Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН УР-ТОКМОК МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙБЫЗБЫ?

№499 25-май-31-май, 2012-ж.


Интернет желелеринде «биз патриотпуз» деп көкүрөк каккан кыргыз жигиттеринин пайда болушу коомчулукта чоң талкуу жаратып келет. Алар Орусияда жүргөн мигрант кыз-келиндерди «тарбиялоо» максатында суракка алганын видеого тартып, аны интернетке жайылтуу менен «патриоттугун» көрсөтүп, атагы күн санап артууда.

ШЕРМЕНДЕ БОЛУУДАН КОРКУП, АСЫНУУГА ӨТҮШТҮБҮ?
Соңку үч айда интернет дүйнөсү Орусиядагы кыргыз жигиттеринин «эрдигине» арналган видеотасмалар менен байып жатып калды. «Патриотпуз» деген топтун мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндердин башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле түзүп жатышы кыргыз улутунун намысына шек келтирет дешет. Жигиттердин кыздарды суракка алып жатканынын башкы себеби да ушул. Кыз-келиндерди энеден туума жылаңач чечинтип, ур-тепкиге алып жатышы топтун балдары тарабынан тартылган бардык видеолордо кездешет. Айрым кыздарды электрошокер, бычак сыяктуу адамдын өмүрүнө коркунуч алып келчү буюмдар менен коркутушса, кээ бирлеринин жылаңач денесине тамекинин чогун басып, чачтарынан сүйрөшөт.
Мисалы, бир видеотасмада кызды зордоп чечинтип, муунтуп, тепкилеп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатканы бар:
– Эмне жүрөсүң?! Жооп бер, эмне жүрөсүң?! Москвага эмнеге келдиң?!
– Иштегени...
– Колуңду ары жакка түшүр! Кыздарга кеңешиңди берип кет! «Кыздар, эжелерим, сиңдилерим, эч качан мендей болбогула» деп айт!..
Мындай аёосуз кордукка учурагандардын бири Сапаргүлгө «патриоттор» (жабыркоочулардын бири өзүн видеодо «Сапаргүлмүн» деп тааныштырган) «тажиктер менен жүрөсүң» деп «тарбиялык саат» өтүшкөн. Видео интернетке, уюлдук телефондорго таркап кетип, ошол Сапаргүлдүн асынып алганы тууралуу сөздөр чыкты. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну тастыктап бере элек.

«ТАРБИЯЧЫЛАР» КӨЛБАЕВДИН БАЛДАРЫ» ДЕШЕТ
Төбө чачты тик тургузган видеотасмалар күн өткөн сайын көбөйүп, коомчулукту катуу ойго салды. Жыйырма жыл мурун башталган миграция агымынын кесепети эми айдан ачык болуп чыга келди. 1990-жылдардын башында миңдеген аялдар чаар баштыкты көтөрө үйдөн чыгып, күйөөсүн кара казандын жанына калтырып, ал эми балдары эненин тарбиясы жок өсүүгө туура келген. Азыркы учурда миграциянын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп жана мунун кесепетинен мектептин аягына чыгып-чыкпай чоочун жерге, бөтөн элге кетип жаткан кыздардын саны андан көп. Жарытылуу тарбия көрбөгөн, мектептен ары окубаган, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек кыздар Орусияга барып, турмуш сыноосуна бат эле сынып, ошол эле кыргыз жигиттердин, тажик, өзбектердин оюнчугуна айланып калууда. Анан аларды ур-тепки, кордоо-мазактоо жолу менен тарбияламакчы болгон жигиттер пайда болду.
Бул медалдын бир жагы болсо, экинчи тарабы «патриотторду» колдоп жаткан мекендештерибиз бар. Орусияда иштеген кыргыз кыздарынан башка өзбек, тажик, кытай, кавказ улутундагылар жана башкалар деле бар. Ошол эле улуттардын эркектери ачык эле «эң жеңил ойлуусу кыргыз кыздары» деп жар салып, керек болсо канча кыргыз менен жүргөнүн айтып берип мактанышат. Мындан улам Орусияда кыргыз кыздары төрөп туруп ымыркайын таштап, ал эле эмес, өз чүрпөсүн өлтүргөн фактылардын саны аз эмес. Бул көз караштан алганда, албетте, «патриотторду» колдоочулар толтура, бирок Баш мыйзамда ар бир жарандын башка улуттун өкүлү менен мамиле куруусуна тыюу салынган эмес.
«Тарбиячылардын» ким экенин аныктоо үчүн бир нече жолу Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуулар түшкөн. Түрдүү божомолдор боюнча, айрымдары «Камчы Көлбаевдин балдары» дешсе, кээ бири «үстүндө «крышасы» бар байдын балдары» дешет. Бул балдар тарабынан канча кыргыздын кыз-келиндери суракка алынганы белгисиз.

«Патриотчулардын» мындай жапайы ишине чекит коюу үчүн ар кандай сунуштар түшкөнү менен, кылмышкер балдардын аты-жөнү ушул күнгө чейин тактала элеги таң калычтуу. Кыз-келиндерибиздин мындай жолго баруусуна бөгөт коюп, бул балдар да өз жазасын алуу үчүн мамлекет кандайдыр бир чара көрсө...

WWW.SUPER.KG САЙТЫНДА УШУЛ ТЕМАНЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ КАТУУ ТАЛКУУ ЖҮРҮП ЖАТКАН КЕЗ.

Zulya: – Биздин кыздарды атасы же күйөөсү чет жерге чыгарбай, кыйын экен, багып алышпайбы! Лөлүлөрдүн салтын улап үйдө отурушат, кыздарды талаалатып жиберишип. «Ким жаман?» десе эле кыздарга асыла башташат, «намысы жок» деп. Кайсы эркек намыстуу болуп аялын жыргатып жатат?! Анан дагы уялбай кыздардан «кандайсын?» деп сураганга жарабай, «айлык алдыңбы?» деп жемелешет.
Omyrbek: – Орусияда жашагандар билет, ал жакта кыздарыбыз кандай экенин. Мен жашаган батирде 7 адам жашайт. Бир четинде 3 кыргыз жигит, дагы бир кыргыз эже кызы менен, алардын жанында өзбек аксакал жана жаш бала жатат. Тигил эже жаш өзбек бала менен сүйлөшүп алыптыр, эч кимди көзгө илбей. Биздин жинибиз келип, өзбек баланы сабап үйдөн чыгарып салдык. Дагы бир бөлмөдө бир үй-бүлө жашайт. Алар апасы таштап кеткен эгиз балдарды багып алышкан. Балдардын энеси 17 жашында тажик улутундагы адамдан төрөгөн эле. Ушундай көрүнүштөрдөн улам көп жолу батир алмаштырдым. Бирок баары бир бардык жерде ушундай. Муну айтсам эч кимиңер ишенбейсиңер, бирок Орусияда абал өтө оор.
Anjelei: – Москвага келгениме бир жылдан өтүп калды. Башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндер көп. Болгондо да эң ыплас жолдо жүрүшөт. «Кой, туура эмес жолдо жүрөсүң» десең, «ал өзүмдүн ишим, Кыргызстанда жолдошумдан көрбөгөн мээримди, камкордукту көрүп жатам» дейт. Ооба, аялзатын гүлгө теңейбиз, жылуулук кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ийилет. Бирок көпчүлүк кыз-келиндердин эртеңкиси жок жолду көздөп кетип жатышканы өкүндүрөт. «Сүйүү» деп коюшат анан дагы! Кайдагы сүйүү?! Эки-үч күндүк кумар, жеңил оокаттын жолу.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ КОРДОЛУП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?


Бүбүсара Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси:
– Мунун жолдору көп. Биринчиден, ошол чет өлкөгө кетип бара жаткан кыздар алданбаш үчүн маалымат алыш керек. Мындан сырткары өзү бара жаткан өлкөдө консулдук барбы, укугу корголобу, бул тууралуу да билип алуусу зарыл. Ата-энелер да жоопкерчиликти сезип, жаш кыздары кайда кетип жатат, эмне жумушта иштейт, ошону көзөмөлгө алышса жакшы болмок. Анан мамлекет да кыздар легалдуу же легалсыз чыгып жатабы, ошону текшерүүгө алса...


Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:
– Чет өлкөдөгү кыздардын укуктарын коргоого жапа тырмак киришип, чогуу аракеттерди көрүү зарыл. Биздин элчиликтердин бул багытта жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө керек. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоого багытталган бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар ушул багытта иш жүргүзсө жакшы болмок. Мигранттардын укуктарын коргоого чет өлкөлүк менин кесиптештерим жардам беришет.


Азамат Айтбаев, “Замандаш” ассоциациясынын координатору:
– Алгач биз кыздар эмнеге кор болуп жатат, ошонун себеби менен күрөшкөнүбүз оң. Аларды мамлекет жумуш менен камсыз кылып, үй-бүлөдөн тарбия берилсе. Интернет булактарына жайылган видеотасма тууралуу айта турган болсом, өздөрүн «патриот» атаган жигиттердин жасаганы – кылмыш. Кылмышкерлерди таап жазаласа болот жана ошол тасманы жайылтып жаткан сайтка чектөө киргизилиши керек деп ойлойм.


Ыргал Кадыралиева, ЖКнын депутаты:
– Чет өлкөдөгү кыздардын көбү өздөрүнүн укуктарын билишпейт. 22 жаштан улуу кыздарга гана чет өлкөгө чыгууга уруксат берилүүсү тууралуу мыйзам кабыл алынышына аракеттерди көрүүдөбүз. Менимче, кыздар бир кесиптин ээси болуп, андан соң гана чет өлкөгө чыгышса жакшы болмок. Анан кайсы өлкөгө кетип жатса, ошол өлкөнүн тилинен сынак алып жөнөтүш керек. Алар тил билбегендигинен жана жумушсуздуктан кор болушууда.


Куштарбек Айтматов, Тышкы миграция департаментинин жетекчиси:
– Биздин Тышкы миграция департаменти чет өлкөдөгү ар бир элчилик, консулдуктарда мигранттар менен иштөө боюнча бирден жооптуу кызматкер дайындоого жетишти. Алар мигранттарга кеп-кеңешин берип, тыгыз иш алып барышат. Мигранттар укугу бузулса ошол адамдарга же укук коргоочуларга кайрылышса болот. Ошондой эле департамент чет өлкөгө чыкканда укугу бузулбаш үчүн ушул жерден эле укуктук кеңештерди, маалыматтарды берип жатабыз.


Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи:
– Ал кыздарды ыйманга чакырып жана өзүбүз да ыймандуу болуп, коргоп кала алабыз. Бир гана ушул жол бар, башка жол жок. Мыйзам чегинде айта турган болсом, көп аял алууга уруксат бериш керек. Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак. Кыргыз кыздары жумушсуздуктун айынан акча табам деп чет өлкөгө кетип жатышат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Кыргыз кыздарын ур-токмокко алып тарбиялайбызбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(388)
Super TV
26.05.2012. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
18-11-2010
Соӊку аракети:
02-03-2018 09:35
Жынысы:
Белгисиз
-3
это не патриот а тупизм
Super TV
27.05.2012. 00:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
06-08-2011
Соӊку аракети:
27-09-2016 21:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-2
чубак ажы сизге-тоо десе бээ деп койупсуз го,4-5 аял алып алайлы дегениниз кандай болсун
Super TV
27.05.2012. 01:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+3
Если и в правду эти девушки занимались блудом или другими скверными делами, то поступки наших молодых парней являются не лучше их. Потому как, если даже женщина является проституткой, раздевать ее догола и специально снимать на камеру, чтобы потом распространить эту запись по всему миру через интернет, это также является большим грехом. Если кто-либо из людей, считающий себя истинным мусульманином, по зову своей религии и праведности хочет воспитать этих девушек, то для этого есть другие пути.
Super TV
27.05.2012. 01:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+2
Все что делают эти "патриоты" очень грамотно ложится под общий стереотип про кыргызов, мол горцы жестокие, что с них взять, особенно после трагических событий 2010 года. Такие подозрения только обостряются и укрепляются после таких видео, которые нас показывают как жестокий, и без тормозов народ. Эти чертовы "патриоты" позорят кыргызов, не меньше девушек, занимающихся проституцией.
Super TV
27.05.2012. 02:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
-1
Эй патриоты!Убиваете девушек да? А кто вы после этого? Не забывайте что сейчас вы молоды, но Вам даст бог детей, и все вернется бумерангом!Научились выставлять в инет, а коменты то хоть читать умеете? Люди!От наших коментов они только еще больше обозлятся, потому что росли где попало и тр***ли животных, и теперь девушки стали для них животными! Надо же! Как это вдруг их это задело! Уроды!Проституция есть везде, но за это не убивают! У каждого человека свой вид заработка, и не вам их судить!
Super TV
27.05.2012. 02:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 02:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh obl.karasuu rai.jarooz ayili
+1
Баарыбыз иштегени келебиз озубуздун жапайы мунобузду корсотуп уят болгонгобу же кыздар.Ата-энебиз бизди жакшы умут м.н остургон же бироонун алдында кор болууга эмес ар ким озунун кылган ишине жооп берет.Бирок беш кол бирдей эмес.Эсибиз барда этегибизди жабайлы.Ал эми кыздарды жыналачтабай эле тушундурсо болот го айбан эмес го акыры алар деле аял затынан жаралган балдарго.Кыскасы ар ким оз жолубузду туура таза ыйман жолунда журолучу.Курбу эже-кыздар!
Super TV
27.05.2012. 03:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 02:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh obl.karasuu rai.jarooz ayili
0
Жок эмес андай кыз-келиндер бар.Кантип алар м.н журушот кычырын келет.Баарына кудайым ынсаап берсин.
Super TV
27.05.2012. 03:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-12-2011
Соӊку аракети:
21-03-2016 11:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG
0
kudaiga tobooo,muftiy emne deit?!1 ayaldy alyp,owonu jarytyp bagalbagan u4un kyzdar uwundai jolgo baryp jatywpaiby?!Andai ele namystuu patriot eken erkekter,algan jaryna baaryn kamsyzdap,kyzdaryna jakwy tarbiya berip 4et jakka 4ygarbai uyundo bakpaiby?!Ozdorunun bawyndagy toonu korboi biroonun kozundogu 4optu tazalabai?!!!!!Albette kyzdardyn bul jorugun koldoboim,birok bul korunuwko erkekter tuzdon-tuz tieweluu!!!!!
Super TV
27.05.2012. 03:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+1
Элдин баары бул патриотторубуздун эрдигин ушундай кызуу талкууга алууда. Буларды мен патриот деп эч эле айта албайм! Жазасын алыш керек!
Super TV
27.05.2012. 03:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-12-2011
Соӊку аракети:
21-03-2016 11:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG
0
andai ele patriot bolup i4teri kuyup atsa,owol kyzdardy KYRGYZ jigitterin suidurup ozdoruno tartyp alsyn tajik,ozbek,azerlerden(tuktuulordon).Ozdorunun jakwy sapattaryn korsotup...myndai aiban4ylyk jol m.n e4 ka4an ondoi alywpait!!!!!
Super TV
27.05.2012. 04:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
18-02-2012
Соӊку аракети:
19-02-2017 00:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туулган жердин топурагы Алтын!
0
бир жагынан туура эле кылышкан, болбосо кыргыздын кыздары кыргыздын жигитерин адам катарыда корушбойт, канчалаган кыргыздын кыздары бойлорун которуп кыргыз жигитин сени кимсинда деп коюшбаган кыргыздын кыздары бир эле москвада эмес бутун оруся шаарларында, андай башка улутундагы адамдар менен ойноп жургону толтура, мындай катуу тартипке албаса кыздардын кулагынада кирбейт, канчалаган башка улутундагы адамдар ошол кыргыз кыздарды кордоп жургону ошоончо,бул сабакболсун баарына!
Super TV
27.05.2012. 08:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
03-05-2012
Соӊку аракети:
16-09-2013 16:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwul ozdoruncho patriot bolup jurgon baldarga aytaarym: siler owol tajik, ozbektin tuguno jatyp jurgon kyzdardy emes, teskerisinche tajik, ozbekterdi tarbialagylachy eger duhunar jetse konechno!!! 5, 6 yn baryp bir kyzdy ur tokmoko albay!Dagy ayta ketchu nerse, kyzdar ozunordu karmap kotu.u "kysyp" jurgulochu namysynardy saktap!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!1
Super TV
27.05.2012. 11:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
06-12-2011
Соӊку аракети:
01-02-2015 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
туптура кылат мен кошулам кыргызды уят кылгандар
Super TV
27.05.2012. 15:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
26-04-2012
Соӊку аракети:
24-10-2013 00:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
ошол кыйын болгон эркектер анда аялынын гозуно чоп салып ажырашып атышат да кыйын болсонор аялынарды уйго отургузуп бакпайсынарбы талаалатып жибербей жыргаганынан келишиптирби ошол кыздар башка улутундагы эркектер аялдарын уйуно отургузуп багышат кыйын болсонор ошондой эле болуп албайсынарбы анан биз патриотбуз деп озубуздун кыздарды жыланачтап тартып алып озунор эле уят болуп атасынар го дагы биздин эркектер эркек имиш силерди эркектер башка улутундагы эркектер шылдындап жатса керек интернеттен
Super TV
27.05.2012. 15:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
26-04-2012
Соӊку аракети:
24-10-2013 00:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-2
горуп алышып колунардан келсе баккыла ошол кыздарыбызды бети жок эркектер
Super TV
27.05.2012. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
27-03-2018 05:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+1
Nurik_ сенин созун да туурадыр,бирок кыргыз жигиттер да кыргыз кыздарды тоготпойт оздорунчо кыйын болуп.кичине тапкан акчаларын которо албай оздорун жон эле асмандагы ай,кудай сезип алышкан.могазинде кассир болуп иштейм мага иш убактысында оз тилимде суйлогонго тыйуу салынган.бир куну бир эки биздин жигиттер келип.бизге кыргызча эле суйло орустун тиягын жесен дагы деп атпайбы акмактар,ушулбу биздин жигиттердин кыздарды сыйлаганы же тоготкону.
Super TV
27.05.2012. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
14-03-2012
Соӊку аракети:
27-03-2018 05:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
башка улуттун балдары м.н журуп кеткен кыздар да бар жок эмес бирок ошого биздин жигиттер куноолу деп ойлойм,себеби биздин жигиттердин кобу сый урмат дегенди унутуп калышкан.оз кулагым м.н уккам бир куну биз жашаган кв.да эки жаат болуп урушуп кеттик.неге озбектер м.н журосунор деп.ошондо бир кыз минтип жооп берди.анан эмне кылайын бир кыргыз бала м.н жургом акчамды алдап качып кетип жок дейт.а бул мени сыйлайт,иштен кеч келсем тамак кылат,квартплатымды толойт.мурда болсо баары тескери эле деп
Super TV
27.05.2012. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
20-05-2011
Соӊку аракети:
17-06-2018 17:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эчкандай топ эмес алар Россиянын ар жеринде болгон окуялар.
Super TV
27.05.2012. 19:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-03-2012
Соӊку аракети:
02-07-2012 22:43
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын кыргыз элим ар кимибиз озубузду тарбиялайлычы ай кыздар абиринерди сактагылачы кыргыз элин уйат кылбый силер баштап жатасынар да ушундай ишти турабы кыздар силер ал жолгор барбасана андай иш болбойт эле.
Super TV
27.05.2012. 19:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
30-12-2014 08:35
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарды да балдарда да бар.Кыздардын жургонун корсон жаман эле болосун,проститутка болуп иштешсе,а байкуш жокчулук ошол ишке алпарыптыр,мамлекет кунолу деп олтуруп каласын.А бирок кыздар ойноштору болуп,ичип алар менен кафелерде конул ачып журушпойбу.Балдар туура эмес жол тандашкан,жыналач кылбай эле.Копчулук кыргыздарды топтоп тарбияга салыш керек эле бул кыздарды.Бирок кыздарга жакшы жургуло деп чын журогундон,жакшы соз айтсан ,ишин эмне дейтго....
Super TV
27.05.2012. 19:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-03-2012
Соӊку аракети:
02-07-2012 22:43
Жынысы:
Белгисиз
0
элнура сен ошондой тушунбогон балдарга жолуксан керек да ага тарынба кыргыздын жигиттерине суктангандар коп !!!!!!!!!!!!!!
Super TV
27.05.2012. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
620
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
эч качан биздин чондор эл учун кызмат кылышпайт ар дайым оз мумкунчулукторун ойлоп келишет;мисалы екатеринбургдагы консулда иштегендер эч нерсе кылыша элек,2003-жылдан бери журом эл учун бир да чечкиндуу жумуш жасашканын уга элекпиз.ал эми кыздарыбызга оздоруно кудай ыйман берсин демекчимин.кечээ куну эле жапжакшынакай супсулуу эле кызыбыз азер м-н баратты ага ким бир нерсе дейт эч ким ал озун озу сыйлабагандыгы да башка улут аны тепсеп таштап кетет мумкун турмушка чыкканда аны коргон бироо-
Super TV
27.05.2012. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
620
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 18:27
Жынысы:
Белгисиз
0
болуп калса айтпай коймок беле ошондо озуно гана"минус"болорун ойлоп эске алыш керек.кыскасы биздин ак уйдогулор консулдарга каттуу козомол жургусо алар элдин кызыкчылыгына тырмактай конул болуп койушса ушундай акмак балдарга жаза берилсе бир аз жылыш болмок.баарыбызга кудай ыйман берсин дегенден башка эч нерсе айта албай калдык.
Super TV
27.05.2012. 22:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-03-2007
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Narin
+1
мамлекеткетибизге соз тийгизип жатат дейт эгер ошол чын болсо анда мамлекет жакшы маянада жумуштарды ачып койсун эч ким эч жакка кетпей мамлекетибизде иштешет эгерде биздин мырзаларыбыз кыз келиндерди уйдо олтургузуп койушса мындай нерселер болмок эмес ошол патриотмун деген балдардын эже карындаштарын бироолор ошондой абалда кылышса эмне болушмак акмактар
Super TV
27.05.2012. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-03-2007
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Narin
0
кыргыздын мырзалары катту намыстанып жаткан болсо аял заттын эмнеге чет элге чыкканга уруксат бересинер баардык нерседен камсыз кылып отургузуш мырзалардын укугу алар эмне жыргагандан чет элде жумуштап журушот бекен эркектер бакпагандан акча таап келем деп журушот биздин эркектер эртеден кечке иштеп кыйналып акча таап кечинде ошол акчаны арак алып ичишет анан эмне дейсинер кыргыз элим
Super TV
28.05.2012. 03:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
24-10-2011
Соӊку аракети:
24-02-2015 03:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин да оймча тура еле кылат москвада кыргыз кыздар коообуу еле бузулуп кеткенго метролордо кучакташып тажиктердин озбектердин сасык колтугун жытап жанында баратса жакшыбы туура еле кылат адан башка кантип тушундуро аласын
28.05.2012. 09:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-05-2012
Соӊку аракети:
10-08-2012 11:56
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын бузулуп жатканы чындык. Аны жашырып жабалбайбыз. Россияда эле эмес кыргызстанда канчасы 21 кылым деп алып кыз атынан ажырап жатышпайбы. Мындай жаман корунушту токтотуу кыйынга туруп калды. Эмнеси болсо да
бактылуу болушсунчу.
30.05.2012. 20:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2012
Соӊку аракети:
10-07-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
raund, созуно кошулам кыргыз ыймандан ото эле артта калган!!!!!!!! эгер эркек кылмыш кылса озу азабын тартат. а аял киши мындай иш кылса кылса уй було баардык эркектер да азабын тартат го!!!!!!!! мындайлар акыркы убакта кыргызстанда да толтура!!!!!!
31.05.2012. 03:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
372
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
07-03-2015 15:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germanija
0
ulukbekkg..., eger erkek kylymysh kylsa ajal saty dagy asap tartat. Kalp ele erkekterdi baikush kyla berbechi! Erkek jaman jerde jurup kysdardy aldap sorduktap ketse kys emne anyn asabyn tartpaiby? Je arak ichip uidogu akchanyn baaryn arakka salsa emne ajaly asap tartpaiby? Kyrgysdyn jigitteri kysdardy syilashpait! Kerek bolso baary bolboso dagy kobunchosu tooktu uurdagandai uurdap kyinap uilonup alat!!!! Kyrgys kysy bolush dagy ongou emes! Bul bisdin saltybys degen betine karmagan maskalary al!
28.05.2012. 10:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
16-05-2011
Соӊку аракети:
06-09-2016 10:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ошондо байлар үч-төрттөн аял алышмак да, кыздардын чет өлкөгө кетүүсү азаймак- Чубак ажы Жалилов, Кыргызстандын муфтийи- / астафрала сен озун каражанынды аран багып журосун анан каяктагы 3-4 аял сага? же сен кызынды 6-7 аялдыкка берууго даярсынбы? ал законду кудай айттыбы сага? уят уят сен ушинтип жатсан калганына соз жок
28.05.2012. 13:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
31-12-2015 17:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
.
0
Asus84,Байлар ал законсуз эле алып жатышат, закондон кийин кандай болот экен....
28.05.2012. 10:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
01-06-2007
Соӊку аракети:
11-04-2014 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдун тазарышына, өсүүсүнө бир гана жол өзүбүздү өзүбүз таанышыбыз керек. КЫРГЫЗ деген Улуу атыбызды ушундай акмакчылыктар менен булгабашыбыз керек.
28.05.2012. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-05-2012
Соӊку аракети:
17-08-2018 11:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
Ыргал Кадыралиева экзамен алышыбыз керек тил билуу маселеси боюнча дейт да. Уялбайсынарбы ошентип айткандан андан кору экзамен алардан мурда тил уйротушубуз керек дебейсинерби азыр деген айылдарда коптогон мектептерде орус тили мугалимдери жок деп орус-тили сабагы окутулбайт.Мен озум да мектепте орус тилин окугане эмесмин Россияга келип анан уйрондум. Бийликтегилер ар шылтоону айтпастан ынгайдан чыгуунун жолу"жаштарыбызды иш менен камсыз кылышыбыз керек кошумча жумуш орундарын даярдашыбыз керек"
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: