ӨГӨЙ АТА ЗОРДУГУБУ ЖЕ?..

Бизге жакында “көп убакыттан бери бир жаш кызды атасы зордуктап жүрүптүр” деген маалымат түштү. Бул чуулгандуу иштин чын-төгүнүн териштиргени Кара-Балта шаарына жөнөп калдык. Эки тараптын тең сөздөрүн угуп, кимисине ишенериңди билбейсиң. Окурман журтка болгонун болгондой баяндайлы деп чечтик.

“ДАРЫ БЕРИП УКТАТЫП, ЗОРДУКТАГАН“
Жабырлануучумун деген Гүлүмкандын (каармандардын аты өзгөртүлдү) таежеси төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Гүлүмкан 8 жашка чыкканда апасы Омор аттуу кишиге турмушка чыккан. Ал Гүлүмканды өз кызындай кылып өстүрдү, окутту, анысы чындык. Бирок 9-классты бүткөндөн кийин акчанын жетишпестигинен улам окуусун таштатып, күнүмдүк иштөөчү биржага иштетти. Үйдө дайыма чыр-чатак болуп, аялына кол көтөрүп, Гүлүмкан энесине болушса, аны да башына чапчу экен. Омордун башка урганынан жана өзүнүн жайы-кышы талаада иштеп жүргөндө суук тийгизип алгандары кошул-ташыл болуп, башы көп ооруп калган.
Омор Гүлүмканды Бишкектен дарылатмакчы болуп, шаарга күндө өзү алып барып, өзү алып келип жүрдү. Бир ирет Бишкекке барганда зордуктаганга аракет кылыптыр, анан үйгө келгенде дары берип уктатып туруп зордуктаптыр. Коркутуп койсо керек, болгон окуяны эч кимге айтпай жүрө бериптир.
Сиңдимди ажыраштырып алалы дейбиз, бирок ал “силер билбейсиңер, анын баңгилер менен байланышы бар. Силердин да балдарыңарга зыяны тиет, өлтүрүп кетиши мүмкүн” деп айтты. Бул тууралуу милицияга кайрылсак, "далилиңер жок экен" деп арызды албай коюшту.

“АЙТСАҢ, ӨЛТҮРӨМ” ДЕГЕН”
Гүлүмкан окуя тууралуу буларды билдирди:
– 2002-жылы апам өгөй атама турмушка чыкты. Башында жакшы эле жашап жүрдүк, кийинчерээк апама кол көтөрө баштады. Өгөй атам курулуштарда иштеп, анча-мынча акча таап келчү. “Оокат мага эле керекпи?” дегенинен 9-классты аяктагандан кийин окуумду таштап, күнүмдүк кара жумуштарда иштей баштадым. Баңги тааныштары көп болчу. Түнү бирөөлөр келсе, “эшикти илип алгыла” деп чыгып кетчү.
Талаа иштеринде жүрүп ооруп калып, бир айдай Бишкекке барып дарыландым. Кийим-кечек, косметика каражаттарын алып берип, чачымды бир нече ирет чачтарачканадан жасатып берди. Ошондо эле жаман ою бар болсо керек. Бир күнү ооруканадан келе жатканда “мончого түшүп ал, бул жакта арзан. Чогуу эле түшөбүз” деди. Мен көнбөй койсом, колумдан сүйрөгөнгө аракет кылды. Үйгө келгенде “дарыларыңды ичип жат” дегенинен ичип жатып алганмын. Эмне дары бергенин да билбейм, апам да, мен да катуу уктап калыптырбыз. Өзүмдүн бөлмөмдө уктап жаткам, кийимимди бирөө чечип жатканынан ойгонуп кеттим. Кыйкырайын десем, оозумду жаап, зордуктап салды. Ашканага барып бычак алып келди да, “апаңа айта турган болсоң, өлтүрөм!” деди. Андан кийин да бир нече жолу коркутуп, зордуктады. Үйгө конок келгенде аларга айтып койбосун деп мени сарайга камап койчу.
Кандайдыр бир дарынын жардамы менен уктатып, сиңдимди да бир нече жолу зордуктаганга аракет кылыптыр. Ал апама айтып, ошондо баары билинди. Милиция чакырсак, “зордуктаган эмесмин” деп танып койду. Менде зордукталгандыгым тууралуу кагаз жок, учурунда ооруканага барып текшерилген эмесмин да.

“МЕН ЗОРДУКТАГАН ЭМЕСМИН”
 Окуянын башкы каарманы болуп жаткан Омор үйүнөн чыгып кетип, эжесиникинде жашап жатыптыр.
– Мен зордуктаганга аракет да кылган эмесмин. Өгөй кыздарымды өзүмдүн кыздарымдай эле көрүп карадым, бактым. Азыр алар апасынын, таежелеринин сөзүнөн чыга албай, жалаа жабышууда. Бул чыр башынан бери эле келе жатат. Мен аялым менен турмуш кургандан бир жумадан кийин эле кайнежелерим ажыраштырганга аракет кылышты. Аялым бирди төрөгөндөн кийин мага айтпай 4 жолу боюнан алдыртып салышкан. Өзүнүн атасы кызын оорукчан экен деп карабай койгон. Оорусун укканда апасы, туугандары ыйлабай, мен ыйлаганмын. Карызга акча таап, Бишкекке алып барып дарылаттым. Тапкан-ташыганымдын баарын үйгө алып келчүмүн.
“Сен өгөй кызыңды зордуктаптырсың” дедиртип, тааныштарын алып келип сабатып кетти. Мындай жашоого чыдабай, канча жолу ажыраша турган болуп, бирок балдарым да мага окшоп жетим калышпасын деп ажырашкан эмесмин. Мен да томолой жетим калып, ар кимдин колунда чоңойгон элем. Өзүм кор болсом да, балдарым кор болбосун дегем, эми ажырашам.

Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Азамат Кубандыковго байланыштык. Ал “эки тарап тең келишкен, бирок жабырлануучу жак арыз жазбай эле кетип калышкан” деп түшүндүрдү. Ал эми Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун адистери мынча убакыт өтүп кеткенден кийин ким зордуктагандыгын аныктоого мүмкүн эместигин, бирок кийиминде же шейшепте эркектин уругу калып, ал жуулбай сакталса, азыр деле аныктоого болорун айтышты.Чалмакей чалган бул окуянын учугун азырынча таба албадык. Чындык кай тарапта?

 Кыстарылган видео 
Өгөй ата зордугубу же?..
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
TolonturCN
2012-04-17 16:42:20
koom emne bolup ketken degi ailanaiyn kudai
0
nukura
2012-04-17 17:19:15
Темирди кызуусунда сок дейт.Кызда го күнөө эмнеге угагында айтпайт. Биздин коомго ыйман орносо мындай болбойт эле!
0
meka_90
2012-04-17 18:28:57
Корбой туруп айтсан куноого батасын го. Ото оор тагдыр экен. Мунун баарына алкымдан алып, такымга тепкен жетишпеген жашоо куноолууго. Бирок жашоону жакшыртыш ар кимдин оз колунда экенин унутпайлы мекендештер.
0
Cyldyzka
2012-04-18 13:19:18
cetişpestik nege künöölü bolsun al adamdın özünön özü norma bolso mınday kılbayt boluş kerek ele
0
Gul90
2012-04-18 13:48:50
кыз убагында айтпайт беле эгер чын болсо
0
Dohtar
2012-04-18 13:56:36
Мындай акмак адамдарды соттош керек
0
cosmopolit
2012-04-18 19:26:59
Кудай сактасын! Мындай кордук менин да башымдан откон, бирок огой атадан эмес...учурунда эч кимге айта албайсын, себеби мындай адамдар психологиялык жактан атака кылганды жакшы билишет...Албетте коркосун...ал эми ар кайсыны жаза берген оной...Менимче кыздын жабыр тартканы корунуп турат...Психологиялык жактан чон травма...
0
Edilbek.
2012-04-19 18:53:27
Огой ата огойда барибир кыздардын тагдыры не болот эми андай акмак кишини жазага тартуу керек убакыт чечет дебей чечуу керек тезинен
0
Almazbekki
2012-04-19 21:50:35
Адамдарга ыйман берсин ушундай да болобу?заман озгорбой эл озгоруп жатат го.кыздын бактысына балта чапкан жакшы болбоптур.ушундай кылган болсо жазасын алыш керек.
0
Narynbek
2012-04-19 23:03:55
Ортодо балдар туруп,ажырашкан ата-эне күнөөлүү.Өгөй өгөй да.Бир жесир эркектин эки чырактай уулун,кулагына курт салып өлтүргөн өгөй эне жөнүндө чыгарма эсиме келди.
0
elya2404
2012-04-20 19:39:22
Narynbek, ушул чыгарманы мен дагы бир жерден уккандай болуп жатам. бул бизде болду беле?
0
Gul90
2012-04-21 15:15:11
нарынбек ууууфф журокту ачыштырасынар гоо
0
Adelina
2012-05-10 18:42:59
kimisine iweenerin bilbeisin.
0
Rayimberdi
2012-05-12 13:55:56
Чын болгондо кыз ошондо еле айтмак Кайнежелеринде айыпко дейм Андй десе Кызда тууру
0
shaitanmoskvalik
2012-05-15 18:35:02
сен озунду бил
0
taalaiu68
2012-06-16 13:32:52
Кайда баратабыз...
0
№ 493, 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан