кеткен экен. Азаматтын жүрөгү тыз дей түштү. Мындай абалга алып келгени үчүн күнөөсүз күнөөлүү болуп желкесин кашый берди.
– Кел, отур.
Бегимай столго отуруп, сумкасын койду да, Азаматтын көздөрүнө тике карады.
– Бүгүн Аскаттын кырк күндүгү...
Азамат эмне дээрин билбеди.
– Мен өтө кыйналдым. Аскат минтип өлбөшү керек болчу. Алдында максаттары, жашоого болгон сүйүүсү, спорттук карьерасы... Андан да өз күнөөм мени тынч алдырбай койду. Сенин сөздөрүңө ишенип, ошол түнү Аскатты жалгыз таштап кетпесем, балким, аман калмак. Бардыгын ойлонуп отуруп, акыры сага келдим. Мага чындыкты айт. Чын эле сен колдуу болдубу?
Азаматтын ийиндери дирт дей түштү.
– Демек, сен да ошондой ойдо экенсиң да!
– Аза, мага чындык керек.
– Чындык керек болсо, угуп тур. Ооба, мен өлтүргөм. Экөөң көл жээгинде урушуп кеткенден кийин аңдып келип мен өлтүргөм. Уктуңбу, эми ыраазысыңбы?!
Жаалданган Азаматтын жүзүнө тигилип туруп, Бегимай башын жай чайкады.
– Биз көл жээгинен эмес, коттедждердин жанында урушканбыз.
– Айырмасы кайсы?
Жинденген Азамат дубалды койгулап алды.
– Сен өлтүргөн жоксуң. Сен анте албайт болчусуң. Мен сени билем, Аза. Чынбы?
Кыздын көздөрүнө туруштук бере албай, Азамат столго келип денесин шалак таштады.
– Бема, мен Аскатты өлтүргөн жокмун... Чын эле, колумдан келмек эмес. Бирок муну жүз жолу айтканда да пайдасы жок. Илинип калдым, менттерге.
– Ошол күндү эстесең, сен кайда болдуң эле?
– Балдар менен урушуп кеткен соң бир бөтөлкө пиво алып, көл жээгине кеткем. Ошол жакта уктап калыпмын. Таңга маал ойгонсом, үшүп калган экем. Келип, номериме жаттым. Эртең менен эле чуру-чуу түшүп калыпсыңар. Ошо!
Бегимай оор улутунуп алды. Башын салып отурган Азаматка боору ооруй тигилди. “Күнөөсү жок экен да. Анда эмне үчүн 18 жашында түрмөгө кесилип кетиши керек? Менин айымдан дагы бир тагдыр талкаланып калышын каалабайм” деп ойлоп турду.
– А сенин көл жээгинде жатканыңды көргөн адам барбы? Эстеп көрсөң...
– Бема, сен эмнени баштаган турасың? Киришпе, бул ишке...
– Аза, мен дагы келип турам. Бул ишти ушул боюнча таштабайм.
– Бема, эмне үчүн мага жардам бергиң келип жатат?
– Мен Аскатты өлтүргөн адамды табышым керек. Сага жөн эле илип коюшканы жатат. Мен аны каалабайм.
Ушуларды айткан Бегимай тез бурулуп сыртка бет алды. Азамат башын мыкчыган боюнча кала берди. Ал эч качан өзүн ушунчалык алсыз сезген эмес эле...
ххх
Күндүн нуру бетине тийгенден улам сулуу келин оодарыла берип ойгонуп кетти. Жанындагы орун бош. Күйөөсүн адатынча таң атпай жүгүрүп жүрсө керек деп ойлоду. Дагы да анын маңдайында сөлөкөттөй болуп отуруп эртең мененки тамак ичерин ойлоп, ичиркенип кетти.
Чындыгында, Аскар баласы каза болгондон бери түнү уйку көрбөй калды. Ушул күндөрү карый да түштү. Жанындагы эркесине көңүл бурмак түгүл, бар экенин, жок экенин да элес албай калчу болду.
Аида кайрадан уктай албай койду. Кооз халатына кол созуп, ийинине жеңил илди да, экинчи кабатка жөнөдү. Күйөөсү кимдир бирөө менен сүйлөшүп жаткандай. Акырын бутунун учу менен басып, сыртка көз жиберди. Мына сага тамаша! Аскар узун бойлуу бийкечти башынан сылап, ал бир нерселерди айтып жатат. Бул Бегимай болчу. Таң атпай келгенинин да себеби бар эле.
– Аскар Токтосунович, мен...
Канчалык аракет кылса да көз жашы тамагын кысып, сүйлөй албай кетти.
– Кызым, Бегимай, эгерде көз жаш менен уулумду таба ала турган болсок, эбак табат элек. Ыйлаба, айланайын. Сенин көз жашыңды көрүү мага да оор...
– Кечирип коюңуз, мен...
Көз жашын колунун сырты менен сүрткөн Бегимай өзүн токтотуп калды.
– Жүрүчү, бул жерде отуруп сүйлөшөлү.
Экөө сыртта турган скамейкага отурушту.
– Кандайсың, өңүңдөн да азып кетипсиң?..
– Ошол күнү Аскатка болбогон нерсе үчүн таарынып, артымды карабай кирип кеткем. Ошол жоругумду эле кечире албай жатам. Мындай болорун билгенде жанынан карыш жылмак эмесмин.
– Эгерде мындай болорун билгенде уулумду мен жанымдан карыш чыгарбайт болчумун. Билгем, мага тиш кайрап жүргөндөр менден эмес, уулумдан өч аларын билгем. Көрдүңбү, сеникине караганда менин күнөөм чоң. Эмне кылмакчыбыз?!
Бегимай Аскарга тигиле карады. Тобо, жаш айырмасы эле болбосо, Аскаттын өзү экен. Алдында Аскаты тургандай жүрөгү зырылдап кетти.
– Аскар агай, бул кимдин колунан келсе да, жазасын алыш керек. Бирок Азамат күнөөлүү эмес экенин билип турам. Андыктан аны түрмөдө кармоо туура эмес. Менин көзүм жетип турат, бул иш башка адамдын колу менен кылынды. Мен бул ишти өзүм изилдейм. Сизден жардам сурайын деп келдим.
– Бегимай, сен бул иштен алыс бол. Кандай кылтакка илингени турасың, сезип жатасыңбы? Болду, Аскат тынч жатсын. Уулумдун арбагын сыйлайлы. Эч кандай изилдөөнүн кереги жок.
– Бирок...
Аскардын азыркы мээримдүү жүзү каардуу боло түштү. Бегимайдын кеткенден башкага айласы калбай калды. Узатып чыгып баратып, Аскар Бегимайга тигилип калды.
– Кызым, Кудайдын буйругу экен. Балким, келиним болуп калат белең. Эми Кудайдын буйругу экен. Өзүңдү колго ал. Аскатты унут. Өз жашооңду башта.
– Сиз Аскатты унута аласызбы? Кантип андай адамды унутууга болот? Мен унутам деп убада бере албайм, агай,- деген Бегимай ыйлаган боюнча машинасына түшүп жөнөп кетти.
ххх
Аида машина узап кеткенче тиктеп турду да, экинчи кабатка күйөөсү чыгып келе жатканын байкап, чуркап келип төшөгүнө жата калды. Адатта Аскар сыртка чуркап келип, уктап жаткан аялын көрүп “уйкучу, тур дейм, уйкучу” деп тамашалап калар эле. Бирок бул жолу кирип, Аида жакка бир да көз чаптырып койбостон кийине баштады.
– Канчада келесиң?- деди калп эле уйкусураган Аида.
– Иш көп. Мени күтпө.
– Күнү кечке эмне кылам эми?..
Кыжырлана шейшебин сыйрый ордунан турган Аида солкулдаган жаш денесин атайылап көрсөтүп тура баштады.
– Конокко бар. Салондорду кыдыр. Китеп оку, кааласаң...
– У-уф, өмүрүмдө китеп окуп көргөн эмесмин.
– Бекер кыласың. Китеп айрым жан дүйнөсү жардыларды байытмак.
– Аскарчик, балким, морал окууңду башка күнкүгө жылдырабыз.
Аскар аялын тиктеп турду да, кайдигер ийинин куушурду.
– Сен сурадың, мен айттым. Жакшы кал анда..
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов