(Башы өткөн сандарыбызда)
Аскар бир топко үн катпай отурду да, акырын сүйлөй баштады.
– Бегимай, кызым, сен эч нерсени билбейсиң али. Аскаттын өлүмүнө бир гана мен күнөөлүүмүн. Жашырганда эмне, бийликти жакшы көрчүмүн. Өмүр бою бийлик дедим. Жолум ушундай болушун кааладым беле, каалабадым беле... Анын баарын айтып отуруштун кажети жоктур. Аскат ким колдуу болгонун мен билип турам. Мен алардан акырындык менен өч алам. Мен сенден коркуп жатам. Эгерде менин айымдан жабыр тартсаң, уулумдун алдындагы күнөөм көтөрө алгыс болор. Ал менин бул жоругумду эч кечире албас эле.
Бегимай үнсүз угуп отурду да, Аскарды тике карады.
– Сиз Аскаттын ким колдуу болгонун билет экенсиз да.
– Болжолдуу түрдө билем.
– Эмнеге мага айткан жоксуз?
– Айтканда эмне өзгөрөт? Сен бул иштин четин билишиңди каалабайм.
Ушуларды айткан Аскар алыска карап отуруп калды.
– А Азаматчы? Эмне үчүн анын күнөөсү жок экенин билип туруп, камалып кетишине макул болдуңуз? Эмне үчүн адилет өкүм болушун каалаган жоксуз?
– Адилет өкүм... Силердей куракта, балким, мен дагы адилет өкүм деген нерселерди билсем керек. Ал учурда мага баары бир эле. Билбейм, балким, менин уулум үчүн кимдир бирөө азап тартышын каалаган чыгармын.
Бегимай эч макул болгон жок. Башын чайкай берди. Мына, көп кишини аты менен сүрдөткөн адам! А анын жанында чарасыз, чарчаган абалда отурат.
– Кызык, Аскат сизге таң каларлыктай окшош. Сиз, балким, анын курагында ага окшош болсоңуз керек эле...
– Анын курагында...- деген Аскар жылмайып алды.
– Жок, уулум менден акылдуу болчу. Жок, ал акылдуулук деле эмес, кечиримдүүлүк, кең пейилдик... Ал көп жагынан апасына окшош. Сырткы келбети мага окшош болгону менен, мүнөзү, боорукерлиги, адилеттүүлүгү, мээримдүүлүгү апасына окшош болчу. А мен...
– А мен аны сизге окшоштурчумун.
– Билесиңби, азыр мен эмне деп ойлоп турам. Көп жолу бийлик үчүн, байлык үчүн же жөн гана “самовыживание” үчүн күрөштүм. Кээде жеңдим, кээде жеңилдим. Бирок менин жашоомдогу эң чоң жеңишим Аскат болгон экен. Дүйнөгө жасаган эң мыкты ишим, жакшылыгым да уулум үчүн болуптур.
Бегимай мындан ары угуп отурганга чамасы жеткен жок. Ордунан туруп, коштошуп, сүрөттөрдү жыйнап жөнөп берди. Аскар ошол калыбында көпкө отурду. “Чунак кыз, кайдагы нерселерди эске салат?!” деп сүйлөнүп алды. Эске түштү көп нерселер. Анын арасында Аскар “эч качан эстебейм” деп мээсинен биротоло чыгарып салгысы келген да нерселер бар эле.
ххх
Убакыт тез өтөт. Бирок темир тордун аркасындагылар үчүн эмес. Азамат азыркы абалына эч көнө албай койду. Кийимине, ичкен тамагына, жаткан жерине көнө албады. Аскаттын өлүмү үчүн бейкүнөө жерден камалып кеткенден бери көп убакыт өттү. Андан бери достору бир-эки жолу келип-кетишти. Ал эми Бегимай өзү тууралуу кабар берген жок. “Аны күтпөй элемин” деп өзүнө көп жолу айтканы менен, жүрөгүнүн түпкүрүндө аны күтө берчү. Бул жолку кабар анын жүрөгүн солк эттирди.
– Азамат, сага бир кыз келди. Укмуш сулуу...- деди конвой.
Ага Азаматтын атасы келген сайын акча бергендиктен, жакшы мамиле жасачу. “Бегимай!” деп алды анын атын айта электе эле. Ордунан обдулуп кетти.
Атайы жолугуу бөлмөсүндө жолугушту. Бегимай аны көргөндө эле кучактай берди. Адамдын өмүрүндө мындай көз ирмемдер аз эле болсо керек. Азамат эркек экенин да, кыздын алдында турганын да унутуп ыйлап жатты. Көз жашынан уялган да жок, жашырган да жок. Бугу чыгып кеткенче ыйлады. Анан оор улутуна бетин жууп келди да, Бегимайга жай бурулду.
– Эмнеге келдиң?
– Билбейм, Аза. Кыйналып кеттим. Сен экөөбүздүн азыр айырмабыз жок. Сен кандай эркиндикте эмес болсоң, мен дагы ошондой эле камактамын.
– Аскат! Ал мурункудай эле арабызды бөлүп, экөөбүздү тең кыйнап жатат. Экөөбүздүн тең кырсыгыбыз ошол адам экен.
– Антип айтпачы. Баса, эмне каалайсың, үйдүн тамагын сагынгандырсың...- деген Бегимай ала келген тамактарын столдун үстүнө жайната баштады.
– Бема, кереги жок. Алып кет,- деди Азамат башын чайкай. – Мага сенин боор ооруганыңдын кереги жок. Дегеле эч ким мени аяганын каалабайм. Мындан ары келбей эле койчу. Суранам, келбе...
– Мен баары бир сени актап чыгарам. Мен табам.
– Кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Жайыма койгулачы,- деген Азамат бөлмөдөн чыгып кетти.
ххх
Бегимай Азирет менен байланышка чыкпаганына көп болгон. Бирок таптакыр горизонттон жоготуп алуудан коркуп кетти. Бул жолу үнсүз гана Аскат экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн өзүнүн баракчасына илип койду.
– Кандайча?- деп жазылды мониторго.
Аралыкка карабай тиги жигиттин кандай абалда отурганын, дендароо абалын көз алдына келтирди.
– Ушундай...
– Мен таптакыр түшүнбөй турам. “Экөөң окшошсуң” деп айткан Алина. Бирок мынчалык окшош экенибизди таптакыр билген эмесмин. Шок болуп отурам.
– А балким, бул түйүндү апаң чечип берер...
– Апам азыр жок. Чет өлкөгө маанилүү конференцияга кеткен. Жок, болбогон нерсе үчүн апамды тынчсыздандыруунун кереги жок.
– Билбейм, мен дагы бул иштин аягын ойлонуп таба албадым.
– Тиги жигиттин, Аскаттын атасы же апасы барбы?
– Апасы жок. Билбейм, ал үйдө апасы тууралуу таптакыр сөз болчу эмес. А атасы бул жактагы өтө таасирдүү адамдардын бири.
– Кызык, мен бул тууралуу ойлонуп көрүшүм керек,- деген билдирүү менен Азирет ошол боюнча эки-үч күн байланышкан жок. Бегимайдын чыдамы таптакыр түгөнүп баратканда гана андан кыска билдирүү келди.
– Мен окуумдан суранып, силер жакка жол тартмай болдум. Мени тосуп аларсың. Эки күндөн кийин Кыргызстанда болом.
Бегимай иш бул жагына айланып кетерин билген жок эле. Бир сүйүнүп, бир күйүнүп, эмне кыларын билбей карбаластап калды. Баарынан да Алинага айтыш өзүнчө бир тозок болду.
Кызынын мындай абалын байкаган апасы болду.
– Сага эмне болгон? Байкасам, бир нары басасың, бир бери басасың. Бир кубарып, бир кызарып... Аскат турнирге кетип, келе жатканда ушинтип калмай адатың бар эле. Эми эмнеге?
– Апа, баары жайында, азыр өзүмдү колго алам.
– Мага таптакыр сырыңды айткың келбейт, ээ? Балким, мен сага кеңеш беремин.
– Бул иште баарын өзүм чечишим керек, апа. Сизге өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок майда нерселер үчүн тынчыңызды албай эле коёюнчу,- деп койду.
Бир топ убакыт терезени тиктеп турду да, апасына кайрылды.
– Апа, сиз Аскар байкени көптөн бери эле тааныйсызбы? Анын мурунку аялы тууралуу эмне билесиз?
– Көп деле нерсе билбейм. Биз кийин гана таанышып калбадыкпы... Элдин айтымында, ал кимдир бирөөнү ээрчип кеткен имиш. Аскар аялын жакшы көрсө керек, көп жылдар бою үйлөнбөдү. Кийин жанагы актриса аялын албадыбы. Анысы деле жакшы чыкпады. Сулуулугу үчүн эле алса керек.
– Бирок чын эле сулуу аял, ээ, апа? Сүрдүү дагы... Биринчи жолу Аскат мени ээрчитип барганда сүрдөгөнүмдөн тердеп кеткем. Көз карашы да башкача.
– Жыландыкындай муздак...- деп кошуп койду апасы жактырбай.
– Ушундай сулуу көздөр муздак тиктегени өкүнөрлүк, ээ, апа? Баары эле сиздей эркелетип, мээримдүү караса...
Бегимай апасын эркелете тигилди. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу басылып, Алина кирип келди.
– Аяш апа, укмуш таттуу тамак жасап жаткан экенсиз, ээ?- деди адатынча кире элек жатып ашкана тарапты карап.
– Алиночка, келе гой, сенин келериңди билбей калбадымбы, болбосо андан да таттуу тамак жасап турмакмын.
Кирип келип, өзүнө тигилип туруп калган Алинадан Бегимай көзүн ала качты.
– Сага эмне болгон?
– Алишка, чай ичели...
– Башкага бурбай айтсаң. Бир маанилүү нерсе болуп кеткен экен, ээ?
– Анан айтып берем...
– Ага чейин чыдабай жарылып кетем, эй,- деген Алина Бегимайдын ой-боюна койбой кыйнап кирди.
– Болуптур, айтса айтайын. Азирет Кыргызстанга келет экен.
– Эмне-е?
Алинанын көздөрү чоңоюп кетти. Кыялында гана жашап келген адам жанына келерин ойлогондо азыртан сүрдөй баштады.
– Качан келет?
– "Эки күндө келип калам, мени тосуп алгыла" деди.
– Сени дагыбы?- Алина эми гана иш кай жагына айланып баратканын түшүндү.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов