Өзүмдү жаш деп айтсам, бул актангандык. Акылсыз дейин десем, чындыктан алысыраак болуп калат. Мен азыр киммин? Болгону, сүйүүдөн улам акылымдан айрылып калган аялмын... Мен актанбайм, ооба, туура эмес жолго түшүп алдым. Жолдошум, уулум бар, үй-бүлөдө менден башкасынын баары бактылуу. Өзүмдөн кичүү жигитке ашык болуп, сезимге акылымды алдырып, кыйналып турган кезим.
“КҮЙӨӨМДҮН ЖООШТУГУНАН ТАЖАДЫМ”
– Жашоо бир нукта кете берсе да кызыксыз болуп калат окшойт. Балким, мен жаңылышып жатам же өзүмдү акылсыз деп айтууга дитим барбай жатабы, түшүнбөдүм. Айтор, ушул күнгө келип башыма мындай оор абал түшпөптүр. Азыр миңдеген ойлор ичимди куйкалап, өрттөп жатат. Бир жагынан кыжалат болуп, бир жагынан ыза болуп, бугум ичиме батпай калды. Турмушка сүйлөшүп жүрүп чыккам, быйыл түтүн булатканыбызга жети жылдын жүзү болду. Ортобузда жакшынакай 4 жашар уулубуз бар. Бардыгы ар бир аялзаты кыялдангандай. Карегиң менен тең айланган күйөөң, каалаганыңды кылып, өтүгүңдү төргө илесиң. Бир нерсе жакпай калса, катуу кыйкырып, колуңдагы нерсени былчырата чаап салсаң да сен сүйүктүү аялсың. Мындай нерсени илгерки тасмалардан эле көрбөсөк, азыр чанда кездешет эмеспи. “Кара кыздын агынан эмес, багынан” деп жөн айтылбаса керек, чынында эле бешенеме жакшы күйөө, кайнене-кайната жазылыптыр. Кайненемдин үйүндө саат 11-12ге чейин уктасам деле көзүмдү карап, “алдыңа кетейин” деп турат. Кайын журтум да “Айгүл, Айгүл...” деп көңүлүмдү карашат. Мен баарына жагам, бир гана мага бул нерсенин баары канча жылдан бери жакпай келет. Жоош, көзүңдү караган эркектен да тажайт экенсиң. Өзүңдү алсыз аял сезбегенден кийин кызыксыз болуп калат экен. Балким, меники туура эместир, бирок кантсе да жаныңда күчтүү, сен ишене турган күйөөнү ар бир эле аялзат кааласа керек. Тилекке каршы, тиричиликте эркек чечүүчү маселенин баары менин моюнумда. Кээде туруп күйөөмдүн жооштугуна кыжырым кайнап кетет. Жети жылдан бери күйөөмдөн бир жаман сөз укпадым, кол көтөрүүнү айтпай эле коёюн. Жолдошум – идеалдуу десем болот, бирок мага чечкиндүү, керек болсо катаал эркек керек экенин түшүнүп жатам.
“ОТТОЙ ЖАЛЫНДАГАН СҮЙҮҮБҮ ЖЕ?..”
– Үстүбүздө үйүбүз, алдыбызда темир тулпарыбыз бар. Кудайга шүгүр, баары жетиштүү, элдин алды эмес, арты да эмеспиз. Күйөөм колунан келишинче акча тапканга аракеттенет. Былтыр ага “элдин баары эле Москвада жүрөт, мен да барып келем” десем, жөнөттү. Ал жакта 7 айдай иштедим. Жети айдын ичинде кандай гана кызыктуу күндөр өтпөдү.
Күндөрдүн биринде чогуу жашаган кыз-келиндер менен жумуштан кийин кафеге барып калдык. Жаныбызда 3-4 жигит шарактап шаңдуу отурушкан, көп өтпөй биздин столго келип компания түзүп калышты. Ошентип тааныштык.
Нурсейит менден төрт жаш кичүү болсо да, анын жанында өзүмдү алсыз сезчүмүн. Башында 2-3 күндө бир жолугушуп жүргөнбүз. Бара-бара күндө көрүшпөсөк уктай албай калчу болдук. Эки айдай бирге жүрдүк. Өзүмдү мектеп окуучусундай сезип алгам, ичимдеги сезимдерим бурганактап кайнап. Миңдеген чакырым алыстыкта үй-бүлөм тынчсызданып, куса болуп жатканын такыр эле унутуп койдум. Алоологон сезимдерди билдирип, көздөрүбүз тигиле караганда чагылгандай сүйүү оту чачырап жатты. Бирок Нурсейиттин аялы, бир баласы бар экенин билдим. Албетте, мен анын үй-бүлөсүн бузууну каалаган жокмун. Бирок ал “мен аны сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин, ага ата-энем үйлөнтүп коюшкан. Эч кимди сүйгөн эмесмин, сен менин биринчи сүйүүмсүң, сени менен жашагым келет” деген кептерди айтты.
Ошентип, экөөбүз бирге жашай баштадык. Бара-бара мени катуу көзөмөлгө алып, баскан-турганымды сурап, кол көтөрүүнү да адатка айлантты. Билбейм неге, бирок баарына чыдадым, бул нерсе мага жат көрүнсө да жагып жаттыбы, түшүнүксүз. Нурсейит менен күйөөмдүн кыялдары карама-каршы, экөөнү салыштырып да болбойт. Мени сабап, бетиме көк калтырып, ур-токмокко алып жатса да көңүлүм калбайт. Балким, чыныгы сүйүү ушундайдыр, түшүнө албай жатам. Бир айдан кийин Нурсейит аялын, баласын Кыргызстанга кетирип жиберди. Мен андан кийин батына албай, өзүмдү күнөөлөп, бир жумадан кийин Кыргызстанга келе бердим.
“ТУҢГУЮК...”
– Арадан бир айдан ашык убакыт өттү, эмне кыларымды билбей башым катып жаткан кез. Тамагыман эч нерсе өтпөй, оюмдун баары эле келечегим. Нурсейит жанымды койбой күнү-түнү чалат, күйөөмдүн көздөрүн караганда жерге кирип кетким келет. Азыркы абалымдан эч бир туура чыкчу чечим көрбөй койдум. Күйөөмдү таштасам, мен сөзсүз өкүнөм, Нурсейит да мени сүйөрүн билем. Бирок ур-токмок, көк ала денемди көрүп жатып андан да тажап, өкүнүп каламбы деген шегим бар. Анын үстүнө Нурсейит жаш, эртең эмне болуп кетерин билбейм. Ал “бир жуманын ичинде келесиң” дегенинен “бүттү, тынчымды алба” десем, “10-апрелге чейин барам, күтө бер, күйөөңө каратып туруп сени көтөрүп чыгып кетем” деп айтты. Кечээ болсо «Бишкекке билет алдым» дейт, “келбе” десем, “сага жетпесем асынып өлөм” деп коркутуп жатат. Күнүгө күйөөм жумушка кеткенде экинчи симкамды салып, Нурсейиттин үнүнө мас болом. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, бирок мен үй-бүлөмдү кантип кечем? Менин сүйүүм үй-бүлөнү кечүүгө татыйбы, күйөөм, уулум мени кечире алабы?.. Кудайдын каары тиеби деп да корком, эртең же бир жылдан кийин бармагымды тиштеп бүгүнкү кабыл алган чечимиме өкүнүп каламбы деп корком. Нурсейит экөөбүздүн мамилебизди апам билет, болгону, күйөөм менен балам бейкапар. Акылым күйөөмдү тандаса, сезимдерим Нурсейитти тандоодо, ортодо жанчылып бүттүм. Акыркы күндөрү өзүмдү ушунчалык жек көрүп, баарын кечип кетким келип жатат.
Айгүл