Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
28.05.2012. 23:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
27-12-2011
Соӊку аракети:
16-02-2015 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ton
0
ee dostor bul jerdi okusan baary ele patriottordu jamandawat al kyzdar dele namysyn saktasa jakwy bolmok, owondoi ele kyiyn boluwsa bizdin 4inovnikter alarga normalduu batir jumuw menen kamsyz kylywpaiby!? azyr olkodo stabil'nost' jok owon4un zarubejge ketip atat kop jawtar kyz erkegi debei... bul jerdegi Kolbaevdin balasy bolobu je jon ele patriot jigit bolobu tuura kylat dep oiloim.. mamleket jon ele butuna tur4u jerde birok patriottuk sezim jetpeit ar biribizde....
29.05.2012. 00:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
27-12-2011
Соӊку аракети:
16-02-2015 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ton
0
vidiosunda muhtiy jana bawkalar suilop atywat birok bir myndai maanisi jok din menen toktolboit antkeni islam olkolorundo zakonniy soiku boluu joldoru bar...Misali 5 kungo bolobu je 10 jilga bolobu nike ky9t bul dele soikuluk owol u4un dindi jon ele koiuu kerek bul jerde... mindai korunuw bolbow u4un tywky iwter ministrleri iwtebei emne kylyp jurot ewek takalap jurobu...
29.05.2012. 04:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz, biroonu sudit etishke jalgyz allah ukuktuu. Jonokoi adamdardyn chyn jalganyn bilbey turup ozuncho Chechim chygaryp jazaloosu kylmysh Jana chon kunoo.
Super TV
29.05.2012. 01:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
10-05-2012
Соӊку аракети:
01-04-2014 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
бирок ар кандай адам болот экен да,айрыкча айылдан чыкпай чонойгон кыздар особенно,мындай чон шаарга келип кой деген кожосу жок,бир аз акча кармап калып жашоо ушундай болот турбайбы деп кылып жаткан иштери болсо керек да,бирок чынында токмоктоп эмес акырын тушундуруп тарбиялаш керек го.жыналачтап кордобой эле ата энесине кабар кылып же коптоп мекенге жонотуп жибериш керек го деп ойлойм.
Super TV
29.05.2012. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
25-02-2012
Соӊку аракети:
18-09-2017 00:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
+3
eshekter aly jetken kizdargo,andan koro barip oshol kizdarga jabishkan tajigin,ozdegin kordoshpoibu timele kyirattik dep oilop jatishatko tupoi urodtor.
29.05.2012. 01:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
21-11-2010
Соӊку аракети:
11-06-2018 00:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
пгт Шамалды-Сай
0
Ээ талашып тартышканда эмне?Өзүлөрүнө ыйман берсин.2-3 аял алгандар мыйзамсыз эле алып жатышат.Ш-Сайда тез жардамда иштеген бир байке эки аял алган экен.Күздө инсулть болуп жыгылып,анан өтүп кетти.Мына эки аял алгандын пайдасы.Андан көрө ач кулагым,тынч кулагым деп эле жашаган жакшы.Кыздарыбызга келсек Кудай ыйман бербесе,адамзаты ур-токмок менен тарбиялай албайт!!!
29.05.2012. 01:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
29-05-2013 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdyn erkekteri tyn bolgonsup jurushot go salbyrashyp ui buloosun araka almashtyryp dagy patriotbuz dep kokurok kakkylap koushat bashka ech nerse kolunan kelbeit albette osho kyzga aldary jetti da bashka uluttar misaly orustar ras kylat kyrgyz baldardy alardan korkushat anan ushu kyzdarga konechno aly jetet bashkalar opkozun uzboibu andai bolso tigilerdi dagy tarbialabaiby bashka uluttagy erkekterdi emnege alar korunboit ? alardan korkushat antkeni it ele bular bashka soz jok .
29.05.2012. 04:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.girl, Bizdikiler oshondoi uido ok, kochodo bok. Kochodon biroo menen urushup kelip uidon ayalinan kuchun chygarat.
31.05.2012. 04:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-03-2012
Соӊку аракети:
26-06-2016 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, кочодон бироолор менен урушуп келишсе мейли эле го, таяк жеп анан уйуно келип алышып кыйын боло чыгыт, болгон толгон кучун аялынан чыгарышып.
03.06.2012. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
16-08-2018 18:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия,Екатеринбург
0
Kg.girl, Беш кол тең эмес...
29.05.2012. 01:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
10-08-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Биринчи эркектер куунолуу ошолор нормально иштеп уй-булосун бакса аялдар балдарын карап олтурбайт беле.кыргыз эркектери жалкоо келишет кичине кыйын иш болсо биринчи зарплатага чейин иштешип ичип катынын токмоктоп турушса,а аялдаргада мээрим керек аял кулгы менен суйот дешетко уйдон укпаган ширин создорду ука аларда жибип кететда.
29.05.2012. 01:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
10-08-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Ал балдар тура эмес кылышкан, озунор ошонтип кордосонор кыздарыбызды башкалар каяка барат,ошончо патриот экенсин жардам бер,корго кыздарды! Калп эле эркекмин деп кокурок койгулабай эркектин ишин кыл! Озунор уялбайсынарбы акча сал деп уйдо жаткадан,апанардай аялды алып анын эсебинен жашагандан! Башынар менен ойлонгулачы,башка жак менен ойлонбой!
29.05.2012. 02:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
29-05-2013 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
emi taza ele kyrgyz kyzdar kachyshat go kyrgyz baldardan itak dele tajap jatyshty ele shyltoo boldu ,ushintip sabasa dagy kachyshat da .anan aityshat emnege kyrgyz kyzdar myndai dep tayak jese konechno kachyshat emne keregi bar andai erkektin :(
29.05.2012. 03:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баарынарды окуп чыгып эч киминерге кошула албадым буга биздин мамлекет кунолу ошо кыз келин дагы эркектерге баардык кыргыз жарандарына Кыргызстанда жумуш болсо баары жакшы болмок албетте кыйналганынан ушул ишке барып жатышат кыздарыбыз. Мисалы мен оз козум менен коруп журом таджиктер кичинекей кафе ачышып адам алып жатышты бир кыз коптон бери иши жок журуп анан ошол кафеге иш сурап барды анан татжиктер ал жерге через пастель алышат болчу татынакай кыз макул болуп таджиктер менен жатышка туур
29.05.2012. 03:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен барынарга кошулбайм бул ишке биздин мамлекет кунолу ошол кыз келин баардыкле кыргыз жараанына кыргзстанда жумуш болсо мындай болбойт эле албетте жумуш жоктугунан кыйналганына бул ишке барып жатышат
29.05.2012. 03:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы мен оз козум менен коргом. Бир кыз иш таба албай кооп журду кыйналды акыры айласыз бир таджикьердин кафесине жумуш сурап барды ал таджиктер через пастел алышчуу жумушка ал кыз макул болду таджиктер менен бир жаттыда иштеп калды
03.06.2012. 17:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
16-08-2018 18:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия,Екатеринбург
0
begukairat, Акыйкатты айтыптырсыз..Өзүбүз кыргыздар күнөөлүүбүз баарына..
29.05.2012. 03:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийин даайым ар таджиктер алып жатып журушту айлык кобурок тологонунон кыз иштеп жкро бердида бечара ошол кыршыз кыздар келиндер баардык кыргыз жараанына биригишип чакан офистерди ачып фирмалар менен суйлошуп
29.05.2012. 03:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш таап бере турган иш жасасак болмок мен жашмында анан каражат жетишбей жатат кимде ким мени колдосо каражаты жетсе 89266438251 телефонуна чалыныздар чакан офистерди ачып кыргыз жараанын иш менен камсыз кылганга шарт тузолу ошондо гана бул иш токтошу кумон
29.05.2012. 03:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жолу кыргыз жараандарына кайрылам кимдин каржаты жетсе келиниздер иш баштап кыргыздаоды иш менен камсыз кылалы мисалы чоон фирмаларга договор кылып ишке жараандарыбызды жонотуп айлык акыларын дайын ала турган кылып суйлошуп киргизип турсак жакшы болмокта
29.05.2012. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
03-06-2017 23:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
begukairat, ой азаматсын,сиздей азамат мырзаларыбыз дагы бар болду бекен же апаларынын юбкасына башын катып акыры-ын юбканын жыртыгынан шыкаалап отуруп береби???
29.05.2012. 21:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-04-2012
Соӊку аракети:
26-06-2012 21:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok баланды юбкана тыгып жыртыгыдан каратып чонойтосун.
29.05.2012. 03:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
29-05-2010
Соӊку аракети:
24-10-2012 02:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
avstria
0
Akyrky kundoru mynday nerseler tuuraluu ukkam, okugam, birok videolordu birinchi jolu korushum, shok bolosun. Al emi ozdorn "patriotbuz" dep, kyzdardy "tarbialaybyz" degen baldar daana akylsyz, bilimi jok, meeleri ishtebegen aybandar ekenin daana ele korsotushuptur. Kyzdardy een jerge alyp baryp, jylanachtap, ur tokmokko alganga kanday akylary bar? Ushuncha namystanyshsa, akyryn suyloshup kyzdyn ata-enelerine chalyp, bul reys m-n saldyk tosup algyla kyzynard dep Kg´ge jonotushsun.
29.05.2012. 03:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
29-05-2010
Соӊку аракети:
24-10-2012 02:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
avstria
0
Mynday joruktarga ata-enelerdi kunoolop jatabyz, tuura 50% alarda kunoo jash jany okuunu butkon kyzdar ketip jatyshat, a birok kunoonun baaryn ata-enege koyo bersek tuura emes, ar biribizdin iynibizde bashybyz bar, chet jakta jurgondo ozuno ozun joop berish k-k,kaysy ata-ene ele uul kyzym ushunday bolsun, jaman jolgo barsyn demek ele, baykushtar kudaydan amanchylyk, den-sooluk tilep, sagynyp oturushat da.
29.05.2012. 03:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
29-05-2010
Соӊку аракети:
24-10-2012 02:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
avstria
0
Bir cheti kyzdarga dagy jinin kelet, jany torolgon naristeler tashtalyp jatat, kobunun apasy kyrgyzdar degen faktylar kelip jatat. Birok urup soguu m-n tarbialanbayt bul nerse, tigi "patriot" aybandar meelerin ishtetishteri k-k.
Ex prezidentibiz eline karshy ok attyryp jatsa, Kyrgyz naristeler tashtandyga tashtalyp jatsa,
Baldar kyzdardy ur-tokmokko alyp jylanachtap shyldyndap, elge uyat kylyp jatsa, kachan Kyrgyzdyn jelegi jerbilemek ele?
29.05.2012. 03:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
10-05-2012
Соӊку аракети:
07-09-2013 01:32
Жынысы:
Белгисиз
0
emi owo moskvaga baryp sogywkanynar ele jetiwpei jatkan, alynar jetkeni kyzdar,bawka kimge 4on bolo alasynar,kantip kolunar bardy owogo, aiabai jakwy tarbialait tyrbaisynarby,alar korkmok tygyl owo kyrgyz baldaryn aiabai jek koryp kalywat, anan kantip kaira tyyra jolgo tywmok ele, kyrgyzstanda jyryp baikuw kyzdar 9 dan ke4ikse jantalawyp tiyiwip karangy jakka basa kalasynar, al iwinerdi owol jakka baryp kylyp jatyptysynar patriottor, uwu silerge yiman bersin kudaym
29.05.2012. 06:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
21-11-2011
Соӊку аракети:
23-12-2012 02:23
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisy kyz choguu arak ichse kyrgyzyby azeribi tajigibi postelge suiroshot oshon uchun kyrgyzdarga dagy ishenbegile kyzdar , kancha baldar kyrgyz kyzdardy aldap ketip jatyshat kyrgyz ele baldar :(
30.05.2012. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
21-03-2012
Соӊку аракети:
19-07-2018 02:01
Жынысы:
Белгисиз
0
tattukyz,туура, мен сенин оюна кошулам, кеп озубуздун эле кыргыз балдарда болуп жатпайбы, канча кызды алдап, таштап коюп, анан уйлонгонго келгенде кыз керек болуп калат. Биринчи озулору сыйлап алса боло кыздарды, сыйласа, жакшы мамиле кылса, анан кыздар озулору эле тартылат эле да.
29.05.2012. 09:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
16-03-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 07:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
ar bir adamga kuday ozu iyman insap bersin.ar bir adamdyn bawy ozundo jakwyna ele iwtep jurgon tatynakay kyzdarybyz kudayga wugur kop,birok 1000 kyzdyn i4inen biroosu 4ygatta baaryn atyn karaga boyop koyot.jaw balany urup korkutup tarbiyaga salywyn mumkun birok 4on ele adamdy urup teep tarbiyaga salyw kyiyn.
29.05.2012. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
13-05-2012
Соӊку аракети:
27-11-2016 21:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Aji emne dep koigon eki uch ayal alsa dep xm kizik!
29.05.2012. 13:27 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
08-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Макаладан улам, азыр эле Москвадан Миргүл деген кыз чалып: "Эки жылдан бери азербайжандардын колунда иштейм. Шаарда бир дагы азерлердин кыздарынын, же аялдарынын иштеген көргөн эмесмин. Биздин эркектер биринчи башка улуттун эркектеринен тарбия алышсын! Алар бизди жакшылап бакканда, биз ушинтип темселеп-иштеп жүрбөйт элек",- деди.
02.06.2012. 05:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Elvira Karaeva, азердин кыздары куйоосунун тапканына ыраазы болуп эле журот куйоосу ач калса ач калып ток болсо ток болуп алар женил ойлуу емес акча учун корунгон улуттагы эркектер мн суйлошпойт
29.05.2012. 14:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
17-08-2010
Соӊку аракети:
10-07-2013 21:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суйуктуу Бишкегим!!!
0
оз кыргыз элинин кыз-келиндерин , наоборот орустун же башка улуттун зордугунан коргош керек, ал эми бул Сволучтар-=колунар сынып калсын-иттер!!!!!!!!!!!!!!
29.05.2012. 15:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
22-05-2013 14:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще ужас. патриот эмес булар, " Мал" ушундай балдар ,Кыргыз кыздарды коргогондун ордуна кордойсунар,да еще Москвада ал кыздар жыргагандан барган эмес .
29.05.2012. 16:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-04-2012
Соӊку аракети:
27-01-2013 13:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кубо болгом мындай кыргыз кыз-н кылык жор-на жыргаганынан барган жок-дешет анан эмне тажик ,озбектер жыргатып жатыптырбы чала болот андай жалаптарга.
02.06.2012. 05:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurik.ekb., жуз пайыз кошулам сага иштегени кклген сон иштеп кетишсин 2жылдан баштап 15 жылга чейин журушот таджик узбек мн суйлошуп ырас жакшы корсо алып кетмек ошончо жыл москвада журбой
29.05.2012. 16:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-11-2011
Соӊку аракети:
24-06-2012 18:48
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ башы жок кыздар аларды кыргызстанга жонотуп жибергенде ал ишти кылбашына ким кепилдик берет,уйрнгон адат калабы?
29.05.2012. 16:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-07-2011
Соӊку аракети:
23-10-2012 15:01
Жынысы:
Белгисиз
0
ааааа сволочи,кайсы патриоттор булар,аааааааааа ужас ужас, соз жок, ошол балдарды таап оздорун ушинтсе кормокбуз,алардын кандай укугу бар ушинтип кыйын болгонго,эмнеси болсо да кыздардын оздорунун иши да, эмне кылат а эмне кылбайт,ужааасс элдер каяка эле кетип баратабыз
29.05.2012. 21:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-04-2012
Соӊку аракети:
26-06-2012 21:46
Жынысы:
Белгисиз
0
ice-suluu, кыздар оздору билип Кыргызстанды учт кылып жатат!сенден сурайлы элдер каяка баратат!
30.05.2012. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
21-03-2012
Соӊку аракети:
19-07-2018 02:01
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslanbek8686, тим эле, азыр эле уяттуу боло калдынарбы? Келинчектерин, кыздарын иштетип коюп эркектер уйдо жалкоолонгону эмне уят эмеспи!!!???
02.06.2012. 05:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-12-2011
Соӊку аракети:
19-03-2015 05:34
Жынысы:
Белгисиз
0
ice-suluu, чечня кавказ ж.б олколордо башка улут мн суйлошкон кыздарды олтуротко кыргызстанда да ошентуу ккрек негизи
Super TV
29.05.2012. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
21-03-2012
Соӊку аракети:
19-07-2018 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул патриоттуулука жатпайт.Зоокурлор, акмактар! Бироонун омуруно кол салганга акынар жок! Кудайым коруп турат, озу жазаласын!Муну менен озунордун адамдык сапатынарды жоготуп, айбан болуп баратканынарды корсотуп жатасынар. Кыргыздардын жалкоолугун башка олконун элдери айтып, кулуп жатышат. Ар бир адам иштеп уй булосун толук камсыз кылса, кыздар башка олкого кетпейт эле, сойкулука барбайт эле да.
29.05.2012. 18:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2012 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы бир ой менен токтолдум биздин чегарадан жалгыз откорууну токтотуш керек айалын куйосу менен куйосун аялы менен гана откорсо ошондо токтошу кумон бул иш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: