Заман кайда баратат? Мурун “кыз зордуктады” дегенди угуп үрөйүбүз учса, эми эркекти эркек зордуктаган окуялар да кездешчү болду. Бул окуяны угуп, жакамды кармаганга аргасыз болдум. Чын эле олуялар айткан акыр заман жакындап келе жатабы?
“ӨЧӨШҮП ЖҮРГӨН”
Үстүбүздөгү жылдын 5-майында кечки саат 9-10дордо Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында шумдуктуу окуя болуп өткөн. Көчөдөн эле 4 бала өзү теңдүү жигитти зордуктап коюшкан. Зордук көргөн 31 жаштагы Марат (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) бул окуяны ийне-жибине чейин айтып берди.
– Кошунам Максат мурда эки жолу (уурулук жана киши өлтүрүү боюнча) түрмөгө отуруп чыккан. Акыркы күндөрү достору менен “сага кичине эле тийип койсо, “сасып” баштайсың” деп ачык эле коркутушчу. Мындан он жыл мурун Максат аскерден келгенде экөөбүздүн ортобузда чыр чыгып кеткен. Көчөдө отургучта отурсам, ал мас болуп келип “арак алып бер” деп опузалаган. Менде акча болбогондуктан, кийинчерээк алып береримди айткам. Ал менин байкоосуз турганымдан пайдаланып, көтөрүп чаап, төшүмө минип алганда “тур, эркекче сүйлөшөлү” деп тургузуп, аны үч бүктөп койгон элем. Экөөбүздүн урушуп жатканыбызды агам көрүп, ажыраткан. “Агасы экөөлөп сабап койду” деп догурунуп, ошондон бери мага өчөшүп жүргөн.
Акыркы күндөрү, чынын айтсам, аракка көбүрөөк берилип кеттим. Апам мени аракты таштасын деп тамакка бир дарыларды кошуп берип жүрүптүр, мен аны билген эмесмин. Дары күчтүү болуп, кустуруп, тамакка табит тартпай калат экен. Ошондуктан мен өтө алсырап кеткем.
Ошол каргашалуу күнү тамеки алып келүү үчүн көчөгө чыксам, Максат Ханатбаев, Гена Дегтяров, Артём Сухоруков жана дагы бир бала турушуптур. Алар мени курчап алышты да, тепкилеп сабап киришти. Бир маалда Максат “тоңкойткула” деп буйрук берди. Кыйкырып-жулкунуп жаттым, бирок төрт адамга кайдан күчүм жетсин. Менин кыйкырганыма кошуналардын бири да жардам бергени сыртка чыкканга жарабады. Себеби Максаттан коркушчу. Катуу сабагандыктан, эсимди жоготуп коюпмун. Бир маалда эсиме келип, араңдан зорго үйгө сүйрөлүп жеттим.
“ҮЙҮНӨ КИРИП АПАСЫН ДА ЗОРДУКТАЙБЫЗ”
– Бул тууралуу апама айтуу кыйынга турду. Эртеси короодогу жаңгактын түбүндө жатсам, көчөдө бараткан жигиттер “бул жерде гей жатат, биз да сынап көрбөйлүбү...” деп мыскылдап өтүштү. Ошол күнү Гена келип, “бирөөгө арыздансаң, өлөсүң!” деп коркутуп кетти. Ошондо гана чыдабай кетип апама айтып жибердим. Алар мени арыз жазат деп ойлошпосо керек, себеби түрмө мыйзамы боюнча, арыз жазылбайт экен. Биздин айыл, андагы адамдар түрмө мыйзамы менен жашап калганын билбептирмин. Ошол күндөн баштап мени киши ордуна санабай кордогондор көбөйдү.
9-май күнү Максат айылдагы балдарды чогултуп, алар үйдү курчап алышты. Көчөдө туруп алып, "азыр үйүнө кирип өзүн да, апасын да зордуктайбыз", "давай, 50 сомдон чогултуп, сатып алалы", "ую тууптур, эми өзү да тууйт" деп кыйкырып жатышты. Үйдөгү апам жана карындашым үчүн коркуп кетип, жанымды кыюуну чечтим. Кокус кирип келишсе, апамды, карындашымды да зордуктап, өлтүрүп салышпасын деп бычак менен колдорумдун, буттарымдын кан тамырларын кесип, жүрөккө бычак урдум. Жүрөккө урулган бычак кабыргага тийип, ары өтпөй калыптыр. Колдорумдун эле жетимиштей жерин кескилептирмин. Көзүмдү ачсам, ооруканада экенмин. Айылдан кетип калайын дейм, бирок ушунча болду, аягына чейин күрөшөйүн деп жатам. Сотто аягына чейин туруп, намысымды коргойм. Мен тааныган үчөөнү кармашты, күбө жок болгондуктан, төртүнчүсү ким экени белгисиз бойдон калды.
Артём кармалганда зордуктаганын мойнуна алыптыр, ал эми экөө мойнуна албай жатышат. Ал тургай Гена мени “жинди болчу” деп да айтыптыр. Ошонун айынан мени бир жума бою ооруканага жаткызып, текшеришип, үч консилиумда бардык дарыгерлер “дени таза, болгон окуя боюнча чындыкты айтып жатат” деген диагноз чыгарып беришти. Мени эмне кылышканын азыр бүт айыл билет, мени менен саламдашуудан да коркушат. Ким мени менен учурашып, сүйлөшүп турганын көрүп калса, Максаттын достору аларды да коркутуп жатышыптыр. Кээ бирлери алаңдап эки жакты карап, эч ким жок болсо, “ушунча болду, эми аягына чейин тур, алар да өз жазасын алышсын” деп шыбырап кетишүүдө. Максаттын достору мени көргөндө “кантип тирүү басып жүрөсүң, андан көрө өлүп албайт белең?!” деп опузалашат. Мага ушунчалык оор болуп кетти.
“КҮБӨ БОЛГОН ҮЧҮН ЖАЗА АЛДЫ”
Канымжан Туткабаева, апасы:
“ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН БЕРИШТИ”
– Уулум акыркы күндөрү ичкиликке жакындап баратты. Мас болгон сайын “апа, мага өлүм жазасын беришти” дей берчү. Орусияда иштеген кызым да телефон чалып, “апа, жаман түш көрдүм, Марат байкеме айтчы, көчөгө чыкпай эле койсун” деп айткан. Маратка айтсам, ал да “өзүм да жаман болуп жатам” деп жүргөн. Уулум арак ичип жаткандыктан, “Эспарал” деген дары берип запойдон чыгарганмын.
Окуя 5-май күнү болуптур, мен уулумдун кор болуп зордукталганын 8-май күнү билдим. Эки күн эч ким менен сүйлөшпөй койгон, мага да эч нерсе айткан эмес. Көрсө, катуу сабашыптыр. 8-май күнү түш чендерде гана мага катуу сабап кетишкенин айтты. Ошондо тамак берсем ичпей койгон, тамак ичмек тургай жашаганга да көңүлү жок экен. Күүгүм ченде мээрман айым болуп иштеген Айгүл деген аялды чакырдым, ал келип капельница сайса, кетпей койду. Үч күндөн бери эч нерсе иче электигин айтсам, өлүп калбасын деп глюкозаны стаканга куюп, ичирип жиберди. Аны ичкенден кийин бетине кызыл жүгүрүп, сүйлөгөнгө алы келип калды. Жарым сааттан кийин глюкозанын жарымын ичкенден соң гана “апа, мени катын кылып коюшту” деди. Өзүмдү жоготуп коюпмун, бакырып-өкүрүп башымды койгулап жатам, өзү да ыйлап жатат. Колу-бутунда алардын кармаган колдорунун изи дагы эле бар экен.
Максаттын үйүнө барып дарбазасын тыкылдатсам, Азиз Акмолаев чыгып “канга кан!” деп коюп кирип кетти. Агасы аял зордуктаганы үчүн түрмөдө кордук көрүп өлгөнүнө дагы эле кек сактап жүрүптүр. Милицияны чакырдым эле, балам аларга эч нерсе айтып бербей койду. Алар “анда сөзсүз түрдө эртең эрте барып милицияга арыз жазып, андан ары медэкспертизадан өткүлө” деп кетишти. Эртеси милицияга арыз жазып, медэкспертизадан өткөрттүм. Андан кийинки күнү келсем, врачтар “балаңыз аябай кор болуптур, абайлаңыз, өзүн-өзү өлтүрүп албасын” дешти.
Биздин айыл айыл эмес эле чакан түрмөгө айланганын ошондо билдим. Баары түрмө мыйзамы менен жашап калышыптыр. Көчөдө баратсам, уулум эле эмес, мени да “крыса”, “терпила” деп айыпташат. Ал эмне деген сөздөр экенин кийин билдим. Ал гана эмес, Надя аттуу аял мени менен учурашканы үчүн Рамзан деген жигит “сен эмне үчүн аны менен учурашып жатасың? Ал деген “терпила” да” деп сабаптыр. Уюбуз тууп, Марат музоосун жетелеп баратса, көчөдө балдар отуруп алып, “аа, катын төрөп койгон турбайбы...” деп мазакташыптыр.
Ошол күнү 9-май болчу. Кечинде үйдө Марат жана неберем бар эле, сыналгы көрүп отурганбыз. Марат “сыртта балдар жүрөт, сиз уктап эле калыңызчы” деп калды. Көрсө, биздин милицияга арыз жазганыбызды билип алып, күүгүм кирери менен Максаттын 20-30дай досу келип үйдү курчап баштаптыр. Сыртта отуруп алышып, ыплас сөздөр менен кыйкырып жатышкан. Бир убакта жаныбардын жаны чыгып жаткандай кырылдаган үн чыгып кетти. Жүрөгүм болк дей түшүп атып чыксам, балам канга чыланып жатыптыр, колу-буттарынын кан тамырларын кесип салыптыр. Үйгө көтөрүп кирип төшөккө жаткызып, милицияны, “Тез жардамды” чакырдык.
Мараттан улуу эки уулум бар, өч алабыз дешкенинен аларды араң токтоттум. Баарынан да күйдүргөнү, Максаттын туугандары аны чыгарып алыштын амалы үчүн бардык нерсени жасап жатышат. Жакында бизге Жылдыз Ногойбаева 500 доллар берип күйөөсүн жөнөтүп жибериптир, “Генаны чыгарып бергиле” деп. 500 доллар эмес, Москвадан үй алып берем десе да артка кайтпайбыз, айбандык кылганы үчүн алар да өз жазасын алышсын.
Ушундай, окурман, үрөйдү учурган мындай окуя кайталанбаса дейбиз. Кылмышка шектелгендердин иши кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн Чүй ОИИБине байланышып, Максат Ханатбаев, Гена Дегтяров жана Артем Сухоруковдордун үстүнөн тергөө амалдары аяктаганын, азыркы тапта алар Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин билдик.
АЙЫПТУУЛАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ЖАЗА БЕРИЛИШИН КООМЧУЛУКТУН АТЫНАН БИЗ ДА ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg