КЫТАЙЛАРДЫН КИРЕШЕЛҮҮ ОЧОГУ – ХАЙНАНЬ АРАЛЫ

“Кыш болбойт!” (“Зима не будет!”) деген сөз бүтүн кыргызга тарап, бирок кыш узаргандан узарып, аягы көрүнчүдөй эмес. Эл сууктан тажап, жазды күтүп турган чакта ысык аптапты эңсей биз “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева экөөбүз экзотикалык Хайнань аралына сапар алдык.

ЖОМОКТОГУДАЙ КООЗ АРАЛ
Кыргызстандан Хайнань аралына түз аба каттамы жок болгондуктан, алгачкы сапарыбызды Алматы шаарынан баштадык. Түнкү саат 12:10до учак көккө көтөрүлүп, 6 саат көпкө узарып кеткендей, качан эми Хайнанга жетебиз деп шаштыбыз кетти. Таң супа салганда көптөн күткөн Хайнань аралындагы Санья шаарынын үстүнөн көз жүгүртүп, жомокко түшүп калгандай сезимдерге кабылдык. Аэропорттон “Эдем” компаниясынын кытай улутундагы гиди Настя (гиддер атын бизге ылайыкташтырып, орусча коюп алышыптыр) тосуп алып, шаар тууралуу кеп козгоду. Учактан түшкүчө күн жаагандай, аба ырайы бүркөк сезилген. Бирок сыртка кадам таштаганда эле нымдуу, үп, ысык аба бетке урду. Кызыгы, шаар аралап жүрүп экөөбүздүн тең оозубузга келген биринчи сөз “жомоктогудай кооз экен” деген болуптур...

ЖАЙКЫ АПТАПТА ДЕҢИЗ ЖЭЭКТЕЙ...
Алгачкы күнү жайды ушунчалык сагынганбызбы же Кыргызстандагы ызгаар суук жанга катуу тийгенби, мейманканага кирерибиз менен чемодандарды таштап деңизге чуркадык. Биз жайгашкан “Инь Юнь” деп аталган мейманкана түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашыптыр. Чалкып жаткан деңиз, чайпалып турган толкун. Чайыттай тийген күн, бут куйкалаган ак күмүш кум, жайкы аптап... Жээкте туруп, бир саамга айланага көз жүгүртүп, көнүмүш абадан кере дем алгым келди. Бирок мен мекенимден алыс кеткенимди унутуп калыпмын. Себеби Кытайда биз көнгөн таза абаны жута алган жокмун.

ХАЙНАНЬ – КАПЧЫГЫ КАЛЫҢДАР ҮЧҮН!
Хайнанда кызыктар ого эле көп. Маймылдар аралы, жырткыч жаныбарлардын түрүн кучагына алган зоопарк-сафари, океанариум, буддисттер сыйынган эң чоң ыйык борбор... Капчыгыңды калың кылып барып, айлап кыдырсаң да болчудай. Кытай медицинасы Кыргызстанда да өнүгүп калбадыбы. Бизди гид алгач эле атайын медициналык диагностикага алып барды. Жумуш, окуу деп жүрүп чарчаганды да, ден соолукка кам көрүүнү да унутуп калабызбы, айтор, текшерүүдөн Айсулуу экөөбүз тең организмибизде бир кучак гүлдестелик маселелер бар экенин эшиттик. Эгер дарыланам десең, анан албетте, чөнтөгүң калың болсо, дарыгерлер сенин кызматыңда болорун айтышты. Андан аркы жолубуз чыныгы бермет чыгарган музейге арналды. Ал жакта кадимки үлүл кабынан алынган асыл таштын азыркы абалга чейин иштелип чыгышы, алардын түрлөрү тууралуу узун, кызык баян айтылды. Бекеринен бермет Хайнандын сыймыгы эмес экенине ынандым. “Кытайдын жибеги укмуш” деп угуп жүрөбүз. Биз барган жибек салонунда таптаза жибек буюмдары, жибектин курт кезинен баштап кантип биз кийип жүргөн кийимге айланганына дейре көрсөтүп беришти. Андан кийин Кытайда жасалган жыпар жыттуу жана дарылык касиети бар чайлары менен таанышып чыктык. Жылан өстүргөн фермага да баш багып көрүүнү туура көрдүк. Кадимки уулуу кобранын туристтердин көзүнчө эле башын алып, кууруп, бизче айтканда, куурдак даярдап берет экен. Албетте, ал үчүн 2000 (15 миң сомдун тегереги) юанды санап беришиң керек. “Эми ал кичинекей, ичке кобраны кууруганда андан эмне калмак, бир аз эт жана сөөктөрү” деп калышты биз менен сапарлаш болгон орус туугандар. Жыландын канын аракка кошуп ичсе, организмге пайда имиш.

МАЙМЫЛДАР МЫКТЫ ОЮН-ЗООК КӨРСӨТҮШТҮ
Шаардан 80 чакырым аралыкта жайгашкан 2000ден ашуун гуан макакалары жашаган аралга асма аркан жолу аркылуу фуникулер менен барасың. Эки аралдын ортосундагы кооздукту сөз менен айтып жеткире албасам керек! Жапжашыл тропикалык өсүмдүктөр, деңиздин үстүнө эле жайгашып жашап алган элдин турмушу... Барганга чейин гид маймылдарга байланыштуу толтура окуяларды айтып берген. “Көз айнегиңерди алып койгула, маймылдар тартып кетишет, баштыгыңарды ачпагыла, талашат” деп айтып биздин үрөйүбүздү учуруп койду. Аралда биз угуп, кызыгып жүргөн маймылдар ары-бери шашпай басып, элдин колун карап жүрүшөт. Кичинекей болгону менен, бир топ сүрдүү көрүнгөн маймылдар туристтерге оюн-зоок көрсөтүп беришти. Алардын адам сымал сөзгө түшүнүп, кадимкидей жинденгенине айран таң болдум. Кээде жинине тийсең келип чаап кетип же болбосо 3-4өө болуп жабылып сабап кеткен күндөр да болот экен.

БУДДИСТТЕРДИН ЭҢ ЫЙЫК БОРБОРУ
Кытайга келип Наньшань тоосунун боорунан орун алган Борбордук Азиядагы буддисттер сыйынган эң чоң храмды көрбөй кетүү туристтер үчүн өмүр бою өкүнүч болуп калса керек. Бул храмдан будда дининдеги эң баалуу, ыйык буюмдар орун алыптыр. Кытайлардын сыймыгына айланган борбордо түштүк Кытай деңизине салынган
108 метр болгон эң бийик Гуаньинь Кудайынын айкели турат. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча жалгыз, алтындан жасалган 140 килограмм салмактагы Гуаньинь Кудайынын эстелиги храмда сакталуу. Анын жасалышына 100 килограммдан ашкан алтын, күмүш жана 120 карат бриллиант, бир нече миңдеген рубин, сапфир, изумруд, корал, бирюза, бермет, жадеит жана нефрит сарпталган экен. Айкелди уурдаганга аракеттер болуп, бирок каракчылардын тилектери дайыма таш капканын гид кошумчалай кетти. Гуаньинь Кудайынын эстелигинин төрт тегерегин кыдырата жалтылдап көз жоосун алган ошол эстеликтин майда айкелдери жайнап турат. Аларды атайын сатып алышып, өз атын жаздырып коюшат экен. Ортосунда турган Гуаньинь Кудайы алардын тилегин аткарып, жамандыктан сактап турат деген терең ишеним бар, кытай элинде. 50 чарчы чакырымды камтыган бул аймакты бир күндө да айланып бүтө албайсың. Кумурскадай жайнаган эл агымы күндө ушундай дейт. Будда борборуна кирүү үчүн көпкө кезекке туруп, анан сыйынганы киришет экен.

АШКАНАСЫ
Кытайлар ар кандай чөп-чар, жандыктарды кууруп жегенге маш эмеспи. Ашканасынан биздин “тилибиз өткөн” тамагы – креветка (чаян), шишкебек болду. Шишкебеги кадимки резинкадай, даамы биздин шишкебекке такыр жакындабайт. Европа ашканасы бар экен, атайын туристтер үчүн. Жакшы жери, телефон чалып койсоң өздөрү алып кетип, кайра мейманканага таштап коюшканы болду. Суусундуктары муздак чай, Фанта, ширеси да биздикине окшошпойт. Суулары тунук да, муздак да эмес. Нымдуу, баткактагыдай жыт уруп турат. Кадам сайын кокос дарагы, пальмалар өсүп, чыныгы тропикалык, экзотикалык шаар экен – Санья. Банан, папайя, манго, мангостин, ананас, киви дегендерден башың айланат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКЫ
Биздин гид калкынын көптөгөн сырлары менен бөлүшүп жүрдү. Жигиттери кумар оюндарына жакын келип, жумушта кыздар экен көбүнчө. Аларда да бири-биринин аймагынын тилдерин түшүнүшпөйт, биздей эле адабий тилинде жана диалектилерде сүйлөшүшөт. Гид “жергиликтүү калк начар турушат, кечинде көчөгө чыкканда абайлагыла” деп улам эскертип жатты. Хайнанда жай турмуш өкүм сүргөндөй. Күндүз да, кечинде да карасаң 60 жаштагы кемпир-чалдар сууда сүзүп же деңиз жээктей сейилдеп жүрүшкөнүн көрөсүң. Жергиликтүү эл күрүч эгип дыйканчылык кылышат. Шаар өтө кооз жана жапжашыл болгону менен, чет жакта карапайым элдин жашоосу жыргатарлык эмес экен.

КЫТАЙЛАРГА ДАҢКЫБЫЗ ТАРАПТЫР
Эгер Хайнанга эс алууга барсаңыз, кытай тилин билбейм деп көп чочулабай эле коюңуз. Анткени эс алуучулардын басымдуу бөлүгүн орус жана казактар түзөт. Бир күнү европа ашканасынан тамактанып келатсак, айдоочунун жанында отурган кытай жигити орус тилинде “кайдан болосуңар?” деп калды. “Кыргызстандан” десек, “Бишкектенби?” дейт, “ооба, кайдан билесиңер?” деп экөөбүз тең сүйүнүп кетиптирбиз, кыргыздарды да билишет тура деп. “Мекениңер тынчып калдыбы?” дейт, Апрель окуясы эске түшүп, “кайдан билесиңер?” десек, “бир кездерде телевизордон силерди гана көрсөтүп калган” деп жатпайбы. Дүйнөгө жаман жагыбыздан эмес, жакшы жактан да таанылсак го деп зээним кейиди.

ТОЛКУП-ТАШКАН ЭМОЦИЯЛАР!
Жомок жашоодон реалдуу жашоого кайтар күнүбүз да келди. Кооз, ысык, тропикалык Хайнань аралында болгон күндөр унутулгус көз ирмемдерге айланып калары шексиз. “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, 8-күндөн тарта өзүбүздүн манты, палообузду сагынып баштадык... 6 жарым сааттык жолубуз бат эле өткөндөй, кудуңдай сүйүнө үйгө келдик. Экзотикалык өлкөдөн көргөн-билгендерибизди жакындарыбызга төкпөй-чачпай айтып, эмоцияларыбыз менен бөлүшүүгө ашыктык...
"Супер сулуу-2011" сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева: – Чынында, Хайнанды мен токой сыяктуу тропикалык арал деп элестеткем. Мындай кооз, бийик имараттар, соода борборлору бар жай деп ойлогон эмесмин. Экзотикалык өлкөгө жөнөткөн “Супер-Инфо” гезитинин жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдогу кубанычтуу көз ирмемдер сыяктуу 10 күн бат өтүп кетти. Чынында, “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү болуп, экзотикалык өлкөгө эс алып келүү – мен үчүн аябай чоң сыймык болду!!!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер сулуу" Айсулуу экзотикалык өлкөгө барып эс алып келди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Naziwka
2012-03-12 09:58:12
KG byun4a tandap algan suluulardyn jenuu4usubu???mmm...bizde abdan jarkydagan, jilduuzdu kyzdar kop ele go...Jakwi profesianal fotoaparat alsan bolmok, surottorun an4a bolboy kaliptyr...
0
Naziwka
2012-03-12 10:03:45
aaa surottrun korup, sagynyp kettim Haynandy,oz olkomdo jurgondoy 1 jyl jawagam...adamga e4teke jakpayt da, Thailand devatyp keldim ele bi9ktan da tajay bawtadym...en negizgisi jakynda es aluuga duynodogu en kooz, en taza, en kymmbat jer KYRGYZSTANYMA baram. Sagyndym seni mekenim!!!
-1
Asus84
2012-03-12 12:11:43
мм дааа мага жашыл аралдары макакалары оло жакты кивилерден ыргытып койчу мага даааа
0
Ele4ka
2012-03-12 15:55:17
Хайнаньда бул жигиттен башка сулуу жигит калбаптырбы??????????????????ото эле суроттору жаман болуп калыптыр,чын эле проффесионал фотоаппарат алса болмок!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
janet
2012-03-12 20:09:03
ей нужно было там ухаживать за собой. Сени сулуу деп тандаган кишилерге уят)))
0
ulia
2012-03-14 15:22:59
Сулуу деле эмес го!Чын эле кыргыз кыздары аябай сулуу келишет.Кайра тандашса болмок.Не обижайся просто конулум толбоду сага.
0
tamerlan
2012-03-14 19:02:09
mmmmmmmmm daaaaaaa to4no magada an4a jakpadi............
0
MaRmeLaDka
2012-03-15 09:22:37
Түшүнбөйсүң адамдарга, боёнуп алса, "боёнбой эле койбойбу" дешет. Боёнуп алса, "боёнуп, өзүнө карап жүрсө болбойбу?" дешет, тобооо, кызык эле адамбыз да. Айсулуу азамат! Татыктуу жеңиш болду.
0
rusana
2012-03-15 11:28:43
Myshyk mayga jetpei sasyk deyt...
0
kamarik
2012-03-16 12:09:45
жондон жон эле женуучу болобербейт да ......)))
!!
0
jaina
2012-03-16 12:38:22
kamarik, ооба да, 2000ден ашуун көрүүчүгө өнөрүп көрсөтүп, татыктуу адам алат.
0
sweet_shirin
2012-03-16 14:29:12
daaaaaaaaaa. o vkusah ne sporyat degen soz bar go
0
ketty
2012-03-16 17:52:52
Айсулуу суротко озун корсотуп тушот экен,мага жаккан жок.
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан