ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Аскар бейкүнөө жерден көп жылга кесилип кетти. Баары бир адилеттик болоруна ишенип жүргөн жаны 10 жылга кесилгенин укканда дендароо болуп туруп калды. “Өлдүм!” деген муздак ой дене боюн муздатып таштады. Ойлогону Мариям жана анын боюнда калган баласы. Бир оюнда жаш баласы менен ата-энесинин үстүнө эле барса дейт. Бирок ушунча жылдан бери бар-жокко, ач-токко түтүп окуп келе жаткан окуусун таштап басып кеткенин да туура көрбөйт.
Ал эми айы-күнү жетип турган Мариямдын абалы андан да оор болчу. Өзү дагы оор көтөрдү. Елена Петровна аттуу жалгыз бой аялдын үйүндө жашап жүргөн. Күйөөсү тигинтип ак жеринен күнөөлөнүп кеткен соң ал Мариямга боору ооруп, өзүнүн жанына алып алган эле. Анын үстүнө үлгүлүү окуган, адептүү кызды ичинен аяп турчу. Кезегинде өзү дагы Балдар үйүндө тарбияланып, эми өз күчү менен профессордукка жеткенин Мариямга көп айтар эле.
Аскардын акыркы соту болор күндөрү Мариям катуу ооруп калды. Бир чети санаадан да алдырып койду көрүнөт.
– Кызым, кайгыдан адам бир нерсе болсо, анда мен эбак өлмөкмүн. Адам өзүнө келген кыйынчылыкты жеңе билиш керек. Туура, абалың оор. Бирок жатып алуу менен эч нерсени жеңбейсиң,- деди бир күнү кабагы түшүп, соолуп жаткан Мариямга Елена Петровна.
– Достору Аскардын сотуна катышып келишиптир. 10 жыл берди дешти,- деди араң үн каткан Мариям. – Мен мындан ары кантип жашашымды да билбейм. Балам менен эми кандай күн болот? Мен го мен, өзү не болот? Кандай адам болуп чыгат?
Көмөкөйүндө буулуп, азыр баа деп ыйлап жиберчү абалда. Бирок көктүгүнө салып карманып жатты. Балким, Балдар үйүндө чоңойгондун таасири үчүнбү, Мариям көк, өтө намыскөй жан болчу. Тиштенип чыдап окуусун улантып, дагы бир ооруканада санитардык кызмат өтөп, айтор, жашоо менен айыгыша күрөшүп жатты. Ошол иштеп жүргөн кезинде толгоосу кармап калды.
Пол жууп жатып бели зыр дей түшкөн Мариям ичин кармалай чөгөлөп отура калды. “Башталды!” деди үрөйү уча. Араң ордунан туруп баратып көзү ымыр-чымыр боло түштү. Ошол замат “Тез жардам” чакырылып, Мариямды төрөт үйүнө жеткиришти. Биринчи төрөт болгон үчүнбү же эгиз төрөп жаткандыктанбы, жаны көзүнө көрүнүп, кыйналып жатты. Адам канчалык кыйналса, ошончолук анын кайрымжысы да болот деген чын окшобойбу, таңга жуук бул ааламга эки перзент жарыша келип апасын бакытка бөлөдү.
– Мына сага, эки уул!
– Жигиттер төрөлдү!
Акушерка, врачтар кубана сүйлөнүп калышты. Мариям эки каруусуна экөөнү алып, болкулдап ыйлап жиберди.
– Эй, сага эмне болду?
– Сүйүнүш керек мындай ишке...- деп жатышты аны курчагандар.
Төрөт үйүнө аны тосуп келген Елена Петровна гана болду. Каатчылык элдин башына түшүп турганы менен, байкуш аял шаанисин кылам дегенби, бир аз стол жасап койгон экен, аны карап Мариям күлүмсүрөп алды. Мындан ары кандай болот? Эки бала менен аты-жыты тааныбаган орус аялдын үстүндө жашай бере албашы да чын. Колун байлаган экөө менен же бир иштей албаса. Алды туңгуюк, арты жар. Кандай кылуу керек? Ушундай кыжалат, кыйын күндөр түштү Мариямдын башына. Бир күнү Елена Петровна аны шашылыш ишке чакыртып калды.
– Кызым, тез келип кал. Сен керек болуп жатасың.
– Балдарды кайда таштайм?
– Коңшунун кызына табыштап келе кал. Ассистентим ооруп калыптыр. 15 минутадан кийин оор операция жасалганы турат. Сенин тажрыйбаң деле жетиштүү.
Мындай учурда көпкө ойлонуп туруу болбосун сезип, Мариям балдарын коңшуга табыштай салып ооруканага жөнөдү. Чындап эле оор операцияга даярданып жатышкан экен. Чет өлкөдөн илимий семинарга келген академик капысынан ооруп калгандыктан, тез операция жасоого мажбур болуп жатышыптыр.
– Келдиңби? Даярдан,- деген Елена Петровнанын буйругун угуп, шашып кирип кетти.
Дарыгерлик кесиптин өзгөчөлүгү ушунда. Ал өмүр менен өлүмдүн дарбазасында турганда баарын унутуп, ошол адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн гана жашап жаткандай туюлат. Жүзүнөн тер төгүлгөн Мариям операция бүтүп, шалдырай отурганда гана балдары эсине түштү. Өзүнөн өтүп чарчаган устаты ага боору ооруй карады.
– Рахмат, Мариям, бүгүн ишке жарадык экөөбүз тең.
– Эч нерсе эмес, Елена Петровна, мен балдарга барайын...
Мариям үйүнө келсе, эки уулу тең бака-шака түшүп ыйлап жатышкан экен. Экөөнү уктатып, кирлерин жууп, адатынча түн бир оокумга чейин иш кылып жүргөн Мариям Елена Петровна келип, жанына отурганда байкады.
– Кел, чай ичели,- деди ал шашпай.
Узак сүйлөшүүнү каалаганда гана ушинтип калмайы бар. Кирлерин таштап, чай койгону жөнөгөн Мариям уулунун бири ойгонуп калгандыктан, ага чуркады. Аны уктатып коюп, ашканага кирди.
– Кел, кызым, экөөбүз сүйлөшөлүчү.
“Мына азыр айтат. “Канчага чейин үйүмдө жашай бересиң?” деп айтат” деп жүрөгү опколжуган Мариям орундукка коомай көчүк басты.
– Кандай пландарың бар?- деди тиги түз эле.
– Кечирип коюңуз, биз сизди жүдөтүп жибердик. Кылган мамилеңизге, жакшылыгыңызга, баарына рахмат. Мен эки өмүрдө сиздин жакшылыгыңыздан кутула албасмын. Бирок кам санабаңыз, жакында кетебиз.
– Кайда кетесиң?- деди тиги өкүм үн катып.
Мариям жооп ордуна эки ийинин куушурду. Чындап, кайда барат? Эки кичине баласы менен кайсы эшикти каккылайт? Заман болсо бул...
– Азыр кичине балдарың менен кимдикине батасың, кимге барасың?
– Аскардын ата-энесиникине барам. Балдар чоңойгончо... Калганын кийин көрө жатарбыз.
– А окууңчу, ишиңчи? Ушунча жыл окуп, анан бүтөйүн деп жатканда таштап коёсуңбу?
Көпкө кеңешип отурушту, бирок бир жыйынтык чыгара алышпады. Бир жумадан кийин жумуштан сүйүнүп келген Елена Петровна сумкасын таштай салып Мариямга сүйүнчүлөдү.
– Мариям, баягы биз операция жасаган академик айыгып калды. Бүгүн өзүнө чакырып алып, ыраазычылыгын билдирди. Анан сен тууралуу да сөз болуп кетип, сенин жагдайыңды айтып, түшүндүрдүм. “Таланттуу врач болуп чыгат, азыр эгерде баарын таштап айылга кетип калса, медицина эң мыкты дарыгеринен айрылат” дедим. Ал биздин жагдайды ойлонуп, сени илимий тажрыйба топтоо үчүн өз командасына кошуп алмай болду. Ошондо окууң да улантыла берет. Кандай, сонун жаңылык бекен?
– Ким билет, башкалар үчүн мындай ийгилик түшүнө да кирбесе керек эле. Бирок мен баш тартканга аргасызмын,- деди Мариям.
– Кандайча? Акылсызым, мындай ийгилик миңдин бирине келет. Эртең дүйнө эмне болуп кетерин билбей жатканда мындай нерсени коё бериш мүмкүн эмес.
– А балдарчы?
– Убактылуу Балдар үйүнө өткөрүп турсаң болот.
– Эмне-е?!
Келин көздөрү чанагынан чыга кыйкырып алды.
– Эч качан Балдар үйүнө өткөрбөйм. Боортоктоп темселеп калган күндө да мен балдарымды таштабайм. Билесиз го, мен өзүм ал жакта чоңойгом. Мен эч качан балдарымды ал жакка бербейм.
– Коё турчу, анда кандай кылсак?..- деди ойлонгон устаты. – Сен келечегиңди ойлобой жатасың. Азыр балдарың менен калып калдың дейли, анан кандай болот? Баса, сен балдарды чоң аталарына таштап турсаң кандай болот, ыя?
– Жок, мен өлүп калам буларсыз... Кантип түшүнбөйсүз? Мени жарыкка үндөгөн, жашоого аракет кылдырган ушул экөө. Буларсыз, балким, жанымдан деле кечип коёт белем. Ушулар менин тушоом, жарыксыз күндөрүмдү алдыга жетелеген үмүт да болуп жатпайбы?!
Мариям канчалык жан далбастаган сайын Елена Петровна аны академиктин командасына кошулуп кетишине шыкактай берди. Анын айтканы да бир четинен туура. Анткени эки баланы бирдей боорун жерден көтөртүп кетүү кыйын болчу. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк чын эле миңдин бирине келчү нерсе эле. Акыры ойлонуп отуруп, баланын бирин Аскардын ата-энесине таштап келмей болду. Ал эми экинчисин карышкырча оозуна тиштеп болсо дагы багып кетет. Ага көзү жетет эле.
Мариям эки баланы тиктеп отурду. Чоңойгон сайын биринен бирин айрып алгыс. Бирок азыртадан эле мүнөздөрү байкалып...

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
barmalei
2011-10-31 09:55:14
Мына сага тагдырдын тамашасы...
0
obruchalko
2011-10-31 10:18:43
agata kristi ailanaiyn surany4 degi tamgalardy satyp alsan dagy ki4ine koburok jasan bolo botom!
0
Damira
2011-10-31 11:04:42
окууп жатып козумон жаш айланып кетти, коп-коптон эле жазгылачы сураныч
0
asil-08
2011-10-31 15:36:16
ооба коптон эле жазгылачы сураныч
0
MissNice
2011-10-31 21:07:49
Suranaaaaaaaaaaaam kopton ele jazgilachi jumadan jumaga jindi bolup ketip jatam.
0
Evelet
2011-11-01 04:32:54
Ki4ine azyraak jazsanar bolo. oto kop jazyp koiupsunar :)
0
Arstan
2011-11-01 04:39:59
Жашоо озу кызык э.
0
ayza
2011-11-01 17:43:04
anan kizigina kelgende ulandisi kiyinki sanda deysiner da...Olo sooonun serial,ooruy turgan boldum bul menen!!!
0
orun
2011-11-03 18:29:51
Эх тагдыр, тагдыр...?!
0
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан