Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
31.05.2012. 18:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
19-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
ошончодон бери шерменде болгонун айтпайт беленер...... и так деле таджик узбек азер баары билет кайсыл кыздар женил ой экенин.
02.06.2012. 03:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
02-06-2012
Соӊку аракети:
09-08-2017 15:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
kiruunu kalaym
0
bul jon ele bekerchinin ishi. patriot bolso ish taap bersin kirgizstandan. siler kizdardi jilanach kilip ozunor korup prosto kirgizdi bashka olkolorgo uyat kilip jatasinar. patriot degen soz kanday ekenin bilip anan maskvaga kelip ishtesener bolot. ozunordu ondop anan kizdardi karagila bul kilgan ishiner adamdin emes aybandin ishi. minday adamdardi adam debey ele koyush kerek
31.05.2012. 21:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-05-2012
Соӊку аракети:
19-06-2012 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
0
konechno pervyi ocheredtte kirgiz kizdarini aytat...
31.05.2012. 21:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-09-2011
Соӊку аракети:
10-06-2012 03:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Ei kelesoolor siler Manastyn atany bilesinerbi ? anyn kelinchegi kim bolgon tadjik kyzy boldu bele ? anan emne chon oosurup jatasyar emi tushton kyiyn patritbuz dep , manas ata bolso azyr tiagynardy tubu menen julup itke yrgytmak silerge keregi jok it jesin dep .
02.06.2012. 04:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
luiza24, таджик узбектер мн жашап бактылуу болуп кетиптир деген кыргыз кыздарын корбодум укпадым убактылуу еле колдонот алар силерди ушуну кантип тушунбойсунор кыргызымдын кыздары!
03.06.2012. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
16-08-2018 18:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия,Екатеринбург
0
benbatler, Эң туура ! Качан өзүңөрдүн башыңарга келгенде билесиңер.Масквадагы иш боюнча аңдыбай эле коюшбаптыр "КАТЫНПОЗДОР".
31.05.2012. 21:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-02-2012
Соӊку аракети:
06-07-2013 06:22
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас ((((,видону коруп тан калдым, ушунчалык да мыкачы балушабы кыргыздын жигитери.....(((
31.05.2012. 21:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
06-05-2012
Соӊку аракети:
30-05-2014 14:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне аларга тарбия жетишпей атабы,иштегени кеткенден кийин жакшы иште иштебейби уят болбой
Super TV
31.05.2012. 22:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-03-2011
Соӊку аракети:
03-01-2015 19:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул да патриоттук ишпи? Мен бул видеодо эч кандай патриоттукту коргон жокмун! Это дикость! Эркектер бир нерсе болсо эле , аялдарды куноолоп жатып калышат! Кыздар да албетте куноолу, мен мындай кыздарды жаап жашырбайм, анткени ушундай кыздардын айынан кыздардын баары жаман атка калдык! Бирок ушул видеону коруп аябай жиним келип атат! Эркектер, эгер силер уй булонорду багып, эч нерседен кем кылбай, аялдарынарды, кыздарынарды уйдон иштетпей, Россияга талаалатып, анда мындай корунуш болмок эмес!
Super TV
31.05.2012. 23:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-03-2011
Соӊку аракети:
03-01-2015 19:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул зоокурчулук, тарбия корбогон эркектер гана ушундай нерсени жасашат! эй ...эркектер....кыздарды тарбиялоодон мурда озунорду карасанар! же эмне силердин телегейинер тегизби, карындаш, эже синдинер жокпу, кантип уялбай кыздарды ушинтип кордоп жатасынар! Андан коро, намаз окуп , ушул кыздарга аллах ыйман берсин деп тилесенер! уяты жоктор, жапайлар!
31.05.2012. 23:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
24-09-2011
Соӊку аракети:
10-06-2012 03:28
Жынысы:
Белгисиз
0
siler aityp jatasynar bolbogon akchaga aldanyp dep , bul jerde akchada dele emes kep oshol kyzdar osho bashka uluttardan jyluuluk sezimdi aioonu myndaicha aitkanda ozdorun ayalzat sezip ketip jatyshat da , men alardy maktabaim birok kyrgyz erkekter dagy oshondoi bolsun hotyaby oroi bolboi sylyk bolsun myna oshondo kyrgyz kyzdar aranarda ele jurot ech kimge ketbei oilongula jigitter bolboso tigi koinunardagy kelinchekteriner aran ele turat erten ele basyp ketishi yktymal
Super TV
31.05.2012. 23:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-03-2011
Соӊку аракети:
03-01-2015 19:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Жесть! это не патриотизм - а дикость! патриотами называют себя. хммммм. Уроды! раздели, устроили допрос, посмеялись, по издевались над девушками, выставили в интернет, на всемирный просмотр, показали себя - какие они тупые, мерзкие, дикие, и еще называют себя патриотами, идиоты! Это вот таких вот моральных уродов нужно учить нравственности! девушек конечно я не защищаю, но эти, так называемые патриоты ничем не лучше всяких убийц и идиотов! бог все видит, и каждый понесет свое наказание!
31.05.2012. 23:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-04-2011
Соӊку аракети:
01-06-2012 21:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Videonu korup ayabay jurogum oorudu,men Germaniyada jashaim,biyaktin erketerin bizdin erkekterge salishtirip tan kalam,emnege kirgiz erkekter ayalzatin tebeleshet,alardin da eneleri ejeleri bar go!Bulardin prosto tarbiyasi jok,aibandar,ar kimdin bashi ozundo busulsa jurso do osunun ishi,Biroonu kordoson kudau senin jakindarindi oshondoi jol menen kordoit.Aibandaar
Super TV
01.06.2012. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
13-05-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧУБАК АЖЫ менен АКЫЙКАТЧЫ эн туура айтышкан сиздерге кошулам,бул жерде эч кандай патроиотчулуктун Пдагы корунбойт,аккмактар,жырткычтар озунордун бир телегейинер ушунчалык тегизби!!!
01.06.2012. 02:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
07-10-2011
Соӊку аракети:
27-09-2013 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону коруп алып ичим ачышты.... Кыргызымды кордоп жаткан кыргызым. Козго жаш тегеренет, боорун ачышат:,(
Эн окунучтуусу мекенибиздин жардылыгы, элибиздин жардылыгы. Кыргызстандын ичинде бири бирин олтуруп тоноп жатышса, чет олкодо да минтип а-ля патриотторубуз алсыз кыз келиндерге кордук корсотуп буткул элге шерменде кылып жатышат. Акылы жок акмактар! Мындай корунуштор качан токтойт болду экен?????
Кыргызстан онугуп ос! Кен келечек! Сага боору боору оруган чыныгы патриоттор ко
01.06.2012. 02:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
07-10-2011
Соӊку аракети:
27-09-2013 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
бойсун!
01.06.2012. 03:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-04-2011
Соӊку аракети:
01-06-2012 21:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Videonu kantip korsom bolot,bilgender suranich aitip koigulachi
Super TV
01.06.2012. 04:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-12-2011
Соӊку аракети:
16-09-2013 23:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен патроит жигиттерди колдойм.Себеби биз дагы башка улуттар сыяктуу аялдарыбызды катуу кармаганыбызда мындай корунуштор болмок эмес.Эркектердин боштугунан ушундай болду дейсинер,анан жакшылап тескеп койсо дагы айтасынар мыкаачы деп.Ошондуктан аялдарды бир жумада бир уруп туруш керек деп туура айткан.Ошондо башка улуттун алдында бизди уят кылбай калат эленер.Россияда жургон башка олконун адамдары деле жыргаганынан жургон жокко,а неге алардын кыздары биздин кыздардай эмес.
Super TV
01.06.2012. 04:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
23-12-2011
Соӊку аракети:
16-09-2013 23:37
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт" дейт.Кыздар биринчи озунор туз жургулочу,анан силерге башка улуттун эркетери тийишкенин коробуз.Чындыгында кыздарга боорум ооруйт бирок "боор ооруса боорго тепкен" болуп атат эркектерди козго илбей.Кээбир кыздар айтат башка улуттун эркектери конулубузго карайт,каалаганыбызды алып берет дейт.А озу убактылуу эрмек болуп жургонун билбейт.Келечеке кенири кара УРМАТТУУ КЫРГЫЗДЫН КЫЗДАРЫ.
01.06.2012. 07:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
10-11-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ушундай экен дуйно - бок!" Тентип чет жерде журсок, мынтип ал жерде да батпайбыз. Эне деп кимге жан тартышты да билбей башын катыйт. Корбой журсон бир жон мен да коргонумдон зээним кейип журот. Коз жумуп койгонго атуулдук сезими жол бербейт, а байкуш кыздын абалын коруп зээнин кейийт. Эмне кылса болот озу? Кыздар, капа болбогула, биз силерди жакшы коробуз, бирок алакандай жеринерди калкалай албай калдынарбы?
01.06.2012. 07:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
10-11-2007
Соӊку аракети:
19-08-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын мырзаларын куноолобогулочу, чындыка тике карагыла! Качан эле кыргыздын жигиттери ошондой мээримди, суйууну силерге бере албай жатышат? Тетирисинче ошондой мээримди силер чанып аткан жоксунарбы? Ойлонгула, туугандар. Уюткулуу элбиз, уюшуп бир чечимге келели. Бут дуйного уят болбойлу.
02.06.2012. 04:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Prince, туура айтасын ваще класс кыздар токтоткула андайынарды силерде да мага окшогон ининер байкенер.ата эненер бар болсо керек элдин алдында ошентип укса жузу жерди карап козунон жаш тамат аллахтын алдында да куноо никесиз жашоо.мен еч коргон жокмун узбектин же таджик азер армиян кыздар башка улуттагы балдар мн суйлошуп жургонун
01.06.2012. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
24-09-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Укук коргоо органдары, сиздерден сураныч, ошол озулорун "патриотпуз" деп бул создун денгээлин тушургон ангилерди кармасанар, анда аянтка алып чыксаныздар. Жок дегенде бетине бир тукуруп алалы... Кыздарды кордогончо андай кыйын экен ошол башка улуттун жигиттерин кучун корсотушпойбу. Аларга кучу жетпейт да коркоктор. Кучун алсыз адамдардан чыгарышат.
02.06.2012. 04:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, бир тууганын барбы? Ошол таджик балдар н суйлошсо эмне кыласын? Таджиктер таджикстанга алып кетпейтко аны . Эми ойлоп кор айланып эле кыргыздын жигиттерине келесин мне кыргыздын жигиттери лох болобу е болоберет алаберет тийип алам деп ойлойбу кыргыздын кыздары
01.06.2012. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
24-09-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан эле кыргыз айымдары талаап журчу эле. Уйдо бала багып, уй-тиричилигин кылып уйдо отурушчу эмес беле. Эркектер, силердин эркектен катынга айланып баратканар учун минтип айымдар талаалап журушот.
01.06.2012. 11:56 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
23-07-2011
Соӊку аракети:
25-06-2014 21:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Itter da mindaydi jasavayt!!!alardi kuday ozu jazalasin!!!
01.06.2012. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
24-09-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы 3-4 аял алуу керек деп айтып оз созундо. Атамбаев, Бабанов сыяктууулар деп. Алар сиз айтканга чейин эле алып алышкан алчусун. Макул алар элден кымтыган акчасына багып жатат дейли. "Манастан Чубак кем бекен" деп бага албагандары деле алып алса кантет? Ошондо айымдар цыгандарга окшоп тилемчилик кылабы?Азыркы жигиттерде намыс деле жок кимиси жакшы тамак жасаса ошонукунда журо берет да курсагын кампайтып, бул катынымдыкына бир кун жатсам тигиникисине бир кун деп сайрандап.
01.06.2012. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
24-09-2018 16:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле айымдарга тушкон туйшук кайра башталат. 3-4 катын ал дегенден коро намыстуу болгула деп ыйманга ундобойсузбу, урматтуу Чубак ажы.
01.06.2012. 12:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
09-12-2014 18:03
Жынысы:
Белгисиз
0
бул макалын окуп, видеону коргондон кийин озумду коерго жер таппай калдым. Ушинтип кордоого кантип болсун?! Медициналык жактан алып караганда албетте, ажырашкан айым болобу, мырза болобу "тєшєк" деген нерсе ар биринин ден соолугу їчїн керек. Эркектер мындай учурда "тиги орус кызга барып келсем болобу?" деп эч кимден сурабай эле бара алат. Угушумча алар орус кыздарга, анан кыргыз кыздарына эле алы жетет. Озбек, тажик кыздар биздин жигиттерди карабайт, ооба тенине албайт.
02.06.2012. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
18-03-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нижний Новгород
0
Датка кыз, АНАН ЭМНЕГЕ ТАДЖИК ОЗБЕК БАЛДАРЫН КЫЗРГЫЗ КЫЗЫ КАРАЙТ
03.06.2012. 16:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
26-01-2012
Соӊку аракети:
25-02-2015 22:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
корея
0
Датка кыз, кечиресин карындашым кыргыз жигитери озбек менен тажикти эмне кылсын сасытып,ал эми кыздар болсо сасыгына карабай кучакташып жытташып ж.б. болуп журушотко
Super TV
01.06.2012. 12:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
09-03-2015 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
озгочо ушул заманда коп нерселерибиз озгорулуп жатат ажырашуу деген мурда сейрек кездешсе азыр ар бир уйбулодо болуп жатат бул корунуш аялдарга оор тийерин жана психикалык жактан канча озгоруулорго дуушар болорун билбей куноолоп келебиз бир куйоого тийип чыккан деп басынтып чунчутуп анын ордун ушунчалык томон тушуробуз ал экинчи жолку жакшы жашоодон таптакыр умутун узот анан женил ойлуулука алдырат адам катары сезбей калат бул жашоодо эмнелер гана болбойт аялга кол которгонду ажыроону токтотолу
01.06.2012. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
11-09-2011
Соӊку аракети:
24-02-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Чынында эле Москвада журуш ооной эмес. Бирок биз журобуз жашап,канчалык кыйынчылык болсо да жаман ишке барбай эле. Ал адамдын озунон , тарбиясынан да.. Кыздар, балдар мээси иштесе нормальный жолдо журуп, иштеп,озунун тагдырын ойлосо болот да. Кочоодо баратсан кыргыз кыздары тим эле оздорунун корсотуп тамекини колуна кармап мода кылып алышкан. Аны коруп жинин келет. Метро жанан парктардан узбек, тажиктерин кучактап колунда пиво же тамеки.... арам жолдо журушот... Кыздар эле эмес кыргыз балдары да
01.06.2012. 14:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
16-01-2012
Соӊку аракети:
08-02-2013 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл сайттан кордунор ошол видеону мага берип койгулачы мен да коройун
01.06.2012. 15:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-05-2012
Соӊку аракети:
12-07-2012 02:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamzaty emne bolup baratabyz???!!!
Super TV
01.06.2012. 16:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
09-03-2015 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
анан дагы кыз намысынан ажыратып таштап кеткен озун эркек деп эсептеген кыргыздын намыской мырзаларына айтмакчымын озунорду кароль сезбегиле анын тагдырына бир жолу балта чаптын андан оной кутулдун мактандын эртенки сенин келечегиндеги тугойун 1000 жолу балта чабылган кыз экенин эсинден чыгарба андан буйтадын тагдырдан эч качан буйтай албайсын кыздын намысына кол салган эркек эртенки куну жакшы тугойго жолугам деп кудайдан кантип тилейсин эмнени кылсан жашоо ошондой башталат
01.06.2012. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
17-03-2008
Соӊку аракети:
29-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Акыйкатчынын сөзү күлкүнү келтирди. Жапаров баланча миллион сомду кесип салганы үчүн эле отуруп калышыптыр, эч бир жыйынтыктуу иш жасай албай!!!
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: