КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (271)
Aida79
2012-06-04 02:32:06
Салам кыргыздар!Кыргыз грамматикам начар ошол учун кечирим сурайм орус тилинде созумду айтайын.Сердце болит за народ,до чего докатились мы КЫРГЫЗЫ,опустились ниже плинтуса,перестали видеть в друг друге человека.Не эволюция а регресс в нашем сознании достиг апогея.Мои дорогие остановитесь,не надо позориться дальше,не надо унижать друг друга.Мы все люди надо просто обьяснять и указывать интеллигентно на ошибки соплеменников.Нет плохой нации,есть плохие индивидуумы.
0
Aida79
2012-06-04 02:42:07
В продолжении темы хочу сказать что я 7 лет в официальном браке с азербайджанцем.Вышла замуж по любви и по согласию родителей с обеих сторон.Мы очень счастливы,мой муж сильно любит мой народ кыргызов.Очень многим помогает и по работе и по другим обстоятельствам,у него больше друзей среди кыргызов чем у меня.Он считает нас самой доброй и порядочной нацией.И не дай Аллах он увидит те ужасные видеоролики позорящие меня и мой народ,это будет просто ужас для меня.
0
aybeq
2012-06-04 08:40:14
эже карындаштарым азер менен тажиктер 1000ден 1 гана уйлонот ошондуктан бул корунуш экинчи кайталанбаса экен
0
aroka_07
2012-06-04 16:53:34
Кээ бир байкелер якут, бурят, орустардын устуно кирип эле жашап жатышпайбы .Же аларга уруксатпы .Кыргыздардын санын кобойтуп, акчасын топтоп алып, акырын жылт коюп ,кетип калып атышат го. Аларга кандай чара корсо болот
0
aida1993
2012-06-05 01:17:44
Москвага келип кыргыз кыздарынын намысы жоктугуна,кыргыз жигиттердин таш боорлугуна тан калып жатам!Кыздар,намысынар жок экен!Жигиттер,куноо кетирген пендесин АЛЛА озу жазасын берет.Силер андай чара коруу менен алардын куноосун озунорго алып жатасынар.Эмне болсо да КЫРГЫЗ кыз,жигиттери ыймандуу бололу.Акыркы учурларда элдерге жаман жактарыбызды корсотуп жатабыз намыстуу бололу!
0
noname
2012-06-06 21:00:58
россиянын нанын жегендер билет бул жакта жашоо кандай кыйын экенин кыздардын баары эле дешевка эмес жакшы жургон кыздар деле бар.Бирок ошол кыздардында тилин кыска кылып жатышпайбы намыссыздар ТУУРА КЫЛАТ БАШКА ЖОЛ ЖОК чондорун оздорунон башканы ойлобосо айла кеткенде ушул жолго барышатта
0
almagul
2012-06-09 00:36:01
абдан окунучтуу
0
Yehxbr
2012-06-11 20:59:33
Аял кишиге кол которгон зркек Эркек эмес!!!
0
AURELIUS
2012-06-14 21:25:15
Эгер жумуш болсо ким гана мекенинен кетсин жокчулуктун айынан ушинтип журушот эгер мен патриотмун деп жумуш болбосо деле кыргызстана журо берсе ал патриотко акчаны АКУН береби!!! Ал эми эканомикабыз россиядан мекендештерибиз жиберген акча менен тен салмактуулукта турганын АКУН агабыз биле элек окшойт керек болсо россияда жургондордун аркасынан АКУН кыргызстанда отурат!!! ЧЫНДЫК АЧУУ БОЛОТ!!!
0
Nakutai
2012-06-19 16:22:57
Моссквага барган кыздар бат эле бузулуп кетет деп элдин баары эле айтып жатпайбы,ошону билип эле ата-энеси,туугандары же куйоосу оздору жиберип жатышат да кор турмуштун айынан.Кыздардын жаман жолго барганы кейиштуу, бирок кыздарды уруп-согуп,чечинтип,кордогонго кимдин акысы бар??? Балдардын мындай тарбиялаганын Акмакчылык деп ойлойм,оздорунун кандай адам экендигин гана корсотуп жатышат.
0
bektursun2010
2012-08-12 18:20:16
кыздар кыргызстанда еле жашагыла ачкадан олбойсунор
0
nurikkg1
2013-07-29 01:14:47
Мен кошулам балдарга не только уруу эмес ото каттуу жазалаш керек мисалы ОЛУМ или коом ачуу керек акча топтоо керек
0
admin_media
2013-11-11 11:38:14
perfecto,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү сизге!
Дагы кайталанса БАНга кетесиз!
0
idamez
2014-02-01 02:13:26
эрге тийбеген кыздарга запрет койуу керек чет жака чыкканга
0
Elika
2014-07-24 15:26:22
Патриотбуз деп кыз-балдарды тоноп жаткандарда бар ушинтип видеого тартышып.Видеого чыккан кыздар гана козго корунот дагы кыздарды тоноп бутуп акчаларыны кымбат баалуу буюмдарыны тартып алышып анан ушинтип видеого уруп-согуп зордуктап оздору суйлотуп жатышса кыздар байкуштар эмне кылат эле.Ушинтип да тарбиялайбы ?ким айтат аларды патриот деп .
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан