Лионель МЕССИ VS Криштиану РОНАЛДУ КИМ МЫКТЫ?

МЕССИ vs РОНАЛДУ:
Учурда футбол чөйрөсүндөМесси менен Роналдунун кимиси мыкты?” деген суроо көп талкуу жаратары сыр эмес. Көпчүлүк ичинен бүтүм чыгарып, ким мыкты экенин аныктап койсо, биз гезит бетинде аныктоого тырыштык. Бул үчүн атаандаштардын майдандагы, жеке жашоолорундагы жана акча маселесине байланышкан ийгиликтерин карап көрдүк. Ким мыкты? Мыкты оюнчу, далай кыздын көз жашын төккөн мачо, никесиз уулдун атасы Криштиану Роналдубу же жаңы Марадона, табиятынан токтоо мүнөз жана пол жуугучтун уулу Лионель Мессиби?

Жыйынтыгында Месси 19 упай топтосо, Роналду 15 упайга жетти.
Ооба, колдон келишинче калыс баа берүүгө аракет кылдык. Азырынча жыйынтык ушундай. Ал эми келечекте да көптөгөн өзгөрүүлөр болору турган иш.
Бул атаандаштык тууралуу атактуу кесипкөй инсандардын да оюн билдик.

АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?




Пеле,
3 жолку Дүйнө чемпиону, расмий эмес түрдө футболдун падышасы:
“Ар бир доордун баатыры, өз таланты болот. Азыр болсо Мессинин убактысы келди. Ал – талашсыз түрдө дүйнөнүн мыкты футболчусу”.



Диего Марадона,
Дүйнө чемпиону, расмий эмес түрдө футболдун падышасы:“Криштиану Роналдудай болуп футболдогу бардык ыкмаларды мыкты өздөштүргөн футболчуну көргөн эмесмин. Ал ыкмаларды орду менен жасап, коомчулукка ырахат тартуулай алат”.


Алмаз Чокморов,
Кыргызстандын ХХ кылымдагы мыкты футболчусу:
“Мага Криштиану Роналдунун ойногону такыр жакпайт. Мессинин оюнун көрсө болот. Ал өзүнүн жогорку ылдамдыгы жана мыкты техникасы менен айырмаланат. Менимче, Месси мыкты”.




Муратбек Жумакеев,
футбол боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:
“Экөө тең чабуулдук сызыкта мыкты ойношот. Роналдунун лидерлик сапатына токтоло кетүүгө болот. Бирок, менимче, Мессинин деңгээли жогору. Ал бардык оюндун тагдырын чечип коё алат. Гвардиола ал үчүн ошондой мүмкүнчүлүк түзүп койгон. Анын Аргентинанын курама командасында клубдагыдай ойной албаганын ушул мүмкүнчүлүктүн жоктугунан дейт элем”.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
Nuriik
2012-04-27 18:34:32
Роналдо мыкты. Техникасы, ылдамдыгы, башы, он жана сол буту менен тен бирдей ойнойт. Месси сол буту менен эле ойной алат жана ылдамдыгы болду.
0
toialy_shokonov
2012-04-27 19:32:14
Ronaldo is the best!
0
akmat
2012-04-27 23:02:36
Мессини соз менен жакшы дебесенер деле жакшы! Жонокойлугу жана да ойундарын мыкты корсото алат! Роналдонун опкосу чон!
0
Zarina_zaika
2012-04-28 01:04:27
Месси жакшы мага аябай жагат,бирок бир жери жаман сол буту менен гол киргизе албаганы! Бирок мага Месси жага и Месси экообуздун туулган кунубуз бир)
0
Zarina_zaika
2012-04-28 01:05:40
Барса,вперёд) Я так люблю Месси,даже готова за него замуж выйти)
0
akiykat
2012-04-28 10:07:05
Ronaldo rulit!
-1
jonokoi_bala
2012-04-28 12:00:31
Ronaldo erkek
-1
jantao
2012-04-28 15:18:25
Роналдо мыкты оюнчу . Ал эми Барса жана анын оюнчуларын биз "лолу маала" деп коёбуз.
-1
kg1g1t
2012-04-28 23:22:59
роналдо утат , красавчик,просто мессинин фанаттары коп ошондуктан
0
Koreanka
2012-04-28 23:29:54
Аааааа Рональдо крассавчик. Ммммах
-1
Knt
2012-04-29 21:26:01
Carles Puyol en mykty!!!
0
b_city
2012-05-04 10:44:15
Экоотен Бирдей ))
0
ermina
2012-09-02 00:20:04
Роналдо симулянт..бирок жакшы ойнойт... мессинин партнерлору кучтуу болуп жатпайбы... Иньеста менен Хави экоо эле кандай футболлисттер... Барселона озу эле Сборный Испания..менимче Роналдо....
0
ermina
2012-09-03 02:52:17
Мессини азыр эч кайсы клуб сатып ала албайт го, 250,мил доллар, мынча турбайт, Месси конечно футболист фантастический, бирок трансфер черезчур эле болуп атат, Реалга келбейт, Манчестер Сити алышы мумкун, андан башка бир да клуб албайт го.
0
new_hacker
2016-06-15 09:17:01
жаман
0
№ 494, 20-апрель- 26-апрель, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан