«КЫРГЫЗЧА АЙТСАҢЫЗ, ОРУСЧА ТҮШҮНБӨЙМ»

Улук болсом тилим менен улукмун,
Улут болсом тилим менен улутмун. Эсенгул Ибраев.

“Мамлекеттик тил, кокуй! ” деп төбөлдөрүбүз төшүн какканы менен, иш жүзүндө андай эмес экенин жакшы билебиз. 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил майрамы экенин эске алып, гезитибиздин бул санында эл көп кайрылган ишеним кызматтарына чалып, анда иштеген кызматкерлерден кыргыз тилинен “экзамен” алгыбыз келди.

109 – СУРАП-БИЛҮҮ КЫЗМАТЫ
“Чү” дегенде эле тиешелүү жерлердин телефон номерлерин алуу максатында 109 кызматына чалсам, орусча сүйлөгөн бир эже алды.

– Здравствуйте, сто девять.
– Алло, саламатсызбы, эже?
– Слушаю!- деди ал жактырбагандай.
– Мага Транспорт министрлигинин номерин бересизби,- дегиче болбой, ал трубканы коюп салды. Ошол замат кайра чалдым. Дагы эле трубканын ары жагынан жанагы мага тааныш үн угулду. Бул сапар да саламдашсам, ал орусчалап алик алды. Ага удаа эле мен суроо узаттым:
– Эже, Каржы министрлигинин номерин билип бере аласызбы?- десем, ал мындайды биринчи жолу уккандай:
– Ещё раз... Что?!- деп кайра өзүмө суроо узатканынан министрликтин атын орусча айтууга туура келди. Ошондо гана ал номерди орусчалап айта баштады. Мен ал айтып бүткөн соң:
– Канча?- деп түшүнбөгөн киши болдум.
– Записали?- деген ал тыңшап калды.
– Эже, кыргызча айтсаңыз, мен орусча түшүнбөйм.
– Минуту...- деп ал мени жаман көргөн кишидей үн катып, бир мүнөттөй жок болуп кетти. Аз өтпөй кыргызча сүйлөгөн башка кыз келип мен сураган номерлерди айтып берди.

102 – МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫ
Андан соң 102 номерин терип, милиция кызматына кайрылдым. Бир аздан соң орусча сүйлөгөн кыздын үнү угулду.

– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Бул милициябы?
– Милиция, Бишкек, говорите!
Мени менен сүйлөшүп жаткан кыз орусча сүйлөбөгөнүмө ачууланып кетти көрүнөт, үнү катуу чыга баштады.
– Эже, кыргызча сүйлөбөйсүзбү, мен орусча түшүнбөйм.
– Что случилось?!
– Эже, кыргызча сүйлөсөңүз, мен түшүнбөй жатам.
– Сейчас, минуту...
Трубканы коюп койгон боюнча эжекебиз жооп бербеди. Мен сыяктуу орусча билбеген кимдир бирөө өтө шашылыш иш менен милицияга жардам сурап кайрылса шору катарын ойлоп, зээним кейий трубканы койдум.

101 – КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ

– Алло.
– Да, слушаю!
– Саламатсызбы?
Менин үнүм ага угулбай койдубу же кыргызча сүйлөгөнүмдү жактырган жокпу, айтор, тиги кыз трубканы коюп салды. Мен кайра чалдым. Эч ким алган жок. Бир аздан кийин чалсам, орусча сүйлөгөн башка эже алды.
– Алло.
– Саламатсызбы, эже?
– Здравствуйте.
– Бул 101 кызматыбы?
– Куда вы звоните?
– Кыргызча сүйлөйсүзбү, эже? Мен орусча билбейт элем.
– Звоните куда говорю?!
– 101 кызматыбы бул?
– Да, да, сто один!
Орусча билбей турганыма көзү жетти окшойт, тиги кекете кыйкырып, ары жактан кыргызча билген кызды чакырганы угулду. Кудайга шүгүр, эне тилин билген бир пенде барына, ал менин суроомо кыргызча сылык-сыпаа жооп берди.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ

– Минздрав, приёмная.
– Саламатсызбы, эже?
– Будьте любезны, на русском...
– Орусча билбейм. Шашылыш түрдө жумуштар менен чалып жаттым эле.
– Я кыргызского не знаю!
– Кайда жашап жатасыз анан?
– В Кыргызстане, а что?!
Чыдамым кетип орусча сүйлөп жибердим. Бул жер Кыргызстан экендигин, мындай жооптуу кызматта иштеген соң кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экендигин айтып жибергенге да үлгүрдүм. Ал эч нерсе болбогондой “ну и что?!” деп кекете суроо узатты да:
– Говорите пожалуйста, слушаю вас!- деп өкүм сүйлөдү.
Бул жолу да трубканы коюуга туура келди.

“ДОМИНО” ТАКСИ КЫЗМАТЫ
Азыр телефон аркылуу айткан дарекке келчү таксилерде иштеген кызматкерлердин дээрлик бардыгы орусча сүйлөшөт. Ал эми “Домино” такси кызматынын оператору менен болгон маекти толук жазууну туура көрдүм.

– Такси “Домино”, здравствуйте.
– Алло, саламатсызбы?
– Здравствуйте.
– Саламатсызбы?
– Здравствуйте!- деди ал үнүн бийик чыгара. Андан соң:
– Кыргызча сүйлөсөңүз болобу, эже?- десем, ал:
– Нет!- деп туруп трубканы коюп салды.

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ
Каржы министрлигине чалганымда да жаш кыз жооп берди.

– Алло.
– Да!
– Саламатсызбы?
Тиги жооп берген жок. Мен кайрадан:
– Алло,- десем, ал:
– Ну говорите!- деп ачууланып кетти.
– Бул Каржы министрлигиби?
– Да!
– Эже, бир маселе менен кайрылдым эле.
– Алло, сүйлөй бериңиз! Что вы хотели?!- деп ал тажаган кишидей үн катты. Кыргызча баштап баратып тиги эжекебиз көнгөн орус тилине кеткенине кыжырдандым.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ

– Алло, саламатсызбы?
– Алло, приёмная.
– Бул Маданият министрлигиби?
– Как?!
Кабылдамадагы кыз алгач түшүнбөй калды окшойт. Кайра суроомду кайталасам кыргызча жооп берди. 2-3 суроо берсем, ал кыргызча жооп бергенинен “өх” дей түштүм. Буга да ыраазы болуш керек, Маданият министрлиги да кыргызча билбесе катуу уят болмокпуз.

Окурман, таксиден тарта министрликке чейин сүйлөшүп көрдүк. Орусча билбесең милицияга да, куткаруу кызматына да тишиң өтпөй жолдо калат экенсиң. Биз минтип кылым баскан тилибизди кор кылып жүргөндө, башка эл тилин байытуу менен убара. Биздин тиешелүү жетекчилер бул “кыргызча” макаланы кокусунан окуп калышса, бири болбосо бири чара көрөр деп үмүт кыла туралы. Жок, алгач трибунадан орусча аралаштырбай нукура кыргызча сүйлөй алышса деле биздин жеңишибиз болмок.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алло, кыргызча айтсаңыз, орусча түшүнбөйм.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
bostars
2011-10-08 00:02:53
Маңкурттар....дагы бир жолу маңкурттар...
0
Likvidator
2011-10-10 10:36:17
Орусча суйлогондордун оозундагы тиштерин кубуп салыш керек .
0
Lui
2011-10-10 13:22:13
Тамчыдан дениз куралат дегендей. Жогору жак же чондор деп аларды карап;аларга шылтабастан ар бир адам биринчи озуноно баштаса. Мисалы мен деле кээде соода кылганда болобу, же башка коомдук жайларда болобу орус тилин колдоно коем. Маршруткага тушсон айдоочу кыргыз болсо деле "на остановке же за поворотом остановитесь?!"деп кайрылгандарды корбой журобузбу? ар бирибиз озубузго жооп берип, кыргыз тилин оркундотууго салымызды кошолу!!!!!!!!!!!
0
karlygach
2011-10-11 11:49:17
aaaiiii.... suilop jatkan jigit-opty degen jok go ya?
0
aiklaus
2011-10-13 19:15:23
Men da Germanijada Kyrgystandyn posolstvosuna chalyp kyrgyscha surasam shakshy kyrgyscha shoop berishet.Ajabai yraasy bolom.Osum oruschany takyr ele unutup baratam.KG barsam kaira shany ajyldan kelgen neme bolom go.
0
Tarkan
2011-10-23 15:22:45
орус озбек мектебтердин баарын жабыш керек. россяда бирда башка тилде окуткан мектеб жок. ошондой болуш керек кыргызча суйлоп кыргыздын салттарын сыйласын баары.Мен каршы эмесмин башка улуттар жашаса кыргызстанда бирок биздин тилде суйлошсун азыр бизди озубуздун жерде эч ким тоготбойт. анан кантиб башка жерде бизди сыйласын.
0
mama_6365
2011-11-16 10:03:06
Уят биздн эле кыргыз кыздар,кыргызча суйлосон орусча жооп берип жатканы!Макул тушуном жумушу ошондой экен бирок кыргызча суйлогондо кыргызча суйлош керек да!
0
zharkosha
2011-11-18 20:18:44
Башка жургондон гана кыргыз тилинин баркын билет экенсин! Кыргызстандагы орустарды да кыргызча суйлотуш керек болчу.Алар болсо тим эле хандай болуп жашашат...
0
jazim
2012-01-11 02:17:47
Эхххх менин аябай зееним кейип кетти,
0
elif
2012-01-15 16:52:43
Uyat ayyyabay uyat ee,borbordo kırgızcha suyloy alishbayt,bolgondo da zaril ishkanalarda.Anda kirgiz eli korkunuchta,jardin bashinda ekenbiz da.Ar bir ish jerinde kırgız tilin bilbegendi ishk e albash kerek jana ushunday zakon kirgizip koyush kerek.
0
elif
2012-01-15 17:01:08
Ushul jerde kirgiz tiline kuyup suyup jazgan jashtar,kochodo da tak ushunday pikirde bolup,ushununardan jazbagila,baldarinarga da kirgiz elini kirgiz tilini suyuugo uyrotkulo
0
Yasin
2012-01-17 13:39:03
Биз ушундай басынтууларга чыдап жашай беребизби? Биз деле мамлекеттик салыктарды төлөп, кыргызстандын жараны катары өз тилибизде сүйлөсөк болбойбу? Ушушл боюнча бир чоң митинг нааразылык жүргүзөбүз!!!! УЮШТУРУШ керек муну! Бул жалпы улуттун кызыкчылыгы! Бул биздин укугубуз! же эмне кыргыздардын укугу кыргызстанда жашап жаткан башка элдердикинен төмөн турабы? алар төлөгөн салыкты биз деле төл
0
erkumar
2012-01-17 13:47:00
Созсуз эле келе бакан куу союл деп митингге чыгыш керекпи.Акция уюштуралык.Иштеген ишибизде, бир саат, же Бир кун кыргызча суйлошмой,кыргызча жазышмай деп.Же жаштар кыргызча суйлой алышат деп.Баардыгын радикалдуу турдо эмес, акырындык менен чечкен жакшы.

0
yawerty
2012-01-18 09:26:20
ммм чынын да эле өкүнүчтүү
бирок мен тияк биякты күтбөй эле өз салымымды кошуудамын деп ойлойм, өзүм бала бакчадан тартып орус тилинде окуп келгем бирок балдарымды кайсыл тилдеги мектепке берем деген суроо да болгон эмес дароо эле кыргыз мектебине бергемин азыр 2- класста окушат(эгиздер), энеси да мага окшоп бүт окуу тепкичтерин орусча окуган кыздарыбыз менен кошо кыргызча үйрөнөбүз, эми кандай кыйынч
0
yawerty
2012-01-18 09:34:29
кыйынчылыктарды тартып жатканыбызды айтпай эле койоюн (сапатсыз китептер, кыргыз класстарга болгон мамиле, айтоор эми аман эле болойлу)
баарыбыз өзүбүзгө көңүл буралы, кыйкырып өкүрүп талашпай (өзүбүзгө ашыкча көңүл тартпай) эле тымызын өз тилибизди өркүндөтө берели демекчимин
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан