(Башы өткөн сандарыбызда)
– Сени эбак эле кечиргем, Мариям. Азирет тууралуу билгенде эле кечиргем. Ал учурга сен гана күнөөлүү эмессиң. Мен түрмөгө түшпөгөндө, жардамсыз эки бала менен калбаганда сен аны кылбайт элең. Түрмөдөн чыгып келип сен тууралуу укканымда мага асман көңтөрүлүп кеткендей болгон. Жүрөгүмдү кимдир бирөө сууруп ыргытып жибергендей эле. Көп жылдар бою ошол абалда жашадым. Ызамдан улам таанылгыс адам болуп өзгөрдүм. Эч кимди аябаган, эч кимге жылуулук тартуулай албаган, каардуу, коркунучтуу адамга айландым. Дүйнөдөн жүзүмдү терс буруп деле кетмектирмин. Бирок ата-энем, Аскат бар эле. Аскат... “Жакшынын өмүрү кыска болот” деген чын белем. Мендеги, сендеги эң жакшы сапаттардын баарын чогултуп келип Кудай Аскатка ыроологондой болчу. Аидага үйлөнгөнүмдү өтө оор кабыл алды. Бирок бир да жолу ооз ачып туура эмес кылганымды, Аиданы жактырбаганын айткан жок. Билдирбеди дагы... Аттиң, ажалы ошол аялдан экенин билгендей кабагы түшүп, келе жатса жактырбай бурулуп кетер эле. Мен ошонун баарын көрүп туруп көрмөксөнгө салдым. Мен аны эмес, өзүмдүн кызыкчылыгымды бийик койдум. Көрдүңбү, дагы да болсо мен! Бардыгына мен күнөөлүүмүн.
Аскардын денеси солкулдай түштү. Көкүрөк тушун кармалай туруп калды. Мариям анын купкуу болуп кеткен жүзүн карап, өзүнчө үрпөйө түштү.
– Эмне болду? Жүрөгүңбү?
– Эч нерсе. Баары жакшы, кабатыр болбо...
– Аскар, балким, экөөбүз тең күнөөлүү эместирбиз. Балким, мунун баарына тагдыр күнөөлүүдүр.
– Билбейм, Мариям. Эч нерсеге мээм жетпей калды. Көкүрөгүм сайгылашат да турат. Аскат мен үчүн экинчи жолу өлгөндөй болду. Уулум менин айымдан өлтүрүлгөнүн билгенден кийин жашоом тозокко айланды.
Аскар бүт денеси солкулдай ыйлап жатты. Мариям жанына келип, ак баскан чачын сылай, бооруна кысты. Анын көздөрүнөн да жаштар салаалап агып жатты. Экөө ыйлап жатышты. Жаштыгын, жоготкон бактыларын, кырчынында кыйылган уулун жоктоп ыйлап жатышты. Ушул окуядан кийин гана экөөндө жакындык пайда болду. Эч кимге билинбеген бир үмүттүн шооласы пайда болду.
ххх
Азирет Бегимайга жолугуунун айласын таба албай убара. Улам телефонун терет, кайра коюп коёт. Айтчу сөзүн ичинен миң кайталап алат да, кайрадан “эмне деп ойлоп калат? Туура эмес ойдо калбаса экен” деп азап жейт. Баарына кол шилтеп коёюн десе, жүрөк кургур ага да жол бербейт. Айтор, ушундай оор акыбалда жүрдү. Сагынычы көкүрөгүнө батпай кеткенде акыры баары бир телефон чалды.
– Алоо...
– Салам!
– Азирет, мен сени чалбайт го деп жүрдүм эле.
– Эмнеге? Менден антип оңой кутулам деп ойлобо,- деди Азирет күлүп.
– Акыркы окуялардан улам сага оор болсо керек дегем. Кантсе да рахмат. Аскат үчүн рахмат... Сен болбосоң...
Бегимайдын үнү мукактанып кетти. Чамасы ыйлап жаткандай. Азирет шашып кетти.
– Кайдасың азыр, жолугалычы?!- деп жиберди жалынычтуу.
– Сен Малайзиядан келгенде Алина экөөбүз алып келбедик беле, ошол үйдөмүн. Алыстан апамдын туугандары келе жатышыптыр. Ошолорду жайгаштырганы үйдү тазалаганга келген элем. Иш көп.
– Оо, анда сага мыкты жардамчы барат азыр.
– Азирет...
– Эч нерсе деп айтпа. Мени күтүп тур, барганда баарын сүйлөшөбүз.
Бегимай макул дебегенге аргасы калбады. Азирет телефонду коё салып, күзгүгө ашыкты. “Уфф, сакалым өсүп кеткен тура. Тез ала коёюн”. Шашкалактап сакалын алып жатып жаагын да тилип алды. Эмнеге шашып жатканын өзү деле билген жок. Бирок бир мүнөт кечиксе эле зарыккан бактысынан куру калчудай сезилип жатты. Апасы атайы арнап жасап жаткан тамакка да карабады.
– Кайда шаштың, балам, деги тынчпы баары?- деген атасынын сөзү да кулакка илинген жок.
– Мен бүгүн кеч келем го. Кабатыр болбогула,- деп апасынын бетинен чоп эттире өөп, үйдөн атып чыкты.
– Өрт алгансып бул кайда эле шашкалактап калды?- деди апасы аркасынан кабатырлана.
– “Машинаны жай айда” дей берип тилим тешилди. Короодон атырылып чыкканын кара,- деп нааразылана өзүнчө күңкүлдөдү Аскар. Уулу үчүн бул күн өзгөчө экенин экөө тең сезип турушту.
ххх
Эшикти ачкан Бегимай биринчи эле гүлдү көрдү. Чоң гүлдестенин аркасында Азирет адатынча шайыр жылмайып турган экен.
– Оо, магабы? Рахмат!
– Албетте, сага. Эмне, бул жерде сенден башка да кыз барбы?
– Жок, мен жалгыз элемин!
Бегимай каткырып күлүп жиберди. Азирет таң кала тиктеп калды.
– Биринчи жолу сенин чындап каткырып, чын дилиңден кубанганыңды көрдүм. Дайым эле гүл алып келип турсамбы, бул күлкүнү угуш үчүн...
– Сага айла жок.
Жылмайган Бегимай вазага суу куюп, гүлдү бирден этияттап салып жатты.
– Эмне босогодо туруп калдың? Кирбейсиңби?
– Иш көп деп жаттың эле го. Баарын бүтүрүп койдуңбу?
– Сага терезе жуушту калтырдым. Бирок сен жумуш кылганы келбей эле, ресторанга баруу үчүн келген окшойсуң,- деди Бегимай Азиреттин кийимдерин тиктеп.
– Аа, булбу? Чечип коюп эле иштей берем.
Азирет терезенин айнектерин жууп жатты. Канчалык карабай коёюн десе да болбой жигиттин белинен өйдө кең далылуу жылаңач денеси кыздын көзүнө түшөт. Түшүнүксүз кысынуу жүрөгүн дүкүлдөтүп, жүзү кызара, көзүн ала качып жатты Бегимай. Жигиттин кыймылын тиктеп, терезенин кырына отуруп калды.
– Бема...
– Ов...
– Жыгылып кетпе, терезенин кырына отурбачы.
Ушунчалык жылуу, камкор үн.
– Макул.
Эми түшөйүн деп умтулган кызды жигит сүйөй калды. Демдерин ичине алып, ушул абалда бир топко туруп калышты. Магниттей тартылган бир күч экөөнү тең апкаарытып, калтыратып жиберди.
“Ары тур” деп түртө албай же сезимге баш ийе кучагына жыгыла албай, башын эңги-деңги кылган эки анжы ойдон арыла электе эле Азиреттин эриндерин сезди. Жыпжылуу, таптаттуу эриндер... Өрттөп жибере тургандай жигиттин деми ого бетер күчүн алып койду. “Болду, жеңилдим мен. Өзүмдөн өзүм качкандан, эч кимди жүрөгүмө жуутпай, сезимден баш тарткандан тажадым. Эми баш тартканга аргам жок. Баш тарта да албайм”.
Бегимай көзүн чылк жумуп, кооз дүйнөгө өзүн коё берди. Экөөнүн ортосундагы дубал өзүнөн өзү жоголуп, ысык сезим алдында кыйрап калды. Азиреттин күчтүү колдору кыздын ийкемдүү денесин балкыта кысып жатты. Бегимай башка бөлмөгө киришкенин, эки кишилик керебетке суналганын, көйнөгүнүн топчулары чечилгенин элес-булас гана аңдап жатты.
– Бема?!- деди жигиттин өтүнгөн, суранган үнү.
– Мен макулмун. Мен баарына макулмун бүгүн, Азирет. Баарын унуткум келет. Жок дегенде бир күн...- деди кыздын дирилдеген добушу.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов