Чубак ажы: «КЫЗДАРДЫН ҮСТҮНӨН «СОТ» ЖҮРГҮЗҮҮ ШАРЫЯТТА ЖОК »

Муфтий Чубак ажы Жалилов Орусиядагы, айрыкча Москва шаарындагы кыргыз жигиттеринин кыздарды кордоп-шылдыңдап жаткан окуяларына байланыштуу билдирүү таратты.
“Кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ушул элдин уулуна кой айыпты” деген кеп бар. Жигиттердин ыймандуу болуп көрүнүп, кыздарды жылаңачтап, ысымдарын айттырып, бычак менен коркутуп жатканы ыңгайсыз абалды жаратууда. Балдардын мындай иштери ошол кыздар кылган абийирсиздиктен ашып түшсө ашып түшөт, бирок кем калбайт. Анткени аял сойку болсо да, жылаңачтап кароо, камерага тартып, элге көрсөтүү – чоң күнөө. Ыйман талабы боюнча, жардам берүүнү кааласа, кароосуз калтыруунун ордуна жигиттер ошол кыздарга үйлөнүшсүн, жумуш таап беришсин”.

 Кыстарылган видео 
Чубак ажы:"Аял сойку болсо да, жылаңачтап кароо, камерага тартып, элге көрсөтүү – чоң күнөө."
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
PROS
2012-05-24 14:57:10
Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узбойт! Уруп сабаган эмес, шариятта зынага барган кызды элдин алдында таш баранга алып олтургуло дейт. Ынсапты кыздарга берсин да.
0
tolik
2012-05-24 14:58:28
Менин жеке пиримде кыздын дагы эркектин дагы жаман жолдо жургону:
1.Ата энесинин татыктуу тарбия бере албагандыгы!
2.Олкобуздун жумушсуздугу.
3.Дин,Билим,Спорттун жетишсиздиги.
Эгер адам ушул учоону колго алган болсо(дин,илим,спорт) ал адам жаман жолго жана женил ойлуулукка барууга мумкун эмес!
0
Chika888
2012-05-24 21:45:44
Ошол кыргыздын жигиттери кызды чечиндирип алып камерага тартып "бизде ушундай уюм ачылган патриот деген уккунсынбы" деп аны ыплас создор менен соккону кантет. Бул патриотчулукка жатпайт не грамотныйлар.Кргызстан шаары деп адамдын кулкусун келтирет. Алар нормальный балдар эмес.Кызды антип чечинтип эмне кереги бар элге уят кылбай ата энесинин алдына алып барып тапшыр ушунчалык патриот болгун келип атса.
0
zulya
2012-05-25 02:40:49
Ошол видеону когондор барбы болсо ссылкасын бергилечи или OsmonovaZuura@gmail.com го жоноткулочу сураныч . Рахмат
0
suimon2010
2012-05-25 14:25:55
Москвадагы жигиттер биринчи орунда оздорунун журум турумун ондоп алышса абдан жакшы болмок,тажиктер мн жургон эмес,Москвада иштеп жургон кыздардын баарын жаман ойлошот,жумуштан кеч чыгамын ,кочодо мас кыргыз балдар толтура олтуруп алышып,согунушуп айланып келбейлиби,жеткирип койойунбу деп уят создор менен согунушуп кыйкырышып отурушат
0
suimon2010
2012-05-25 14:30:39
Беш кол тен эмес,силерге айтаарым силер ойлогондойМосквада жургондордун баары бузулгандар эмес,дагын бир жолу метродо кетип жатсам,кыргыз балдар станциясынан тушуп кетип жатышып башыма бир уруп чуркаап тушуп кетишкен,жетишпейт тооба деп кала бергемин
0
suimon2010
2012-05-25 14:32:19
жаш кыздарыбыз да аябай бузулуп кетишкен бирок чындыгында,ыйман ынсап берсин кудайым уул кыздарыбызга
0
0987nar
2012-05-25 15:04:40
PROS sen oozuna karap suiloson, sen kimsin ancha tasha baranga al dep sovet bergendei, kynaajyn kozun suzobu, suzboibu al senin ishin emes, jana al baldardyn dagy ishi emes, kyzdardy ata enesi tarbialap alat, siler oz ayal, karyndashtarynardy tarbialaisynarby, tashbaranga alasynarby ozunor bilgile. Kyzdardyn kylygyn Allah kana jazalai alat, siler ozunordun ookatynardy kylyp, kudai dep suilop jurgulo.
0
Chromstyle
2012-05-25 22:58:18
каздарды кордогон акмактардын кыздары эже карындаштары кор болуп калсын
0
jonne
2012-05-26 02:56:34
эмне окундурот,ушинтип журуп эле кыргыз эли жок болуп кетебиз.Айланайн кыздар силер келечектеги энесинер ойлонгулачы женил ойлуу болбой,силердин намысынар кайда калды?!!Убактылуу рахат учун куноого батпай,кыргыз элинин намысын тебелебей ыймандуу болгулачы кыргызымдын кыздары.......!
0
ayildik_kiz
2012-05-26 08:47:02
Мен дагы коруп алып аябай жиндендим ошол жигиттер интернеттке киргизерден мурда ойлонушса болмок,биздин кыздар момундай деп шерденип алышпай!Кыздарыбызга да ыйман берсин!Эркектер толук кандуу муктаждыгын камсыз кылса аялда уйдо эле отурмак алдей айтып бешик терметип балдарына тарбия берип дегендей.Оз жолунан адашып шайтандын азгырыгына берилгендерге Аллах озу жол корсотсун,ыймандуу адамдар акыл айтсын биз бироого акыл айтканды жакшы коробуз го эми уга билгенди да уйронолу!
0
Asiyo
2012-05-26 10:09:49
Мен да кечээ коруп алып аябай жиним келди Борколук кызды коркутушканын.Ал кыз асынып олуп алыптыр деп уктум.Башка кандай кылат эле анан?!Ал кыздын эки баласынын убалы ошол балдарды уктатпасын!Азыр каердге барба азербайджандар базарда да,кафе ачкандар да.Анан байкуш кыздар документи жок болсо айла жок иштейт да ошолордун колунда.Орустарын азыр бир гана РФ паспортун болсо ишке алып калган.Анан кичине акча кылып алайын деп базарга иштейсин,албетте азыр базарда азер менен армяндар.Беш кол тен эмес.
0
Persik
2012-06-03 12:27:25
баардык нерсе озубуздун кыргыз мамлекетинин мыйзамынын иштебегендигинен келип чыгып жатат.эмне учун ата эне 17 18 жаштагы кыздарын бул россияга жонотот.бул жака келген жаш кыздар эмне иштерди кылып жатышат иштеп журом деп ата энесин алдаган кыз келиндерди коп эле коруп жатам.эмне дейсин бир соз айтсан сеники короп жатабы мен озум билем дейт кечээ куну бир кыз.ыйман жолунда соз суйлосон бар башымды оорутпа дейт.россия мамлекети мусулман малекети эмес биринчиден,экинчиден дуйнодогу баардык улуттун
0
Persik
2012-06-03 12:32:31
окулдору жашайт.кайра эле ушул мусулман улутундагылар бири бири менен жаман нерселерди жасап жатышпайбы.эми эмне дейбиз кыз кишини кыргызстанда эле жакшына эле турмушка берип анан жонотсо болот да балдар уйлонгусу келсе барат айла жогунан
0
Persik
2012-06-03 12:43:46
биз суйлоп бири бирибизди кордоп суйлогонду жакшы коробуз кыргыздар, ушинтип суйлоп буткучо быягыбыз же болбосо бул оорубуз отушуп кетет алдын алышыбыз керек го дейм.
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан