ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Азирет айтты, демек, бул – мыйзам,- деген Аскар уулуна мээрим төгө тигилип, далысынан таптап койду.
Сыпайы сүйлөп, күлүп, ашканага чогуу бет алышты. Азил-чыны аралаш болгону менен, бардыгы жашоосунда чоң өзгөрүү болорун дилинде сезип турушту.
– Мен Ысык-Көлгө барышым керек. Сени кыйноонун кереги жок деп ойлоп, Алинага мени менен барып келүүсүн сунуштагам. Ал жакка барып келбесем, жаным жай алчудай эмес,- деди Азирет.
Бегимай унчукпай угуп турду. Ошол каргашалуу окуядан кийин чындыгында эле Көлгө бара элек эле. Мына, эки жылдай убакыт өтсө да, ал кездеги өзүнүн абалын унута албайт. Бирок Аскатка тиешелүү нерседен өзүн тышкары алып жүрө албасын ойлоду. Анын үстүнө Алина менен Азиретти чогуу жиберүүдөн да чочулап турат. Кыз Азирет дегенде эт-бетинен кетип жакшы көрөт. А Азирет үчүн утурумдук көңүл ачуу болушу ыктымал. “Мен акыры курбумунбу же киммин? Алинанын жанында болгонум жакшы эмеспи мындай учурда. Экөөнө жакшы абал түзүп берем. Бирок Алинаны жаман жоруктан сактап калышым мүмкүн. Эгерде Алинка мени менен барса, албетте, экөөбүз чогуу номер алабыз” деп ойлоп турду.
– Мен дагы барам,- деди чечкиндүү.
– Макул, бирок сага оор болбос бекен?
– Акыры бир күнү баары бир барышым керек да. Качанкыга чейин ушинтип качып жүрөт элем? Силер менен барган мага алда канча жеңил болор.
– Болуптур анда, эртең менен жолго чыгабыз. Камынганга жетишерсиң дейм,- деген Азирет машинасын көздөй басты.
– Машинаң кут болсун!
– Аа, муну айтасыңбы, атам ушул дем алышта сатып берди. Сен машинаңды айдабай эле койсоң болот. Меники менен барабыз.
Бегимай макул дегендей башын ийкеди. Азирет адатынча шоктоно көзүн кысып коюп машинасын учурта айдап кетти. Бегимай деми кысыла отуруп калды. Мына, бардыгы ордунда, баары жай жайына келип баратат. А Аскат келбейт. Кайрылбайт дагы. Адатынча жылуу сүйлөп, маңдайынан сылабайт. Жоготуунун орду толбос болду.
Эртеси таң эрте Азирет, Бегимай, Алина болуп жолго чыгышты. Бегимай үн катпай, өз алдынча ойго чөмүлгөн. Шамалга чачы иретсиз жайылып, ак жүзүн жаап калып жатты. Алина адатынча шоктоно тамашаларды айтып, бир нерселерди Азирет менен кызуу талашып бара жатты.
– Болду эми, азыр күлө берип рулду башкара албай калам,- деди Азирет Алинанын кытыгылап жатканына чыдай албай.
– Анда мага да тийишпе.
– Бема, эмне тууралуу ойлонуп келе жатасың?- деди Азирет арткы орундукта отурган Бегимайга күзгүдөн тигиле. – Жанатан бери уктап келе жатасыңбы десем, ойгоо элесиң. Же сүйлөбөйсүң...
– Мен силерди угуп келе жатам,- деди күлүмсүрөгөн Бегимай.
– Бема жакында жомоктогу кар канышасына айланып калбаса болду,- деди Алина ичи тарый. Ал Азиреттин көңүлүн өзү гана ээлегиси келип турду.
– Мен Аскат менен Көлгө келе жаткан күндөрүмдү эстеп жатам. Экөөбүз тынчтыкты жакшы көрөр элек. Билесиң го, Алина, силер тобуңар менен дискотекага кеткенде ал экөөбүз көл жээгинде кол кармашып басканды жакшы көрчүбүз. Ошол күндөрдү эстеп жатам.
– Айтып берчи, Бема, кулак сенде,- деди Азирет ойлуу түр менен.
– Нени?
– Силердин сүйүүңөрдү. Мен Аскат тууралуу уккум келет.
Бегимай бир чети сүйүнүп кетти. Анан баяндай баштады. Өзүнүн да көз алдына ошол күндөр тартыла берди. Өмүрүнүн кереметтүү, кайталангыс күндөрүн эстеп, экөөнө муңайым жылмая айтып берип жатты.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Айды карасаң...- деген эле. Анда Бегимай айланага суктана карап, Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койгон.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага Айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деген анда Бегимай кызгана.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына!
Аскат чөгөлөй калып, чөнтөгүнөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң.
Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алып, бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул Айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул.
Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти.
Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап, жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыркы убакта “үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот. Атамдар мени жанынан чыгаргысы келбейт эмеспи.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын!
Бегимай “азыр мен дүйнөдөгү эң бактысыз адаммын” деп бүтүрдү эскерүүсүн.
Ошентип, алар тез эле Көл кылаасына жетип келишти. Пансионаттарда эл азайып калган кез болчу. Үчөө “Голубое море” пансионатына токтошту. Бул жерге токтоону Азирет мурун эле ойлонуштуруп койгон. Аскат тууралуу изилдегенге ыңгайлуу болсун үчүн...
Кыздарды номерлерине жайгаштырып коюп, өзү сыртта басып жүрдү. Пансионаттын короосун шыпырып жүргөн кароолчу абышка ага күлүмсүрөй карап калды.
– Ассалом алейкум, балам. Жанатан бери эле ары-бери басып ойлонуп жүрөсүң. Сендей жаш кезде да ойлонобу адам деген?..
– Жок, байке, ойлонгон деле жерим жок. Бир нерсени эстей албай жатам,- деп ары басып бара жаткан Азирет кайра кайрылып келди.
– Кечиресиз, сиз канчадан бери иштейсиз бул жакта?
– Көп болду, 15 жылдай болуп калды. Не болду?
– Мындан эки жыл мурун бул жерде бир жигит кайтыш болгон. Эсиңиздеби?
Кароолчу аны чолуй карап алып, жооп бербестен шыпыргысын алып ары басты.
– Байке...
– Жок, андай эч нерсе эсимде жок!- чорт жооп берген кароолчу басып кетти. Жеңил кийим кийип чыккан кыздар өзүн издеп калганын көрүп, Азирет аларды көздөй басты.
– Жүрү, көлгө түшүп бир сергип келбейлиби,- деди Алина.
– Силер бара бергиле. Мен артыңардан барам,- деди Азирет.
Азирет эч нерседен табылбаган жиптин учугун табам деп келген бул жакка. Эртеси райондук милиция бөлүмүнө, анан дагы башка адамдарга кайрылышы керек. Ага чейин бир аз ойлорун жалгыз отуруп жыйынтыктап албаса болбойт. Кыздар менен чогуу болгусу келбеди. Экөөнүн ортосундагы мамиле сууп кетишин каалаган жок.
Көл жээгинде жалгыз бир караан Бегимайды көздөй келе жатты. Караан улам жакындаган сайын тааныш сезиле берди.
– Аскат!
– Менмин,- деди кадимкисиндей жайдары күлгөн жигит.
– Сагындым сени, мынча неге кыйнадың?- деди кыздын көз жашы төгүлө.
– Мен дайым эле сенин жаныңдамын, болгону, сен сезбейсиң. Бул жакка ырас келдиң. Экөөбүз жолукчу жай ушул жер...
Бегимай аптыгып кетти. Аскаттын кучагына жыгылып, аптыгып ыйлай берди. Тим эле көз жашы дайра болуп агып жатты.
– Сени сагынбадымбы, жанымды коёрго жер таппай кыйналганымды билсең кана! Эми эч качан айрылышпайлыкчы. Мени жалгыз калтырбачы.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Lui
2012-01-09 09:43:52
Жүрөк сыздайт.............
0
jonne
2012-01-09 09:57:45
сонун чыгарма мага аябай жакты!
0
ikitaidesu
2012-01-09 09:57:46
eh, dyushonbu, duishonbu.....
0
aliya-leyla
2012-01-09 10:24:06
дагы бир жума кутобузбу эми.........
0
Danijarov
2012-01-09 15:21:44
мени дагы ушундай суйгон бироо болсо

0
kggirl85
2012-01-10 15:48:38
Danijarov, мумкун бардыр, бирок биз аны сезгибиз келбейттир...
0
janaiumka
2012-01-10 15:11:18
Бул чыгарма китеп болуп чыкты беле? Бир жума күтүп жатып кыйналып кеттим.
0
adelima
2012-01-11 14:13:01
апей тиги Аскат тируубу же козуно арбагы корунуп жатабы?
0
ynta_kg
2012-01-11 18:44:46
кызыктуу жерине келгенде эле бутуп калат да...
0
diana345
2012-01-12 14:43:06
abdan kyzyk 4ynygy mahabat dep ushunu ait
0
pozitivnyi
2012-01-14 15:55:42
aybai kyzyk boldu go
0
nurzat84
2012-01-14 20:57:37
Аскат кайданпайда боло калды тушунбой калдым,эми дагы бир жума качан отот
0
Anisaydan
2012-01-16 05:15:55
nurzat84,туш коруп жатат ко дейм...
0
№ 479, 6-12-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан