Сүйүү бар экенине ишенгим келеби же өзүмдү алдап жүрөмбү, дале толук түшүнө элекмин. Сүйүп, бирок сүйгөнүмдү башка бирөөгө берип койгонума өзүмдү жек көрүп кетем. Биринчи эмес, экинчи ирет арзыганымдан айрыган тагдырыма таарынам. Башымдан өтүп жаткан азаптуу күндөр да бүтүп, сүйгөнүм менен бирге болорума ишенем.
"МАЙРАМ, СҮЙҮҮ, БАКЫТ..."
– Майрамдар дайыма шаан-шөкөт менен коштолот эмеспи. Курбуларым менен калаанын кафелеринин биринде эс алып отурганбыз. Бир маалда залга келбеттүү жигиттер кирип, бет маңдайыбыздагы столго отурушту. Жал-жал тиктеп, көздөр менен сүйлөшүү башталды. Арасынан ак жуумал келген узун бойлуу жигитке назарым түшүп, "меники болот" деп максат койдум. Бий убагы келгенде ал мени чакырып, экөөбүз бийге түштүк. Ошентип, Бекзат менен таанышып, көптөн берки тааныш адамдардай сүйлөшүп кеттик. Мени бекем кучагына кысып, жагымдуу сөздөрдү шыбырап жатты. Мен мурун турмушка чыкканымды, ал жүрөгү бош экенин айтты. Көз караштарыбыз кезиккенде жан дүйнөм толкуп, жүрөгүм өз чегинен чыгып кетчүдөй дүкүлдөп жатты. Бекзат экөөбүз телефон номерлерибизди алмашып, коштошуп, үйүмө кайттым. Негедир уйкум качып, Бекзатты кайра көрүүнү самадым. Таңкы саат үчтөрдө телефон чалсам дароо алды. “Эмне кылып жатасың?” десем, “сени ойлоп отурам” деди. “Сени көргүм келип жатат” дегенимде дарегимди сурап, телефонун өчүрдү. Жарым сааттан кийин экөөбүз бир бөлмөдө кучакташып отурдук. Ал түндү экөөбүз бирге өткөрүп, мамилебиз ушундан ары уланды.
"ТЕПСЕНДИДЕ КАЛГАН СЕЗИМ"
– Менин өзүмдүн батирим, алдымда унаам, чакан бизнесим бар, баары жетиштүү эле. Бекзат менен бирге жашап калдык. Кубанычым коюнума батпай, бакыт деген ушул экен дедим. Курбуларым “аны эмне кыласың, жылаңач баатырыңды?” деп мени жемелешет. Аларга таарынып, алыстап да кеттим. Бекзат мен үчүн баары болуп калды, башка эч нерсенин кереги жоктой. Бир күнү ал уктап калганда телефонун кармалап отуруп Айзада аттуу кызга “сени сагындым” деп жазган СМСин көрүп калдым. “Бул ким?” десем, “жаным, ал өткөн чак. Сени сүйөм!” деп мени жеңип койду. Бирок "күйөөдөн чыккан болсом, бул мени жөн гана колдонуп жүрөбү?" деген ойлор да келди.
Арадан билинбей эки-үч жума өттү. Күндөрдүн биринде ал үйгө кызуу болуп келип, “кечир, менин сүйлөшкөн кызым бар, ага үйлөнөм деп жүрөм, бирок сени да кечип кете албай жатам...” деди. Мен үчүн катуу сокку болду. Аны кетирбөөнүн айласын издедим. Тымызын сүйлөшкөн кызынын көңүлүн бузуу үчүн Бекзаттын номеринен “мен башканы сүйөм” деп кат жөнөттүм. Ал Бекзатка “бактылуу бол, экинчи тынчымды алба” деп жооп берди. Мен “биз жайында үйлөнөбүз, менин боюмда бар. Акылың болсо, биздин жашообузга кийлигишпе” деп кат алмашып жаттык. Ал мага “сени колдонуп туруп таштап кетет” деген жооп кайтарды. Бул сөздөр менин намысыма тийди. Бекзатка билгизбей ал кыздын намысына тие турчу СМСтерди жазып жүрдүм. Анан анын жоопторун чогултуп Бекзатка көрсөтүп, “мени коркутуп жатат” деп ал кызды караладым. Бирок Айзаданы таштабасын сезип, ортодон таанышымды салып, экөөнү биротоло ажыратууну көздөдүм. Тилекке каршы, ал максатыма жетпедим. Бир убакта телефонум шыңгырап, аялдын үнү угулду. “Мен Бекзаттын эжеси болом. Анын жакында үйлөнөрүн билесиңби? Сен тоскоол болбо. Өз жолуң менен кет” деп өчүрүп койду. Ал түнү Бекзат үйгө келбеди, эртеси менден алган 10 миң сомду астыма таштап, “жаңылыптырмын, кечир!” деди. Акчасын бетине чачып “акмак, сени жек көрөм!” деп кыйкырып, ыйлап жаттым. Бекзат бурулуп басып кеткен бойдон кайрылбады.
"БЕКЗАТТЫ АЖЫРАШТЫРАМ"
– Ыйладым, сыздадым... Бекзат үйлөнгөн күнү мен жакынын жоготкон ботодой боздоп жаттым. Бирөөгө ал күн кубаныч тартууласа, мен үчүн азаптуу күн болду. Тааныштарым аркылуу экөөнүн сүрөттөрүн алдыртып, айрып, өрттөп жаттым. "Сүйгөн аял акыл-эсинен ажырайт" деген чын окшойт, бирок азыр жүрөгүмдө сүйүүбү же жек көрүүбү, түшүнбөй калдым. Жашырганда эмне, мен азыр эң кыйын деген молдолорго, көзү ачыктарга барып окутуп жатам. Ооба, балким, бирөө мени жек көрөр, бирок мен ошондой жолго баруудамын. Экөөнө жашоо бербейм. Ал кыз Бекзатты менден кандай ажыратса, мен да ошондой ажыратам. Бекзат мага акыры жөрмөлөп келет. Билем, бул – күнөө, бирок менде башка арга да жок, эми мага баары бир. Кандай жол менен болсо да Бекзатты кайтарып алам, башкасы мени кызыктырбайт.
Айназик
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg