Аксыга концерт коюп барган “Кеңеш” тобу концерт бербей эле таш бараңга алынып келишкенин айтып кейип отурушат. Концерт өтчү айылда жарык өчүп калгандыктан, концерттик залдын директору ырчыларга “генератор таап келип ырдай бергиле” деген экен.
“Свет жок болсо, ижара акысын бир аз түшүрүңүз” десек эле, “анда концертиңерди койбойсуңар” деп өчөшүп калды. Келген эл кетпей, башка жерден деле концерт берүүбүздү суранышып, бир ресторанга алып барышса, милиция кызматкерлери артыбыздан ээрчип алып ырдатпай ит кылышты. Ал гана эмес, Мүзүрдү сүйрөп, жакалап, айтор, кадимкидей эле мушташ болгондой. Түнкү саат 11ге чейин алар менен алышып, акыры кетүүгө аргасыз болдук”,- дейт кайгырган жубайы Гүлмира.