(Башы өткөн сандарыбызда)
Окурман, ушул жерден кайрадан артка кайрылып, болгон окуяны эми толугу менен айтууга мезгил жетти. Теңтуштары көлгө чумкуп, кыйкырык-сүрөөн менен ойноп-күлүп жатканын баамдап турган Аскаттын ошол күнү жээктен көргөн адамы – өгөй энеси Аида эле. Ал эми анын жанындагы далылуу жигит – атасынын жан сакчысы Айбек болчу. Көргөн көзүнө ишенбеген Аскат дал болуп калды. Атасынын “Аиданы ден соолугуна байланыштуу пансионатка жибердим. Мен азыр иштен колум бошочудай эмес. Жанына ишеничтүү деп Айбекти коштум” деп жатканы эсине түштү. Тигилер эч нерседен шек санашкан жок. Кучакташып, өбүшүп, жетелеше баратышты. Ошол эле күнү Аскат Аида менен Айбек кошуна жайгашкан пансионатта эс алып жатышканын билди. Жаштар дискотекага жөнөгөндө жашырынып күндүз белгилеп койгон коттеджге жөнөдү. Кумарга берилген экөө терезенин пардасын да жаап коюшпаптыр. Аскат обочо туруп алып эле чөнтөк телефонуна тартып жатты. Бирок дал ушул сүрөттөр өзүнүн өмүрүнүн баасы болорун билген эмес эле.
– Мен жалындым. Атасына эч нерсе билдирбешин сурандым. Бирок ал көк болчу. Таптакыр болбой койду. “Барарың менен папам менен ажырашасың. Эгерде антпейт экенсиң, мен бул сүрөттөрдү көрсөтөм” деп туруп алды. Мен үчүн Аскар менен ажырашуу өлүмгө тете болчу. Анын жан сакчысы менен көңүлдөш болуп жүргөнүмдү билсе, жөн эле мойнумду бурап жулуп алмак. Аскар – коркунучтуу адам. Мен баарын билчүмүн. Бул жоругумдун арты кандай болорун да билген элем, бирок токтото албадым. Аскат ошентип кетип калды. Айбек экөөбүз түнү менен эмне кыларыбызды ойлондук. Мен Аскаттын көзүн тазалагандан башка жол жок экенин сездим... Биринчи укканда Айбек чочуп кетти, “мен киши өлтүрө албайм” деп... Бирок Аскар билип калса, экөөбүздү тең өлтүрөрүн айтып аны көндүрдүм.
Аида ийининен дем ала токтоп калды. Азирет аны жай гана тиктеп турду да, катуу буюрду.
– Уланта бер!
Аида селт этип кетти. Көзүнүн жашын аарчып алып, Азиретке тике карады.
– Эртеси Аскаттын кызынын туулган күнү эле. Ал жоктугунан пайдаланып муздаткычтагы ширеге уктатуучу дары коштум. Аскат дайым уктаар алдында шире ичерин билчү элем. Ал уктап калгандан кийин Айбек кирип... Тез эле тындым кылды. Түнү менен биз шаарга келдик. Эртеси Аскардын адамдарынан Аскаттын каза болгонун уктум.
– А Айбекти неге өлтүрдүң?
– Ал алсыздык кыла баштады. Мурун ууртап-татып жүргөн неме кийин көп иче баштады. Ичкен сайын мени күнөөлөп, “мен киши өлтүрдүм. Аскар Токтосуновичтин көзүнө кантип тиктеп жүрөм? Мен өлүшүм керек. Мени Аскат жөн койбойт, баарын мойнума алышым керек. Минтип жашай албайм” деп эле дөөдүрөй берчү болду. Дагы жашай түшсө, баарын айтып салмак.
– Аны да уктатуучу дары берип туруп өлтүрдүң. Газды ачып кетип калган сенсиң да, ээ, акыры?
– Менмин!
– Эми менден кантип кутулмакчысың?- деди мыскыл жылмайган Азирет. – Балким, атып салаттырсың же башка да ыкмаларың барбы?
Аида көзүн көтөрө Азиретти тиктеп калды. Терезени ал атайын ачкан эле. Эптеп жакын келсе, коомай турганда түртүп жиберүү планы үчүн көп кабаттуу үйдү тандаган. Азиретти терезеге жакын алып келүүнүн амалын ойлоп жатты. Ушул учурда экөө тең күтпөгөн адам кирип келди.
– Аскар?!
– Ата, сиз кайдан?..
Аскар үн катпай тура берди. Бир топтон кийин гана чарчаңкы көзүн жумду.
– Чарчадым,- деди ал оор күрсүнүп. – Калптан, өлүмдөн, булганыч иштерден чарчадым. А балким, өмүрдөн да чарчагандырмын. Койнуңда жаткан аялың жылан болуп мойнуңа оролсо, сырттан издеген душманым күндө көзүмдү тиктеп, койнума жатып... Мындан оор эмне бар?
– Аскар!
– Токтот, сага сөз корото турган адам эмессиң! Эми баары бүттү. Чындап бүттү. Милицияга өз колум менен салып берем.
– Жок!
Аиданын жапайы кыйкырыгы экөөнү тең селт эттирди.
– Мени кечирбейсиң, билем. Бирок өз эрким менен милицияга түшпөйм. Андан көрө... болуптур... мага жакындабагыла.
Аркасы менен жылган Аида ачык турган терезеге жакындай берди.
– Жинди болбо...
– Жок, бул жиндилик эмес. Мен түрмөгө барганча... андан көрө...
Калтыраган колдору менен терезени издеп тапкан Аида селейип турган ата-баланы тиктеп турду. Карегине жаш толуп, бүткөн бою калтыраган анын түрү коркунучтуу эле.
– Кечир, бирок баары бир кечире албайсың. Мен сени менен жаңы турмуш баштагым келген. Колдон колго өтүп кордолгонумду унуткум келген. Мен акчалуу болдум, даражалуу болдум. Бирок баары бир бактылуу боло албадым. Эми баары кеч.
Андан аркы окуя көз ачып-жумгучакты болду. Аиданын ачуу кыйкырыгы түн койнун селт эттирди. Ал терезеден өзүн таштап жиберди...
ххх
Машинада ата-бала үн-сөзсүз келе жатышты. Милиция келип, Аиданын денесин алып кетишкен соң экөө сурак берип чыгышты. Эми гана бошоп, үйдү көздөй баратышкан эле.
Азирет атасынын чарчаңкы жүзүн аяп карап алды.
– Сен кайдан билдиң? Кирип келгениңде таң калып калдым.
– Апаң силердин сөзүңөрдү уккан экен. Ал мага уккандарын айтып, сенин аркаңдан жөнөттү. Эшикти ачып койгон экенсиңер, мен баарын уктум. Эх, ушуну укканча кулагым керең болуп калса гана.
– Мен баары бир Аидага түшүнө албадым.
– Балким, буга мен өзүм күнөөлүүдүрмүн. Мен сулуулугуна арбалып, анын жан дүйнөсүндө эмне жатканын байкабапмын. Ал мага акча, бийлик, байлык үчүн чыкканын билгенден кийин таптакыр ичим жылыбай койду. Куру намысым аны түшүнгөнгө жол бербей койду. Биротоло ажырашып кеткенге да күчүм жетпеди. Баарына мен күнөөлүүмүн. Аскат, менин Аскатым таптакыр күнөөсүз эле да.
Аскар ыйлап жатты. Энтиге эткээл денеси солкулдап, көз жашы жүзүн жууп ыйлап жатты.
– Ата, атаке, баары бүттү. Мен жаныңдамын. Мен Аскаттын ордун жоктотпойм. Мага ишен, ата. Эми сени жалгыз таштабайм,- деген уулунун сөздөрүн эшитти.
– Рахмат, уулум!- деп алды оор улутуна.
Мариям өзүн коёрго жер таппай жаткан экен. Машина келип, алгач Азирет түшүп, чуркап жетип атасын жөлөп түшүрүп жатканда гана жеңилдене дем алып алды.
– Уфф, аман экен, экөө тең...
ххх
Болуп өткөн окуядан соң Аскар көпкө чейин өзүнө келе албай жүрдү. Эч кайда чыкпайт, анда-санда тамак ичкенде гана бир нерсе деп ооз ачканы болбосо, жарытылуу эч ким менен сүйлөшпөйт. Бул канча убакытка созулат эле ким билсин, бир күнү Азирет жарылып кетти.
– Силерге эмне болгон? Өмүр бою бири-бириңерди кектеп өткөнү жүрөсүңөрбү? Бири-бириңерди тааныбагандай болуп канчага чейин жашайсыңар? Канчага чейин минтип жашайбыз? Жетер эми!- деди ал ата-энесин алмак-салмак тиктеп.
– Силерди билбейм, мен минтип жашай албайм,- деди да, тамак жебестен ордунан туруп кетти. Жымжырттык. Ыңгайсыз болгон Аскар күбүрөнүп алды.
– Балаң түшкүр десе.
– Али жаш да, көп нерсени түшүнө албай жатат,- деди Мариям.
– Кечирип кой мени. Мен...
– А сен мени кечирдиңби? Аскаттын өлүмүнө сен өзүңдү күнөөлөсөң, мен андан беш бетер өзүмдү күнөөлөп жүрөм. Мен аны таштап кетпегенде...
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов