Сайкал Садыбакасова бой жеткенден бери көптөгөн мырзалардын кыялында болуп келеринде шек жок. Жакында эле Ош шаарында жашаган түрк улутундагы бизнесмен жигит котормочусун ээрчите келип, Гүлшайыр Садыбакасовадан Сайкалдын колун сураптыр. “Узун бойлуу Зафар деген жигит. Жашы 30да экен. Эмне деп жооп береримди билбей, шашып эле калдым. Кызым 19га чыкты да. Бирок негедир Сайкал 19га чыга элек деп салыптырмын. Сүйсөң, эми 23 жашка чейин күтөрсүң деп жолго салууга туура келди”,- дейт апасы.