Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
28.05.2012. 10:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
20-04-2012
Соӊку аракети:
17-03-2014 10:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
неизвестно
0
Бирдемке болсо эле 3-4 аял жонундо тема козгойсунар да,биякта жашоосу отпой кетип жатышса.Анда бай аялдар дагы 3-4 куйоого тийишсин,озун бага албай жургон эркектер деле бар,анан аялы кетет да кор турмуштун айынан.Турмушту ондош керек,завод,фабрикаларды кургула,КР иштеп уй-булолун багышсын.Биз кыргыздар неге жарыбайбыз-катташтын айынан,тапканыбыздын баары катташка кетет,кээ бирлер ошондон да качып кетишет.Закон чыгаргыла, тойлорду токтоткула,жумуш м-н камсыз кылгыла,КР иштеп,жашаганга не жетсин!
28.05.2012. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-05-2012
Соӊку аракети:
17-08-2018 11:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
десенер болот эле. Колунардан келбешин билип туруп ар шылтоону айтасынар жанды кашайтып.
28.05.2012. 11:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-12-2011
Соӊку аракети:
10-02-2014 16:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG
0
мен бул балдарды колдомок тургай кошулмакмын таппай журом
28.05.2012. 11:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
18-05-2012
Соӊку аракети:
18-01-2013 20:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимге эч нерсе дей албайбыз го бул заманда!
28.05.2012. 11:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
01-08-2014 13:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда гана эле эмес, башка чет олкодогу кыргыз кыздары деле "намыстуу" эмес. Мени менен бул олкодо 3 группалаш элек,2 группалаш кызым ошол жактагыларга турмушка чыгып алышты, айла жок.Мени да бул жерден бироону илип албайсынбы деп жатышат. Бирок мен алардай"предатель" эмесмин.Кыргыздын намыстуу кыздары тугонуп калганына эбак эле ынангам.
28.05.2012. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Kyrgyzstanda dele jyrgatyp koygondoru jok.
30.05.2012. 05:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
13-01-2011
Соӊку аракети:
31-10-2018 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
RIO, Бактылу болсо болдуго,кор болбойт келечегин билип анан аларга турмушка чыгып аткандыр.Тым кой,ар кимдин бакты ар жердего же сен аларга,оз келечегин тузуп бакыт куруп бергенге кудеретин жетеби?
28.05.2012. 11:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
01-08-2014 13:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен таза болсом, сен таза болсон коом да таза болот деген принципти карманып жашаса жакшы болот эле кыргыз кыздары.
30.05.2012. 20:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
RIO, 100% кошулам
28.05.2012. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Orustardan korgon korduktary az kelgensip az ele Kyrgyz bolso podderjka berip yntymaktuu bolushtun orduna biri birinerdi jep jutkula kyrgyzdar. Kay jerge barba Kyrgyz Kyrgyzdy sogup ushsktap jamandap atkany atkan. Emne kyrgyz baldar ozumchulsunor siler dele prostitutkadan, kuyoosu bar ayaldan je baikush ishencheek kyzynardan kumarynardy kandyryp jurosunor go. A kyzdar baikushtar suiuu uchun jurot da je kordunorbu kyzdardy kumaryn kandyrysh uchun jurgonun? Erkekter ozunor kanday bolsonor kyzdar
28.05.2012. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkekter ozunor kanday bolsonor kyzdar da oshondoi dep oilobogula. Jaman adam dayima ozunun kylyktaryna koz karashyna karap bashkalardy sudit etet.
28.05.2012. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
25-05-2011
Соӊку аракети:
21-01-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
tea23, Сени эч ким жамандап жаткан жери жок! кандай тушунбойсун? Бул жерде бузулган кыздар жонундо соз болуп жататго!
29.05.2012. 04:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, Oshol yntymak jok da ozu kyrgyzdarda Oshonu aytip atam.
28.05.2012. 12:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
22-03-2012
Соӊку аракети:
27-10-2014 21:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура москвада бир эки кун жыргалчылыгын ойлоп башка улуттун балдарына алданып намысынан ажырагандар кундон кунго кобойуп жатат.Ошол балдардын кыргыздын жигиттеринен не ашыкча жери бар экен.Аларды тусун коруп эле жаканды кармайсын.Ошол кыздардын айынан баары кыздарда намыс жок деген созду уксан жанын кашаят.Не бир алма чирисе бардык алма чирийт беле.Анчалык женил ойлобогула жигиттер.Мына мисалы мага 2жыл болду келгениме,мени м.н 15кыз келиндер бирге иштейт алар кудайыма шугур андай жолго тушконд
28.05.2012. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
16-05-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба кошулам сага tea 23, азыр бузулган кыздардан да бузулган эркектер көп...кыйын болуп кыздарды жамандап койгонун кантесиң...биринчи озунорду билип алгылачы сындаганды коюп!!!Ушу псевдопатриоттордуку отту да, калпеле кыздарды жамандатып койсо...керек болсо ошондой кыздарга озунор барасынар...Устудо коммент жазган балдар менен жолуксам яман кылмакмын да ваааай!!!!Бизди коргогондун ордуна ашатып сөгүп жаткандарын кара бети жоктор десе!!!Силерди эркек деп ким айтат!
28.05.2012. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
25-05-2011
Соӊку аракети:
21-01-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Luntik, Сен озуно алба туура тушун бул жерде бузулган кыздар жонундор соз болуп жатат! же сен да башка улуттун жигиттери менен мамилелешсинби? Туура баары бузулуп кеткен жок беш кол тен эмес арасында ушинтип ар улут менен мамиле курган кыздар жонундо соз болуп жатат... кайра кыргыз жигиттери бузулган дейсинерда.
29.05.2012. 04:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Buzulgan Kyz bolso da anyn Adam katary jashoogo ukugu bar da. Al da baikush biroonun kyzy da. Emne kylsa da ozu bilsin, mojet chyndap ele suiuP kalgandyr. Men da oshondoi kyzdrdyn hachikter m-n jurgonun korom, jakamdy karmaym erten ele tashtap ketpese eken aldap dep. birok uilonup normalno jashap atkandary dele bar besh kol ten emes. Kyrgyz jigitteri dele Kyrgyz kyzdaryn boyunda buturup aldap ketkenderi da toltura.
28.05.2012. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
16-05-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Компьютерде отуруп алып жыланач баатыр боло бергиле "бездельниктер" десе...колунардан келгени ошол болсо...
28.05.2012. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
03-01-2012
Соӊку аракети:
09-04-2018 12:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
А сен эмне кылып жатасын Luntik?Башкаларды коюп өзүңө айтпайсыңбы ошо сөздү!Калп эле акылдуу боло бербей.
28.05.2012. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
16-05-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
0
jaina13,калчылдабачы!Сенин комментин кулкумду келтирип жатат!!!
28.05.2012. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
03-01-2012
Соӊку аракети:
09-04-2018 12:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ошо жолдо жүргөн кыздар да,аларга кол көтөргөн жигиттер да намыссыз!Ошондой эле өз кызыкчылыгы үчүн бир креслону кучактап олтурган бийликтегилердин ойгончу кези,силердин балдарыңар курсагы ток силер өндүрүп алган акчага саякаттап,машинадан машинаны тээп жүрсүн силер болсо куру сөз менен антип коюш керек,минтип коюш керек деп бейкапар жата бергиле,бравоо-о!
28.05.2012. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
10-05-2012
Соӊку аракети:
20-11-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Москвадамын андай кыздарды коп эле кором бирок эч нерсе айтпайм аларга, айтсан да жакшы соз укпайсын алардан. Бул жерде бир кумалак бир карын майды чиритет дегенден болуп жатат. Жакшы кыздар деле бар алар кандай кыздар: Ата энеси, туугандары менен жургон кыздар жакшы журот. Кыргызстанда жакшы Президент болгондо ушулардын баары болбойт эле, бул жака эч ким жыргаганынан келишпейт, баары акчанын айынан болуп жата.
Super TV
28.05.2012. 14:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
22-06-2011
Соӊку аракети:
05-07-2012 21:43
Жынысы:
Белгисиз
-1
Потриот балдар мындай ишке барышпайт.......... Булар потриот болуп эсептелбейт.........
Байкуш Кыргыз кыздарын ошондой жака жиберген жана жиберсе да козомолго албаган ата энелери ага инилери да куноолуу....
Уруп уйроткончо угузуп уйрот.............
Жаман нерсени тыйууда куч колдонулбайт
28.05.2012. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-05-2012
Соӊку аракети:
02-03-2018 01:46
Жынысы:
Белгисиз
0
патриот мырзалар кайра оз мекендештерин ошентип кордогончо, уй булоосун тыныраак баксын, ар биринин эже карындаштары бар.Ошолорду кор турмуштун айынан кыйнабай колунан келгенинче жардам беришсе болмок
28.05.2012. 15:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-12-2011
Соӊку аракети:
13-08-2016 10:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ощ
0
аллхым баарына ыйман берсин башка соз жок.
28.05.2012. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
09-11-2017 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin Moskvada jurgonumo myna 1 jyl 6 ai boldu,4ynyn aitsam men korbodum andai kyzdardy,no kop ugam!joldo ketip baratkanda owol keipi suuk ozbek,tajikter sozsuz suilowup otuwot,alarda bilet kimge ne dep suilowtu.orus4a bilbegen,waar korbogon kyzdar srazu ele baikalat da,anan owolorgo tiyiwe bawtait,a kyzdar jakwy sozgo aldanywyp torgo ilinet,bir-eki ai al baldar ar deme alyp berip konulun alywat,andan kiyin anyn ak4asyn soro bawtait,meni tawtap ketsen olturom,kaidan bolso taap dep korkutuwat.
28.05.2012. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-05-2012
Соӊку аракети:
02-03-2018 01:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кыргыз кыздарын ушул жол менен тарбиялайм десениздер жанылышасыздар ушуну жасаган балдар малданда томон турат малда мындай кылбайт. андай кыргыз кыздарга куйот экен урматту биздин ата энелер болбогон акча учун кыз баланы чет мамлекетке иште деп чыгарбаш керек. башка олкодо жургондо кыргыз кыздарыда наамысын коргоп журушу керек.
28.05.2012. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
09-11-2017 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Owentip bulganyp,ar kandai oruulardy juguzup,judop,aldanyp bawyna problema uiuwup atywat.Bew kol ten emes degendei jakwyna iwtep,ata-enesine jardam berip,jumuwtan kiyin ar kandai kurstarga katywyp bilimin terendetip jurgon kyzdar dele bar!A baldardy korup atam sylan korozdoi b.p kiyinip ozunon 4on kyrgyz kyz kelinderi m.n jawap,ak4asyna kyzygyp,kunumduk turmuwu u4un i ewe buryat,orus,4uvawtyn kyzdaryna jarmawyp pasport alyw u4un!Baardyk nersenin eki taraby b.t da,owol synary ele.
28.05.2012. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
26-05-2012
Соӊку аракети:
01-04-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалалабат
0
озу кыргызстанда россия олкосуно кыздарды жибербеш керек ошондо бир аз болсо да ушундай нерселер азайабы
28.05.2012. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
09-11-2017 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
A voobwem aita turgan bolsom,jaman jolgo tuwuw bul adamdyn ozunon ele b.t.Ki4inekei KGda mektepte okup atyp boyunda b.p kalgan faktylar toltura.Ata-enesinin,mektepte mugalimderdin karoosunun aldynda.Bir musulman mamleketinde bolgon okuya,owol kyz Evropaga ka4yp kelip,bawynan otkon okuyany 4ygarma k.p jazgan.Al kyz okubagan,ko4o 4ykpagan,baldardyn janyna olturbagan,eptep erte erge tiysem mende volya b.t dep 4onoyuwun kun sanap kutot,kartan kyz bolbosom eken dep,tarbiya ayabai katuu uiundo.
Super TV
28.05.2012. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-05-2012
Соӊку аракети:
02-11-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды тутуш иттен оной,кафелерде эле журушот Москвада
28.05.2012. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
09-11-2017 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Alardyn kowunasy b.t uilono elek,owonu ainekten uurdanyp korup,toluk korboile erkek eken dep suiup k.t ewe waar korgon,atasy mawinasy b.t. Any kun saiyn waardan kelgen ubaktysyn bilip alat,hotya alarda saat bolboitken uiundo.owentip talaaga 4ygymyw b.p owonun janynan oto b.t.a tigi balaga ne janynan otumuw b.p talaaga svidaniyaga 4akyryp,aldap,men seni alam dep buzup koet,kiyin dagy joluguwat,uigo ata enen ka4an k.t dese jakynda dep aldap,jatyp juro b.t anan al kyzdyn boyunda b.p kalat
28.05.2012. 15:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
09-11-2017 11:04
Жынысы:
Белгисиз
0
any ukkandan kiyin,bala kelbei koet.i4i 4onoyup uidogulor bilip kalyp,ui buloluk sovet b.p al kyzdy olturuwmoi b.t bir tuugan jezdesi benzin 4a4yp,na jiva kuiguzup salat,al kyz ka4yp,4ala jan b.p kalat,evropalyk aktivister any eptep al mamleketten alyp 4ygyp ketiwet.Myna uwul okuyadan son "sayak baskan tayak jeit"degendei,erkek m.n jatmak tugul tik karaganga akysy jok mamleketterde uwundai okuya kop,owonduktan baardyk nerseni adam ozu kabyl alat.taktap aitkanda owol adam ozu 4e4et.
Super TV
28.05.2012. 15:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-04-2012
Соӊку аракети:
02-06-2012 22:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
0
Oshol Atambaev ,Salimbekov,Babanovdor ushuga okshogon kocheede kalgan je buzulup ketken bizdin kirgiz kizdaribyzdi alaby je Jantay chalday bolup Akmoorlerybyzdy terip alaby??????????????
28.05.2012. 16:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
12-09-2012 11:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Эмне кылышсын анан жашоо шарты оор болсо айласыздан чет жакка барып иштешке туура келип жататда бул жакта иштегенге иш жок болсо.Эми барган кыз келиндердин баарыле жаман жолдо места.Бул жерде ата энеде куноо жок.А тарбячы балдарга келсек уруп тарбялап кыйратып жатабыз деп ойлошсокерек. Жок андай кылыштын кереги жок жонгана жакшы соз менен айтса адам баласы тушунот.Кандай болсодагы ар адам озу учун озу жооптуу болуш керек.Кыздар озубуздун абиирибизди озубуз билишибиз керек ата энеге шылтоо кыбай.
Super TV
28.05.2012. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
19-07-2014 14:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam Kyrgyz kalkyyym! Abalybyz maymyldar yilagyday bolup ketip baratat go attin...........A muftiydi bolso suilotpoi ele koiboptur daaa, 4 a9ldy aitat da
28.05.2012. 16:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
02-04-2012
Соӊку аракети:
01-08-2012 14:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын озунон Москвада болобу же Кыргызстанда болобу. Ата энеси жанында болобу же жалгызбы. Ар бир адамдын башы озундо. Булар сабап видеого тартып табия берип кудай болуп кетишиптирби? же тороп чонойтуп кайрадан табриялап жатышыптырбы? Эгер Кыргызстан баары жакшы болгондо бул жакка эч ким келип отурмак эмес. Озубуздукулор кыйратып жатабы, биздикилер деле боюунда кылып коюуп жоголуп кетип жатат. Уйдо отуруп аялын иштетип жатат. Ойнош кутуп жатышат. Эмнеге сразу кыздарга асылабыз сразу.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: