«УШУЛ КОРДУКТУ КӨРГӨН АКЫРКЫ КЫЗ МЕН БОЛОЮН»

“Канткенде адам уулу адам болот?” деп адам болуунун жолун издеген сайын зөөкүрлүктүн, айбандыктын изин кууп бараткан жокпузбу? Мындай суроо улам бир жүрөк титиреткен окуяларды укканда чыга келчү болду. Редакциябызга Фарида аттуу айым келип, көз жаш коштогон суук сөздөрү менен эки күн зордукчулардан көргөн азаптуу кордугу туурасында айтып берди. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.

“АЯЛ БОЛУП ЖАРАЛГАНЫМА ӨКҮНДҮМ”
– Сөздү эмнеден баштаарымды билбейм. Бул окуя 2011-жылдын 4-ноябрында Ала-Бука районунун Чолоктума айылында болгон. Ичинде күйүтү болсо да, апам мени “адам баласын Жараткан ар кыл нукта сынайт. Бул сенин башыңа түшкөн сыноо” деп эптеп сооротуп келет. Болбосо өзүмө бул жашоодон орун издемек эмесмин. Себеби ошол эки күндүн ичинде айбанга айланган Р.Кыяз, Б.Эркин аттуу зөөкүрлөр тарабынан адамдык намысымдын, эл алдындагы абийиримдин, аялдык бактымдын, жашоодогу үмүтүмдүн баарынын таш талканын чыгартып алдым. Аялдын алсыздыгына, аял болуп жаралганыма өкүндүм.
Өзүм Ала-Бука районунанмын. Жашым 23тө. 17 жылдан бери Ош шаарында жашагандыктан, ал айылдагы байкелеримдин үйүнө конокко барып турар элем. Ошол каргашалуу окуя да айылга конокко барганымда болду.
Жолдошум экөөбүз ажырашып, 5 жаштагы кызым менен үйдө отуруп калгандыктан, жеңем “бактысын таап кетсин” дегенби, телефон номеримди Эркин аттуу классташ баласына берип коюптур. Мен да ата-энем, бир туугандарыма жүк болбой өз теңимди таап, турмуш жолун кайрадан улантсам деген ойдо элем. Эркин аялы менен ажырашып, кайра үйлөнүү максатында жүргөнүн айтты. Ал Чолоктума деген бизге кошуна айылда жашайт экен. Аны таанычу эмесмин, бирок апасы туурасында жакшы кептерди уккам. Ошол себептен “баласы да жакшы инсан болсо керек” деген ой болду. Телефон аркылуу таанышып, сүйлөшүп калдык.
Ошол 4-ноябрь күнү кечки саат бештерде жолуктук. Ак Жигулини жалдап, өзүнөн беш жаш улуу Кыяз деген досу менен келиптир. Сөзүбүз көпкө созулбады. Эркин “мага ыраазы болсоң, жүрү кеттик. Апамдар сени күтүп жатышат” деп, анан ой-боюма койбой ала качып жөнөштү. Баратып бир дүкөндөн арак ичишти. Бир да жаман нерсе ойлобой, Эркиндин үйүнө барып токтодук. Эшиги кулпуланып туруптур. “Апаң кана?” десем, “азыр ушул үйдө отуруп турсаң, мен барып апамды, анан ачкычты алып келем” деп терезесин буза баштады. “Кирбейм, апаңды чакыр” дегениме карабай Кыяз желкемден түртүп үйгө киргизди. Зөөкүрлөрдүн арам ою бар экенин алгач билсем кана! Ошол муздак үй тагдырымдын жылуулугун уурдаганы турганын башта эле сезсемчи!

“БАЛДАРДЫ ЧАКЫРЫП, СЕНИ САЛЫП БЕРЕБИЗ”
– Эркин менен Кыяз дагы арак иче башташты. Жаман ой пайда болуп, үйүмө жеткирип коюшун сурандым. Кетем дегенимден улам Эркин мага асылып, кийимдеримди тытып кирди. “Кыяз байке, жардам бериңизчи, кой деп коюңузчу!” деп адам эмес, карышкырдан жардам сурап жатканымды билбептирмин. Каткыра күлүп, арактан ичип, менин кордугумду тамаша кылып отурду. Ошондо гана алданып калганымды түшүндүм. Жашоо туман болуп, бардык үмүтүм үзүлдү. Көз жаш төккөндөн башка эч нерсе кыла албадым.
Эркин менен Кыяздын кезектешип ойногон оюнчугу болдум. Бири арам оюн ишке ашырса, экинчиси колумдан кармап берип турду. Тагдырымдын катаалдыгын кара, качууга аракет кылган сайын “балдарды чакырып, сени салып беребиз” деп коркутушат. Ошол күн менин жашоомдун акыркы мүнөттөрү сыңары туюлду. Иттен айырмасы калбаган Эркин “меникин оозуңа саласың” деп оозумду ачканга аракет кылды. Жулкунуп, оозумду бекитсем, бет маңдайыма муштайт.
Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн. Башкаларга мындай азап тарттырбачы, Кудайым! Мен дагы канча жашайм билбейм... Болгону, ушундай мыкаачы, арам адамдар арабызда бар экенин башкаларга айтып коюу максатында жана Орто-Токой, Чолоктума айылдарынын элине “араңарда айбандар жашайт, кастарлап баккан кыздарыңарды алардан этият кылгыла” деп болгон чындыкты боздоп айтуудамын.

“МОЮНУМА БЫЧАК ТАКАП, САЙГА СҮЙРӨП ТҮШТҮ”
– Түн бир оокум. Ал айылда таякем жашачу, “таякемдин үйүнө алпарып койгулачы!” деп аябай жалбардым. Ошол учурда жеңем телефон чалып калды. Телефонумду да бербестен, өчүрүп чөнтөгүнө салып алып, “кийин, таякеңдин үйүнө алпарып коём” деди Кыяз. Жолго чыктык.
Эң жаман кордуктун баары ошол көчөдө башталды. Көчөдө бир балага арак алдырып, мени ичесиң деп зордоду. Сунган арагын караңгыдан пайдаланып, байкатпай төгүп салам. Колумдан катуу кармап, жыгылганыма карабай сүйрөп эски тегирмендин жанына алып барып, “жат” деп ургулайт. Айлана кар, аябай суук. “Чечин, өз эркиң менен чечинбесең, балдарды чакырам. Кантип чечингениңди билбей каласың. Шаарда жүрүп стриптизге түшүштү жакшы билсең керек. Азыр бийлеп бересиң” деп өмүрү оюма келбеген кептерди айтып жатты. Ошол учурда бизди карап турган эки баланы көрүп, “тиги жакта балдар карап турушат, мен таякемдикине кете берейинчи” деп сурандым. Балдарды чакырып, “эмне кылып жүрөсүңөр? Сойку издеп келдиңерби?” дегенде күйбөгөн жерим күл болду.
Балдардан “таякемди чакырып койгулачы” деп сурандым. “Макул” деп Кыязга билгизбей башын ийкеди бирөөсү. Качууга камынып тегирмендин алдына барганымда “кач!” деп мени бирөөсү түртүп жиберди. Же катуу чуркай алсамчы. Белимдин сыздап ооруганынан жаным чыгып кетчүдөй болот. Көзүмдүн жашын көлдөтүп качып баратсам, артымдан Кыяз келип желкемден түрткөндө жыгылып түштүм. “Кайда качып баратасың?!” деп бутумдан сүйрөп жөнөдү. Кийимим жогору түрүлүп, бүт денем айрылып, башым ташка урунуп бараттым. Бир жерге келгенде “тур ордуңдан!” деп кыйкырды. Турууга такыр алым жок эле, чачымдан тартып тургузду. Ошол учурда апам көз алдыма элестеп, “9 ай боюңда көтөрүп, мени ушуларга кордоткону төрөдүң беле, апа?!” деп ыйлайм. Моюнума бычак такап, “сага качышты көргөзөм!” деп жакамдан кармап сай тарапка сүйрөп түштү. “Чечин!” деп башыма уруп, кулагымдан кармап жерге жыга түрттү. Бутумдан өтүгүм менен колготкимди жулуп алып, дагы зордуктаганы асыла баштады. “Аябай муздап калдым, жер суу экен” дегенге араң гана үнүм чыкты. Өтүгүмдү берип, колготкимди чөнтөгүнө салып, мени дагы бир досунун үйүнө алып барды. Таң атканча кордолдум...
Эртеси Эркиндин үйүнө сүйрөп келди. Бир оокумда аял киши эшикти каккылап, Кыязды сурады. Кыяз болсо колуна бөтөлкөнү кармап, “үнүңдү чыгарсаң өлөсүң!” деп жанымда турат. Эркин эшикти ачпастан, “Кыяз жок, мен аны көрбөдүм” деп келинди кетирип салды. Мен качуунун амалын издеп “дааратканага барам” деп эшикти көздөй чыксам, качып кетет дешип артымдан ээрчип алышты. Ошол учурда Кыяздын аялы дагы келип калды. Кыяз болсо келинчегин кууп, мени дагы сай тарапка сүйрөп барып бир тыттын түбүнө отургузуп кетип калды.

“АДВОКАТЫМ САУНАГА ЧАКЫРДЫ”
– Таякемдин үйүнө араң жетип, болгон окуянын баарын айтып бердим. Алар милиция менен “Тез жардамды” чакырышты. Арыз жаздым. Ошол учурдагы зээнимди кейиткен дагы бир жагдай адвокаттын акмактыгы болду. Соттук иштерде мага жардам берүү максатында А.С. деген кишини адвокат кылып алдым. “Зордукталган кыз” деп бузук ойго бардыбы билбейм, ооруканада өзүмө келе албай жатсам, адвокат А.С. телефон чалып, “саунага барып келбейлиби?” деп сунуш кылды. Дүйнө аңтарылгандай болду. Анан да адвокат "ошол окуяда келтирилген материалдык чыгымды өндүртүп берем" деп менден тосмо арызды алдап жаздыртып алганына жиним кашайды.
Мени бууп жаткан бугумду, балдарды темир тор артына отургузам деген оюмду таш капты. Чындык жок экенине, баарын акча чечип калганына, аялдардын алсыздыгына өкүндүм. Чолоктума менен Орто-Токой айылынын карапайым эли “күнөө кызда, болбосо Кыяз менен Эркин акталып чыкпайт болчу” деп айыптын баарын мага жүктөп салышыптыр. Айылдагы туугандарым мен үчүн баш көтөрө албай калышты. Соттук иште да “Эркин – жакшы бала” деп кол коюп беришиптир. Алар Эркин менен Кыяз бир канча жолу Орток-Бел деген кең талаага кыздарды алып барып кордоп, кийимдерин чечип алып, жылаңач таштап салган фактылар бар экенин билишпейт өңдүү. Мунун баары ошол соттун жүрүшүндө аныкталды. Кыяздын зордуктоо боюнча 2009-жылы 14-июлда Ала-Бука райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылганы туурасында да кабарсыз окшойт. Эмне, кыздарын кордоткону, мен көргөн күндү кыздарынан көрүш үчүн “жакшы бала” деп кол коюп берип жатабы айыл эли? Муну айыл эли түшүнө албады окшойт.
Кыяздын атасынын “насыя алып баламдын ишине жумшадым, эч нерсем калбады” деп ыйлаганын көрүп, “айбан болуп жаралганча, жаралбай койбойт белең?!” деп ичимден баласын каргайм. Эркиндин атасы ошол окуядан кийин кайтыш болду. Байкуш киши уулунун кылыгын, эл алдындагы шерменделикти көтөрө албады көрүнөт...
Күнөөсүн "жарым-жартылай" моюнга алган эргулдар менен байланышка чыккан жокпуз. Эгер бул макаланы кулактары чалса, өздөрү байланышар. Алардын да кебин угабыз. Фарида Ала-Бука райондук сотунун өкүмүн ала келиптир. "Соттун өкүмү чыккандан 17 күндөн кийин колума тийди" дейт бечара келин. Мыйзам боюнча, өкүмгө макул эмес тарап өкүм чыккандан кийин 10 күн ичинде кийинки инстанцияга арыз менен кайрылышы керек эмеспи. Жабырлануучуну андай укуктан да куру жалак калтырышыптыр. Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.Жеримбетов "айыпталуучулар күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, чын дилден өкүнүштү. 6 жылга эркинен ажыратуу чектелип, жаза 3 жылга шарттуу сынак мөөнөтү менен алмаштырылсын" деген өкүм чыгарыптыр. Демек, экөө биригип кыз зордуктап, оор кылмыш кылса, шарттуу деп ээн-эркин коё берүүгө боло берет экен.
Окурман, кыргыз бир эмес, эки жолу төңкөрүш жасады, "коррупция жоюлсун, парага сатылбагыла, кылмышты жаппагыла" деп. Анан эмнеге кайра эле кылгылыкты кылып, зордоп-кордогондор тиешелүү жазасын албай тайрактап жүрүшөт? Чет жерде жүргөн кыргыз кыздарды "кыргыздын намысын тебелеп жатышат, тарбиялайбыз" деген эргулдар чыгып жатканын жазган элек. Чет жерде эмес, өз элибизде, өз жерибизде кыздарыбызды ушинтип кор тутуп жатсак, кайсы намыс тууралуу сөз козгойбуз? Соттор баягы эле Акаев, Бакиев кезинде үйрөнгөн жоруктарын кыла беришеби?

Уулбү Каныбекова
Info_osh@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (121)
ulika
2012-06-09 17:10:04
буларды жон олтуруп коюш да аздык кылат,намыстуу жерлерин кесип озулорунун оозуна салыш керек ушундай салдырганды жактырышса!!!Ал эми Фарида сага бакыт каалайм,
0
Bishkek
2012-06-10 03:52:07
cot akcha algandan bashkany bilbeit.bar oshondopi aibandar aiban dein decen aiban ymandy bular jyrtkych kyrgystanda barby akykaty culogon
0
OdiNokaYa
2012-06-10 04:21:37
Журогум ооруп кетти окуп атып,ичим ачышып ыйлап да алдым.Акмактардын азабын берсин Алла Таалам!
0
mirbekkg
2012-06-10 05:00:52
Кудай сактасыыын. Жараткакндын алдында жооп беришет!
0
Perishka
2012-06-10 16:28:08
куйдай деп жашагылачы кутурбай жигитер оз намысынды сыйлагыла ой кудай кыздарды сыйлагылачы
0
elbor
2012-06-10 21:32:44
Кудайдын сотун кутпостон эле жазалаш керек буга окшогон дьяволдорду. Аларды дьявол дегенден башка атоого мумкун эмес. Айбандар дагы мындайды кылбайт. Ал балдардын атаэнеси же тууганы болгонумда озум эле бычып кыйнап анан олтуруп анан орттоп салмакмын. ООО кудай эмне деген заманда жашап атабыз. Ушуга окшош окуяларды уксам озумун келечектеги кыздарымды ойлоп кетем.энелер аталар балдарынарга туура тарбий бергилечи. Ошол балдар деле ошо кызга окшогон энеден жаралгандыр. Оз энесин кордогонго тете.
0
kerim
2012-06-10 21:41:02
колунан кармап айнектен кантип кирмек эле озун шериксин
0
kerim
2012-06-10 21:53:22
Сапаргулго окшоп кылгылыктын баарын кылып коомчулука ушинтип актанганынарды койгула бул окуяны чын далилин издесе мындай эмез болуш керек жигит бычак алып жолуугушууга барбайт кызда куноо деп ойлойм неге барат бир уйго айнектен киргизип деп жатат конулу жок адамды айнектен киргизиш ото кыйын уялгыла кыздар ушундай жолго озунор барасынар анан эл билсе актана баштайсынар.
0
nursultanuma
2012-06-11 08:28:55
Aibandar ozubuz kyzdarybyzdy kordosok , anan kantip bawka uluttagy erkekter menen jurbo degenge uyaty barat pfff
0
Papinadochka
2012-06-12 09:43:46
Керим, сен кыз болуп жаралганда сезмексин!!!! азыр унчукпай эле кой... а то соз кобое берет
0
jarkunai
2012-07-16 13:48:45
тарбия корбогон айбандар.Деги нормальный иштеген сот барбы Кыргызстанда
0
bektursun2010
2012-08-12 18:03:13
телефон менен таанышкандын пайдасы го канча болсо алдайтта
0
ZANIA-92
2014-10-08 22:35:36
Саламатсыздарбы СуперИнфо? Фариданын азыркы убакта ал-акыбалын Жана тигил зоокурлордун устунон кайра арыз жазып сотко кайрылдыбы же кайрылган жокпу,Эгер кайрылса анда сот адилеттуу Окум чыгардыбы?ушул суроолорго жооп алып бересиздерби?
0
admin_superstan
2014-10-09 09:45:11
ZANIA-92, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, эсибизде болот.
0
Gulshan_kf
2014-10-20 18:37:00
бул каргашалуу окуяны окуп чыгып абдан журогум ооруду. кудайым жазалайт го бул айбандарды. чындыгында олум жазасы эмнеге сунушталбайт...
0
Raik
2021-02-10 13:50:58
Башка улуттун жигиттери мн жүрөт деп кыздарды кордоп атпадынар беле ЭРКЕКТЕР. Кана эми өзүңөрдөн чыккан зордукчуну көрдүңөрбү!!!! Ушундайда кайда кеттиңер житип. Кыйын экенсинер өзүңөрдүн түзүп алган законунар м-н жазалабайсынарбы эми ошондой ЭРГУЛДАРДЫ.
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан