“Тамаша тордун” “курмандыгына” ырчы Айнура Салахидинова жана “Демдин” таланттуу актёру Эркин Эгембердиевди тандадык. Сценарий боюнча, бизге жардамга келген актёр-режиссёр Азамат Арыков жаңы жылдык белек тууралуу видеоролик тартмакчы болуп аларды чакырды. Экөө кыз-жигиттин ролунда. Ролик тартылуучу залда алар менен кошо аял-күйөө (биздин актёрлор) майрамдап отурушкан болот. Тамашанын кульминациясы кызганычтан чыккан чатак болмокчу.
Тартууга көмөктөш болгон “Ассорти” кафе-ресторанына ыраазычылык билдиребиз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg