ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Аскат менин эски жарам, балам, аны кайра жаңыртуунун кереги жок. Бул ишке киришпешиңди суранам.
– Сиз мени туура түшүнбөй жатасыз. Неге бул ишти аягына чейин изилдешкен жок? Неге күнөөсүз адам камалып кетишине жол беришти? Мен ушуну түшүнбөйм. Бегимайдын айтуусунда, соттолуп кеткен жигиттин бул ишке тиешеси жок экен. А сиздер ушуга макул болуп...
– Токтот! Бул ишке киришпе дедим, киришпе,- ушуну айткан Аскар кофесин бат-бат ууртай салып сыртка чыгып кетти.
Столдун эки четинде калган экөө бири-бири менен тиктеше түштү. Азиреттин оттуу көздөрү суроолуу тиктеп турду. “Демек, Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү адам бар экенин атам билет. Так билбесе да, болжолдогон адамы бар болуш керек. А бул аялчы? Кызык, экөөнүн ортосунда канча жаш айырма болду экен? Сүйүп турмушка чыкканы деле билинбейт”. Аида көзүн ала качты. Ага Азиреттин келиши, деги эле күйөөсү экөөнүн жашоосунда пайда болушу жан дүйнөсүнө бүлүк салды. Аскатка куюп койгондой окшош жанды тиктеп, дал Аскат тирилип келип маңдайында туруп калгандай бир коркуу сезими пайда болду. Күндөр өткөндө гана ал сезим басаңдай баштады. Анткени сырткы келбети окшош болгону менен, экөөнүн такыр эки башка адам экенин сезди. Мисалы, Аскат өзү тарапка бир да жолу тигилип же бир нерсе деп кайрылып көргөн жан эмес. Ал эми мунун курч көздөрүнөн кача албай убара. Аскат өзүн жактырбаганы менен, атасынын аялы катары ыйбаа мамиле кылчу. А бул, тескерисинче, экөөнүн жашоосун ийне-жибине чейин билгиси келгендей...
– Кызык, жинденип туруп кеткендей мен анчалык не кылдым десеңиз?..- деди Азирет жайбаракат жылмайып.
– Ал дайым ошондой. Аскат тууралуу сөз болуп калса эле өзүн токтото албай калат.
– А Аскат тууралуу сиз эмне айта аласыз? Мен ал тууралуу билгим келет. Жөн эле кызыкчылык үчүн...
Аида бул суроону укмаксанга сала ордунан тура жөнөдү.
– Мына сага, сиз дагы качып баратасыз. Бул үйдө ал тууралуу сүйлөөгө болбойт окшойт.
Аида аркасынан сүйлөнүп калган Азиреттен оттон качкандай качып, өз бөлмөсүнө келип бүрүшүп отура калды. Негедир чыйрыгып чыкты...

ххх

Студенттер үчүн жайкы каникул башталды. Эми аптапта шаардын ысыгына чыдап жүрө бербестен, эс алуу керек. Бегимайдын үй-бүлөсү чогуусу менен Ысык-Көлгө эс алууга камынып жатышты. Бегимай гана баргысы келбеди. Аскат каза болгондон кийин көлгө эс алууну унуткан болчу. Эски жарасын сыйрыгысы келбеген ата-энеси анын жайына коюшту.
– Кийимдериңердин баарын салдыңарбы, эч нерсени унутпагыла,- деген ал апасына жардам берип жаткан. Бир кезде “Бемааа!” деген кыйкырыкты угуп, балконду тиктеп калды. Алина менен Азирет экен. Колдорун булгалап, жүздөрүн күлкү каптаган экөөнү көрүп, Бегимай аргасыз жылмайып алды. “Экөө сонун жарашат. Качан болсо күлкү, оюн, тамаша ойлорунда. Мен сыяктуу эмес...”
– Кызым, сен дагы зерикпейт окшойсуң, досторуң биз кете электе эле келип калды,- деди атасы тамашалай.
Ата-энесин узатып коюп, Бегимай тигилердин жанына келди.
– Көпкө күттүрдүң го, сулуу кыз...
Азирет адатынча тамашалай шоктонуп калды.
– Салам!
– Салам! Биз Азирет экөөбүз бир план ойлоп таптык. Аны сенин жардамың менен гана ишке ашыра алабыз.
– Кандайча? Эмне болгон план?
Азирет Бегимайга тигилип калды. Дайым ушундай. Бир нерсе айтарында деми буулуп, бир саамга тиктеп калат да, анан баштайт. Бегимайды колтуктан ала машинадан оолактата нары басты. Муну көргөн Алинанын көзү топтоголок болуп чанагынан чыгып кете жаздады. Бирок эч нерсе айта албай, ызалуу гана эрдин тиштеп машинада кала берди.
Бегимайды обочо алып барган Азирет ойлуу сөз баштады.
– Бема, мен Аскат тууралуу кийинки кезде көп ойлончу болдум. Мага көп нерсе түшүнүксүз, көп учурда өзүмдү анын ордуна коюп көрөм. Мен бул тууралуу изилдегим келет. Балким, ошондо менин бир тууганымдын алдында жүзүм жарык болор. А балким, сенин алдыңда дагы... Билбейм, эгерде сен чыныгы кылмышкер эркиндикте жүрөт деп ойлосоң, бул ишти изилдегенге неге болбосун?
– Бул сенин колуңдан келчү иш эмес. Атүгүл Аскар агай өзү эч нерсе кыла албады.
– Атам, менин оюмча, кылмышкерди билет. Бирок ал дагы бул ишти жайына койгон. Неге анткенин ким билсин?..
– А менин кандай тиешем бар?
– Сенин мага ишенимиң гана керек азырынча. Мен бул ишти аягына чыгарам. Мен соттолгон бала менен жолугуп сүйлөшкүм келет. Колуңдан келеби аны менен жолуктуруш?
Бегимай не дээрин билбей калды. Чын эле көкүрөгүн курттай жеп келе жаткан, тынч уйкусун бузган нерсе ушул эмеспи.
– Мен дагы чарчадым. Теңтуштар менен болобу, башкалар менен болобу, кайсы бир жерде отурсам деле көкүрөгүмдөн бир ой кетпейт. Ар биринин жүзүнө тигилип “а балким, ушу өлтүргөндүр, балким, бул” деп шектене берем. Ошонун айынан Аскаттын достору менен да жолуккум келбей калды. Мен сага ишенем, Азирет. Эгерде чыныгы кылмышкерди тапсак, сага бир өмүр ыраазы болуп өтөр элем. Макул, мен Азамат менен кантип жолуктуруу тууралуу ойлонуп көрөйүн...
– Баса, дагы бир суранычым бар.
– Айт.
– Эртең апам учуп келет. Мен жалгыз болбой, экөөбүз тосуп алсак дегем.
– Аскар агай барбайбы?
– Менимче, барбайт. Экөөнүн ортосунда айтыла элек, чечиле элек бир топ маселе бар окшойт. Мен алардын мамилесине кийлигише албайм. Апамды гана тосуп алып...
Бул жигитте бир касиет бар. Ал кандай адам болсо да ийгерип, кандай адам болсо да жагып кете турган. Бегимай да аргасыз баш ийкеди.

ххх

Учактан түшүп, жүктөрүн алган соң Мариям айланасын бир тиктеп, көөдөнүн кере дем алып алды. Ушул жытты көп жылдан бери сагынып, эңсеп жүргөнүн эми сезди. Чындыгында, көп өлкөдө болгон, кесибине байланыштуу. Бирок дилине тааныш, жүрөгүнө жакын өзүнүн гана мекени болгонун түшүндү. А балким, мурун жөн гана мойнуна алгысы келбей жүргөндүр. Абайлай тигилип туруп, уулу Азирет өзүнө кол булгалап турганын көрдү. Жанындагысы ким болду экен?
Антип ойлогуча болбой Азирет жетип келди.
– Апа...
– Ази, уулум!
Апасы өзүн кармаганы менен, көзүнүн жашы агып кетти.
– Эй, сизге не болду? Көп болсо 3 ай мени көрбөй калдыңыз. Ошого да ыйлайт бекен?
– Сагындым, балам...
Мариям өзүн токтото албай ыйлай берди.
– Апа, дейм, уят эми... Мен жалгыз келген жокмун.
– Ыя?
Апасы башын көтөрүп, өзүн суз тиктеп турган кызды көрдү. Кыздын көз карашында не таң калуу, не жек көрүү турганы билинбейт. Болгону, суз гана тигилип колун сунду.
– Куш келипсиз...
– Апа, бул Бегимай. Менин... ой, Аскаттын... не деп жатам, жөн гана жакшы таанышым. Жүргүлө эми үйгө.
Апасынын сумкаларын көтөрүп жөнөй берген Азирет четте турган Аскардын машинасын көрдү. “Келген экен да, демек, түтпөгөн экен!” деп мыйыгынан жылмайып алды.
Аскар чын эле түтпөдү. Бүгүн Мариям келерин билген соң эрте эле келген. Чачын кыска кырктырган, орто бойлуу, ак жуумал, татынакай аялды алыстан тааныды.
Жүрөгү булкуп алды. Алар Бегимайдын машинасына түшүп жөнөй бергенде гана оор күрсүнүп алып, алардын аркасынан айдап жөнөдү.
Бегимай аларды мурун Азирет жашап кеткен үйгө жайгаштырды. Апасы ысыкта сергийин деп жуунганы кирип, жалгыз калган Азирет ашканага баш бакты. Кыздын илбериңки кыймылдаган колдорун карабайын десе да карап турганын сезди. Байкабайын десе да ойлуу жүзүн, жаш денесин байкап жатты. Анын көз карашын байкаган Бегимай кашын серпип койду.
– Не болду анчалык?
– Не болуптур? Жөн эле сени карап ойлонуп жатам. Башкача жансың. Менин агам жолдуу экен сүйүүдөн...
– Жок, мен жолдуумун аны жолуктурган. Эгерде аны көрсөң, аны менен жарым эле саат сүйлөшсөң, сен антип айтпайт элең.
– Сен аны качандыр бир кезде унута аласыңбы?

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
gulanda01
2011-12-12 09:53:53
Ушул чыгарманы сериал кино кылып тартса укмуш болмок эгерде мыкты режисер болсо.
0
nurli.82
2011-12-12 12:49:20
соонун болуптур!
0
orbitka
2011-12-12 15:13:11
Mmmmda.... dagy byr juma kutuu kerek
0
zzz---zzz
2011-12-13 01:20:58
Эми экоонун суйуусу башталат окшойт.
0
Zverchik
2011-12-13 01:50:28
Jurok ooru boldugo ushu 4ygarma
0
studentka
2011-12-13 11:18:27
кээбир чыгармаларга караганда аябай жакшы жазылган
азыр дешевый чыгармалар кобойуп кетти, алардын арасында бул чыгарма бир топ сыймыктуу эле
0
Arstan
2011-12-13 12:34:06
Колдон келсе кино тартса сонун болчудай.
0
Lui
2011-12-13 15:19:35
ухх чыдабай кеттим....
0
Peri76
2011-12-14 19:06:20
Коптон эле жазгылачы супер сураныч
0
asil-08
2011-12-16 16:35:12
жаны жылга чейин бутобу
0
nazi-88
2011-12-17 13:34:58
атайын кызыгына жеткизип бутуруп коюпсунар го супер,ичим бышып калды
0
rema
2011-12-17 23:00:39
en sonun chygarma maga jagat
0
aika0906
2011-12-18 23:23:26
супер - инфо бул чыгарманын китебин кайдан алсам болот? сураныч жообун жазып койгулачы
0
kuwtarbek
2011-12-19 00:50:23
Зор кино болгудайго)))
0
Агата Кристи
2011-12-19 10:25:51
aika0906 китепти кутуп жатканынызга кубанычтабыз. китеп жакында басмадан чыгат. созсуз кулакдар кылып коебуз.
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан