ӨКМӨТ ТАЛАНТТАРДЫ САЛЫК МЕНЕН СЫЙЛАЙБЫ?

Экономика жана монополияга каршы көзөмөл министри Темир Сариев: “Чехия-Словакия таланттарды издейт” сынагынан биринчиликти утуп, 100 миң евро алып келген Атай Өмүрзаков менен “Евразия жылдызы” сынагынан 30 миң доллар алып келген Гүлжигит Калыков мамлекеттин бюджетине кирешенин 10 пайызын салык иретинде төлөшү керек”,- деген билдирүү жасаган эле. Бул билдирүү коомчулукта ар кандай ойлорду, түшүнбөстүктөрдү жаратпай койгон жок. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси боюнча, ар бир жаран тапкан кирешесинен салык төлөйт. Эгер чет өлкөдөн киреше тапса, ошол жакка же өзүнүн өлкөсүнө салык төлөшү керек. Бир гана жагдай, эгерде тапкан кирешеси 1000 сомдон ашпаса, анда салык алынбайт. Ал эми сөз болуп жаткан таланттарга келсек, эгер алардан акчалай сыйлык берген өлкө салыгын алса, аны тастыктаган документтеринин негизинде биздин мамлекетке төлөнүүчү салыктан бошотулушат.
Бийчи Атай Өмүрзаков бизге: “Мыйзам чегинен качпай, кандай айтылса ошондой кылып төлөп беребиз. Бирок мен утуп алган акчалай сыйлыгымдын 20 пайызын ошол өлкөгө төлөгөм. Бул жактан да салык алынарын угуп, менде чоң түшүнбөстүк жаралды. Айта кетчү нерсе, Гүлжигит экөөбүз сынакка өзүбүздүн каражатыбыз жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен катышып жүрдүк. Мамлекет тараптан эч кандай жөлөк-таяк болгон жок. “Рахмат, жеңип келдиң” деп президенттик аппараттан бир ноутбук белек кылышты. Анан экс-президент К.Бакиев бермекчи болуп, учу чыкпай калган квартира маселесин чечип бере албайбыз дешти”,- дейт. Сөз Гүлжигитке келгенде: “Мыйзамга баш ийбегенде кайда бармак элем? Мен “бардык кирешеңди бер” десе деле бермекмин. Эң негизгиси, ал акча керектүү нерселерге жумшалса болду. Сыйлыкты мен бир айдан кийин алам. Берген өлкөгө төлөймүнбү же бул жаккабы, белгисиз”,- деди.
Ооба, мыйзамга баш ийишибиз керек. Бирок сынактарга катышарда коко тыйын жардам кылбай, анан “утуп келген акчаңдан келе” деп шакылдата төлөтүп алган өкмөт эч бирибизге жакпасы анык. Ошондой эле кыйын экенбиз, килейген ишканалары, бизнестери бар чоңдордон миллиондогон сомдорду өндүрбөйбү, салыкчылар. Өз капчыгынан каражат коротуп, элинин атын чыгарып келген таланттарыбызды чет эл баалап жатса, көтөрмөлөгөндүн ордуна салык салып турганыбыз өкүнүчтүү...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
guliya.91
2012-02-01 16:07:36
Сариев вообще бети жок адам экен уятго (((
0
elya2404
2012-02-01 17:25:11
guliya.91, ооба бети жок. Бир тойдон коргом.)))))
0
Tolikkg
2012-02-01 18:51:17
okmot talantuularga shart tuzup bergenden koro emi osholor ozdoru meenet teri menen tapkan akchalaryn jegeni kalypby. U9T BET KEREK. Birok antsen beti jok eken
0
islambayishov
2012-02-02 00:18:15
bashka olkolordyn jarandary el aralyk dengeelde utuk alyp kelse kayra ystyno koshup ozynyn mamileketinde dagy syilyk beret ko, a bizde
0
zadavaika
2012-02-02 14:37:02
Бул деген эч убакта туура эмес деп ойлойм, Анткени кашыктап чыйнаган мэээнетин чомучтоп чачкан болуп калбайбы.сариев антип айтпай эле кыргыздын салтын кармап кыйыр иретинде тийиштирип, умут этип жатабыз деген сыяктуу айтса болмок. Биздин ушундай азыркы замандын манастарына баш ийип таазим кылабыз.Албетте айтылган соз атылган ок демекчи,2 жигитибиз жардам берет бирок, ошолор берген акчаны алып курсактарын кампайтып алышпай кыргызстанга кереги тийген бир иш кылышса екен деп арманда кетебиз
0
nurikKGB
2012-02-02 18:53:57
На фиг толоп,толобогуло.таланттуларды да шагын сындырбай.кайра жардам кылышпайбы бул окмот.кыргызстандын окмоту качан онолот???
0
Kanym
2012-02-02 19:48:19
Жест!
0
Fekus
2012-02-03 10:00:48
Кайра азаматсын деп акча кошуп бергендин ордуна салык салганы эмнеси?!!!!!!!!!!!!!!УЯТ!УЯТ!УЯТ!
0
pbabaev
2012-02-03 12:09:16
Гулжигит байгени утуп келгенден бери ЭлТР каналын узуп салды Турк туугандар спутниктен,алар канчалык наамыстанганын билбей туруп Сариев эмне эле Гулжигиттен акча ондургусу келип жатат,Ошодон коро Кыргыздын желегин желбиреткен уул кыздарын колдоо корсотуунун ордуна,бул шумшук салык салмакчы болуп атканыны кара,Сариев бетин жок адам экенсин!!!уяты жок акмак,,,,
0
Gulzarbek92
2012-02-03 14:56:07
Уят эле да бул Темир байкенин жасаган аракети. Кыргыз элинин аброюн которгон мындай азамат досторубуздун шагы сындырасынар го.
0
ussofa
2012-02-03 18:43:41
мамлекет таланттарды камсыз кылып анан сураса жарашмак...
0
tukueva.aigerim
2012-02-05 04:26:38
Сариев байке,.жигиттердин ордуна озунуздукоюп кордунузбу?эгер сиз озунуздун пешене териминиз менен тапкан майанаызды келип мамалекет сураса 20% ,кандай акылбалда калууну?вообще это жесть......
0
prinsessa
2012-02-05 05:32:56
Ар бир жаран айлык акысынан 10% салык толош керек дептир, Кыргызстан жарандарын жумуш менен камсыз кыла албайт,чиновниктер оздорунун пайдасын ойлоп,таланттардын сыйлыгын да тартып алайын деп жатышса мамлекетибиз онукпойт. Кыргыз желегин желбиретип келдинер деп колдоо корсотуунун ордуна жасаган жумушун карабайсынарбы... Урматтуу Темир Сариев, эгерде сиздин ак эмгегиниз менен тапкан акчанын 20%ин мамлекетке толо десе, кандай абалда болот элениз? Салыктарды жыйнап алышып эмнеге короткону дайынсыз.
0
jonne
2012-02-05 06:09:38
чиновниктер силер салык толойсунорбу деги?силер тапкан акчанардан бир тыйын салык бербей туруп,карапайым элди тонойсунар!
0
ulia
2012-02-05 11:53:00
Гулжигиттин диапазону кенен.Ушундай кудай берген талантты только колдоп гана туруш керек.И воопще он супер!!!я горжусь тобой красавчик...
0
bakutboy
2012-02-05 15:51:40
Бетинерди табактай кылып алып налог сураганы жон эле ак ташынды тырыштырат охии.....
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан