ӨЛКӨНҮН ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ СУПЕР СЫЙЛЫГЫ

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ!

Мына, көптөн күткөн күн да келди. 2011-жылдын суперлерин аныктоо аземибиз 12-13-декабрда Спорт Ордосунда эки күн бою калктын бүйүрүн кызытып, көпчүлүктү кызыктырды, таң калтырды, ыраазы кылды Жыл жаңырар алдында маданият кызматкерлери, спорт, дегеле бардык тармактын өкүлдөрү үчүн толкунданчу, сыймыктанчу мезгилди биздин гезит жарата алды десек жаңылышпайбыз. 13-декабрда жылдын жыйынтыгы элге жарыялана электе талапкерлер арасында кызуу таймаш жүрүп жатты. Концерт маалында болсо, жеңүүчүлөрдүн апкаарып, төбөсү көккө жеткенче сүйүнүп, так секире кубанганына күбө болдук. Кыскасы, жеңишке жетпей калган катышуучулар капа болуп кайтышты дегенден алыспыз, баарын кур кол кетирбедик. Анткени заманыбыздын супер гезити жалаң гана суперлерди аныктайт. Биздин сыйлыктарга жетүү оңой-олтоң иш эмес, окурман. Бул жылы өлкө боюнча мындай масштабдагы сыйлык тапшыруу аземи боло элек.

КАЛЫСТАР ТОБУ
Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, калыстар тобунун төрайымы.
Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти.
Нурлан Шакиев, Маданият жана маалымат министри.
Канымжан Усупбекова, “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору.
Алмаз Курманкалиев, “ММКларды колдоо борбору” фондунун башкы директору.
Айнура Кабатай кызы, Кыргыз экранынын жүзү, атактуу диктор.
Сабыр Абдумомунов, НТС телеканалынын аткаруучу продюсери.
Шаршен Касенов, КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин вице-президенти.
Азамат Макешов, “Келдике” зер борборунун негиздөөчүсү.
Улан Барпиев, “Мегаком” компаниясынын өкүлү.
Нурбек Нургазиев, “Аю” компаниясынын өкүлү.
Канатбек Маматов, Эл аралык “Sela” дүкөндөр тармагынын Кыргызстандагы өкүлү.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ
Жылдын супер концертинин мыкты деңгээлде өтүшүнө көмөк болгон Спорт Ордосуна, "Аю" компаниясына, "Алтын Казына" ресторанына, айкелчи Турумбеков Аскар Асанбековичке, бийчи Бакыт Байсариевге терең ыраазычылык билдиребиз.

КОНЦЕРТТИН КОНОКТОРУ
Эки күндүк аншлаг менен өткөн концертибизде ырчы-коноктордун сабы да узундан узун болду. Алар: Айжамал Кабылова, Сапар Эркебаев, Урмат Усенов, Мирлан Баеков, Добр, Мирбек Иманбеков, Кумар Асанов, Асель Кадырбекова, Сагыныч, Аваз Акимов жана башкалар.

Чолпон Сүйүнбаева, Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдын супер концертинен репортаж. (1-күн)
Жылдын супер концертинен репортаж. (2-күн)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
duishon
2011-12-21 20:05:17
Наамдар жакшы эле себеби биз коп тармакта наамдарды уюштуруп берип турсак конкурент болуп онугуу осуу ошондо болот.Мен ойлойт элем бул жылы Арсен менен Айбек деген ырчыга бир озгочоорок наамыныздарды берсениздер болмок анткени ал Кыргызстандын коргоп Новая Волна 2011 сынагынан жакшы коргоштуу алар,калган ырчылардыкы жакшы эле болуптур болот жараша эле болушуптурсуздор.
0
luna1
2011-12-21 21:39:46
Сайкал эч нерседен жок калдынбы сенден копту куттум эле жеке концертинди качан коесун
0
Аида
2011-12-22 10:10:46
Атай Омурзаковду куттуктайм,кыргыз элибиздин сыймыгы болуп журо бер,ден-к,ийгилик!!!
0
Fred
2011-12-22 15:05:04
Мага Гулзинаттын суйлогону абдан жакты,эл аралык сыйлыктарды алып журуп бул жылдын суперине катышпай койсонуз болмок аброюнузду тушурбой.
0
kasi_sun_10
2011-12-22 15:18:11
ээээ элдер мен тушунбой калдым. 02 14гу жаннат менен sexy деп ырдаган арман деген балдар башка башкабы????
0
tori
2011-12-23 19:40:17
kasi_sun_10, ооба, билбей журдун беле?
0
nazgul.83
2011-12-23 01:53:29
Бардыгына ийгилик каалайм дайыма биз сыймыктанган кыргыз элимдим керегине жараган атуулдарынан болгула
0
LoLoPePe
2011-12-23 07:05:57
xe-xe men baaryna za men baaryn birdei syilaim al jaksy bul jaman dep bolusturgum kelbeit i bolboim
0
simbo
2011-12-23 17:18:02
Гулзинат россиядагы конкурска катышып Мадоннанын " Let is la bonita" деген ырын фальш ырдап Кыргызстанды уят кылып эч бир оорунга илинбей келгенин айтып жатабы?
0
Ashan
2011-12-23 22:36:03
Гулзинат Эмне бир чет элден бир абройлуу сыйлык алып келгендей суйлоп тур го кайсыл сыйлыгы бар аны эч ким тааныбайт :):):)
0
cosmopolit
2011-12-24 16:10:29
ошону айтсанар Гулзинат менен Сайкал озунчо эле Мега Звезда эсептеп алышкан оздорун....Супер ИнфоГо Чооон Ийгиликтер!!!
0
elya2404
2011-12-25 02:19:24
Гулзинат эл аралык сынактарга катышканды коюп, биринчи грамотно суйлогонду уйронсо жакшы болмок.
0
solnyshko
2011-12-25 17:36:18
elya2404, даааа туура жазыптырсыз!
0
duishon
2012-04-03 03:55:14
elya2404,Сизге кошулам ошол Гулзинат деген ырчынын суйлогонун же ырдаганын же теледен корсом денем будур будур болуп кетет же орусча бир соз менен айтканда аллергия болуп кетет.
0
Ohna
2011-12-25 03:40:27
Salam! Ii...iy, Kanykeidin suilogonun, naziktigin, kandai tatyna, jakwy insan eee...?Maga a9bai jagat. "Unusual singer, n girl!" All the best for you! Respect n adore u!Svadbama sozsuz chakyram. Yrdatkany emes, konok bolup ketkeni!
0
Mikella
2011-12-25 13:55:11
Gulnuer Asanova voobwe ele tatuktyy emes bolchy. Taaakur ele tywyngon jokmyn emne bolyp kuiratup juldun debutu bolo kaldu?
0
Sachko
2011-12-25 20:12:15
Каныкей татыктуу бул наамга....
0
Bostery
2012-01-30 01:02:05
каникей мага абдан жагат.гулзинат суранчиеванын ошондой экенин билип туруп беришкен жокта.
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан