Жогорку Кеңештин отурумунда оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен сөз аркылуу тиреше кетти. Сөз бир канча аптадан бери талаш-тартышка түшкөн радиоактивдүү көмүрдүн тегерегинде болуп, “анын өлкөгө алынып келингенине ким күнөөлүү?” деген жерге келгенде курчуду. Камчы мырза премьер-министрдин күнөөсүн далилдеген документ бар экенин, ал баарын алдап жатканын айтып, Өмүрбек мырзанын отставкага кетүүсүн талап кылды. Өкмөт башчы: “Эгерде күнөөлүү болсом, мен отставкага кетем. Эгерде сиздики туура эмес болсо, анда сиз өз эркиңиз менен депутаттыктан кетиңиз”,- деди.