ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ушул учурда Аскардын чөнтөк телефону шыңгырап калды. Таң кала колуна алган ал күбүрөй берди.
– Кызык, номер чет өлкөнүкү экен.
– Алло...
– Аскар, саламатсыңбы?
Таң калычтуусу, ортодон 20дан ашуун жыл өтсө да, Аскар бул үндү жазбай тааныды.
– Мариям?!
Калтыраган үнүнөн өзү уяла түштү. Телефондогу токтоо үн сөзүн улай берди.
– Азирет мага чалып болгон окуяны айтты. Сенин телефон номериңди да андан алдым.
– Ошондой де...
– Мен азыр сенден кечирим сурап отурганга убактым жок. “Үйгө кайт” деп жалындым, бирок ал укпай койду. Сага чалганымдын себеби... Аны менен сүйлөшүп, салып жибер. Суранам сенден...
– Кызык, мен эмнеге аны сага салып жиберишим керек? Мен, тескерисинче, эми уулумду жанымдан чыгаргым келбесечи... Мен бир уулумдан өлүп айрылгам, экинчисинен тирүү айрыла турган алым жок. Уктуңбу сен?! Сен...
Аскар жиниге бакырып-бакырып алды.
– Болуптур, мен анда Кыргызстанга барам. Ага чейин уулумдун жанында бол. Ал жалгыз болбосун, азырынча суранарым ушул,- деди аялдын чарчаңкы үнү.
Аскар аялдын эч нерсе болбогондой бир калыптагы үнүнө таң калып турду. Эсине кылт этип түшө калса, жаны кашайып, жүрөгү ооруп кете турган. 20 жыл бою...
Өзүн таң кала тиктеп турган Бегимайды эми байкап, уялып кетти.
– Кызым, кечирип кой мени. Бизде кийинки убактарда тынч күн жок болуп калды. Баса, жөн келбесең керек.
– Телефон чалган Азиреттин апасыбы?
– Ий-и, ошо. “Уулумду салып жибер” дейт. Ал менин да уулум экени эсинен чыгып кеткен окшобойбу.
Аскар демин баса албай буулугуп, скамейкалардын бирине отуруп калды. Ошол күнү Бегимай экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Көп жылдан бери эч кимге айтылбаган сырын, бугун ушул жапжаш кызга айтам деп ойлогон эмес. Көзүн бакырайта тиктеп, сөзүн бөлбөй отурган Бегимайга ичи жылып жатты.
– Мен бардыгын жоготтум деген учурда кайра таптым, кызым. Аскат бөксөртүп кеткен дүйнөм эч качан толбойт деп ойлочумун.
– Аскат бөксөрткөн дүйнө эч нерсе менен толбойт, мен үчүн...- деди ойлуу үн каткан Бегимай.
Болгону ушул сөздү айтты, 4 сааттык баяндын ичинде. Ал сөздүн ичиндеги маанини жалгыз гана өзү туйду.

ххх

Аскар каршысында майыптын арабасында отурган адамга тике карады. Тиги көзүн жүлжүйтө не уктап отурганы, не ойлонуп жатканы белгисиз. Жашы 80ге таяп калса да, кылмышкерлер дүйнөсүндө али күчү бар адам эле. Кезинде түрмөнү титиретип, “кашка баш Самат” дегенде көптүн тизелери калчылдачу. Калыстыгы менен да даңкталган жайы бар. Аскарды да түрмөдөн чыгарып, чоң чөйрөгө аралашканына көмөк көрсөткөн. Көрсөткөнү курусун, Аскардын колу менен бир топ иштерди кылган. Карып иштен четтегени менен, “крёстный отец” дешип анын акылына, күчүнө таянгандар бир топ болчу. Ал уктап жаткан мышыктай үргүлөгөнү менен, Аскардын ар бир кыймылын көз жаздымга калтырбай байкап жатты. Анын жөн келбегенин да билди.
– Ии, иштер жакшыбы?- деп койду бир топтон кийин гана көзүн ачып-жумуп.
– Мен сизге бир иш менен келдим.
– Кулак сенде.
– Бир кезде мени түрмөдөн чыгарганыңызда “ак кызмат кылам” деп сөз бергем. Ал сөздөн бир дагы жолу кайткан жокмун. Колумдан не деген иштер өттү, аны бир гана Кудай билет. Каалабай турсам да булганыч иштерди кылганга туура келди. Ошонун баарын мен байлык үчүн да, мансап үчүн да иштебедим. Тек жигиттик сөзүмөн кайтпайын деп иштедим.
– Туура айтасың, мен сага өзүмө ишенгендей ишенем.
– Мына, эл ортону элүүгө таяп калдым. Эми мени бошотуңуз. Убадамды так дебейин, колумдан келишинче аткардым. Өзүмдү өзүм жек көрүп, жанымдан кечким келип турган чакта да айтканыңызды кылдым. Колуңуздагы кылыч болуп сиз каалаган жакка чабылдым. Эми баарын токтотушка туура келет. Мени бошотуңуз.
– Мындай чечим кабыл алуу оңой эмес...- деди тиги да ойлуу көз жүгүртүп.
– Уулум себеп болду. Менин былык иштеримдин айынан жалгыз уулумду жоготуп алдым. Ата болгонуңузда, балким, түшүнөр белеңиз менин жоготуумду,- деди Аскар башын чайкай.
– Аталык сезим мага деле жат эмес. Уланта бер...
– Мен башында уулум үчүн өч алгым келди. Уулумдун өлүмүнө тийиштүү деп болжолдогон адамдардын тизмесин да түзүп алгам. Бирок бул оюмдан кайтууга мажбурмун. Анткени жар кырында турганда тагдырдын күтпөгөн сыйына туш болдум. Уулумдун түгөйү бар экенин, эгизи ал сыяктуу бой жеткенин жакында билдим. Аскатымды кайтарып ала албайм, бирок кийинки өмүрүмдү Азиретим уялбагандай жашап өткүм келет. Эми үй-бүлөмө эч кандай залака тийгизгим келбейт. Мени эми иштен четтетиңиз.
Кашка баш Самат көзүн жумуп ойлонуп калды. Анысы да, мунусу да туура, ойлоп көрсө. Ак, таза кызмат өтөдү. Сый катары деле башын азат кылып койгону туура деп чечти ичинен.
Бир топтон кийин гана көзүн ачып, өзүнөн жооп күтүп турган Аскарга жылмайып койду.
– Болуптур, айтканыңды кабыл этем. Сен дагы менден көңүлүң калбасын. Бирок биздин дүйнөдөн акырындык менен гана чыгып кетүүгө болот. Айтарым, ушуну унутпа,- деди.
Аскар коштошуп чыгып кеткен соң тийиштүү адамды чакырды да буйругун айтты.
– “Дипломат” (Аскардын кримчөйрөдөгү лакап аты) иштен четтетилди. Анын ордуна киши даярда...- деди. Тиги башын аста ийкеп чыгып кетти.

ххх

Азирет коңгуроо басылганда эшикти ачып, алдында турган Аскарды көрдү.
– Келиңиз...
Ата дээрин билбей же Аскар агай деп айта албай буйдала түштү. Экөө көпкө чейин үн ката албай туруп калышты.
– Уулум, мен апаң менен сүйлөштүм. Ал сенден кабатырланып жатат. “Тез үйгө келсин” деди.
– Билем. Апам мага да күн сайын чалат. Бирок эч нерсе болбогондой мурунку жашоомду уланта албайм. Анын үстүнө мен Кыргызстандан кетким келбейт. Азырынча кете албайм. Көп нерсени ойлонушум керек.
– Анда келиштик, эч кайда кетпейсиң, жүрү, өзүбүздүн үйүбүзгө барасың. Мен да сенин кетишиңди каалабайм.
Аскар терезени тиктеп турган уулунун жанына барды. Так өзүндөй бойлуу, чачы кайраттуу эле. Бооруна кыскысы келди.
– Уулум... менин уулум,- деди жаш аралаш күбүрөй.
– Ата...
Азирет атасынын кучагына бой урду.
Аскар кримчөйрөдөн алыс болгусу келген чечими Азиретке байланыштуу эле. Азиретти өз үйүнө алып келип, чогуу жашап жаткандарына эки жума болгон. Уулун жакындан билген сайын анын өзүнө окшош тынчы жок адам экенин байкап жатты. Эртеби, кечпи, бир нерсеге аралашып калабы деп чочулап турду. Аны чочулаткан дагы бир жагдай, Азирет Аскаттын өлүмү тууралуу көп ойлончу болгонун байкады. Бир нерселерди тактап, блокнотуна жазып жүргөнүн да байкады.
– Аскатты өлтүрдү деп камалган жигит чындыгында бул ишке аралашкан деп ойлойсузбу?- деди бир жолу күтүлбөстөн.
Дасторкон үстүндө отурушкан. Суроо ушунчалык күтүлбөгөндөн болгондуктан, дасторкон четинде отурган Аида да селейе түшүп, колундагы чай ичип жаткан кружкасын түшүрүп алды.
– Кечиргиле, колумдан түшүп кетти...- деди күңкүлдөй.
Азирет ага бир тиктеп алып, атасына карады.
– Кандай версиялар болгон эле?
– Азирет, уулум, сен кызыкчу нерсе эмес. Өткөн өттү.
– Жок, бул нерсе жөн эле калбашы керек. Мен Бегимайдын айткандарынан улам көп нерсе арткы планда калып кеткенин билдим. Кесибим юрист экенин унутпаңыз. Аяктай элек болсом да юристмин,- деп кошумчалап койду жылмая.
Аида да өзүнөн көзүн албай катып калганын байкап, таң калып койду.
– Экөөңдүн тең көзүң чанагыңардан чыгып кетейин деди го. Анчалык эмне коркуп?..
– Аскаттын өлүмү – менин айыккыс жарам, балам. Ага тийбей эле койгонуң дурус.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
eduardali
2011-12-05 10:04:31
Аиданын колунан келген иш.
0
bekber
2011-12-05 10:25:15
Ошол шуркуянын эке колунан келген гн эми Азирет м-н Бегимайга эч нерсе болбосо экен
0
OMG
2011-12-05 10:31:46
men da oshentip oilop jatam Aida ele go
0
Fute22
2011-12-05 10:43:13
Аидаааа???
0
nurli.82
2011-12-05 12:20:42
кол жээгинде коргонун атасына айтып коёт деп олтуртуп салган окшойт!
0
bopos
2011-12-05 12:27:32
ай дагы бир жума кутуш керек.сонун кызыгына келгенде бутуп калды.кызды четтетиш керек го.
0
orbitka
2011-12-05 14:06:00
Aida jelmoguzdun kylgany go baary, kozu chygaiyn dep kalganyna karaganda
0
barmalei
2011-12-05 14:34:17
Байлыгын озуно алып калыш учун ушундай жолго барса керек Аида куурагыр.
0
0390_0390
2011-12-05 16:19:44
аида эле олтурткон окшойт
0
Zverchik
2011-12-05 16:31:33
Журок оору дагы башталды
0
Arstan
2011-12-05 19:08:06
Мариям келсе кандай болоор экен,Азирет крим чойрого аралашып кетпесе болду эми,Аскаттын олумун издейм деп.
0
ikitaidesu
2011-12-06 16:24:30
Aida okshoit
0
Cyldyzka
2011-12-07 14:28:30
da Aiada ele bolso kerek
0
karakys
2011-12-08 12:07:33
мен деле Аида аралашкан го деп ойлойм
0
kara_pantera
2011-12-11 02:35:29
Ооба, Аиданын эле колунан келди го. Башында эле сезгем.
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан