Нурзат Токтосунова: «МЕН ЫЙЛАБАЙМ, ЖАШОО УЛАНА БЕРЕТ»

Кайсы жерде жүрбөсүн, Нурзат Токтосунованы жаркылдаган маанайда көрчү элем. Бүгүн Нурзаттын ар бир кадамын кыйналып араң таштап, оор үшкүрүп, көздөрү жашылданганын көрүп, мен да буулугуп отурдум. Жашоонун мындай адилетсиздигине, адамдардын акмакчылыгына капа болдум. Анткени...

– Кандайсың, Нурзат, катуу сыркоолоп, операциядан чыгыптырсың. Эң башкысы, башың аман. Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
– Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Үйдө 24 саат бою жата берсең, “эмнеге менин тагдырым ушундай?” деп өзүңдү кемирип-жей берет экенсиң. Өзүң көрүп тургандай, кыбырасам да бүгүн сыртка чыгайын дедим. Баскан сайын кыйналып турсам да, элге аралашып алаксышым керек болуп калды.
– Кой эми, үшкүрбө, билем, кошул-ташыл болуп турганын. Кечээ эле курулган үй-бүлө бир заматта урап калса...
– Ошол, жашоо улана берет экен. Мага Жараткан оору, үй-бүлө аркылуу сыноо салды. Бирок кандай сыноо болбосун, акыры эки көзүбүз жылтырап, денебизде кан жүгүрүп, тирүү болгондон кийин көтөрөт экенбиз баарын. “Эмнеге мен ушундаймын, эмнеге мага эле бүлө курууда мындай сыноолор түшөт?..” деген ойлор эзип, бул жашоодон кечип кетким келген да мүнөттөр болду. Кирип кетейин десең жер катуу. Мындай ойлордон апаң, жакындарың сактап калат экен. Апам башымдан сылап: “Кызым, сен мен үчүн жашачы! Мен сени ушинтип ыйлап турсун же сыгыла берип оозу-мурду кыйшайып калсын деп жарык дүйнөгө алып келген эмесмин. Жашоонун өзү – өрт. Ошол өрттү кечип, жеңип жаша. Мага сенин эч нерсеңдин кереги жок. Сенин басып жүргөнүң эле олжо. Жаша, кызым, мен үчүн, бир туугандарың үчүн!”- деп далымдан жөлөп тургузду. Ансыз деле далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келген апамдын мен үчүн да ыйлап турганына абдан ыза болуп, жанымды коёрго жер таппай калып жаттым.
– Күйөөң менен “күнөө сенден кетти, менден кетти” деп ачык сүйлөшө элексиңерби?
– Экөөбүз тең ойлогон эмеспиз, чогуу жашообуз мындай аяктаарын, башталбай жатып бүтүп каларын. Ал да “бактылуу болом” деген, мен да “бактылуу болом го, акыркы барган жерим ушул болсунчу” деп баргам. Башын жерге салып “мындан ары жашай албайбыз” деди. Көрсө, аларга ооруп калган келиндин кереги жок экен. Мен ага эч кандай жаман сөз айткым келбейт. Бактылуу, бала-чакалуу болсун! Бул күндөр да өтөт. Болгону, жүрөктөн кеткис так калат. Ал такты кетирүү эч мүмкүн эмес, көргөн сайын эстейсиң. Ооруканада жатып, бир чети оорудан, экинчиси моралдык жактан жараланып, эмне кылып жатканымды деле туя албай турганда көп кишилер келип меникинен да оор тагдырларын айтышты. Элде айтууга ооз барбаган тагдырлар кездешет экен. Бирок эл көзүндөгү адам болгондон кийин мен үчүн моралдык жактан катуу сокку болду. Же жеке жашоону жашырып-жаба албасаң.
– Тагдырдын тамашасы деп коёбуз. Ал адам кечирим сурап келсе кечире аласыңбы?
– Жок, мен ал кишиге жашоомду кайра ишенип тапшыра албайм. Бир гана айтарым, бактылуу болсун! Мен да маңдайыма жазганын көрөм, ал да өз жашоосун улай берсин. Мени менен бир ашуудан чогуу ашпай, кайра артка чегинип кеткен адамды кечире албайм!
– Ал жигиттин артыңдан жакшы эле чуркап жүрүп алганын уктум эле...
– Мага айтпай туруп үйүнө алпарып, жоолук салып алды эле. Эми ал мындай болду эле, тигиндей болду эле деп айтпай эле койгонум туура окшойт. Бирок мен ал адам үчүн чыгармачылыгымды да таштаганга даяр болчумун... Ооба, менин деле ага чейин турмушум болгон, анын деле биринчи турмушу, кызы бар. Кандай адам жаңылбайт? Ошол жаңылган нерсени оңдоп кетсе, көч улана бермек. Анын жамандыгынан же менин жамандыгымдан ажырашып кеттик деп айтпайм. Турмуш-шарт ошондой болду.
– Көздүү мончок жерде калбайт. Кел, келечекти ойлоп көрбөйсүңбү. Дагы деле колуңду сурагандар сап-сап болуп тизилет чыгар...
– Жагдай ушундай. Буга чейин жалгыз артып келген жүктү мындан ары деле өзүм көтөрөт окшойм. Эми бул темага кайрылыштын өзүнөн корком, чынында.
– Сабырдуулугуңа баа берип турам жанатан бери. Ыйлап, кайра эле жылмайып жатасың...
– Мындай окуяга жолуккан бир топ адамдын оюна өч алуу келсе керек. Жакын досторумдун көбү “атын эле айтып койчу, ордуна отургузуп коёлу” дешти. Бирок өч алганда эмне? Ар бир адамдын күнөөсүн, катасын Кудай таразалайт. Себеби мындай нерсе менин жашоомдо көп болгон. Ошол эле сахналаштарымдын арасында мени жамандап, көрө албай, кээде чакырылгандардын тизмесинен чийдирип салган учурлар болгон. Бирок көп убакыт өтпөй эле өздөрү ошондой кейипти кийип калышканына күбө болгом.
Бир жолу бир кесиптешим мени абдан жамандап алпаруучулукту алып, анан аябай калың элдин алдында жаңылып кетип уят болгон. Ошондон кийин досторумдун бири тамашалап “Нурзат, сен каргамак тургай жаман көрүп койгон адам кайра сенден кечирим сурап келет” деп калат. Ооруканага жатардын алдында да бир жакшы долбоорду алпарууга даярданып жаткам. Анан уюштуруучулар чалып: “Эми ким алпарат? Сен бирөөнү сунушта”,- дешкенинен мага ич күйдүлүк кылып жүргөн адамдын атын атасам таң калып жатышпайбы, “тобо, сенден ушул адамдын атын атайт деп күткөн эмесмин” деп. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт дегендей, бирде болбосо бирде учурашууга туура келет. Ошондуктан мага жамандык кылган адамдарга мен жамандык каалабайм.
– Байкашымча, төшөктөн башыңды көтөрө электе телефон чалуулар, чакыруулар болуп жатыптыр. Алардан баш тарткан жоксуңбу?
– Ооба, азырынча жакындарымдан башкалардын менин бул абалым тууралуу маалыматы жок да. Ошол себептен баягы Нурзаттай көрүп эле чалып жатышат. Эми алдыда боло турчу жакшылыктарга чакырууну четке каккан жокмун. Буюрса, дагы бир-эки жумада өзүмө келип, сакайып кетермин. Өзүмдү өзүм кармайын деп жатам. Көрүп эле жүрбөйбүзбү, берилген сыноого чыдай албай сынып калгандарды.
Бир жолу көлдө апам менен жүргөндө бир аялды көрүп аябай зээним кейиген. Өзүн карасаң жакшынакай эле аял экен. Бирок кыйкырып ырдап, өзү менен өзү сүйлөшүп калыптыр. Анан ооруканада жатканымда ошол аял эсиме келип жатпайбы. Эстеп алып аябай жаман болуп кеттим да, кой дедим. Жашоодо адам кейпинен кетип калыш бат эле. Ага өзүңдүн алсыздыгың себепкер болот экен. Ошон үчүн мен эч качан мүңкүрөп, ыйлап жатып албайм. Жашоо улана берет.
– Өзүң айткандай, жашоо токтоп калбайт, улана берет. Эртерээк сакайып кет. Мындан ары баары сен ойлогондой болуп, тегерегиң тегиз, баскан жолуң даңгыр болсун.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (114)
erbolkaliya
2011-11-18 09:06:34
Жамал Сейдакматованын келини болду деп уккан элем,ошол чындыкпы?
0
Баян
2011-11-21 13:48:57
erbolkaliya,киного тартылышкан http://www.super.kg/article/?article=10816
0
erbolkaliya
2011-11-18 09:08:47
Нурзат,атына затын жарашкан кызсын,эч капа болбо баары жакшы болот коросун кийин эстеп кулорсун
0
Lui
2011-11-18 09:58:54
Чынында кыз кишиге жашоонун мындай сыноосу катуу эле тиет, а тем более сиз элдин кишиси болсонуз. Элдин оозу элек деп коет эмеспи, андайларга конул буруштун кереги жок, ит уро берет, кербен журо берет. Кыздын чырагы кырк уйдон дейт эмеспи,алдынызга жакшы пландарды коюп, баш отунуз менен ишке киришиниз, Кудай баарын таразалап, ар ким озуно тиешесин алат..Мандайга жазганы ушул экен, чыданыз бул кундор да отуп кетет..........Сиз жалгыз эмессиз, сизди, сизздин чыгарманызды сыйлаган кыргыз элиниз бар
0
Tursunbek
2011-11-18 11:21:25
Көп кайгырба жашоо кеде ушундай болот, аа мурунку күйөн ЛОХ экен. Сен андан ары жашонду улант
0
dina
2011-11-18 16:19:11
Чындыгында эле оор тагдырга туш болупсуз, сабырдуулугунуз менен чыдамкайлуулугунуз баардык нерсени артка чегинтет. Эн башкысы ден соолугунуз бекемделип, сакайып кетиниз. Коздуу мончок жерде калбайт.
0
evropa
2011-11-18 16:28:25
Tuugandar baktyluuluktu Allahtaaladan gana tileibiz.Sulaiman too degen syiaktuularga emes.
0
Асанбеков
2011-11-19 17:56:12
деги ким билет эмне болуп ооруптур
0
zuhra
2011-11-19 22:46:40
саткынчы эркек озу да оорукчан акыл эси кем мерес андай адам акыры бир кун соо болгонунда деле сатмак кутулушун менен акылы жайында адай ишке барбайт дагы эрте сакайып кет качан кимге тиерин азыр кимге кызык окудук коро албаган кор сокур ден соолук калганын озуно койдук
0
Karamel
2011-11-20 04:33:45
ошо баласыз болуп калабыз деп кетип калган го куйоосу, анда ортодо суйуу жок болчу окшойт башынан эле, менин курбу кызымдын женеси м-н байкеси 7 жыл баласыз жашап, акырында искусственное оплодотворение кылып, азыр эки эгиздуу(бир кыз, бир бала)болуп бактылуу.же болбосо суррогатное материнство дегендей, элдер 21-кылымды жашайбыз го.
Нурзат айыгып кетиниз, баары алдыда.
0
janylmyrsa
2011-11-20 16:55:34
jashooda ar kandai nerseler bolot,men bir nerseni tushunboi turam,emnege bul jonundo eldin baaryna jaryja kyldy,kuioosunon och alganyby,sen kunoolu men kunoolu dep aitpaim deptir,mintip gasetaga chygargany sen kunoolusun degeni da,menin ojum ushundai...
0
LUCHSHY
2011-11-20 22:06:17
турмушта ар кандай ситуациялар болот экен, баарына сабыр кыл балким ушул нерседен отуш керек беле, же бул кудайдын да бир сыноосу балким алдыда сен кутпогон жакшы нерселер болот. негизи коп ойлонбо, эркектер баары мээси жок.
0
elya2404
2011-11-21 01:16:24
"Эркектер баары мээси жок" дегенге мен кошулбайм. Эркекти бактылуу кылганда, бактысыз кылганда аялдын колунда!
+1
saule
2011-11-28 13:00:18
Кундор ото берет, бирок убакыт женет деп коет го, бул кундор да ортта калат, бактылуу болунуз!!!!!!!
0
Kany77
2011-12-21 17:11:29
chto-eto? piar? mest muju? net blizkih druzey, s kotorymi v tesnom krugu mojno vse obsudit? ochen glupo s ee storony tak affiwirovat svoyu lichnuyu jizn, na to ona i lichnaya... a 4 muja, hahaha, eto govorit tolko o ee tuposti, a stroit iz sebya ;|... oy bednaya ovechka, elder, davayte pojaleem ee vse vmeste ;DDDDD....
+1
jumabaeva_meerim
2012-10-09 07:48:04
Kany77, ал эл алдындагы кыз,сага окшогондордун бири эмес экенин унутпа!
-1
Alize
2013-10-17 17:02:41
Нурзат, чын журоктон аялзатка тиешелуу болгон бакытты каалайм.Кандай ак тилегин болсо, баардыгы орундалсын, алтындай болгон апан сенин бактынды коруп, бактылуу болушун жараткандан тилейм. Бактылуу бол!!!
0
№ 471, 11-17-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан