Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ДИ-ДЖЕЙДИН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА

№468 21-27-октябрь, 2011


2011-жылдын 16-октябрында “Тумар” радиосунда үн режиссёр болуп иштеген Жаныбек Айдаралиевди белгисиз бирөө сабап кеткен. Бул жигит ди-джей Алина Баженованын өмүрлүк жолдошу экенин да айта кетпесек болбостур. Учурда ал алган жарааттарынан улам Улуттук госпиталда эс-учун билбей жатат.

Бактылуу түгөйлөр мындан бир нече убакыт мурун эле ушул сүрөткө түшүшкөн экен.

АРАЧЫГА АЛТЫ ТАЯКПЫ?
Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. Мындай кырсык болорун ким билди дейсиз. Жаныбек ошол маалда Бишкек шаарындагы Токтогул жана Ж.Абдрахманов (мурунку Совет) көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Мото" соода борборунда жайгашкан түнкү клубдагы жумушунан чыгып, такси күтүп отуруп калган. Ошол убакта жанында турган таксистти кимдир бирөө сабап жатканын көрүп, ажыратууга аракет кылган.
Өз көзү менен көргөндөрдүн айтымында, сабаган адам Жаныбектен эки эсе олбурлуу, зор денелүү, 25-30 жаштардагы "мырза" экен. Ал мас абалында Жаныбектин башына бир нече жолу ургандыктан, эсин жоготуп койгон. Аны ошол абалында кесиптеши “Мотонун” 5-кабатында жайгашкан “ВС” клубуна көтөрүп кирген. Себеби Жаныбек ал түнкү клубда ди-джей болуп да иштечү.
Кесиптеши Жаныбекти эсине келтирүү үчүн суу алып келгени чыгып кеткенде, тиги адам артынан барга барып, эси ооп жаткан адамдын башына дагы бир нече жолу урган. Ушул убакта окуя болгон жерге “Тез жардам” бригадасы келип калган. Коркунучту таптакыр унуткан неме көрүнөт, сабаган адам келип калган медицина кызматкерлерине да кол салыптыр.

“ЭСИ ООП ЖАТКАН АДАМДЫ САБАПТЫР”

Иштин чоо-жайын билмекке ооруканага барып, Жаныбек Айдаралиевдин келинчеги Айжан Кулибаевага (ди-джей Алина Баженова катары таанымал) жолугуп маалымат алдык. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:

