Телеалпаруучу Жанар Акаевдин фотоальбомун барактап, кызыктуу сүрөттөр менен тааныштык. Көпчүлүктүн купулуна толгон бул жигит чет өлкөгө кетүүгө камданып жатыптыр.
– Саламатсыңбы, Жанар? Жылдын мыктыларын аныктоо үчүн www.super.kg сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоодо «Жылдын супер ТВ персонасы» наамына Эрмек Нурбаев экөөңөр теңтайлашып келатасыңар. Сенин оюңча, бул наамга ким татыктуу?
– Эми Эрмек экөөбүздүн багыттарыбыз таптакыр эки башка эмеспи. Менин ишим журналистикага ыктап турса, ал шоу багытында элдин көңүлүн көтөрүп келет. Анын үстүнө мен чыга электе эле анын аты далайга таанылып калган эле. Эгер бул сыйлыкты калыстар тобу Эрмекке ыйгарышса, мен таптакыр капа болбойм. Ал экөөбүз доспуз дагы. Ошентсе да бул жактагы ишимди жыйыштырып жатып сыйлыкты алып кетсем, албетте, кубанмакмын.
– Кайда кетмекчи болуп жатасың?
– “Азаттык” менен болгон келишим аягына келип, ишти жыйынтыктап жаткан убагым. Ал эми мындан ары “Азаттыктын” Чехиянын Прага шаарындагы башкы кеңсесине бир жылдык келишим менен барып, иштеп келем.
– Интернетте “Чехияга кетип жатам. Үйлөнүп, анан кетсемби деген ой бар” деген маанидеги билдирүүлөрүң жүрөт...
– Ооба, ошентип ойлогом. Бирок келишим боюнча азыр жалгыз өзүм эле барышым керек экен. Үч айдан кийин бир айга келем. Ошондо той өткөрүп, бир башым эки болуп кетермин деген үмүт бар. Үйдөгүлөр да “эртерээк үйлөн” деп кыйнап жатышат. Өткөн жумада Казакстанга барып туугандарымдыкында бир жума жүрүп келдим. Аларга да “үч айдан кийин үйлөнөм” деп кол алышып, сөз берип койдум. Туугандарым чын эле ишенип калышты. Ким билет, балким, Европага барганда жумушка берилип кетип үй-бүлө маселеси дагы артка жылып кететтир.
– Сага жар болууга макулдугун берген кыз бар көрүнөт...
– Жок, азырынча болочок жарымды таба элекмин. Бир-эки сырттан көз салып, жактырып жүргөн кыздар бар, албетте. Бирок өздөрүнө айта элекмин. Айтып коюп, анан тигил жакка барганда пландар өзгөрүп кетсе (күлүп), өзүм да, ал да ыңгайсыз болбойлу.
– Прагада жүрүп чех кызына баш кошуп албайсыңбы анан?
– Андай болуп кетиши да мүмкүн. Мен адамдарды улуттарга бөлбөйм. Бирок антсем апам мага катуу таарынат. Кыргыз кыздары ыймандуу, чыдамкай, жөнөкөй келишет эмеспи. Европада окуп, иштеп жүргөн акылдуу, билимдүү кыргыз кыздар көп да, балким, ошол жактан чыныгы сүйүүмдү табармын деген ой да жок эмес.
Бир досум казак кызы менен сүйлөшүп жүрдү эле, өткөндө жолуксам, “кыргыз кыздардан эле үй-бүлө күтүш керек экен” деп калыптыр. Ошого караганда баары бир кыргызга жетпейт окшойт. Акыркы убактарда сүйүүнү кичине унутуп калыптырмын. Кызга катуу арзып калып, ошого жетүү үчүн аябай аракет кылып, эмгек менен жетсем деген тилегим бар.
– Кайсы мүнөзүң менен кыздарга эле эмес, жалпы журтка жагам деп ойлойсуң?
– Мен атамды тартып ак көңүл болсом, апамдын боорукерлигин алгам. Анан да оңой менен ачуум келбейт. Эч ким менен жаман-жакшы айтышпайм. Мени урушуп, сөгүп жатса да “ии” деп тура бермейим бар.
– Өзүңө жакпаган терс адаттарың барбы?
– Андайлар бар. Мисалы, керексиз жерден шымымды өйдө көтөрө бергендигим. Бир көрсөтүүдө санап көрсөм 4 ирет шымымды көтөрүп коюптурмун. Шымым түшүп бараткан деле жери жок, болгону, колум көнүп калса керек. Анан шашмалыгым менен уйкучулугум өзүмө жакпайт.
– Байкашымча, компьютер менен интернетке өтө чырмалышып калгандайсың...
– Ооба, мурда китеп окучу элем, азыр чындыгында эле жалаң интернетте отурам. Чет өлкөгө барып калсам да акчамдын болгонун сарптап, интернет менен байланыштырчу каражаттардын жаңы муунунан сатып ала берем.
– Чет өлкөгө көп эле чыгып жүрөсүң. Адат катары ал жактан эмне алып келесиң?
– Сөзсүз сувенир, жолдош балдарыма деп жакшы шарап, анан апама арнап мончокпу, сөйкөбү, кургак чайбы, айтор, белек ала келем.
– Маегиңе чоң рахмат. Сапарың байсалдуу болсун.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg