Шоу-бизнес – өтө эле кызык дүйнө. Бул чөйрөгө продюсер деген түшүнүк киргенден бери ырчы менен продюсер чыры деле бүтпөйт өңдүү. Бул саам Айдин Шер деген ысым менен белгилүү болгон ырчынын апасы Алтын эже кеңсебизге келиптир, “уулум үчүн убайым тартып жатам” деп. Cөздүн аягы барып эле продюсер ырчы чырына такалды.
– Эже, сөздүн төркүнү уулуңуз Айдин Шер жана продюсери Динара Эсенгулова менен байланыштуу экенин билип турам.
– Ооба. Уулум менен продюсери чырдашкандан бери бир жылга аяк басты. Баары келип каржы маселесине такалат. Былтыр ноябрда Айдин концерт берген. Өздөрү жетишпей калганда мен чуркап жүрдүм. Ала турган акчабыз кечеңдегенинен мен туугандардан чогултуп, баннерлерге акча тапкам. Кассаны эки күн көргөзгөн жок. Адегенде “Динара, бир күндүк концерттин билетин мага чыгарып бер, мен саттырайын” дедим. Ал “жок, эже, андай болбойт. Кайрат Примбердиевдин концертинде да ушинтип кайра билеттерди алып келип беришкен” деп болбой койду. Илгери-кийин концертке аралашып көрбөгөн жаным баарына макул боло берипмин, акырында өзүм күнөөлүү болуп каларымды сезбей.
– Продюсер менен иштешерде ырчы келишимге кол коёт эмес беле?..
– Мен телевидениеде 14 жыл иштегем. КТРКдан кетип жатканымда уулумду сахнага чыгарайын дедим. Анда Динара теледе иштечү. “Менин балама да жардам бер” дегем. Динара “Султан башында кыйын болуп кыйратам деп аягында ушинтип кетти” деди. Жумуштар менен Көлгө кеткем. Мен жокто Алмаз экөө келишим түзүшүптүр, кызым күбө болуптур. Кайрат, Султан менен 3 жыл келишим, а менин балама келгенде эле 5 жыл деп жазып алышыптыр. Анан “ката болуп калган турбайбы, мейли, көрөбүз” деп коюшат. Иштешкенине 4 жыл болгондо экөө урушуп жатышпайбы. Динаранын коркутуп-үркүткөнү эле “келишимде мындай болуп турат” дегени. Бекер күнөөлөй бербейин деп юристтерден консультация алдым. Динаранын тарабын алган 6 барактан турган келишим экен. Анан калса ата-энесинин уруксаты жок, 18ге чыга элек кезинде түзүлгөн. Келишим түзөрдө “эже, келиңиз, балаңыз менен келишим түзүп жатам” десе болмок. Балама “мен сени менен 3 жылдан бери иштешип жатам, ошого 5000 доллар бересиң. Айдин Шер деген атыңды өчүрүшүң керек. Эч бир телерадиого, гезитке чыкпайсың” деген ультиматум койду. “Алмаз эл үчүн ырдап жатат. Эмне үчүн мындай кылдың?” десем, “бизде продюсердик тилектештик бар, я имею право. Мен бүт баарынан ыр-клиптерин алдырдым. Керек болсо, мен сиздин балаңызды Кыргызстандан жок кылып коём” дебедиби.
– Балким, кечирим сурашсаңар сотсуз бүтмөк да...
– Динара бут тосуп жатат. Ырдаса барып эле кийлигишип, “мен сени сотко берем” деп коркутат. Акыры мен сотко бердим. Ушунча жылдан бери экөөнүн ортосунда эмгек китепчеси же эмгек келишими жок болсо, айлык албаса, балам жөн эле жүрө береби? Сотко келип Динара “булар мени эмне үчүн күнөөлөп жатат?” дептир. Кантип эле күнөөсү жок болсо, биз сотко кайрылабыз?! Алдынан өттүм, кечирим сурап бардым, болбоду.
Алмазга жини келген күнү эле “килемге” чакырат. Барсам мага акыл үйрөтө берет да, акчага келгенде “апаңдар неге кийлигишет?” деп уулумду жейт.
– “Айдин Шер жылдыз болуп кетиптир, продюсерине кыйкырды” деп шоу-бизнестин өкүлдөрү айтып жүрүштү эле...
– Концертке КТРКнын декорациясын алпарды. Ошол учурда силердин Толик Сынчыңар да барбай калыптыр, барып көргөнүн жазчу. Концерттен соң өзүм макала жазып, кайра койчу дедим. Уулум үчүн убайым жейм. Айлам кетти. Баламды көрүп ооруп калдым. Бойго жетип калган бала муунуп алса не болот эле? Бул деген асмандын башынан талп деп кулагандай болуп калды. Баламдын өңү саргайып, сыртка чыкпай, депрессияда калбадыбы. Доктурга көрсөтүп, дары-дармек жаздырдым. “Апа, мен эмнеге чыктым?” деп капа болот. Баламды урушканым менен, анын жанынан алыс барып алып ыйлаган күндөрүм болду. Султандын энесинин абалын мен ошондо сездим. Султан менин балама караганда эки эсе таланттуу. Кандай акмакчылык, бул кыздын кылганы?! Чет өлкөдөгү кызым көрүп, “апа, бир жылда картайып кетипсиз” дейт. Бала үчүн убайым жеген жаман, эне үчүн. Динараны үйүмө конокко чакырып, төрүмө отургузуп баштыктарды берип, “сенин аркаң менен балам сахнага чыгып жатат” дечүмүн. Булакты тосуп койсоң деле бир жерден атып чыгат. Менин баламдын жолу тосулду. Концерттен кийин эле көңүлү калды. Динарага барып “бүттү, эже, мен сизден неге кечирим сурамак элем? Эмне үчүн мени күнөөлөп жатасыз? Ортодон апамдарды отургуздуңуз” деп кетип калыптыр.
Чогуу иштешкен артисттер Алмазды какшыкташат экен, “Дикибай менен иштешкен кандай болот экен?” деп. Макул, менин балам жаман экен, а эмне үчүн Султан, Кайрат бир концертинен кийин иштешпей калды? Динарага акча эле керекпи? Султан, Кайрат да карыз болуп чыгыптыр, эми менин балам карыз болду.
– Биз “продюсериң менен көпкө иштешесиңби?” деп сурасак, Айдин “эми убакыт көрсөтөт, көрөбүз го” деп койгон болчу.
– "Жараланган турналарга” тартылган эмеспи Айдин. Режиссёру “балаңыз аябай жөнөкөй экен” деп ыраазы болду, муну Динара өзү деле айтты. “Эже, балаңыз далдаке, кино тартылганда башка балдар жөн эле жүрсө, ал от жагып, суу ташып жүрдү. Анан “ай, сенин Айдин Шер деген атың бар” деп айттым” деген. Жөнөкөй баланы керсейтти, өзүндөй кылып. Динара керсейген кыз, мен аны бетине айтам. Ошол улуу башымды кичүү кылып кечирим сурасам да керсейет. Анын да эмгеги бар, иштешти. Алмаз пунктуалдуу эмес, барчу жерине кечигип барат, эркелейт. Андан башка жагы, айтканыңды ляппай деп турат. Үйгө көзү кыпкызыл, башы челектей болуп келет, Динара менен сүйлөшкөн күндөрү.
– Кийим-кечек тиктирип, клип тарттырып, ыр жаздыруу бир топ түйшүктүү иш.
– Түшө турган акча 40 пайызы ырчыга, 60ы продюсерге деп сүйлөшүлгөн. Мен анын кыркын да көргөн жокмун. Кызым фирмада иштегендиктен, кийимдеринин көбүн ал тигип берген. Динара болгону бир-эки форма алып берди. Анан айтат дейт “мен кийинтип жаткам” деп. Мен керек болсо ошол фирмадан күбөлүк да алып берем. Айлабыз кетип машинасын саттык, эми жөө калды. Динара эжеси Алмаз бир нерсе десе эле “если ты первый лезешь, посмотрим кто кого” деп коркутат экен. Тойго барышат, түшкөн акчанын 200 сомун берип коёт экен “бензин куюп ал” деп. Ушуга чейин концерт коюп акча жыйнасам болмок, продюсерин сыйлап жүрдүм. Бир жолу Таласка концерт коюшуптур, анысын келгенден кийин билдим. Анда деле ооз ачкан жокмун. Өзүнө окшоп мен да айтсам болмок. Продюсерлер мага “эже, балаңызды лох кылып койдуңуз го. Айдинди Динара менчиктеп алды” дешти...
“Алмаз ырдабай калгандан бери депрессияда жүрөт” дегенинен ырчы жигитти чакырып сүйлөштүм.
– Айдин, өткөндө “Алмаз болуп чыгам” дедиң эле, бул жагы болбой калды го эми...
– Бир чети Алмаз деп чыга берейин деп ойлогом. Бирок мени баары Айдин Шер деп таанышат да. Ошон үчүн ушул ысымда эле жүрө бергим келет. Продюсерим уруксат бербей жатат, анткен менен соттук иштерибиз бүткөндөн кийин айкындалар.
– Динара эжеге “кечирим сурабайм” деп айтып салыпсың, балким, ошого капа болгондур.
– Айрым адамдар көрбөй-укпай туруп эле чымынды төө кылып айтышат экен. Кеп анда эмес. Өзүбүз эле ич ара таарынышып кеттик. Бири-бирибизге катуу кыйкырган деле эмеспиз. Негизинен, тил табыша албай калдык. Динара эжени деле түшүнөм, бирок эженики өзүнүн бир жактуу келишимине таянганы болуп жатат.
– Келишимге окуп туруп кол койгонсуң да, ээ, баарына макулмун деп?
– Эми ал кезде сахнага чыгам дегенде эки көзүм төрт эле да. Чынын айтсам, ошол учурда жаштык кылыпмын, келишимди деле толук түшүнгөн эмесмин. 17 жашта экем, азыр болсо баарына түшүнүү менен иш кылмакмын.
– Ырга жакын жаның ырдабай калганыңда кандай абалда болдуң?
– Жарым жылдан бери ырдабай бук болдум. Кара-Балтага концертке чакырылып, ырдадым. Мени али эл унутпаптыр, жылуу кабыл алышты. Сахнага чыгып алып, толкунданып, сүйүнүп, ыйлагым келди. Баса, бир жолу концертке бардым, бирок баштагыдай сахнада эмес, көрүүчүнүн катарында экениме намыстандым.
– Жаман болдуң...
– Ооба. Мындайда эң жакын деген эки досум жардам берди. Калгандары кытмыр карап, башкачараак мамиле жасай башташты. Анан албетте, апам жанымда, сооротуп, калкалаган.
– Маселеңерди чечишип алган соң башка продюсер менен иштешесиңби?
– Продюсерлердин достугу күч, мен башкага барган күндө деле алардын кабыл алышы кыйын.
Жогоруда кеп болуп жаткан продюсер Динара Эсенгулова “эмки санда мен өз жообумду берем” деген жооп узатты.
Бурул Исмаилова
star@super.kg