– Жаныбек бармен болуп иштеген Латиф экөө такси күтүп отургучта отуруп калышыптыр. Бир убакта өзүнөн эки эсе чоң жигит таксистке барып, шашкасын, рациясын сындырып, асыла баштаптыр. Анан Жаныбек жаңжалдашып жаткандарды ажыратууга аракет кылыптыр. Тиги “сен эмне кыйынсыңбы? Жүрү, четке чыгып сүйлөшөлү” деп сөгүп, сабап салыптыр. Жаныбектин жанында жүргөн Латиф такси кармоо үчүнбү же башка себептер мененби, бир жакка басып кеткен экен. Ал келип, эси ооп жаткан Жаныбекти клубга көтөрүп чыгып, "Тез жардам" чакырыптыр.
Ошол убакта соода борборуна кире бериштеги күзөт кызматчысы да, клубдун ичиндеги күзөт кызматчысы да өз ордунда болгон. Андан сырткары клубдун ичинде башка адамдар да бар экен. Латиф Жаныбекти клубдун ичиндеги диванга жаткырып, суу алып келгени чыгып кетет. Ошол убакта сабаган адам күзөт кызматкеринин жанынан эч тоскоолдуксуз 5-кабатка чыгып, клубдун күзөт кызматкеринин жанынан өтүп клубга кирип, эс-учун жоготуп жаткан Жаныбектин башына дагы муштаптыр. Мунун баары камерага тартылып калган экен, биз аны кийин барып көрдүк.
Ошол убакта “Тез жардам” келип калып, тиги кишинин “Тез жардамдын” кызматкерлерине да кол салганы камерага тартылып калыптыр. Андан кийин гана ал “Мото” борборунан тоскоолдуксуз чыгып кеткен. Аны коопсуздук кызматкерлери токтотууга да жараган эмес. Угушумда, ал адамды алар таанышат экен. Менин билишимче, анын аты – Максат.
Жаныбекти өзүнө келтириш үчүн үстүнө суу куюшкан. Ошондуктан үстү бүт суу болуп, үшүп калыптыр. Ооруканага келгенибизде врачтар рентгенге салып көрүшүп, сөөктүн эч нерсе болбогонун, толук текшерип көрүү үчүн томографияга алып баруу керектигин айтышты. Томографияга тартуу 2500 сом экен, жанымда анча акча жок болгондуктан, Жаныбекти үйгө алып келдик. Эртең менен гана томографиядан өткөрүп, сүрөтүн врачка алып келсем, “абалы кандай?” деп кайра менден сурайт. Врач болгондон кийин сүрөткө карап деле билсе болот эле. Абалы кыйындап жатканын айткандан кийин гана “бул жакка алып кел” деп жиберди. Үйгө келсем, Жаныбек эс-учун билбей жатыптыр. “Тез жардам” чакырсам, алар кайра бул ооруканага алып келишти. Ооруканада да шалаакылык кылышып, аты-жөнүн сурап, антип-минтип отуруп бир саатка жакын убакытты жөн эле өткөрүп жиберишти. Жазып берген бөлүмү да 2-кабатта экен, жардам берген эч ким жок, өзүм жалгыз көтөрүп чыктым. Тергөөчү келип, “бул жакта киши кыйналып, комада жатат, эмне үчүн карабайсыңар?” дегенден кийин гана врачтар кыймылдай башташты.
Биз алгач ооруканага келгенде эле тезинен жардам көрсөтүшсө, айыгып кетмектир. Кабыл алуучу жерине келип, “карап койгулачы?!”, томографияга келип, “тартып койгулачы?!” деп жалдыраш керек экен буларга. Ал эми милиция болсо кылмыш ишин бүгүн эле ачыптыр, күбөлөрдү сурап жатышат. Мага бир номерлерден белгисиз бирөөлөр телефон чалып, үйүбүздүн дарегин сурашты. Ал эми кечээ мен тааныбаган үч жигит Мерседес автоунаасы менен ооруканага келип, “биз Жаныбектин достору болобуз” деп реанимацияга киргенге аракет кылышты эле, дарыгерлер киргизбей коюшту. Үйдүн дарегин сурап чалган адамдардын телефон номери жана "досу болобуз" деп келген белгисиз адамдардын автоунаасынын номери да жазылуу. Андан кийинки түнү да “биз Улуттук коопсуздук кызматынанбыз, бул ишти өзүбүздүн көзөмөлгө алабыз” деп эки жигит келди. Алар да киргенге аракет кылышып, кире албай кетишти.
Ал эми Жаныбек болушкан таксистке акча берип коюшкан экен, милицияга жазган арызын кайра алып алыптыр. Ал бизге кандай оор болуп жатканын, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аны токмоктон ажыратып, өзү токмок жеп калган Жаныбекти да түшүнбөй жатат. Ошол жерде карап турган адамдарга да таң калам, 102 телефонуна чалып милиция чакырып коюшпаптыр.
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Ташыкулов Мэлсбек Амиракулович Жаныбек Айдаралиевдин абалы оор экендигин, андан башка маалымат бере албастыгын айтып кутулду.

“ЧЫГЫМДЫ ТӨЛӨП БЕРДИ ЭЛЕ, ЖАЗГАН АРЫЗЫМДЫ АЛДЫМ”

Ызы-чуунун башкы каарманы болгон таксист Талгат Жумабековго да жолуктук.

– 16-октябрда таңкы алтыларда “Мотонун” алдында турсам, бир мас жигит келип, "Кызыл-Аскерге жеткир" деди. Анын мас экенин көрүп, “кардарым бар, мен азыр кетем” дедим. Жинденип, сөгүнүп-сагынып баштады эле, мен автоунаадан сыртка чыктым. Ал рацияны көтөрө чыгып, антеннасын талкалап, алдыңкы терезени чабайын дегенде колунан кармап калдым. Рациянын антеннасын жулуп, “Такси” деген шашканы жерге чаап салды. Милицияга телефон чалайын деп карасам, телефонумдун батарейкасы отуруп калыптыр. Анан Абдрахманов көчөсү жакка чуркап кеттим. Келсем, ызы-чуу болуп калыптыр. Милицияга ал жигиттин үстүнөн менден башка эч ким арыз жазбаптыр. Мага ал баланын тааныштары келип материалдык чыгымды төлөп беришти, ошондуктан арызымды алдым. Мага көп эле адам жардам берип жаткан, токмок жеген кимиси экенин билбейм.

“Мото” соода борборуна барып күзөт кызматынын ошол түнү иштеген кызматкерлерин сураштырсак, алар эртең менен нөөмөттү өткөрүп берип, эс алганы кеткенин билдиришти. Ал эми күзөт кызматынын башчысы жумуш ордунда жок болуп чыкты.
Иш кандай жүрүп жатканын билүү үчүн Биринчи Май РИИБинин 7-шаардык бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы Тимур Мажиновдон сураганыбызда, ал кылмыш иши козголгонун, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч кандай маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми таксисттин арыз жазып, кайра алганын билбегендигин жана ал таксист күбө катары сөзсүз сураларын да кошумчалады.
Азыр Жаныбек Айдаралиев Улуттук госпиталдын нейротравматологиясынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Томографиялык анализ жабырлануучунун мээсине куюлган кандын уюп (гематома) калгандыгын көрсөткөн. 17-октябрда баш сөөгүнө трепанация (операция жасоо үчүн баш сөөктү тешүү) кылынган.
Жаныбек – Кыргызстандын радио тармагындагы эң мыкты үн режиссёрлордун бири. Мына ушундай таланттуу жаш жигит ашкере гумандуулугунун айынан өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканы өкүндүрөт. Кантсе да кылмышкер колго түшөт жана жазасын алат деп ишенебиз. Таланттуу режиссёр айыгып, шайыр жубайы Айжандын жанына кайтышын тилейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



"Тумар" радиосунун кызматкеринин өмүрү коркунучта

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(83)
Super TV
21.10.2011. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
01-07-2011
Соӊку аракети:
16-07-2018 13:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдыгерлик менен карап турушун Акмак бул кирекечттен нени кутсо болот ошонун айынан ушундай абалда болуп жататта.Аман эсен жакшы болуп кетсин.
Super TV
21.10.2011. 16:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
08-06-2014 19:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Таксист бала ошол жардам берип, коргогон Ди-Жейге болушуп койсо эркекче болот эле. Ушундай оз жанын эле ойлогондор коп болуп кетти. Куураган байкуш Ди-Жей жакшылык кылам деп, озу чон проблемага кабылып калды. Врачтарыбыз аман эле болсун, булар эптеп эле акча умут этип калышкан. Олкобуздо элибиздин ан сезими эмне болуп баратат деги? Элдин баары эле акчанын кулу болуп калдык окшойт. Орусча айтканда "Недостаток приводить к безнравственности" деген чын окшойт.
Super TV
21.10.2011. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
09-10-2010
Соӊку аракети:
26-02-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Kerseygen akchamdi aldim enne bolson osho bol degensip turganin mashinasin orttop salsa bolmok jakshilikka jamandik degen ushu da,aman esen ayigip ketse eken.Adamdar enne bolup baratabiz akcha uchun.
Super TV
21.10.2011. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
01-07-2011
Соӊку аракети:
16-07-2018 13:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Jim кошулам сиздин оюнузга качан бири-бирибизге кайдыгер караганыбыз токтолот баарыбир Кыргызбызго
Super TV
21.10.2011. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
05-06-2007
Соӊку аракети:
13-05-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Таксисттин сагыз чайнап коюп, эч нерсе болбогондой жооп бергенине тан калдым. Ага жардам корсотом деп бироо олум менен омурдун ортосунда жатса азыр. Кудайдан Жаныбектин аман болуп, сакайып кетишин тилейм. Жанагы зоокур да оз жазасын алышы керек!!!
Super TV
21.10.2011. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-12-2010
Соӊку аракети:
06-12-2018 18:19
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш арачага тушом деп озу омур м-н олумдун ортосунда калды((( карап туруп эч жардам бербеген адамдар кудайдан корксо болот эле го.. тезиреек бутуна туруп аман болсун!
Super TV
21.10.2011. 16:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
01-12-2009
Соӊку аракети:
20-09-2014 12:38
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болуптур?жазып койгулачы сураныч.менин компумдун уну чыкпайт.ди-джей кызды да коркутур жатышабы?же жолдошу да ди-джейби...
Super TV
21.10.2011. 17:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
10-02-2015 00:13
Жынысы:
Белгисиз
0
deep:ооба экоо тен диджей экен.таксистке арачы боло коём деп катуу таяк жеп реанимацияда жатат экен.а таксист болушуп да койбоптур.Аялын да коркутуп жатышыптыр.
Super TV
21.10.2011. 18:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
22-05-2008
Соӊку аракети:
14-06-2014 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алма-Ата
0
Таксисттин турганын карасан кыжырды келтирип,акмак десе,баары ошол учун экен да.Ал сабап жатканда карап туруптурбу ээ,кудай тобо.
Жакшы болуп кетишин тилейбиз!
Super TV
21.10.2011. 18:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
09-12-2014 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Жок жерден эле жабыркаганын карасан эми, бир уй-булонун тынчы алынган.
Super TV
21.10.2011. 19:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-09-2011
Соӊку аракети:
25-10-2012 00:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
казакстан
0
Таксист жеткен наадан го баары ошондон башталып жатса ажыратып койбогон.Алын жетпесе жардамга чакыр да милицияны. Сен учун бир адам бир уй-було азап чегип жатат. Дагы акча берди арызымды алдым деп койот уялбай манкурт десе. Куунолу оз жазасын алып Жаныбек аман-эсе айыгып кетсин.
Super TV
21.10.2011. 20:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
17-08-2011
Соӊку аракети:
27-12-2012 20:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Да блин как охранники такаого большого торг. комплекса не вмешались?? Они же стоят там именно из за таких случаев,а СБ клуба они же охраняют именно сотрудников! Или они чо сами побоялись? И вообще много таких равнодушных людей, которые не посмотрят даже на умирающих людей! Эхх, сейчас самое главное чтоб выздоровел Жаныбек Айдаралиев, и чтоб счастливая семья осталось счастливой !! Люди очнитесь!!
Super TV
21.10.2011. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Bizdin organdar (milizia,sot) akyikatuu ishtep,jabyrkaganga jardam bereerine umuttonobus. Hulgandardy jazalash kerek, echkandai para albagyla Organdagylar, taxista kichine kairylyshsa bolmok jardam bergen adamga......
Super TV
21.10.2011. 23:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-08-2011
Соӊку аракети:
28-10-2011 00:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу биздин Кыргзстанда акыйкат барбы ким конкретно айта алат? Ден-соолугун сурайлы эми айыгып кетсин.Аябай окунучтуу......
Super TV
22.10.2011. 01:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
18-02-2012 21:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
kyrgyzstan,germania
0
Kyrgyzdar emne ele bolup baratyschkan degi ar kim ozun oilop,Jaratkan densooluk bersin!!
Super TV
22.10.2011. 02:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-09-2011
Соӊку аракети:
19-05-2012 02:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Hannover
0
Taksist adam emes turbaiby, turganyn karasan, jetken meesi oshol je... Je munu dagy korkutushtu da, albasan olosyn dep. Birok oshogo adamdyk abiiri kantip chydap atat?
Super TV
22.10.2011. 07:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-12-2010
Соӊку аракети:
05-05-2015 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Katuu jazalash kerek andai zookur adamdi, aldagi bir chondun tuugani bolso kerekta e,
Super TV
22.10.2011. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
11-12-2018 11:09
Жынысы:
Белгисиз
0
baikush aiygyp ketsin
Super TV
22.10.2011. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
30-12-2018 01:51
Жынысы:
Белгисиз
0
таксистке ошол акча жукпасын жазасын алсын ал эми берки зоокур эки дуйнодо жакшылык корбосун акмак
Super TV
22.10.2011. 12:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-07-2011
Соӊку аракети:
17-08-2014 03:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирээк жакшы болуп кетишин тилейбиз , таксист адам эмес эле айбан экен , козунон чыксын алган акчасы
Super TV
22.10.2011. 16:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
20-02-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Таксист балага жардам берем деп өзү жаман абалга калыптыр. Тиги таксист деле арызын албай эле койсо болмок. Менин оюм боюнча тиги балдар "Чёрныйлар" го. Тиги жакта күзөтчүлөр да жалдырап карап турганы жаман болуптур. Эртээрек айыгып кетсин!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: