Элина Абай кызы, «2011-жылдын супер актрисасы»: «МЕН ИШЕНГЕН КЫЗ АРТЫМДАН «СУУ КУЮПТУР»

– Кандайсың, Элина, жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
– Жакшы, рахмат. “Талас-Бишкек” тасмасынын режиссёру Нурлан Разакулов “Красотки и миллион” тасмасына роль сунуштап, ошого тартылдым. Буюрса, март айында фильм элге тартууланганы турат.
– Тасмада кандай ролду аткардың?
– Тасма сулуу кыздар тууралуу болгондуктан, баш каарман дээрлик жок. Алгач башка бир сулуу кыздын ролун жаратмакмын. Бирок ага кыпкыска, ачык-чачык көйнөк кийиш керек экен. Башка эки каарман кыздын жанында жаш көрүнгөндүктөн жана кийим боюнча менин талабым аларга, алардыкы мага жакпай, акыры бирөөнүн сиңдисинин ролун жараттым. Көп деле кыйналган жокмун. Анткени далдыраган, өзүнүн жеке ою жок, ар кимдин сөзүнө макул болуп эле сүйлөбөйт экен каарманым.
– Эл алдында созулган кызсың. Жакындарың кандай мүнөздөшөт?
– Билесизби, ал деген шартка, маанайга жараша болот. Мисалы, досторум менен өтө эле шайыр, шок кызмын. Чын эле «аябай созулган кызсың» дешсе таң калам. Үйдө болсо такыр башкача, эрке кызмын. Сахна деген сахна, ал жакта сени канчалаган көздөр карап турат. Анан ошолордун алдында күлүп, шоктоно берсең, эл туура эмес ойлоп калат го...
– «Турмушка даяр эмесмин» дейсиң, эгер ала качып кетишсечи?..
– Мени эч ким деле ала качпаса керек, хе-хе, тамаша! Эми ала качуу деген артта калды да. Азыр кыз-жигит болуп кол кармашып сүйлөшүп, ата-энесинин алдынан өтүп эле алган оң. Кыз деген буюм эмес, салып кете бергидей.
– Адам болгондон кийин арман болот. Ал эми арман чогула берсе, бук болот. Бук болгондо абалдан кантип чыгасың?
– Мен башкалардай болуп оңою менен эмоциямды сыртка чыгара албайм. Сырымды баарына айта бербейм. Анан адам болгондон кийин кээде буулугуп, жарылып кеткен кез болот. Анда ичимде мени тынч койбой жаткан ыза, кайгымды эжеме, Эрнест байкеме же жүрөгүмө жакын инсанга айтып алам. Андайда кадимкидей жеңилдей түшөм.
– «Кыздар кыздарга душман» деп коюшат...
– Мурун баарын өзүмдөй көрө берет элем. Эми болсо кыздардын арасында көрө албастык болоруна көзүм жетип отурам. Эрнест байкем «ар ким сендей боло бербейт. Жаман-жакшы адамдарды ажырата билгенди үйрөн» деп кеңеш берет. Бир жолу биздин чөйрөдөгү эле мен ишенип, аябай жакшы кыз деп анын тарабын алып жүргөн кыз менин артыман «суу куюптур». Аябай жаман болдум. Мен аны жакшы адам деп ойлосом, көрсө, ал мени атаандаш катары эсептейт экен. Болбогон кептерди таратып салыптыр.
– Шоу чөйрөсүндө кимдер менен жакшы катташасың?
– Нурзат Токтосунова менен эже эмес, курбу катары жакшы сырдашып, сүйлөшөбүз. Ошондой эле Гүлнур Асанова курбум.
– «Шок кыз болчумун» дейсиң, кандай бейбаштык кылчу элең?
– Өспүрүм кезде өнөрүм чыга баштаган. Бир жолу 6 кыз чогуу жүрчүбүз да, компания болуп. Бир кызыбыз башка компанияга кошулуп кетиптир. Мен өзүмчө “толпа”, ал өзүнүкү менен келип “разборка” кылганыбыз эсимден кетпейт. Сөздөр менен айтышып, кыйкырышып жатабыз, акыры чыдабай кетип көзүнө бир урдум. Дароо эле көзү көгөрүп, шишип чыкса болобу. Ал кезде “адилеттик болду” деп өзүмдү кубандырып койгом. Бир жыл мурун ошол кызды маршруткадан көрүп калдым. Аны көргөнүмө сүйүнүп, кечирим сурайын деп турсам, ал мени карабастан чыгып кетти. Ошондо мурунку кылгандарымды эстедим. Байкуш көгөргөн көзү менен кантип үйүнө барды экен деп...
– Кантип эс аласың көбүнчө?
– Сиңдим Аделина менен сейилдегенди жактырам. Бош убактымда интернетте, ар кандай социалдык тармактарда отурам. Курбуларым менен киного, кафе, клубдарга барып эс алабыз.
– Ичимдик ичип, тамеки чеккен кыздарга көз карашың?
– Мурун андай кыздарды жаман көрчүмүн. Алар келечектеги эне, жарашпайт деп күйүнө берчүмүн. Азыр көрүп жүрүп көнүп калдымбы, 25тен өткөн кыздарга түз эле карап калдым. Ал эми мектеп жашында ичип, тамеки чеккен кыздарга каршымын.
– Кумир туткан инсаның барбы?
– Кичинекей кезимде Женнифер Лопести бүт жактан идеалдуу эсептечүмүн. Кийин чыгармачылыгын гана баалап калдым, анткени ал кандай адам экенин мен билбейм да. Азыр болсо мага стимул болуп, илхам берген Бейонс, Майкл Жексон. Бейонсто бардык нерсе бар, келбет десең келбет, ырдайт, бийлейт, идеалдуу эне жана жар деп эсептейм.
– Толук бакыт үчүн сага эмне жетишпей турат учурда?
– Кудайга шүгүр, мага баары жетиштүү. Алдыда көп максат, тилектерим бар, эгер кыялдарым аткарылса, толук бактылуу болом.
– Ар дайым бакытка бөлөнүп, сак-саламатта жүрө бер. Маегиңе рахмат!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Элина Абай кызы: «МЕН ИШЕНГЕН КЫЗ АРТЫМДАН «СУУ КУЮПТУР»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
evropa
2012-02-02 15:46:20
Tatu uwu suu kuiup ketken podrujkasy sen okwoisun e? kwat4 sözdördü köp jazypsyn bul einfach körö albastyk. algaaaaaaa krasaviza Elina viel spas
0
Usubaly
2012-02-02 22:14:01
Мурун андай кыздарды жаман көрчүмүн. Алар келечектеги эне, жарашпайт деп күйүнө берчүмүн. Азыр көрүп жүрүп көнүп калдымбы, 25тен өткөн кыздарга түз эле карап калдым. Ал эми мектеп жашында ичип, тамеки чеккен кыздарга каршымын......тамеки чеккен баардык эле кыздарга каршымын деп койсо соонун болмок экен....
0
strelok
2012-02-02 22:54:23
julduzduu kuz
0
Aroozat
2012-02-03 11:05:02
Элина аябай талантту,татынакай кызсын.Онорун оркундой берсин!Кыргыздын намыстуу кыздарынан болуп журо бер!
0
Arman
2012-02-03 20:44:55
ooi chon kyz azyr kiyip turgan kiyimin dele achyk chachyk eken budan ashykcha dagy kandai achyk bolushu mymkyn??
0
Melis-Aruuke
2012-02-03 22:50:07
Айчурок Иманалиевага окшошуп калыптыр го я?
0
talan
2012-02-04 00:52:05
Коро албастар арнерсени жаза берет Биз Кыргыздар бири бирибизди коро албайбыз ошондуктан онукпойбуз....Алга Елина азаматсын!!!!!
0
jikoma1990
2012-02-04 12:32:11
Ар бирибизге кудай озунчо сулуулук берет эмеспи. ошондой эле сенин сулуулугун да озуно жарашкан.
0
bomba
2012-02-04 14:01:57
Могул суротун качан тушту экен? Устундогу койнок жакшы жарашыптыр, бирок бутундагы сапогиси такыр окшошпой калыптыр. Бир аз башкачараак тандаса болмок...
0
Narynbek
2012-02-05 00:51:27
Талантуу Кыргыз киносунун келечеги!Өнөрүң өркүндө берсин Элина!
0
Sezy
2012-02-05 08:49:46
Отугу кантет, жакшынакай эле тапочка кийсе болмок.тангалып атам кузгудон жакшы корунсо керек озуно.
0
Azhymaliev
2012-02-05 13:51:25
Elina talantuu kyz,men talantyn abdan syilaim.Kele4ekte kyrgyz kinosuna salym kowot dep iwenem.
0
nazu
2012-08-18 13:39:27
Jyldyzduu anan tatynakai kyz eken!molodes!choon iigilikterdi kaalaim!
0
stom211
2012-10-27 08:25:48
Elina krasavisa!!!Udachi tebe!!!!!
0
Positive
2013-08-27 21:12:02
такая милашка
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан