Калп тапкыч менен эрөөлгө бүгүн актриса, ырчы Гүлнур Асанова келип отурат. Ырчы кызды мындай эрөөлгө чакырганыбызда шыр эле макул болгонунан анын өзүнө ишенген бийкеч экенине ынандык. Адатта, белгилүү инсандардын көпчүлүгү калп тапкычтан чочулап, ал тургай “макул, барам” деген бойдон таптырбай кетишет.
Учурда жазбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Өзүңдү таланттуу актрисамын деп эсептейсиңби?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Шүмшүк компьютер го (колун компьютерге кезеп), билип койдубу, ээ, алдайын десе, ха-ха. Чынын айтсам, “скромная” болуп, мактанбайын дегем. А негизи, өзүмө ишенем.
Өзүңдүн кесиптештериңе ич күйдүлүк кыласыңбы?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Жок
Гүлнур: – Мендей эле адамдар мага караганда чоңураак ийгилик жаратып жатышса, эмнеге ич күйдүлүк кылмак элем? Тескерисинче, эзилип жүрө бергеним үчүн өзүмдү жемелейм.
Кримчөйрөдө жакын досторуң барбы?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Жок
Роза Аманованы өзүңдүн устатың катары сыйлайсыңбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Бүгүн 17-апрелби?
Гүлнур Асанова: – Мм... (бир топко ойлонуп) ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Өзүңдүн атаңа кек сактап, таарынычта жүрөсүңбү?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Атама болгон таарынычым али күнгө чейин бар. Бирок эмне себептен таарынып жүргөнүмдү көпчүлүккө айткым келбейт.
Бир эле учурда эки жигит менен сүйүү мамилесин түзгөн учурларың болду беле?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Ооба, андай болгон (күлүп). Бирок бир эле жолу. Жаман ойлобогула анан. Экөө тең эле билишчү. Кыскасы, бирөө менен мамилебиз бүтүп баратканда экинчиси менен сүйлөшө баштагам. Өздөрүнүн макулдугу менен.
Ушуга чейинки жашооңдо бир нерсе уурдап көрдүң беле?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Жок
Гүлнур: – Бул жактан ата- энебизден катуу тарбия алганбыз. «Эч качан уурулук кылбагыла» деген сөздү миң кайталашчу. Андай болушу мүмкүн да эмес.
«7-класстан бери чачымды өстүрүп келе жатам» деп өтө сыймыктануу менен айтып каласың. Чачыңды кестирейин деген оюң барбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Кээде кырктырып, башка чач жасалгага өтсөмбү деп кыялданып кетем. Андай ой келет.
Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына карата уюштурулган сынакта өз эмгегиң менен жеңип чыктыңбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба (бирок Гүлнурдун аябай толкунданганы билинип турду)
Гүлнур: – Чындыгында, өз талантым менен эле жеңгем. А толкунданганым ошол кездеги күнү-түнү уктабай катуу даярданганыбызды эстеп кеткенимден болду окшойт.
Өзүңдүн стилиңе канааттанасыңбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Азыркы таптагы стилим өзүмө жагат. Жакпаса башкача болмокмун да.
Сенин кыялыңды чорт дешет. Бул чынбы?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Бир таарынсам, көпкө чейин таарынычым жазылбайт. Айлап, жылдап, өмүр бою жазылбай коюшу да мүмкүн. Ушул сапатым өзүмө жакпайт.
Сенин сүйүүңдү акчага сатып алса болобу?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Жок
Гүлнур: – Болсо болоттур, балким. Бирок меникин эмес.
Келсинбек Атабеков аттуу актёр менен сүйүү романында болгонсуңбу?
Гүлнур Асанова: – Ооба
Калп тапкыч: – Ооба (компьютерден катуу толкунданганы көрүнүп турду)
Гүлнур: – Ооба, ал жигит менен төрт жыл кыз-жигит болгонбуз.
Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
Гүлнур Асанова: – ооба
Калп тапкыч: – ооба
Гүлнур: – Ар бир айым өзүнө сулуумун деп ишенүүсү керек. Ар кимибиз өзүнчө сулуубуз да. Мен деле Кудайга шүгүр элемин деп ойлойм.
Өзүңдү жылдызмын деп эсептейсиңби?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Жок
Гүлнур: – Азырынча алдыда аткара турган иштерим көп. Балким, ошол иштерим аткарылып, чыныгы жылдыз болгондо мени дагы калп тапкычтын сурагына чакырсаңар келип, “ооба” деп жооп берем, азырынча жок деп айтам.
Бакиевдердин бири менен жакын мамиледе болгонсуңбу?
Гүлнур Асанова: – Жок
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур: – Ооба, Курманбек Салиевич убагында мага чыгармачыл адам катары колдоо көрсөткөн. Андан жакын мамиле болгон эмес.
Учурда сүйүктүү адамың барбы?
Гүлнур Асанова: – ооба
Калп тапкыч: – Ооба
Гүлнур:– Бир мырзаны жактырам. Ал менин сезимимди биле элек.
– Сыналгыдан көргөндө ушуга чейин калп тапкычка таптакыр ишенчү эмесмин. Ичимден ойлоп келаткам, компьютерди алдап көрөйүн деп. Чынында, суроолор берилип жатканда бир нече жолу алдаганга аракет кылдым. Бирок билинип калбадыбы. Алдынан толкунданып, коркконум менен, негизи, кызыктуу нерсе экен.
Чолпон Сүйүнбаева,
Бахияна Сатылганова
star@super.kg