Эрдинде меңи бар бул айымды кээ бирлер телеалпаруучу катары тааныса, дагы бирлер актриса катары билишет. Ачык мүнөз, оюнда болгон нерсени жашырбай айтып салып, кайра “ой” деп каткырып калган бала кыял Назира Бердигулова маек төрүбүздө.
Тартылган тасмалары:
“Мен сүйгөн карагат”, “Кандуу сүйүү-2”, “Мезгил жана Алыкул”, “Жашоонун философиясы”
– Назира, эл оозуна теленин жүзү катары алына баштадың. Алгач НБТдан тушооң кесилди, көп өтпөй ЭлТРден чыгып калдың. Учурда “Манас жаңырыгында” жүрөсүң, мындай “саякатыңдын” сыры эмнеде?
–“Кандуу сүйүү-2” тасмасына тартылгандан кийин НБТ телеканалына чакыруу алып калдым. Ал жакта 7 айча иштедим. Андан кийин дагы бир музыкалык телеканалда алып баруучу болдум. Тилекке каршы, Апрель окуясы болуп кеткенден кийин ал долбоорго акча түшпөй калып, кетүүгө туура келди. Кийинки мен кирген эшик ЭлТР болду. Ал жактан ишке абдан кызыгып кетип, окуумду экинчи планга жылдырып салдым. Мугалимдер чалып “ушунча мээнет менен жакшы окуп келгенден кийин аягына чейин чыгар” дешти. Ошол себептер менен ЭлТРден кеткем. Учурда “Манас жаңырыгы” телеканалында алпаруучумун.
– Түз эфир учурунда жаңылып кеткен учурларың көп болобу?
– Көп болот. Бир жолу биздин берүүгө Сыймык Бейшекеевди чакырып калдым. Эми ар кандай көрүүчүлөр болот эмеспи, бирөө “Сыймык байке, сиз эмнеге орусча билбейсиз?” десе, Сыймык байке да камырабай “эң негизгиси, нан сураганды билем” деп жооп берип жатпайбы. Операторлор быкшый башташты. Аларды көрүп мен күлө баштадым. Эч бир токтоно албайм десең. Айтор, ушул сыяктуу кызыктар болуп турат.
– Кандайча Бек Борбиевдин “карагатына” айланып калдың? – ЭлТРде иштеп жүргөндө режиссёр Руслан Машрапов “киного
кастинг жүрүп жатат, катышып көрбөйсүңбү” деп калды. Жаңы таанышканда Бек байке мени жактырган жок. “Мага 1-2 бала төрөгөн аял керек. Бул кыз менин жанымда “пацанка” болуп калат” деп койду. Ошентип, мен башкы ролду ойногон кыздын курбусу Алиянын ролун алдым. Анан тасманы тартуу убагы чукул калганда башкы ролду алган кыз баш тартып коюптур. Чуркаган эмес, буюрган алат болуп башкы роль мага берилди. Тасма тартыла баштаганда Бек байке менен тил табыша албай, чукчуңдашкан учурлар болду. «Мен сүйгөн карагатта» Бек байке экөөбүз телмире тиктешип тоо боорунда отурган жерибиз бар го. Ошол тоого чыгыш үчүн 2 саат машина, анан калганын ат менен чыгыш керек болчу. Мени атка учкаштырып коюшкан. Улам эле шыпырылып кете берип, буттарым аябай ооруду. Ыйлактаган жокмун. Кечинде гана Бек байке “мен Назирага бүгүн баа бердим” деди. Ошол күндөн тартып Бек байке менен тил табыштык окшойт. Тоо көтөргүс аты бар инсан менен бирге тасмага тартылуу менин актрисалык бактымды ачты.
– Режиссёр Руслан Машраповдун машинасын ызгытып айдап жүргөнүңдөн улам экөөңөрдүн ортоңордо “ысык” мамиле бар деген кептер айтылууда...
– Ооба, мен “ысык” мамиледемин, ха-ха... Бир эле Руслан Машрапов менен эмес, Бек Борбиев менен да мамилеси бар деген сөздөрдү угуп келем. Бир чети мындай сөздөр айтылса, анда мени көрүшөт, баалашат экен. Мурда дарегиме айтылган сөздөрдөн улам теригип, териштирип, ызы-чуу салганга чейин барчумун. Ошенте берсең, өзүңдүн эле баркың кетип, ого бетер сөздү күчөтүп алат экенсиң. Азыр “ооба, ошондой” деп кутулчу болдум. Кудай сактасын, андай жоруктан, мен үй-бүлөлүү адаммын. 3 жаштагы Шахрезада аттуу татынакай кызым бар. Машина тууралуу айтсам, ооба, мага көп адамдар ишенишет. Өзүмдүн машинам азырынча жок болгондуктан, жумушум чыгып калса курбуларымдын, тааныштарымдын машинасын сурап иштеримди бүтүрүп алуудан тартынбайм. Бирок айткан убагында алып келип берем. Буюрса, атам “жазга маал машина алып берем” деп жатат. Балким, ага чейин деле бир демөөрчү табылып, “мына сага, машинанын ачкычы” десе, андан да сонун болот го?!
– Буга чейин үй-бүлөң тууралуу ооз аччу эмессиң...
– Ии, силерден эч нерсени жашырганга болбойт. Буга чейин жеке жашоомду жашырганым чын. 1-курсту аяктап калган кезимде кызымдын атасы Ильяз мени ала качып кеткен. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттерден деле эмес болчубуз. Болгону, 2-3 жолу көргөм. Негизи, мен окуйм, карьера жасайм, сөзсүз белгилүү адам болушум керек деген кыздардан болчумун. Негедир отуруп калдым. Балким, кандайдыр бир сезим байлап калдыбы, билбейм. Анын үстүнө ал мени окутам деди. Татынакай кыздуу болуп, жакшынакай эле түтүн булатып калдык. Бирок биздин үйдө деле ынтымактын желеги желбиреп турган жок. Жашырганда эмне, чыр-чатактар, таарынычтар, ажырымда жашап жүргөн учурлар болду. Убагында ооруган жүрөктү убакыт дарылады. “Бактылуу өмүр болбойт, бактылуу көз ирмемдер гана болот” деген сөзгө ишенем.
– Кээде өз кемчиликтериңди байкабай калышың мүмкүн. Балким, сен чыгармачылык деп үй-бүлөгө көп көңүл бурбай, эки тарапты алып кете албай катачылык кетиргендирсиң?..
– Чынында, күндөп-түндөп талаалап жүрүүнүн өзү деле үй-бүлөгө таасирин тийгизбей койбойт. Бирок мен өзүмдү “супер келинчекмин” деп мактана алам. Кеч болбосун, эрте болбосун, үйдөгүлөрдүн ичкен тамагын жасап, кийчү кийимин камдап коём. Ишим күйүп жатса да телефон чалып, “эмне ичтиң, эмне кийдиң?” дегенге убакыт табам.
– “Адамдын адам болуусу ата-эненин тарбиясынан, балалык уядан башталат” деп коюшат. Кел, ата-энең, бир туугандарың тууралуу сөз кылалы...
– Апам – үй кожойкеси, атам – жеке ишкер. 4 бир туугандын улуусу, сулуусу, акылдуусу менмин. Атам бизди темирдей тартип менен кармады. Ашыкча эч жакка бастырчу эмес. Чоңоюп калганда балдар менен “свиданиеге” чыгыш үчүн сиңдимди кароолго койчумун. Ал “атам келе жатат” деп белги бергенде жым-жум болуп эле үйдө зымырап отуруп калчубуз. Атам отуруштарга жиберген күнү да өзү жеткизип, кайра өзү алып келчү. Апамдан мыкты кожойке болууга үлгү алдым.
– Бала чагыңда деле азыркыдай шайыр, эч нерседен тартынбаган кыз белең?
– Ушундай эле болчумун, тентектигим эле басылганы болбосо. Эсимде, бир жолу таенемдикине барганда короодо ойноп жатсам, кошуна бала оюнчугумду күчкө салып жулуп алды. Жиним келип таш ала коюп чаап жиберсем, башы жарылып, кан шорголой баштаса болобу. Артымды карабай качып барып жашынып калдым. Кошуналар ызы-чуу эле болуп калышты. Бир топ убакыттан кийин баягы ызы-чуу да басылды. Мен дым билгизбей дагы деле жашынып отура бердим. Биздин үйдөгүлөр чырылдап мени издеп, аң-дөң, кудук деген нерселердин баарын карап чыгышты. Бир топ издеп суй жыгылганда араң чыккам. Бирок кошуна баланын башын жара чапканымды таптакыр мойнума албай койдум. Кийин тиги бала көргөн жерден эле ызырынып, “башыңды жарам” деп коркутчу.
– Айтылбаган айрым сырларыңан бөлүшпөйсүңбү? Экөөбүз бир сааттай сейилдедик. Бул убакыт ичинде эки мырзадан комплимент угууга жетиштиң. Бир “жүзүмиңкаң” болсо керек...
– Чынын айтайынчы, күнүгө толтура эле мырзалардан комплимент угам, белек-бечкектерди алам. Эмнеге албайм, ал адам мени сыйлап, талантымды баалап жатса?! Мырзалардын көбү эле менин эрдимдеги “карагатыма” (мең) кызыгып, көп комплимент айтышат. Анан жаш баланыкындай кыялымды көптөр жактырышат. Ырчы Ома менен “Чилденин шилтемдери” деген долбоордо чогуу жүрүп калдык. Ал улам эле мага “Назира, мен сени ушунча жакшы көрүп баратам, жаман кыз болуп койчу, жок дегенде сөгүнүп койчу” дейт. Жакында эле сүйүшкөндөр күнүндө Омага СМС менен куттуктоо жазып, “карындашыңыз Назира” деп жиберсем. “Чокуң, карындашың...” деп жооп жазып коюптур. Мен күлүп-жайнап мамиле кылсам, ал мен тууралуу башкача ойдо окшойт.
– Өзүңдү сексуалдуумун деп эсептейсиңби?
– Албетте.
– «Кээ бир актрисалар төшөк аркылуу роль алууга чейин барышат» дешет. Кыялыңдагы роль үчүн буга барат белең?
– Сергей Безруков менен бир тасмада роль жаратсам деген чоң кыялым бар. Кандай болсо да ушул актёр менен бир тасмага тартылгым келет.
– Муну менин суроомо жооп катары кабыл алайынбы?
– Мм, ойлондуруп салдың. Ойлонуп көрүү керек.
– Эмне демекмин, көп жакшы ролдорду жарат, ийгилик!
Бахияна Сатылганова
star@super.kg